, 16.09.08 - 14-бет: №69, 16.09.08-ж.
  Көз караш

Саакашвили эмнеден жаңылды?
Россия өкмөтүнүн Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныгандыгына үч жумадай убакыт өттү, бирок ал дагы деле дүйнөдө кеңири резонанс жараткан, эң маанилүү жаңылык бойдон кала берүүдө. Россиянын андай кадамга барышына 7-августтан 8-августка караган түндө Грузиянын аскерлеринин Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини басып кирип, он беш жылдан ашык убакыттан бери өз алдынчалыкка умтулуп, өзүн көз карандысыз мамлекет катары жарыялап, расмий Тбилиси менен бардык байланыштарын үзүп койгон республиканы күч менен өзүнө кайтарууга жасаган аракети себеп болгондугу белгилүү.

Грузиянын аскерлери Цхинвалиге кирери менен эле Россия ал жакка токтоосуз өзүнүн брондуу техникаларын жөнөтүп, Грузиянын аскердик объектилерин бомбалап кирди. Күч жагынан басымдуулук кылгандыктан Россия Грузиянын көпчүлүк аскердик техникаларын талкалап, кайра артка сүрүп чыкты. Эки тараптуу кагылышууларда Түштүк Осетиянын борборунда жашагандардан 1600дөй адам курман болду, 40 миңдей адам качкынга айланды, шаардагы имараттардын көбү талкаланды. Эки тараптын аскердик жоготуулары 400 адамдай болду. Мурда эле тынчыбаган Кавказда тирешүүлөрдүн дагы бир тилкеси башталды. Бул жолку тирешүү, кагылышуулар эмнеден келип чыкты? Аны куралдуу кагылышууларга, дипломатиялык жана эл аралык жаңжалдарга жеткирбестен алдын-алса болот беле?
Мындан төрт жыл мурда Михаил Саакашвили апельсиндик революциянын жардамы менен бийликке келгенден кийин Грузиянын сепаратисттик маанайдагы субъектилеринин же Абхазиянын, Аджариянын жана Түштүк Осетиянын жетекчилерине каршы чечкиндүү күрөш жарыялаган. Грузиянын аскерлери Аджарияга чагылгандай тездик менен басып кирип, анын өзүн монарх сезип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын жооптуу кызматтарга дайындап, өзүн-өзү Аджариянын арстаны деп атап алган президентин Москвага кубалап, тез эле конституциялык тартипти орнотушкан.
Грузиянын андай аракетине Россиянын жетекчилиги эч кандай каршылык көрсөткөн эмес, тескерисинче, сепаратизмге каршы күрөш катарында жактыруу менен кабыл алышкан. Өзүнүн ички сепаратисттеринен жадап бүткөн Россияга тыштагы сепаратисттерди колдоонун кымындай да зарылчылыгы жок болчу. Аджариядагы андай абалды көргөндөн кийин Абхазиянын ошол убактагы президенти Владислав Ардзинба тез эле ооруп калып, бийлигин Сергей Вагапшка өткөрүп берди. С.Вагапштын күрөшчүл жөндөмдүүлүгү, нерви жана саясый эрки интеллигент окумуштуу Ардзинбаныкына салыштырганда алда канча күчтүү экен.
Мында Грузия Аджарияны күч менен кайра өзүнө каратканда калыс позицияда турган Россия эмне үчүн андай аракеттер Түштүк Осетияда кайталанганда өзгөчө жаалдануу менен кабыл алып, Грузиянын аскерлерин кубалап чыгып, Түштүк Осетия менен кошо Абхазиянын көз карандысыздыгын кошо таанып жиберди? - деген дагы бир суроо туулат.
Түштүк Осетия геосаясый мааниси, экономикалык потенциалы жагынан Аджариянын ондон бирине да тең келбейт. Сексен миңдин тегерегиндеги калкы бар, орточо райондун деңгээлиндеги республика. Ал эми Аджария Абхазиядай эле деңизге тике чыккан порттору, өнөр жай тармактары, чоң курорттук реакрациялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрү бар аймак. Түштүк Осетияда тоодон, таштан башка эч нерсе деле жок.
Грузия Аджарияны күч менен кайра өзүнө каратып алган мезгилде Михаил Саакашвилинин тышкы саясаттагы артыкчылыктары, КМШ, ОДКБ сыяктуу интеграциялоочу уюмдарга карата позициясы белгилүү боло элек эле. Россиянын жетекчилиги М.Саакашвили Россияга карата Э.Шеварднадзеге караганда симпатиялуу болбосо да лоялдуу, тең салмактуу, ийкемдүү саясат жүргүзөбү деп үмүттөнүшкөн, ошону күтүшкөн. Ага бардык негиз бар эле. Грузиндер 300 жылдан ашык убакыттан бери орустар менен тыгыз байланышта жашап келатат. Багратион, Сталин, Орджоникидзе, Берия, Енукидзе сыяктуу грузиндер Россиянын мамлекеттүүлүгүн калыптандырууда чоң роль ойношсо, өз кезегинде Россия Грузиндердин маданиятын, адабиятын дүйнөгө таанытууда аябагандай чоң кызмат аткарды.
Союз мезгилинде Грузия ачык айтылбаса да иш жүзүндө артыкчылык укуктардан пайдаланган республикалардан болуп келген. Орусташып кеткен грузиндер миллиондун тегерегинде. Эки эл тең бир динде, аралаш никелер абдан көп. Бир сөз менен айтканда, Россиянын жетекчилигинин Грузия тышкы саясатында бизге артыкчылык берет деген ишенимине реалдуу бардык негиздер бар болчу. Бирок, Михаил Саакашвили Аджария маселесин чечкенден кийин эле тышкы саясатында ачыктан ачык АКШга, Батышка ыктап, өзүнүн негизги максаты - НАТОго кирүү экендигин жадабай кайталаганга өттү. Ага жооп иретинде Батыштан, биринчи кезекте АКШдан жашыл акчалар Грузияга агып келе баштады. Грузия өз армиясын АКШнын стандартында анын акчасы менен реформалоого киришти. Алсак, Грузиядагы 8 миң солдат жана офицер АКШнын эсебинен каржыланат, алардын ичинен 2 миң "коммандос" даярдалган.
М.Саакашвили бийликке келгенден бери Грузияга Россиянын бир да жетекчиси расмий иш сапары менен бара элек, бирок бул убакыттын ичинде Тбилисиге АКШнын президенти Дж.Буш өзү баш болуп, бардык жетекчилери келип кетишти. Дж.Буш Тбилисиге келгенде анын ысмы шаардагы бир чоң проспектиге берилди. Ал эми Грузиянын коммандостору күндө эртең менен Грузиянын гимни менен кошо АКШнын гимнин да аткарышат. АКШнын президенти Дж.Буштан бир жолу журналисттер: "Сизге Саакашвилинин эмнеси жагат?" деп сурашканда, ал бир аз ойлонуп туруп "көзү" деп жылмайган. Бушка көзү жаккыдай Саакашвили актриса же бийчи эмес. Американын администрациясына, Батыштагыларга Саакашвили илбериңки шериктеш, кандай буйрук болбосун аткарууга даяр турган марионетка катарында жагары айтпаса да түшүнүктүү. Алар Саакашвилини эмес, келечекте НАТОго плацдарм боло турган Грузиянын жерин жакшы көрүшөт. Ал убакытты тезирээк жакындатуу үчүн М.Саакашвили бардык күч-аракетин жумшап келди.
Мындай бир жактуу саясат, демонстративдүү демарштар Россиянын жетекчилигин алгач ичиркентсе, анан кыжырлантып, контрчараларды көрүүгө мажбурлады. Коңшусунун демонстративдүү түрдө өзүн тоотпой жаткандыгын Россиядай чоң держава түгүл, майда өлкөлөр деле сүйбөйт. Россия, албетте, Грузиянын талуулуу жери Абхазия менен Түштүк Осетиядан кармады. Адегенде ал саясый кинелешүүлөрдүн, тирешүүлөрдүн шылтоосу болсо, абал кескин курчуганда алар насыяларды кайтарып берүүнүн предметине айланды. Тирешүүлөрдүн мындай Грузия үчүн трагедиялуу формада чечилүүсүндө жеке Михаил Саакашвилинин күнөөсү өлчөөсүз чоң.
Эми азыркы абалдан Грузия М.Саакашвилини кетирген күндө да чыгуусу кыйын болуп калды. Эгерде М.Саакашвили тышкы саясатында Россияга биротоло артыкчылык бербесе да, жок дегенде симпатиялуу, тең салмактуу мамилени сактап турганда маселе мындай драмалуу чекке жетмек эмес. Эгерде Саакашвили ачык пророссиялык саясатты тутунуп, саясый, экономикалык жана гуманитардык мамилелерди, байланыштарды тереңдетип, кеңейтүүгө аракеттенсе, анда Грузиянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга Россия өзү жардам бермек. М.Саакашвилинин тарыхый эң чоң жаңылыштыгы - Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн проблемаларын чечип, сепаратисттерди жөнгө салгыча ал иштерде чечүүчү ролду ойной турган Россия менен жылуу мамилелерде болуп тургандын ордуна аны менен каршылашып, маселени өзү курчутуп алды. Экинчи жаңылыштыгы, АКШнын колдоосуна ашкере ишенгендигинде болду. Бирок, АКШ да, Батыш да Грузия үчүн эч качан Россия менен ачык кагылышууга барбайт. Натыйжада жоопкерчиликсиз бир саясатчынын бир жактуу авантюралык саясаты мамлекеттин бөлүнүп-жарылышына, аймагынын сезилерлик бөлүгүнөн ажырашына гана алып келди. Россия Грузияга карата "ушунчалык эле НАТОго шашсаң, бара бер, бирок биз да өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөгүлөрдү колдон чыгарбайбыз" деген прагматикалык катаал саясат жүргүздү. Андай катаал чараларга барууга АКШнын администрациясынын Польшага жана Чехияга ракетага каршы ракеталарды жайгаштыруу жөнүндөгү чечими да түрткү болгондугун кошумчалай кетүүбүз керек.
Эми мындан аркы кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн? Евросоюз Россиянын Абхазиянын жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануусун бир ооздон айыптады, бирок, санкцияларды киргизген жок. Дж.Буш "тынчсызданганын" билдирсе, АКШнын вице-президенти Дик Чейни "Россиянын бул иши жоопсуз калбай" тургандыгын маалымдады. Ал АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райстан кийин иш сапары менен Тбилисиге келгенинде Америка мындан ары да Тбилисиге ар тараптуу жардамдарды көрсөтө бере тургандыгын айтты. АКШнын өкмөтү кагылышууларда кыйраган инфраструктураларын калыбына келтирүү үчүн Грузияга 1 млрд. доллар, Евросоюз 750 млн. евро бөлдү. Кагылышууларда Грузиянын жарандык эмес, аскердик объектилери кыйрагандыгын эске алсак, жогорудагы каражаттардын биринчи кезекте кайсыл чөйрөлөргө жумшала тургандыгы ачык болот.
Биздин оюбузча алдыдагы эки-үч ай дипломатиялык кайым айтышуулар, позицияларды аныкташуулар, бири экинчисинин оюндагыларды байкоолор менен өтөт. Россия сөзсүз Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныган мамлекеттердин катарын көбөйтүүгө аракеттенет, бул максатта мүмкүнчүлүктөгү чаралардын бардыгын колдонот. Казакстан, Кыргызстан сыяктуу жакын шериктештери белгилүү өлчөмдө кысымга да дуушар болуулары мүмкүн. Мындай кырдаалда кааласак да, каалабасак да эки жолдун бирин тандап, позицияны аныктоого туура келет. Бирок, ачык эле айтыш керек, андай позициялашуу биздей өлкөлөр үчүн пайдасыз. Биздей эгемен өлкөлөр үчүн бир жээкке чыгып алгандан көрө "эки эчкинин сүтүн бирдей ээмп" ортодо турган жакшы. Бирок, тилекке каршы, "киттер" бизди ой боюбузга койбостон бир жээкке сүрүп чыгарат окшоп калды.
Өз аймагынын үчтөн бирине жакынынан айрылганга Грузия эч качан макул болбойт, ага көнгүсү да келбейт. Батыштагылар аны мүмкүнчүлүктөрү жеткенче куралдандырышат. Бирок, куралдын күчү менен өз укугун бекемдөөгө Грузия өтө эле кичинелик кылат, демек грузиндик терроризмдин пайда болушу да мүмкүн. Ал эми Батышта Грузияга байланышкан негизги окуялар "Батыш театрынын башкы дирижёру" алмашкандан же АКШда президенттик шайлоо аяктагандан кийин гана башталат. Ага чейин абалды өтө курчутуп жиберүүнүн саясый аренадан кетип жаткан Дж.Бушка пайдасы жок. Грузиянын аймактык бүтүндүгү, Россия менен мамилелерди оңдоо же биротоло аны татаалдантып, кансыз согушка, куралдануунун жаңы айлампасына айландырып жиберүү маселелери анын мураскоруна калат. Жаңы дирижёр келгиче калгандары "айыптоолор, кинелөөлөр, сунуш кылуулар" менен чектелип тура беришет. Ошентип, Россия тарабынан Абхазия менен Түштүк Осетиянын таанылуусу менен маселе чечилбегендигин, ал алдыдагы чоң геосаясый күрөштүн кириш бөлүгү гана экендигин белгилей кетүүбүз керек.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




  Бетачар

Актуалдуу баалуу эмгек
Кыргызстанда исламдын азыркы учурдагы абалы, анын дүйнөлүк саясатка жана эл аралык мамилелерге тийгизген таасири, анын ичиндеги агымдар жана багыттар, деструктивдүү көрүнүштөр, аларды шарттаган себептер жетиштүү изилдене элек. Бул багытта айрым макалалар, брошюралар жарык көргөн менен фундаменталдуу изилдөөлөр жок.
Коомдук гуманитардык илимдерибиздеги бул кемчиликти республикабыздын тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын тышкы саясатты үйрөнүү борборунун директору, профессор Орозбек Молдалиевдин жакында жарык көргөн "Ислам и Политика: политизация Ислама или исламизация политики..." деген фундаменталдуу монографиясы белгилүү өлчөмдө толуктады деп ишенимдүү айтсак болот. Автор өзүнүн 350 беттен турган эмгегинде мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелерден тартып, исламдын дүйнөдөгү азыркы учурдагы абалын, анын ичиндеги экстремисттик көрүнүштөрдүн пайда болуу себептерин терең ачып берген.
Акыркы убактарда Батышта, АКШда ислам динин ичтен да, сырттан да бөлүп жарып, анын агымдарын, багыттарын көбөйтүп, аны экстремисттердин, эл аралык террористтердин дини катарында көрсөтүү аракеттери болуп жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. ХХ кылым идеологиялардын күрөшү болсо, XXI кылым диндердин айыгышкан күрөшү менен
айырмаланат деп божомолдогондор да чыгууда. Америкалык профессор С.Хантингтон өзүнүн "Столкновение цивилизаций" деген эмгегинде аны илимий жактан негиздөөгө да аракеттенген. О.Молдалиевдин эмгегинен бул маселелер боюнча да кеңири материалдар менен таанышып, кызыктырган суроолорго жоопторду тапса болот.
Бакай ЧИЛТЕГИН