, 09.09.08 - 5-бет: №67, 09.09.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Курман болгондор таанылууда
Авиакырсыктан курман болгондордун генетикалык мүнөздөмөсүнүн жыйынтыгы ушул жумада чыгып бүтүшү ыктымал. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, Тегеранда жүрүп жаткан бул иштер боюнча соңку маалыматтар алынмакчы. Мындай иликтөөнүн натыйжасында төрт кыргыз жана бир казак жаранынын өздүгү аныкталганы өткөн ишембиде белгилүү болгон.

Мектеп окуучулардын тамак-ашына 448,4 млн. сом
Республиканын облустарында мектептердин окуучуларынын тамак-ашын уюштурууга быйылкы жылдын республикалык бюджетине 448,4 млн. сом каралган. Бул сумма бир күнгө жети сомдон жана бүткүл 2008-финансы жылына эсептегенде бардык окуучуларга жетишет. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Мира Осмоналиеванын билдиргенине караганда ушул жылдын 1-сентябрынан тартып тамактануу нормасы бир күнгө жети сом эсебинде белгиленген. Кыргыз өкмөтүнүн 27-августагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынган. Борбордук мэриянын чечимине ылайык Бишкек шаарынын 1-4 класстарынын окуучулары үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен тамактануу нормасын жогорулатуу (күнүнө 14 сомго) белгиленген.

Быйыл Ош облусунда 29 мектеп курулду
Ош мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Гүлжамал Жороеванын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы Ош облусу боюнча жалпы 29 мектеп курулуп, 16 мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилген. Мектептердин курулуш иштери КРнын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, каржылоо маселеси өз убагында чечилген. Ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 5 компьютер, КРнын Президенттик администрациясынын алдындагы "Жеткинчек" программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында 434 миң 160 сомдук эмеректер, 144 парта, 288 стул, 12 доска берилген.

Тоодогу көлдөрдүн нугунан чыгып кетүү коркунучу бар
Кыргызстанда тоолуу көлдөрдүн нугунан чыгып кетүү коркунучунан калкты коргоо максатында Чех Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги сунуштаган Геомин фирмасы менен Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги бир катар иш-аракеттерди көрүүдө. Биргелешип иш алып баруу 2004-жылы башталган. Ошондон бери бул тармак боюнча 2 долбоор ишке киргизилген. Бул туурасында бүгүн Чех Республикасынын Кыргызстандагы консулу Игорь Онищенко билдирди. Нугунан чыгып кетүү коркунучундагы көлдөр Ысык-Көл, Талас облустарында жана Ала-Арча, Кегети өрөөндөрүндө бар. Кыргыз-чех долбоорлорунун максаты калкты ташкындоо тууралуу маалымдоо, нугунан чыгып кетүүнүн болжолдуу убактысын жана жерин тактоо, зыян тартуу коркунучундагы аймакты аныктоо болуп саналат.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда 3-сентябрдагы маалымат боюнча Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,528 миллиард кубометрге жетти. 2007-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 13,651 миллиард кубометрди түзгөн. Учурда секундасына 313 куб суу агып түшүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 443- 470 куб болгон. Бирок электр энергиясын пайдалануу республиканын бардык аймактарында нормадан ашык болгон. Мисалы, 3-сентябрда жалпысынан 40,286 млн. киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылып, лимит 11,183 млн. киловатт-саатка ашып кеткен.

Президент Ош, Жалал-Абад облустарына барат
Сентябрь айында Президент Ош жана Жалал-Абад облустарында жумуш сапар менен болот. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы сентябрь айынын орто ченинде эки түштүк облусунда жумуш сапарда болот. Буга чейин Курманбек Бакиев Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында жумуш сапар менен болду

Өкмөт башчы парламенттеги үч фракция менен жолугушат
Премьер-министр Игорь Чудинов 17-сентябрга белгиленген парламенттеги үч фракциянын биргелешкен жыйынына чакырылганын депутат Бегалы Наргозуев билдирди. Бул жыйында негизинен өлкөдөгү энергетикалык кырдаалга жана кышка даярдыкка байланышкан маселелер талкууланмакчы. Депутаттын айтымында, бул жолугушуудан соң ар бир фракция өз позициясын иштеп чыкмакчы. Бул маселе андан кийин парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Нарында ылаңдуу жаныбарлар көзөмөлдөнөт
Нарында жаныбарлардын ылаңын көзөмөлдөөчү аймактык бөлүмү ачылды. Мындай маалыматты аталган бөлүмдүн жаңы жетекчиси Жалил Алымкулов билдирди. Нарын облустук ветеринария башкармалыгы бир нече жыл мурда жоюлуп, Ысык-Көл облусу менен биригип, ордосу Чолпон-Ата шаарында жайгашкан болчу. Мындан сырткары мал доктурлардын камсыздалышы Нарын облусунда 75 пайызга чейин кыскартылган. Натыйжада мал киндиктүү аймакта мал оорулардын түрлөрү жайылып, соңку жылдарда мал ооруларынын саны кескин өскөн. Маселен, 2006-жылы облус аймагында жугуштуу оорунун 5 очогу катталса, бул көрсөткүч 2007-жылы 14кө жеткен. Ал эми ооруган малдын саны эки эсеге чейин көбөйгөн.

Электрди өчүрүү качан токтойт?
Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү жылуулук сезону башталганда токтотулат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Министрдин айтымында, айрым массалык маалымат каражаттарындагы электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү октябрь айында токтотулат деген маалыматтар туура эмес. "Бул сууктун келишине, жылуулуктун берилип башташына байланыштуу болот. Бирок, жарык сегиз сааттан ашык өчүрүлбөйт", - дейт С.Балкыбеков. Быйыл жылуулук сезону качан башталаары азырынча белгисиз, ал сууктун түшүшүнө байланыштуу болот. Бирок, эреже боюнча жылуулук ноябрь айынын башында берилип келет. Ошондой эле С.Балкыбеков электр жарыгы ооруканаларда өчүрүлбөй тургандыгын, ал эми мектептерде түнкүсүн гана өчүрүлөөрүн белгиледи. "Эгерде декабрь айында мектептерге электр жарыгын берүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда кыш айларында орто билим берүү мекемелеринде эс алуу жарыяланбайт", деди министр.

Акыйкатчы парламентке маалымат берет
Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Турсунбек Акундун 2007-жылдагы адам укуктарынын сакталышы боюнча отчетун угууну 11-сентябрга белгиледи.




Аалам алкагында
Бишкек менен Хьюстон кызматташат
Бишкек жана Хьюстон соода тармагында кызматташат. АКШдагы кыргыз элчиси Замира Сыдыкова Хьюстон шаарынын (Техас штаты, АКШ) мэри Питер Браун менен соода жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашты. Макулдашуу эки шаардын соода жана маданий жааттагы эки жылдык кызматташуусуна эсептелди.

Вашингтон менен Орусия тирешүүдө
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев АКШны Грузияга кайрымдуулук жардамды согуштук кемелери менен жеткирип, провокацияга түртүп жатат деп ишембиде айыптады. Грузия менен Украинадан кайтып келатып, Италияга кайрылган АКШнын вице-президенти Дик Чейни мында сүйлөгөн сөзүндө "Москва коркутуп-үркүтүп, карандай күч колдонуунун эски амалына өттү" деп Кремлди сынга алды. Ал эми Грузиянын жикчил аймактарынын бири Абхазиянын жетекчиси Сергей Багапш алдыдагы күндөрү Абхазия менен Кремл өз ара аскердик кызматташтык тууралуу келишимге кол коёрун Москва шаарында билдирди.

Иран президенттик шайлоого даярданууда
Иранда президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-июнуна белгиленди. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик үналгысына ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү Али Асхар Шарифирад билдирди. Анын айтымында, добуш берүү күнү шайлоого көзөмөл салып келген сот органы тарабынан жактырылды. 1979-жылы болгон Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жолу президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн азыркы президенти Махмуд Ахмадинежад бул кызматты 2005-жылдын август айынан бери ээлеп келет.

"Балбан" тасмасына "Алтын арстан" сыйлыгы
Венеция фильм кароосунда америкалык "Балбан" тасмасы "Алтын арстанды" алды. Даррен Аранофскийдин "Балбан" ("The Wrestler") тасмасында ардагердикке эс алууга чыгууга мажбур кылынган балбандын улгайып бараткан стриптизчиге ашык болгондугу баяндалат. Башкы ролду Микки Рурк (Mickey Rourke) аткарган.

Пакистанда саясый кырдаал турукташабы?
Пакистанда Асиф Али Зардаринин президент болуп шайланышын майрамдап жатышат. Кабарларга караганда, ал эртең-бүрсүгүндөрү ант берип, ишке киришет. Ал 706 делегаттын 481инин колдоосун алган. Зардари өлкөдө толук демократия орнотууну максат кылаарын билдирди. Анын аралыгында, Пакистандын түндүк-батышындагы жардыруудан 35 киши набыт болду. Ооганстан менен чегарага жакын жердеги Пешавардагы жардыргыч зат жүктөлгөн унаа аркылуу жасалган жардыруунун бутасы - полиция бекети болду.

Соня Ганди түшкөн самолет авариялык түрдө конду
Индиянын улуттук конгрессинин башкаруучу партиясынын лидери Соня Ганди жана Индиянын финансы министри Паланиаппан Чидамбарам түшүп бараткан жеке самолет бейшембиде Бангалор шаарынын аэропортуна шашылыш түрдө конду, деп билдирген АФП. Конуу жөнүндө чечимди лайнердин учкучтары самолеттун бортунда пайда болгон бузулуштарга байланыштуу кабыл алышкан жана анын мүнөзү кандай экендиги такталбаган. Шашылыш конууда эч ким жапа чеккен эмес.

"Айк" бороону Кубага жакындоодо
"Айк" аттуу бороондун айынан Кариб деңизинин жанындагы аймактардан жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болууда. Жакынкы сааттарда бороон Кубага дагы жетери күтүлүүдө. Кечээ "Айк" бороонуна Багам аралдары кабылган. Кабарларга караганда, бороондун ылдамдыгы саатына 215 километрге жетти.