, 16.09.08 - 2-бет: №69, 16.09.08-ж.
 15-сентябрга карата республикабызда
709,6 миң тонна буудай жыйналды

Токтогулда суу көбөйдүбү, кышка даярдык кандай?
Кечээ Президент Курманбек Бакиев Премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүн-дө И.Чудинов мамлекет башчысына Токтогул суу сактагычындагы 15-сентябрга карата кырдаал жөнүндө маалымат берди.
Анын айтуусу боюнча Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээли 9594,7 млн. куб метр. Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөөлөр суунун көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө. Акыркы үч суткада суунун көбөйүшү 16,5 млн. кубду түзгөн. Электр энергиясын иштеп чыгаруу - 15,368 млн. кВт.саат.
Премьер-министр ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен Нарын-Сыр-Дарыя дарыяларынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы раундунун жыйынтыктарын дагы билдирди.
Кышкы сезонго даярдыктын жүрүшү боюнча И.Чудинов Бишкек ТЭЦине күн сайын 3-4 миң тоннадан көмүр келип жаткандыгын, кампалардагы мазуттун көлөмү 2100 тонна экендигин белгиледи. Республиканын бардык региондорунда көмүр кампалары жана капка көмүр сатуу жайлары ачылган.
Президент борбордун гана эмес, бардык региондордун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылуу маселесин көзөмөлгө алуу керектигин баса көрсөттү. Мында өзгөчө көңүлдү социалдык объектилердин муктаждыгына бөлүү зарыл.
Ж.КУТТУБАЕВ,

Кечээ Өкмөт үйүндө Биринчи вице-премьер-министр, калкты 2008 - 2009-жылдары күз, кыш мезгилдерине даярдоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси, кышка болгон даярдыкка көзөмөл жүргүзүү боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Искендербек Айдаралиевдин төрагалыгы астында Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу, өлкөбүздүн калкы менен экономиканын тармактарын кышка карата даярдоо боюнча маселе каралды. Ага министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, губернаторлор, шаарлардын мэрлери катышты.

Жыйында кышка даярдык көрүү боюнча жасалып жаткан иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, кырдаалга ар тараптуу, акыйкат баа берилип, мүчүлүштүктөрдү тез арада оңдоонун жолдору, багыттары, мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Август айында электр кубаттуулугун пайдалануу боюнча берилген тапшырмаларды электр энергияларын бөлүштүрүүчү бир да компания аткарган эмес.
Сентябрь айынын 11 күнүнүн ичинде электр энергияларын бөлүштүрүүчү компаниялар 41,985 млн. кВт. саат электр энергиясын берилген лимиттен ашыкча пайдаланышкан. Бардык областтар, Бишкек, Ош шаарлары электр энергиясын лимиттен арбын пайдаланууга жол берип жатышат. Мунун кесепетинен республика боюнча суткасына 14,4 млн. кВт. саат электр энергиясы пайдаланылууда. Бул өткөн жылдагы суткалык керектөөдөн 164 миң кВт. саатка же болбосо 1,1 пайызга арбын дегенди билдирет.
Ал эми 12-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,578 млрд. куб метрди эле түздү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиден суу 4 млрд. куб метрге аз дегенди билдирет.
Биринчи вице-премьер министр электр энергиясын керектөө боюнча берилген тапшырмаларды так аткарууга жыйынга катышкандардын көңүлүн буруп, аракеттен эч
жыйынтык чыгара албай жатабыз деди. "Кандай болсо да электр энергиясын 30 пайызга үнөмдөөгө тийишпиз. Минтпесек калкты кыштан чыгара албайбыз. Эгерде тапшырманы аткара албасак анда баарыбыз отставкага кетишибиз керек.
Эми мындан ары ар бир жумада селектрдик кеңешме өткөрөбүз. Ошондо ар бир РЭСтин жасаган ишине баа беребиз. Тапшырмаларды аткарбагандарга катуу тартиптик чаралар колдонулат. РЭСтер жасап жаткан иштерге талдоо жүргүзүп, кырдаалды оңдоого мүмкүндүк берүүчү ички ресурстарды табуу керек. Мына, акча жок дейсиңер. Бүгүнкү күндө 3 млрд. 94 млн. сомдон ашуун дебитордук карыздар бар экен. Калк болсо 2 млрд. 351 млн. сом карыз. Электр энергиясын пайдаланууда коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтып, дебитордук карыздарды көбөйтүп коюп жатасыңар. Ушинтип натыйжа болбой жатпайбы" - деди И.Айдаралиев.
Биринчи вице-премьер министр губернаторлордун, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын кышка карата болгон даярдыгы жөнүндөгү баяндамасын угуп, 3 фазалуу электр энергиясын пайдалангандарды 1 фазага өткөрүү, электр энергиясы менен жылытылган имараттарды мазут же көмүр жагуу аркылуу жылытуу, көмүрдү тезирээк ташып келип калкка сатуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары ал газ менен жылытылган объекттерге да өзгөчө көңүл буруу керек экендигин эскертти. "Эгерде газ болбой калса кандай болот? Муну да эске алып так эсеп-кысабыңарды Өкмөткө алдын ала бергиле. Өкмөт бул жагдайды да эске алып кошумча каражат карагандай болсун" - деди жыйындын төрагасы.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"




Шайлоонун саясатташып кетишине жол бербөө керек
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Президенттик администрациянын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле КРнын мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков катышты.
Кеңешмеде жүрүшүндө мамлекет башчысы заманыбыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүнө кызыкты. КРнын мамкатчысы Нур уулу Досболдун маалыматын угуп, Президент белгиленген бардык иш-чаралардын өз убагында аткарылышы маанилүү экендигин белгиледи.
Кышкы жылытуу иштерине даярдыктын жүрүшүнө токтолгон мамлекет башчысы Кыргызстанга, анын ичинде аймактарга көмүр ташып жеткирүүдө иштер максатка ылайык жүрүп жаткандыгын айтты. Президент бул багытта Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиевдин Кара-Кеченин көмүрүн башка аймактарга ташуу - Нарын облусунун жашоочуларынын керектөөсү толук канатаандырылгандан
кийин гана жүргүзүлөт деген чечимин колдоду.
Президент бүгүндөн баштап жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүү башталгандыгын айтып, шайлоо таза жана адилет өтүшү керектигин белгиледи. "Шайлоочулардын өз тандоолорун жакшынакай шартта, өзү билген жана ишенген талапкерге жасашы үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек. Шайлоо процесси мыйзамдын чегинде өтүп, анын саясаттышып кетишине жол бербешибиз керек", - деди К.Бакиев.
Булардан тышкары, кеңешмеде айрым күндөлүк мүнөздөгү маселелер талкууланды.
А.ЭСЕНОВ




Кол өнөрчүлүктү колдоо жыйыны
Азия өнүктүрүү банкнын каржылоосу менен Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү колдоо долбоору иштеп жатканы белгилүү. Япониялык инвесторлор аталган тармакты колдоп жатышат.
Кечээ КРнын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинде атайын жыйын өтүп, ага КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу, агенттиктин директору Турусбек Мамашев, КРнын миграция жана жумушка орноштуруу мамкомитетинин төрайы-
мы Айгүл Рыскулова жана тийиштүү структуралардын өкүлдөрү катышышты.
Долбоор алыскы тоолуу аймактарда жашаган, жакырчылыктын деңгээли 50 пайыздан өйдө деп саналган элдүү пункттардагы аялдарды колдоо максатында ачылган. Ал 2010 жылга чейин этаптуу иштеп, дээрлик республикабыздын бардык аймактарын камтыйт. Жыйында алигүнчө ушундай уникалдуу долбоордун Бишкекте кеңсесинин жоктугу көтөрүлдү. Мамлекеттик катчы муну тез арада Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен чечүүнү Т.Мамашевге тапшырды. Досбол Нур уулу аталган долбоорго карата Мамлекет башчысынын пикирин билдире кетти. Кыргыз улутунун уңгусун кармап турган элдик өнөрдүн бири ушул кол өнөрчүлүк. Ал эми жакында республиканын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган эл аралык "Айтыш" фестивалына болгон Президенттин кубогу өткөнү да улутка тиешелүү өтө сейрек көркөм өнөрдү колдоо болуп саналат. Санжыра, жомок айтуучулукка жардам көрсөтүү керек. Саймачылыкты, килем токуучулукту өркүндөтүү боюнча байгелүү иш чара уюштуруу да колго алына турган иш. Баса, 10 октябрь күнү кол өнөрчүлүк, узчулуктун күнү катары кесиптик майрам уюштурулуп, мамлекеттик туризм агенттиги ага арналган атайын конференция өткөрүүнү көздөп жатат.
Назира Алиева




Кайгыңыздарга ортоктошпуз
Премьер-министр Игорь Чудинов Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Владимир Путинге 14-сентябрдын түнүндө Пермь шаарында болгон авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген Пермь облусундагы самолеттун кыйрашы жөнүндө кабарды терең кайгыруу сезими менен кабыл алдым. Кыргызстанда бул трагедияга терең кайгырып жатышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизге чын пейилден чыккан көңүл айтуумду билдиремин жана каза болгондордун туугандарына, жакындарына көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүн берип коюуңузду өтүнөм", - деп айтылат И.Чудиновдун телеграммасында.
Өз маалыматыбыз





Чектөөлөр бизде эле эмес
"Сентрал Эйше-ньюс" маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча Тажикстанда электр энергиясын керектөөгө катаал лимит киргизилди. Ага ылайык өлкөнүн калкы эми эми суткасына 9 саат гана энергия алышмакчы.
Мындай лимит Өкмөттүн макулдугу ме-
нен киргизилип, республиканын бардык аймагына жайылтылмакчы. 11-сентябрдан баштап киргизилген чектөөлөргө ылайык
калкка электр энергиясы саат 17.00дөн 21.30га чейин жана 3.30дан 8.00гө чейин берилмекчи. Электр энергиясы үчүн карыздары жок өнөр жай объектилерине энергия аймактарга белгиленген лимиттердин чектеринде жүзөгө ашырылмакчы.
Энергетикалык компаниялардын маалыматына караганда Вахш дарыясындагы суунун агымы секундуна 556 куб метрди түзгөн. Бул орточо айлык норманын 75 пайызы. Нурек суу сактагычындагы суунун деңгээли өткөн жылдагыга салыштырмалуу 8 метрге төмөн.
Буга чейин 1-сентябрдан баштап Тажикстанда түнкү убакта электр энергиясына 5
сааттык чектөөлөр киргизилген болучу.
Ж.КУТТУБАЕВ




Дайындоолор
Премьер-министр Игорь Чудиновдун буйруктары менен Абдубалиев Болотбек Сыдыкович Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик жүк ташуу департаментинин директору, Сатаров Токтомурат Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу мамлекеттик транспорт инспекциясынын директору болуп дайындалышты.
Премьер-министрдин буйругу менен Насбеков Калыбек Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.


Кампага канча эгин түштү?
Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, 15-сентябрга карата 445,9 миң га аянттан дан эгиндери жыйналган. Бул жалпы эгин аянтынын 68,1 пайызын түзөт. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 22,9 ц/га же өткөн жылдын деңгээлинен 0,6 ц/га аз.
Баштапкы тапшырылган салмактагы
дүң жыйым 995,6 миң тоннаны же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 87,8 миң тоннага көптү түздү. Анын ичинен буудай 709,6 миң тонна.
Ш.ЭШИМБЕКОВ