, 16.09.08 - 5-бет: №69, 16.09.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Кыргызстанды казинолор каптады
Кыргызстандын аймагында 38 казино иш алып барууга лицензия алган. Анын 28и Бишкек шаарында жайгашкан. Маалыматка ылайык, казинодон тышкары республикада 129 оюн автоматтары бар жайлар иштейт. Казино ачууга кызыктар ишкердин документтери республикада сегиз долларга гана каралат, башкача айтканда лицензия баасы сегиз АКШ долларын түзөт. Бул өтө эле аз экени айтпаса да түшүнүктүү. 2005-жылы бул тармактан республикалык бюджетке 92,6 млн. сом түшсө, 2007-жылы бул сумма 177,4 млн. сомго жеткен. Бул жагдай Алматыдагы казино, оюн залдарынын жабылышы менен түшүндүрүлөт.

Азамат Алтай кечээ 88 жашка чыкмак...
Мындан 55 жыл илгери 1953-жылдын 18-мартында кыргыздын чыныгы патриот уулдарынын бири, таланттуу журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу серепти кыргыз тилинде маалымдап, "Азаттык" үналгысынын Кыргыз кызматынын тушоосу кесилген. "Азаттык" үналгысын негиздеген Азамат Алтай агабыздын көзү тирүү болгондо кечээ 15-сентябрда 88 жашка чыкмак. Анын сөөгү Ата журтунан алыста АКШга коюлганына 2 жыл болду.

Талапкерлер таанытуу ишин баштады
Кечээ, 2008-жылдын 15-сентябрында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды. Бул туурасында Кыргызстан Борбордук шайлоо комитети билдирет. БШКнын билдирүүсүнө караганда, үгүт иштери бардык республикада жалпыга маалымдоо каражаттары, массалык иш-чараларды өткөрүү, үгүттөө кагаздарын таркатуу жана башкы мыйзам тарабынан тыюу салынбаган формада жүргүзүлөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери Кыргызстандын аймагында таркатылган чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып, чет жакта үгүт материалдары дайындалууга тийиш эмес.Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо болот.

Кадамжайда "Сибирь жарасы"
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 14 адам "Сибирь жарасы" дартына шектелип ооруканада дарыланууда. Ооруга шектелгендердин арасында беш жашар бала да бар. Алардын алтоосу Сибирь жарасы илдети менен сыркоологону аныкталган. Бирөөсүнүн абалы оор-деп айтылууда. Мындай маалыматты Кадамжай райондук санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ысмайыл Карабаев билдирди. Анын айтымында, алдын ала иликтөөнүн натыйжасында ооруга шектелгендердин баары тең уйдун этинен жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Кышкы каникул жазга чейин уланат
КРнын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиевдин айткандарына караганда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу узартылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы токтому менен электрден жылуучу мектептердин окуучуларына кышкы каникулду 2008-жылдын 25-декабрынан 2009-жылдын 1-мартына чейин улантуу каралды. Каникулдун мындай узактыгы республиканын мектептериндеги жылытуу системасындагы проблемага байланыштуу болууда.

Салык инспекторлоруна ок атылды
Ленин району боюнча салык инспекциясынын эки кызматкерин өлтүрүп кетишти. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, окуя 14-сентябрда күндүз саат 13.00 ченде болгон. Белгисиз адамдар салык кызматынын эки инспектору отурган "Мерседес" маркасындагы автомашинаны аткылашкан. Азамат Абдиев аттуу инспектор ок атышуу болгон жерден көз жумган, ал эми ооруканага жеткирилген Табалдиев аттуу экинчи инспектор кечээ каза болгону кабарланууда. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

"Боз салкын" "Киношок" фестивалында
"Боз салкын" тасмасы "Киношок" кинофестивалына катышууда. Орусиянын Анапа шаарында өтүп жаткан бул иш-чарада 22-сентябрга чейин Британия, Германия,Грузия, Литва жана башка өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт. Кыргызстандан бул фестивалда режиссёр Э.Абдыжапаровдун көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон "Боз салкын" тасмасы тартууланмакчы.

28-сентябрда KG-Лиганын экинчи футбол чемпионаты башталат.
Учурда оюнга катышууну каалаган командаларды каттоо аяктады. Катталган он беш команданын ичинен сегизи гана тандалып алынат. Таймаштардын баары И. Раззаков атындагы техникалык университеттин спорт талаасында өтмөкчү.

Күздүк себүүгө 140 млн. сом каралган
Быйыл күздүк себүүлөрдү жүргүзүү үчүн кыргыз Өкмөтү тарабынан 140 млн. сом каралган. Бул туурасында бүгүн "Кабар" маалымат агенттигиндеги конференцияда "Айыл Банк" ААКнын кредиттөө боюнча башкаруунун төрагасынын орун басары Азамат Жоробеков билдирди. "Кредиттер 22 пайыз үстөк менен берилип, бирок кредит өздөштүрүлүп бүтүп, толугу менен кайтарылып берилгенден кийин жана максаттуу пайдаланылышына жана мөөнөтүнөн кечиктирилбей кайтарылышына жараша 10 пайыз өлчөмүндө компенсация жүргүзүлөт"- деди Азамат Жоробеков. Учурда "Айыл Банктын" республика боюнча 18 филиалы ушул долбоор боюнча иш алып барып жатат. Кредиттер негизинен 4 багыт боюнча, үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, кошумча тетиктер жана минералдык жер семирткичтерди сатып алууга берилет.

Куш тумоосуна каршы
Борбор Азияда пандемияны жана куш тумоону жок кылуу боюнча STOP-AI деген аталыштагы жаңы долбоордун ачылыш аземи кечээ Бишкекте Саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунда өттү. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин өкүлдөрү жана ЮСАИДдин аймактык миссиясынын башчысы катышты. ЮСАИДдин бул долбооруна Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт мүчөлөрү, ветеринардык жана медициналык эксперттери катышты. Адистердин айтымында, Борбор Азия мамлекеттери канаттуулардын этин куш тумоосу катталган Кытай, Иран, Орусия, Пакистандан сатып алгандыктан Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө куш тумоонун күч алуу коркунучу турат.

Кошумча 5 млрд. суу
Адистердин айтымы боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСинде 5 миллиард куб метрден ашуун суу топтолот. Анын кубаттуулугу Токтогул ГЭСиндей эле. Бул ГЭСтин 1-агрегатын 2009-жылдын 22-декабрында - гидроэнергетиктердин кесиптик майрамына карата пайдаланууга берүүгө өзгөчө маани берилүүдө.

Көмүр арзан баада
Бүгүнтөн тартып Бишкектиктерге көмүр арзан баада бериле баштайт. "Шабыркөл" көмүрүнүн бир тоннасы 2440сом, ал эми "Экибастуз" көмүрүнүн тоннасы 1789 сомдон сатылат. Бул жарандарга жылуулук сезонуна жардам көрсөтүү максатында уюштурулууда. Бишкек шаар мэриясынан маалымдашкандай, арзандатылган көмүр ар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки төрткө чейин сатылат. Белгилей кетчү жагдай, көмүр киши башына 5 тоннадан ашык берилбейт.

Айланайын абайлачы!
ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ишемби, жекшемби күндөрү өлкө аймагында 33 жол кырсыгы катталып, андан 20 адам өмүрүнөн ажыраган. Бул жол кырсыктарынан дагы 38 киши денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан.




Аалам алкагында
Кайрадан "Боинг-737" самолёту кыйроого учурады
Жекшембиге караган түнү Москвадан учуп чыккан "Боинг-737" самолёту Пермь шаарына коноор алдында кыйроого учурап, анын ичиндеги бардык 82 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү каза болгон. Алардын арасында чет мамлекеттердин атуулдары жана Россиянын Баатыры, Чеченстандагы орус армиясынын экс-командачысы, Геннадий Трошев бар болгон. Бул кыйроонун себебин атайын терракт менен байланыштырып жаткан маалыматтар айтылууда.

Кыймылдаткычтын кесепетиненби?!.
Пермь шаарында "Боинг-737" учагынын авиакырсыкка учурашына кыймылдаткычтын иштебей калышы себеп болгон. Мындай алдын ала маалыматты кырсыктын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Владимир Маркин билдирди. Анын айтымында, Сибирдин Пермь шаарына коноор алдында "Аэрофлот-Норд" авиакомпаниясына тиешелүү учактын эки кыймылдаткычынын бирөөсү иштебей калган. Учакта 82 жүргүнчү, анын ичинде алты жаш бала жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн жыйырма чактысы чет элдик жарандар.

Ашхабаддагы атышуулар эмнеден?
Түркмөн бийлиги Ашхабадда 13-сентябрда орун алган атышууларды банги соодасы менен алектенген кылмыштуу топту нейтралдаштыруу өнөктүгү катары мүнөздөдү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жекшембиде тараткан билдирүүсүндө белгиленет. Бирок атышуу учурунда кандайдыр бир жоготуу болгон-болбогону же банги аткезчиси деп шектелгендердин канчасы кармалганы тууралуу расмий билдирүүдө эч нерсе айтылган эмес. Ал эми Эркин Европа (Азаттык) үналгысынын маалыматына ылайык, атышуулар тыюу салынган Ислам тобунун мүчөлөрү менен коопсуздук күчтөрү ортосунда болгон жана андан каза тапкандар дагы, жаракат алгандар дагы бар.

"Айк" алып келген чыгым 18 млрд. доллар
АКШнын Техас штатында "Айк" аттуу бороондон жабыркаган аймактарында кайрадан калыбына келтирүү иштери уланууда. АКШдагы эң ири шаарлардын бири Хьюстон шаарынын бийлиги бир аптага коменданттык саат киргизгени кабарланууда. Техастын бир катар аймактарында бороондун айынан дүкөндөр, май куюучу станциялар жабылып, электр жарыгы жана суу өчүрүлдү. "Айк" бороону алып келген чыгым 18 миллиард долларга бааланууда.

Обама кайыр садаганын рекорддук суммасын чогултту
Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер сенатор Барак Обама августтун жыйынтыгы боюнча 66 млн. доллар чогултуп, президенттик кампанияга кайыр садаганын рекорддук суммасын чогултту.

Калаксыз кайык чөгүп кетти
Түркиянын Мармар деңизинде ичинде 150 жүргүнчү болгон жүк ташуучу калаксыз кайык чөгүп кетти. Акыркы кабарларга караганда, бир адам каза таап, 25ке жакын киши жаракат алган. Стамбулга 70 унааны жүктөп бараткан калаксыз кайык Бандырма портунан бир аз узабай эле кырсыкка учураган. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.