, 19.09.08 - 10-бет: №70, 19.09.08-ж.
 "Ашыкемдин чыгармаларында башкача бир касиет-күчкө
ээ болгон кыял бар", - дейт белгилүү сүрөтчү Ж.Кадыралиев

Күү изилдөөчү Асан
КАЙБЫЛДАЕВ менен маек
Өзүн тааныбаган эл...
өспөйт!
- Биздин эгемендигибиз эмнеде? Эгерде өз тилибизди, дилибизди сактап, "киргиз" эмес, кыргыз боло албасак?
- Өсөм деген, кризистин сазынан чыгам деген мамлекет, улут, эң оболу өзүнүн ким экендигин таанышы керек. Өзүнүн тарыхын, менталитетин, маданиятын билиши керек! Бирок биздин айрым кыргыздар кыргыз болуп туруп "Манасты" окубайт. Ал эми "Манасты" окубаган адам комуз күүлөрүн эч убакта укпайт, кыргыз музыкасына кызыкпайт. Демек ал кыргыз эмес - "киргиз". А "киргиздердин" көбөйүшү - улуттун жоголуп бара жатканы! Мына, бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу маселе!
- "Карысы бардын - ырысы бар" деп, ушундай кыйын кырдаалда эзелтеден аксакал аталар, ак элечек апалар акыл кошуп келишкен эмеспи. Андыктан, учур улуу муундардын, аталардын акылман сөздөрүнө, жардамына муктаж болуп жатпасын?
- Ошону туйган, ошону уккан жаштар кана? Кайдасыңар?
Улутту "киргиз" кылбай, кыргыз бойдон сактап калуу үчүн мамлекет адабиятты, искусствону курал катары пайдаланышы керек. Улуттун идеологиясын - салтын, үрп-адатын, тилин, маданият, искусствосун сактап калышы керек!
- Асан агай, биз сиздин филолог-мугалим катары, өмүр бою билим берүү тармагында иштегениңизди билебиз, бирок ошого удаа эле күү тарыхын, күү сырын изилдеп жүрөсүз?
- Кырк жылдан ашуун мугалим болуп мектептерде, жогорку окуу жайларында, ара чолодо радиодо, кыргыз телеберүүсүндө кыргыз ырлары менен күүлөрүн реставрациялап, беш-алты жыл иштедим. Бирок комуз менин эс киргенден берки жолдошум болуп келе жатат. Ошондон тартып эле аны тыңдап, изилдеп келем. 2001-жылы күү баяндары боюнча бир китеп чыгардым. Ошонун уландысы катары дагы эки китеп даярдап алып, чыгара албай күйүгүп, чуркап жүрөм, азыр. (Тамаша-чындан) А сен: "Коом сиздей карылардын акылына, жардамына муктаж" дейсиң.
- Жаңы китептериңиздин маани-маңызын тааныштыра кетсеңиз?
- Биринчи китеп: "Күү- рух дүйнөсү" деп аталып, анда адамдын ички дүйнөсү - ойлонуу,
кыялдануу, сүйүнүү, күйүнүү, шаттануу ж.б сезимдери чагылдырылган.
"Күү - тарыхтын
күбөсү"

Экинчи тому: "Күү- тарыхтын
күбөсү" деп аталат. Айткандай эле кыргыз элинин бүт тарыхы - анын комузунда жатат. Анан калса, кыргыз эч кандай "макоо", "түркөй" эл болгон эмес, тээ 9-10- кылымдарда эле анын алфавити, жазуусу болгонун Орхон-Енисей таштарындагы жазуулары далилдеп турбайбы.
Кийинчерээк кыргыздар кыйынчылыкка учурап, алфавитин жоготуп койгондон кийин, тарыхын комузга - күүгө салып айлантып жаза башташкан. Анан аны улам кийинки муун угуп, үйрөнүп, улам кийинкилерине мурас катары калтырып олтурган. Бул салт кечээ жакында эле бар эмес беле...
"Күүнүн башы - Камбар-Кан"
"Күүнүн башы - Камбарканды" алалы, көп уламыштардын бирине токтолсок, мындан төрт-беш миң жыл мурун кыргыздар индиялыктар менен коңшу турган дешет. Комуз да, күү да ошол мезгилде пайда болуптур. Башкача айтканда Камбаркан деген - чыгармачыл адам болгон экен. Токойдо кыялданып отурса, бакта маймылдын кургаган ичегиси кандайдыр үн чыгарып, жел ыргаган сайын күүлөнүп турган экен. Ошого кызыгып калат да, үйүнө алып келип ары карап, бери карап ойлонуп, кыялданып отуруп, акыры тактайдын бетине керип байлап, улам бирин чертип добуш чыгарат. Анан табылгасына ыраазы болуп Камбар ханга айтып, көргөзөт. Ханды да бул кайдыгер калтырбайт. Экөө биригип, баягыны дагы иштеп, кандайдыр бир күү чыгарышат. Ошентип, "Күүнүн башы - Камбаркан" (Камбар-Кан) ошол экөөнүн атынан коюлуп калган дешет. Ошол тактайдын бетине кыл тартылган аспаптан
кийинчерээк комуз келип чыгып, маймылдын ичегиси - койдун ичегисине алмашылыптыр.
"Туран күү"
"Туран күү" жөнүндө айта турган болсок, Туран деген байыркы көчмөн элдердин урууларынын ордосу болгон. Ошол мамлекетти негиздеген Тур деген адамдын атынан улам мамлекет ушинтип аталган. Башкача айтканда Туран - Турдун өлкөсү дегенди билдирет. Фирдоусинин "Шах-Намэсинде" айтылган маалыматтар боюнча Туран - түрк элдеринин өлкөсү делет. Күү ошол доорду камтыган күү.
"Кыргыздын эки эле улуттук баатыры бар"
"Жусуп менен Зулайка" күүсү 9-10 кылымдарда ислам динин таратуу зарылдыгынан пайда болгон күү. Ошондой эле "Дарыйка" деген күүнүн дагы ушундай мааниси бар. "Барсбек", "Култегин", "Мейдерман" - баатырдыкты чагылдырган күүлөр. Атүгүл биздеги чоң, кичине эпостордун баардыгы тең комузда "жашайт". Кийинки эле Тайлак баатыр тууралуу күү жашап келет. Айта кетүүчү дагы бир сөз, жанатан "баатыр" тууралуу сөз кылып жатабыз. Чындыгында улуттук баатыр бизде экөө эле: Жалпы кыргыз уруусуна бүт өмүрүн арнаган Курманжан
датка, экинчиси: кыргыз уруусун бириктирип, Кокон хандыгына карата күрөшкөн Тайлак баатыр. Ал эми калгандары - Курманбек, Эр Табылды, Балбай, ж.б. уруу баатырлары болуп саналат.
"Комуз кылдарында - үркүн..."
Биринчи китепте үркүн окуя-
сы тууралуу күүлөр баяндалат.
Улуу үркүндөн кийин, кыргыз эли жок болуу коркунучунда турганда Октябрь революциясы сактап калбады беле. Андыктан совет доорун бир жактуу эле жамандай бергенибиз туура эмес. Эл Кытайга кире качканда Ленин кытай жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, качкындарды чакырып алган. Ырас, орус падышасынын ою кыргыз жерин ээлеп алуу болгон. Ал эми союз орногондон кийин, жазуусун жоготуп койгон кыргыздар үчүн атайын мектептер уюшулуп, атүгүл кары-картаңдардын да сабатсыздыгын жоюу аракетин көрүшкөн.
Мына ушунун баарын комуз күүлөрүнөн тапса болот.
1939-жылдагы декаданы билесиңер да, Сталин кыргыз маданиятына да атайын көңүл бурган. Биздин бүт өнөрпоздорубузду чогултуп, Москвада концертин көргөн. Ошондо Мыскал Өмүрканова "Алымканды" ырдап, ушунчалык узакка созгонунда Сталин тура калып кол чаап, күлүп жиберген экен. Ошол искусствобуз, санаа-салтыбыз, менталитетибиз, маданиятыбыз бүгүн да ааламды таң калтыра алат деп ойлойм. Андыктан аны даңазалашыбыз, сакташыбыз керек.
Эртеден бери айтып жаткан насыят күүлөрдү, кошок күүлөрдү, тарыхый күүлөр менен арман күүлөрдү азыркы жаштарыбыз укса, окуса, түшүнсө жакшы болот эле. Улуттук идеологияны өнүктүрүү максатында ушундай китептерди чыгарсак мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн зор салым гана болмок.
Эгер мүмкүнчүлүк болуп, Президентибиз кабыл алып калса күү баянын талдаган 2 томдук кол жазмамдагы улутка, анын кайра жаралышына байланыштуу көп ойлорумду айтаар элем. Президентибиз бардык тармактарга колдоо көрсөтүп жатпайбы, элдин тарыхы да, жандүйнөсү да болгон, кылым карытып жашап келе жаткан рухий байлыгыбызды сактап жайылтууга - комуз күүлөрүн чыгарууга да жардам берет деп ишенем.
- Күүлөрдөн сырткары, мугалим катары илимий китептериңиз да болсо керек?
- 8-9 - класстын "Кыргыз тилин", "Кыргыз тилин окутуунун методикасын" окуп, окутуп жатышат.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Махабат МАМЫРОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты
Д.Мейманов (фото)




Айтыштын алпы Ашыке
Менин айтайын дегеним,
Ашыралы Айталиевдин ар бир чыгармасы өзүнө жакын, кандаш, тамырлаш болуп, көкүрөктөн, анын жандүйнөсү менен ширелише жаралып турат. Ошондон да болуп туру го ар бир ыры элдик ырга айланып, жүрөктөрдөн түнөк таап жатышы.
- Осмонкул не деген залкар киши эле, - дейт Ашыке. - Ал жеке эле Чүй өрөөнү эмес, бүтүндөй Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал болчу учурунда . Бир жерге барып калса Осмонкул келип калыптыр деп ополоң-тополоң эле болчу эл. Өзү да ошого татыктуу адам эмес беле. Анан бу кишини ошол кезде билген карыялар айтып калышчу: "Арстанбектей эле ырдайт" деп. Олуя мүнөз, салабаттуу, сыпаа, мырза киши болчу. Орусча айтканда чыныгы аристократ. Бу киши накта манаптын тукуму да. Анын жанагы молдочулугу, айылы аны молдоке дешээр эле, анан анын кол жазмасычы (арабча), айтып жүрүшпөйбү, басмакана да ариптерди андай кооз, шурудай тизип койгондой жаза албайт деп. Абдан кең пейил адам эле, анан ал да көп ырларын кагазга жазбай оозеки ырдап жүрө берчү.
Ашыраалы Айталиев оюндагысын дароо сыртка дүркүрөтө чыгарып, майда-чүйдөгө анчейин мамиле жасап, ичине эч нерсе катпаган адам. Муну айрымдар түшүнбөйт, атүгүл анын бул сапаттарын башкача, тескери пайдалангандар да чыкпай койбойт. Искусство дүйнөсү бир аз татаалыраак болот эмеспи, анын эмгегин бөлөк мааниге буруп, тизеге тепкендер көп болду. Ашыке болсо өзү айткандай анча-мынчага көңүл бурбай жашап келет, иштеп келет. Бирок тоскоолдуктардын бардыгы акырындык менен ден соолукка, ал тургай чыгармачылыкка таасир тийгизбей койбойт. Анын чыгармачылыгы убагында акыйкат бааланып келсе, балким, жанагы эле "Карагул ботом", "Нарындан жазган салам кат" жана башкалардай чоң чыгармаларды көбүрөөк тартууламак. Наамды да алтымыштан кыйла ашкандан кийин алып олтурбайбы. Өзү айткандай, наам, сыйлык сурап эч кимге кирген эмес. Айлык аз, бир аз көбөйтүп койгулачы деп суранбаган. Бир жолу бухгалтери: "Эмне элдин баары келип, айлык акысын улам текшерте берет, сен деле бир келип кызыгып койбойсуңбу", - десе кол шилтеп басып кетиптир уккусу келбей. Эч нерсеге кенебеген киши го. Азыркы тапта деле көрүп жүрөбүз, сыйлык деп жарыбаган чыгармаларын туш келди көтөрүп, гезит беттерине укмуш чыгарма, Токтогул сыйлыгына татыктуу эмгек деп тынбай жаздыртып, радио, теледен айттыртып аткандарды. Уялбагандан өзүң уяласың деген ушу да.
Ашыкедей кишилер атак-даңк үчүн эмес, жакшы нерсе жаратыш үчүн жашайт тура. Жараткандарынын баарысы жыйырманчы жылдын орто ченинен бери кымындай эскирип койбойт, келген жаздай кулпуруп жапжаңы. Жайкы абаны серүүндөтөт. Мындай нерсе көкүрөктөн кетмекпи, көңүлдөн өчмөкпү. Ырдаган пенденин оозунан жаңырып туруп алат айлананы бүт багынтып... Адамдар ыр менен тазаланары чын экенин кантип танасың?..
- Ашыкемдин чыгармалары, мен да Кудайдын адамымын го, качан укпайын бүт жашоом менен аралашып турат, аларда башкача бир касиет-күчкө ээ болгон кыял бар, - дейт белгилүү сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев. - Мындайларды гений десе да болот. Таасири өзгөчө, кайталангыс... Короодон учурашып калганда атүгүл адамга кылган назарынан байкайм. Ал эми колун сунганда ыйман тазаланып барып учурашасың. Жыйырма жаш улуу. Мындай киши менен бир короодо жашап атканыма бактылуумун...
Чет өлкөнүн бирине да барбаптыр Ашыке. Бу деле көп нерсе тууралуу айтып турбайбы. Китеп чыгарып атасызбы деген суроомо:
- Азыркы чыгармачыл турмушта китеп дегенди акчасы барлар гана чыгарат, мен чыгара алган жокмун, көбүнүн окуй турган эчтекеси жок, - дейт бир нерсеге капалангансып. - Аты жазылып калса болду окшойт. Бирок китеп окуганды азыр деле таштай элекмин, жакшы китеп болсо окуп бүтмөйүн тынч албайм. Түгөлбай, Кубанычбек, Байтемиров, Стамовду убагында окуп чыккам. Кийинчерээк, карып бараткандыкы го, окуганымдын мазмунун толук түшүнбөй калып жүрөм, кантип сурайм эми бирөөдөн мобул жерин айтып бер деп. Анда окуп не кыласың дейт да. Казакча китептерди көп окудум. Сыртка чыкканда акчама бүт эле китеп жүктөп келчүмүн. Сабит Мукановдун "Ботогөзүнөн" баштагам. Мухтар Ауэзовдун Кулан деген баатыры бар. Анын ар бир жерин азыр да айтып бере алам. Азыр көз көрбөйт. Көз айнектин да күчү жетпей калды. Сен да, Жумакан, тунарып араң көрүнөсүң. Шаардан чыга албайм. Ийи. Бир нерсе эсиме түшө калды ден соолугума байланыштуу…
Балык кармаганды баарынан артык көрөөрүн айтат
"Ысык-Ата" курортуна барыптыр жакында эле. Ал жерди жакшы билет бала кезинде айланасында ойноп өскөндүктөн. Барса, Кеңеш колхозунан бир жакшы таанышы бар эле, ошонун уулу башкы врачтын орунбасары болуп иштеп атыптыр. Абасын таанып:
- Аба, атамдын жакшы жолдошу элеңиз, тээтиги машинени көрдүңүзбү, сиз азыр ошого түшүңүз да, түптүз үйгө кетиңиз, сизге биер жарабайт, азыр эсим чыгып турат бир нерсе болуп кетеби деп, - дейт шакылдап.
Ашыке анын минткенин жактырбай:
- Ой бала, давление жок менде. Атаң жакшы киши эле, сен энеңди тартып калгансың го ( тиги жигит күлүп жиберет). Эмне кабинетиңе кире элек жатып кишини кууйсуң, атадан бир да нерсе жукпаптыр, атаң мени көргөндө кой союп, жакшы тосуп алчу, - дейт адатынча бакылдап Ашыке. Ал:
- Мен сойбойм, азыр машинеге бир кой салып берем, алып кетип, үйдөн союп жейсиз,- дейт.
Аны менен кажылдашып олтуруп, Ашыке:
- Эй, бала, сен андан көрө мага жакшы бир кайырмак таап бер, сага гарантия берейин, эки күн өлбөйм, балык кармайм, - дейт.