, 12.09.08 - 14-бет: №68, 12.09.08-ж.
  Президент Н.Назарбаевдин кайрылууларындагы тапшырмалар иш менен бекемделүүдө

Кошунабыздын ийгиликтерине кубанабыз
Ырыс алды ынтымак
"Калкыбыздын өсүп-өнүгүүсү, тынчтык, саясый жана экономикалык туруктуулук, көп улуттуу жана көп конфессиялуу Казакстандын толеранттуулугу, мыйзамдуу түрдө бекитилген мамлекеттик чегара, коңшуларыбыз менен жакшы карым-катнаш мунун баары эгемендик жылдарында биз чогуу жетишкен улуттук чоң ийгиликтер. Элибиздин өсүп-өнүгүүсүн жана анын коопсуздугун камтамасыз эте турган ушул башкы багытты ар дайым жүргүзө турган болобуз."

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин
2-сентябрда Казакстан Парламентинин II сессиясын ачаарда
сүйлөгөн сөзүнөн.

Казакстандын арымдуу кадамынын сыры жөнүндө пикирлерин билүү максатында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробековго жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун төрагасы Омор Султановго кайрылдык.
Ж.Жоробеков:
- Президент Н.Назарбаевдин жыл сайын кайрылууларында болсун, сүйлөгөн сөздөрүндө болсун койгон милдеттери иш менен бекемделүүдө. Биринчиден, казакстандыктар өлкөнүн өнүгүшүнүн пайдубалын бекем тургузуп алышты. Өткөн кылымдын 90-жылдарында анын айтканынын айрымдарынын ордунан чыкпай калганы болгон. Азыр андай жок. Бардык иштер алдын-ала жети өлчөнүп, бир кесилип, тастыкталган. Экинчиден, бул - Союз мезгилинде дасыккан, тажрыйбалуу жетекчи, бүткүл түрк дүйнөсүнүн бетке кармар азаматына айланган, кеменгер инсан Нурсултан Назарбаевдин прагматикалык саясатынын жемиши. Жакынкы жылдары өлкөнү чоң жетишкендиктер күтүп турат. Боордошторубуздун ийгиликтерине кубанабыз.
Омор СУЛТАНОВ:
- Жайында өздөрүнүн чакыруусу менен Астананын 10 жылдык мааракесине барып келгем. Астана ХХI кылымдын башталышында космостук ылдамдык менен курулган ажайып шаар. Ал - Казакстандын экономикасынын дүркүрөп өсүшүнүн күзгүсү сымал. Казакстан азыркы деңгээлге Президент Нурсултан Назарбаевдин акылман башкаруусунун аркасында жетти. Ким да болсо, алтынды колдо барда баалашы абзел.

Казакстан жөнүндөгү бүгүнкү макала республикадагы улуттар аралык жана диндер аралык карым-катнаштарга арналды.

I

К азакстан Республикасынын статисти-
ка агенттигинин 2007-жылдын башындагы маалыматына таянсак, өлкөдө 123 улуттун өкүлү бар. 7 улуттун саны жалпы калктын 1 пайызынан көп.
9 миллиондон ашуун казак, 3,5 миллиондон ашуун орус, ар бири 500 миңге жакын украин жана өзбек, ар бири 230 миңдин тегерегиндеги уйгур жана немис, 100 миңден ашуун корей Казакстанда бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарып, ынтымак-ырашкердикте жашап жатышат. Мындан бир нече жыл мурда БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннан Казакстанга келген сапарында "Өсүп-өнүгүүсүнүн туруктуулугун камсыздаган көп улуттуу Казакстан калкынын бирдиктүү аракети дүйнөнүн кайсы мамлекетине болсо да үлгү боло алат" деп айткан болчу.
1995-жылы Н.Назарбаевдин демилгеси менен курулган Казакстан калктары Ассамблеясы улуттардын биримдигин чыңдоодо, коомдук бейпилдикти сактоодо, этникалык теңдикти кармоодо өзүнүн олуттуу салымын кошуп келе жатат.
Өткөн жылы май айында Казакстан Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенде, ар түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийликтин жогорку органдарында туруктуу иштешин камсыздоо максатында Конституцияга Парламент Сенатынын 9 депутатын Казакстан калкы Ассамблеясы шайлай турган берене кошулду.
Казакстан калкы Ассамблеясынын жетекчилигин мамлекет башчысы өз колуна алган. Ошондой эле, облустардагы Кичи ассамблеяларга облустун биринчи башчысы түздөн-түз жетекчилик кылат. Муну улуттар аралык саясатка чоң маани берүү, уюмдун жоопкерчилигинин артканы деп баалаганыбыз жөн. Мындан тышкары, республика аймагында 471 улуттук-маданий бирикме иш алып барууда, ушулар аркылуу түрдүү улуттардын руханий-маданий кайра жаралуу процесстери жанданууда.
Казакстан калкынын бирдиктүүлүгүн калыптандырууда жана улуттар аралык достукту бекемдөөдө өздөрүнүн жоопкерчилигин титулдук улут - казактар жакшы түшүнүшөт. Эгемендиктин алгачкы жылдарында түзүлгөн казак улуттук маданий борборлору өз миссиясын аткарган соң, улуттар аралык борборго айланган.
Улуттар аралык мамиле саясый ишмерлерди, окумуштууларды, кимди болсо да кайдыгер калтырган жок. Философия илимдеринин доктору, профессор Амангелди Айталы республиканын жетектөөчү гезити "Егемен Казакстан" аркылуу "Сөз жок, Президент, Ассамблеянын төрагасы Конституция боюнча улут саясатынын негизин айкындайт, ал улут өкүлдөрүнүн укуктары менен эркиндиктеринин кепили. Ошону менен бирге улуттар аралык абалга Ассамблея гана эмес, аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийликтери, бардык деңгээлдеги акимчиликтер, маслихаттар (кеңештер, Н.Б.), саясый партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, ар бир жаран жооптуу" ("ЕК" 2008.03.09), - деп Президенттин Парламенттин сессиясын ачуудагы сөзүнө үн кошо отуруп, ушул астейдил маселени көп болуп, биргелешип аткарууга чакырат.

Эми Казакстанда жашап жаткан ар түрдүү улуттун пикирлерине көңүл буралы.
Айдын КИТАДЗЕ, Алматы облусундагы Эшик шаарынын тургуну:
- Аскер кызматында жүрүп, СССРдин 96 шаарында кызмат өтөдүм. 1989-жылы 29-ноябрда, пенсияга чыккан соң ошондо көчүп келгенбиз. Ата-энем, бир туугандарым ушул жерде. Кавказдагы жакындарыбызды ойлосок, муңга батабыз. Кызым Анадырда, уулум Түштүк Осетияда дүйнөгө келген. Мында ар түрдүү улуттар менен ырашкер, ынтымактуу жашап жатабыз. Неберем согуш дегенди билбесе экен. Балдарым, неберелерим Казакстан достук өкүм сүргөн эң сонун өлкө экенин эсте тутса, түшүнсө дейм. (Айдындын улуту кавказдык түрк, бирок фамилиясы грузинче экен. Жубайы грузин кызы).
Франц ЛЕВИЦКИЙ, Алматы облусу, Жаңышаар шайлоо округунун тургуну:
- Мен, мына алп эмен сыяктуумун. Аны жубайым Вера менен баш кошкондо, кырк жыл мурда тиккен элем. Жаш чыбыктай жаш кезимди ошондо өткөрүп, жарымды таптым. 2 уулум, 3 кызым, 7 небере кызым, 7 небере уулум бар. Эмгегим аркылуу багым жанды. Балдарым да мээнеткеч. Тилегим - жергебизде тынчтык болуп, элибиз өркүндөп, бала-чакабыз аман болсо экен (Ф.Левицкий - поляк. Айылда казактар, поляктар, курддар ж.б. турушат).
Светлана Ковальчук, Костанай шаарынын тургуну:
- Казакстан - тууган элим. Аталарым Украинадан ХIX кылымдын аягында келген. Мен төртүнчү муунумун. Неберелерим - Казакстанда туулган алтынчы урпак. Бир туугандарым, аталаштарым баары ушундабыз. 7-8 жыл мурда эң жакын досум Калугага көчүп, бизди чакырды. Күйөөм экөөбүз да барганды каалабадык. Казакстан бизге ушунчалык кымбат экендигин түшүндүк. Костанай облусунун Сарыкөл районунун Лихачев айылында төрөлгөм. Совет доорундагы агрардык ирилештирүү кампаниясында айылыбыз жоюлуп кеткен. Бирок, быйылкы жазда орус, казак, украин, беларусь болуп, анын 110 жылдыгын белгиледик.
Ата-бабаларыбыз, чоң энелерибиз түбөлүк калган бейиттерге барып, мусулманыбыз мусулманча, православиебиз христианча таазим эттик. (Светлана - орус кызы, жездесинин колунда өсүп украин болуп жазылып калган).
Руслан Измазов, Жамбыл облусундагы "Вынхуа" дунган маданий борборунун төрагасынын орун басары:
- Казак калкынын меймандостугунун, камкордугунун натыйжасында 130 жыл мурда ушул аймакка көчүп келген дунгандар капарсыз, бактылуу турмуш куруудабыз. Эл башыбыздын көрөгөч саясатынын аркасында дунгандар гана эмес, 130га жакын улуттар Казакстанда өздөрүн тең укуктуу сезишет. Өз ара түшүнүшүүдөн кымбат бу дүйнөдө эмне бар?!

II

К азакстанда 40тан ашуун диний кон-
фессиялар, 4000гө чукул диний уюмдар бар. Уюмдардын 2337си мусулмандык, 281и православиелик, 82си католиктик, 1189ы протестанттык багытта. Жогоруда аталгандай, калктын 60 пайыздан көбү казактар экенин жана республикада бир катар түрк тектүү улуттардын жашап жатканын эске алсак, калктын басымдуу көпчүлүгү мусулман динин тутунары бышык. Кээ бир "эсептөөчүлөрдүн" айтымында, калктын 95%ы мусулмандар жана христиандар.
Бирок, ушунча дин конфессияларын өлкөгө батырып, алардын ишмердигине мамлекет башчысынын өзү көз салышы, а түгүл Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин эки курултайын өткөрүп, үчүнчүсүн 2009-жыл Астанада өткөрүүнү белгилеп отурганы таңдандырбай койбойт. Адатта жолугушпаган дин башчылары 2006-жылы Астанада чогулуп, бир дасторкондон даам татышып, пикирлешкен. Ушул экинчи курултайда Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын баш катчысы Шейх Абдолла бин Абдель Мохсин ат-Түркинин "Форумдун башында жүргөн Президент Назарбаевге "Алланын нуру төгүлсүн. Мен дин жетекчилеринин эл аралык коопсуздукту сактоодогу ролуна токтолсом дейм. Ислам түшүнүгүндө чыныгы дин адамдарды бөлбөй, аларды ынтымакта болууга, бирин-бири сыйлоого үндөйт. Башкаларга коркунуч келтирүүгө тыюу салат. Душмандыкка жол бербөөгө чакырат" дегени бар. Ошол курултайда Н.Назарбаев "Диний ишмерлер бир диндин экинчи динден артыкчылыгын ачык эле айтып жатса, иштин башатында эле жаңжалдын түптөлүп жатканы анык болуп калат. Диалог үчүн негизди Кудайдын алдындагы пендечиликтен эмес, адамдагы ыймандуулуктан издөө керек" деп айткан эле.
Албетте, Казакстандын Конституциясы боюнча дин мамлекеттен ажыратылган, ошондой болсо да, дин аралык катнаштар бийликтин көз жаздымында калып койгон жок.
Өлкөдө экстремисттик, бөлүп-жаруучулук ниеттерди көздөгөн диний агымдарга тыюу салынган. Ошентсе да ар түрдүү миссионерлердин ишмердиги келечекте улуттук биримдикке доо келтириши мүмкүн экени айтылууда. Парламент Мажилисинин депутаты Берик Бекжанов мындай дейт: "Казакстандын аймагында 8 мусулмандык, 33 православиелик, 172 католиктик, 133 протестанттык чет өлкөлүк миссионерлер иштеп жүрөт. Себеби, биздин коом - өз жарандарынын диний ишенимине тыюу салбаган коом. Анткен менен, биз кол тийгизбей урматтаган Казакстан жарандарынын диний ишенимине терс ниеттүү, терс принциптүү миссионерлердин таасирине мыйзамдуу негизде жол бербешибиз керек. Ошого ылайык, Парламент депутаттары Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине "Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына диний ишеним эркиндиги жана диний бирикмелер маселелери боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоорун сунуштадык".
Жазмакер казак кесиптештерибиз тумардай кастарлап, мусулманчылыкка байланыштуу макалаларга жана китептерге лейтмотив катары пайдаланып жүргөн Нурсултан Назарбаевдин сөзүн биз дагы окурмандарга билдирип койгонду жөн көрдүк: "Биз тегибиз түрк, динибиз ислам экенин унутпашыбыз зарыл, ал үчүн касиеттүү китеп - Куран Каримди насааттоону эстен чыгарбашыбыз керек".

III

А лдыга чоң максаттарды коюп, жаңы
кылымдын босогосун аттаган Казакстандын социалдык-экономикалык, саясый-демократиялык жактан ылдам өнүгө баштаганын азыркы учурда дүйнөлүк коомчулук моюндап отурат. Бир жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан эл аралык каржы, энергетика жана азык-түлүк кризиси өлкөгө анчалык таасирин тийгизе алган жок. Н.Назарбаев Парламенттин сессиясын ачаарда сүйлөгөн сөзүндө: "Биздин баарыбыз үчүн негизги милдет - орток Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен биримдиги экендигине дагы бир мерте көңүлүңүздөрдү бурамын. Мен ушул маселени он жети жыл бою тынбай айтып келем. Жогорудагы окуялар менен (мамлекет башчысы Түштүк Осетия-Грузия жаңжалын айтып отурат. Н.Б.) салыштырсак, бул айтылган сөздүн баары бекер эмес. Аткарган чарбаларыбыздын бардыгы да ынтымактын аркасы экенин дагы бир жолу атап өткөнүм жөн болоор",- деп ийгиликтин башаты - биримдик экенин баса белгиледи.
Эгемендиктин 17 жылында республикада туруктуулук, улуттар аралык жана диндер аралык ынтымак камсызданып, казакстандык биримдик жана жалпы казакстандык патриоттуулук калыптанды. Мамлекеттик түзүлүштүн, өнүгүүнүн казакстандык модели пайда болуп, ал ишке ашууда.
Ички карым-катнаштарды ыраатташтыруунун натыйжасында жана экономикалык күч-кубатына таянып, Казакстан дүйнөлүк мейкиндиктеги иш-чараларга аралашууга мүмкүндүк алды. Атап айтканда, Азиядагы өз ара аракет жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмун уюштурду, Европага жол таап, 1910-жылы ОБСЕге төрагалыкка дайындалды, 1,5 млрд. калкты өзүнө камтыган ислам конференциясы уюмунун ишине активдүү катышууда. Эми, улуттук лидер даражасына көтөрүлгөн Н.Назарбаев жетектеген Казакстан Республикасын дүйнөлүк коомчулук Мусулман өлкөлөрү менен Батышты, Азия менен Европаны диалогго чакырган Евразия төрүндөгү сөөлөттүү мамлекет болот деп үмүт артууда.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"