, 09.09.08 - 14-бет: №67, 09.09.08-ж.
  КМШнын Бишкек саммитин утурлап

КМШ глобалдуу кысымдарга туруштук бере алабы?
1. Бзежинскийдин божомолу ырасталабы?
Мурдагы Союздун кыйроо датасына көзү ачыктык кылгандан Нострадамус үч айга жаңылса, АКШнын ХХ кылымдагы эң чоң геосаясый стратеги Збигнев Бзежинский СССРдин күнү бүтүп таркап бараткандыгын 1988-жылы Америкада жарык көрүп, андан эки жарым жылдан кийин Союзда которулуп басылган эмгегинде айткан. Нострадамустун Союздун тагдыры тууралуу "Аргументы и фактыга" жарыяланган божомолуна анда эч ким ишенген эмес. Бзежинскийдин философиялык альманахта жарык көргөн изилдөөсү деле өзгөчө резонансты жаратпаган. Бирок, тарых ырастагандай Бзежинскийдин божомолу деле Нострадамустун алдын-ала айткандарынан кем чыкпайт экен.
Бзежинский өзүнүн акыркы жылдарда жарыялагандарында келечекте Евразия континентине АКШ үстөмдүк кыла тургандыгын, анын тышкы саясаты мына ушул максатты жүзөгө ашырууга багытталыш керектигин жадабай кайталап келет. Ал өзүнүн "Великая шахматная доска" деген эмгегинде минтип жазат: "Континенттер саясый жактан кызматташа баштагандан же 500 жылдай убакыттан бери Евразия дүйнөлүк күчтөрдүн борбору болуп келүүдө. Америка үчүн башкы геосаясый байге Евразия болуп саналат. Американын глобалдуу үстөмдүгү түздөн-түз анын евразиялык континенттеги артыкчылыгынын сакталыш абалына жараша болот. Андыктан анын жер шарындагы эң чоң континент жана анын геосаясатынын киндиги болгон Евразияда кандай аракеттенип жаткандыгына өзгөчө сын көз менен мамиле жасообуз керек. Евразияда үстөмдүк кылууга жетишкен күч дүйнөнүн алдыңкы жана экономикалык жактан өнүккөн үч аймагынын экөөсүн башкарат. Картаны жөн караган деле Евразияны көзөмөлдөө автоматтык түрдө Африканы бийлеп, океанияны жана Батыш жарым шары дүйнөлүк борбордук континентке карата перифериялык аймактарга айландырууга алып келе тургандыгын көрбөй койбойт. Дүйнөдөгү калктын 75%га жакыны Евразияда жашайт, дүйнөлүк байлыктын да көпчүлүк бөлүгү ушунда. Евразия дүйнөлүк дүң продуктунун 60%ын жана дүйнөлүк энергоресурстардын төрттөн үч бөлүгүн өндүрөт".
Бзежинский китебинде континентте глобалдуу үстөмдүккө жетишүү үчүн Америка Борбордук Азияда кандай саясатты жүргүзүү керектигине да чоң орун берилген, ал боюнча атайын долбоор да жарыяланса, кийинчерээк ал америкалык жүз жылдыктын Долбоору делинип кайра иштелип чыгылып, АКШнын администрациясынын Борбордук Азиядагы расмий саясатына айландырылган. Глобалдуу үстөмдүк жүргүзүү боюнча ал долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү канча.
Бзежинскийдин божомолдору ырасталабы же жокпу, ал биринчи кезекте Евразия континентинин өзүндөгү саясый, экономикалык процесстердин өнүгүүсүнө жараша боло тургандыгы айтпаса да белгилүү го деп ойлойбуз.

2. Процесс кандай өнүгүүдө?
Збигнев Бзежинскийдин глобалдуу үстөмдүк жүргүзүү жөнүндөгү долбоорундагы Евразиялык континент деген саясый аныктаманы биз мурдагы Союзга кирген өлкөлөрдүн аймактары, Россия жана Кытай деп гана түшүнүүбүз керек. Анткени, континенттин калган бөлүктөрү эбактан бери эле АКШнын саясый, экономикалык протектаратында. Демек, Бзежинский континентке үстөмдүк кылуу жөнүндө айтканда Улуу Британия же Польша жөнүндө эмес, Европанын калган бөлүгү, Азия тууралуу айткысы келген. Ал АКШнын азыр чыгыш Европада, Кавказда, Борбордук Азияда өзгөчө активдүү саясат жүргүзгөндүгүнөн көрүнүүдө. Бул өлкөлөргө Батыштын жашоо, иштөө стандарттарын киргизүү, саясый, экономикалык чөйрөлөрдү либералдаштыруу боюнча жыл сайын жүздөгөн миллион долларлар бөлүнүп, саясый, психологиялык, маданий, атүгүл аскердик мүмкүнчүлүктөрдүн бардык түрлөрү колдонулууда. Бир мисал. АКШнын Грузиянын коргонуу чөйрөсүн реформалоо үчүн бөлгөн каражаттарынын суммасы эле 150 млн. доллардан ашып кетти. Кечээ жакында эле Грузияга жардам иретинде 1 млрд. доллар берээрин жарыя кылды. Башка экономикалык, гуманитардык жардамдардын айтпай эле коёлу. Глобалдуу үстөмдүк кылуу саясатын ишке ашыруу үчүн АКШ жана Батыш өлкөлөрү тарабынан каржыланган 10 миңдеген фондулар жана өкмөттүк эмес уюмдар (Кыргызстанда эле 6 миңдей өкмөттүк эмес уюм бар), ар кандай багыттардагы эмиссарлар жана миссионерлер иштешүүдө.
Өлкөлөрдүн бири экинчисине экономикалык, гуманитардык жардамдарды көрсөтүп туруусу мурдатан келаткан жакшы салт, анда жаман дегидей эч нерсе жок. Бирок, андай жардамдар саясый ультиматумдук талаптар, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүлөр менен коштолбоосу керек. Маселен, Кытайдын өкмөтү Кыргызстанга эч кандай талаптарсыз эле жардам көрсөтүүдө. Ал эми глобалдуу үстөмдүк кылууну каалагандар өз жардамдарын конкреттүү программалар, саясый, экономикалык ультимтумдук талаптар аркылуу көрсөтүшүүдө. Алсак, Кыргызстандын өнөр
жайын, айыл чарбасын кыйратып, сырткы карыздарын баштан ашырууга глобалисттердин колдорунда турган эл аралык уюмдардын салымдары чоң болгондугун бешиктеги балдар деле билишет. Глобалдык үстөмдүк жүргүзүүчүлөрдүн талаптарын аткарбагандар, жардамдарынан баш тарткандар Белоруссия менен Өзбекстанга окшоп аябагандай катуу саясый кысымдарга, экономикалык санкцияларга кабылышууда. Бул жерде жөнөкөй берилген жардамдардын ролдору да чоң экендигин өзгөчө баса белгилей кетүүбүз керек. Анткени, алардын жардамы менен жогорку бийлик бутактарында тургандарды сатып алып, өздөрү каалагандарды ишке ашырса болот экен. Ага Кыргызстандын жакынкы тарыхы күбө. Алар башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишмек түгүл, ыгы келген республикаларда финансылык булактардын, саясый технологиялардын жардамдары менен ар кандай аракеттерди ишке ашырышууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Стивенг Янг эмнелерди айткандыгы көпчүлүктүн эстеринде болсо керек. Элчиден акыркы интервьюлардын бирин алган инсан катарында толук ырастаймын.
Жогоруда айтылгандардын бардыгы жыйынтыкталып келип, глобалисттердин постсоветтик мейкиндиктеги саясый, экономикалык таасирлерин күндөн күнгө күчөтүүдө. Мындан З. Бзежинскийдин долбоору ишке ашып, Америка акырындап Евразия континентинде өз үстөмдүгүн орнотуп жатат деген жыйынтык келип чыгабы? Глобалдуу үстөмдүк кылуунун ишке ашуусу кимдерге пайдалуу? Күндөн күнгө тереңдеп бараткан андай процесске атаандаш болуучу күчтөр барбы?

(Уландысы бар)
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




  Аксакалдык ачык сөз

"Дүйнөдөгү бардык техника бар кайсы өлкө?"
Мамлекетибиздин түптөлүп өнүгүшү, элибиздин жашоосунун жакшырышы өзүбүзгө байланыштуу. Алыкул акындай: " "Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт" деп ар бирибиз ак иштеп, ак жашасак, ар бирибиз өзүбүздүн жеке турмушубузду көтөрсөк, мамлекеттик саясатты туура түшүнүп, жеке салымыбызды кошсок, өлкөбүз өнүкпөй кайда барат?

Менин байкашымча пейили биз оңолбой жатат. Шүгүр, тообо келтиргенди билбей калгандайбыз. Турмушубуз начар деп наалыгандар да бар. Биз 15тей курдаш чалдар тез-тез чогулуп турабыз. Сөздөн-сөз чыгып бирөөсү "жакыр жашап жатам" дейт. "Тоогуң барбы?" десем "жок" дейт. "Анан эмнең бар?"- деп сурасам "Беш уй саап жатам, кулуну менен бээм гана бар" дейт. Үй-жайы жетиштүү, үлүшкө жер тийген, дагы эмне керек? Ушул адам жакырбы? Бул коомубуздагы ачкөздүк оорусу. "Кул кулга жетем дейт, кул байга жетем дейт" деген ушул.
Илгеркидей "кулунуңду, музооңду, сары майыңды, коюңдун жүнүн бер", - деген колхоз-совхоз жок болсо. Мурдагыдай бир жылкы, бир уй, он койдон ашырба деп тыюу салынбаса, каалаганча мал кармоого, жер иштетүүгө, ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрүлүп жатса, дагы эмне керек?
"Алма быш, оозума түш" деп алаканды жайып олтура берсең ачка каласың да, жакыр болосуң да. Иштесең тиштейсиң. Эмгегиңе жараша жашоо күтөсүң.
Леонид Якубов "Поле чудес" берүүсүндө "Өздөрү өндүрбөйт бирок, дүйнөдүгү бардык техника бар кайсыл өлкө?" - деп суроо даярдаганы жөн эмес. Жообу: - Кыргызстан деп айтылды. Чынында эле ар кандай маркадагы жеңил автомашиналар жергебизге толуп кетпедиби. Айыл жеринде ар ким өзүнүн машинасы менен жүрүп калып автобустардын катташын актабай калды деген айдоочулардын сөздөрүн көп эле уктум.
Бу шаардагы сынчылар, так айтканда оппозиция маанайындагы адамдар айылга барбайт окшойсуңар. Эл жаңыртып үйлөрүн салып жатышат. Эки кабат кургандар көп. Парабалитикалык антеннаны четтен эле колдонуп калышты. Ар бир экинчи адам уюлдук телефон менен тоо башында сүйлөшүшүүдө. Аш, тойлордун, каада-салттардын барчылыктан көбөйгөнүн айтпай эле коёюн. "Аш көп болсо, каада көп болот" деген ушул да. Анан эле жалпы эл жакыр болуп кетти дегендерге макул эмесмин. Ким жалкоо болсо, иштегиси, изденгиси келбесе ошолор жакыр жашашууда.
Элдин баарын чет элге тентитип жиберди деп жаңы, азыркы бийликти күнөөлөп жатасыңар. Анда элдик ыңкылап эмнеге болду эле? Ошо элдик байлык жоо чапкандай таланып, өндүрүш токтоп жумушсуз калгандыктан, жан багуу аргасын издеп кеткендер көбөйгөнүнөн, мыйзамсыздыктар чекке жеткенден болбоду беле. 70 жыл топтогон байлыгыбызды ырас жеке менчикке сата турган болсо, өз баасында баалап, бардык акчаны казынага түшүргөндө бир Камбарата эмес, беш ГЭС курулбайт беле. Бүгүн эмес, мурда эле эки, үч ГЭС куруп койсок бүгүнкүдөй свет тартыштыгы болмок эмес. Эң кур дегенде чет элден алган 2 млрд. доллардан ашык карызды эмнеге жумшалганы белгисиз кылбай бир ГЭС тургузганыбызда көзгө көрүнүп калмак.
Койду бир пачке чайга же бир бөтөлкө аракка алмаштырганга жеткирген эмне деген кесирдик. Бир аким эки короо койду жеке өзү менчиктештирип алды деп убагында гезитке да жазылды.
Бул деген эгемендик алып, өз алдыбызча түтүн булата баштаганда мамлекеттик чарбалык, экономикалык саясатты жалпы эл, коом үчүн эмес, базар экономикасына өттүк деген шылтоо менен бийликтегилер өздөрү ээлеп алуу, баюуга барышканы жалганбы? Бүгүнкү бийлик чачылган чарбаны көрүнгөн жерден чогултуп, эңшерилген экономиканын белин түзөгөн кези.
2009-жылы Камбарата-2 ГЭСи ишке кирет деп куруп жатат. Арзан баадагы цемент, шифер менен камсыздайлы деп төрт цемент заводу салынууда. Жыл акырында айрымы ишке киришет экен. Башкаларын айтпай эле коёюн, бирок, башында кетирген кемчиликтерибизден жыйынтык чыгарып, азыркы бийлик эл, өлкө үчүн иштеп жатканын кудай акы белгилеп, жылыштарды айтуудан эмнеге ичибиз тарыйт.
Эл көтөрүлүп ыңкылап жасаганга чейинки кемчиликтерге ошол мезгилдерде бийликте иштегендердин баарынын күнөөсү, түздөн-түз жоопкерчилиги бар. Азыркы оппозициядагылардын 90%дан ашыгы ошолор. Ошондо эмне үнүңөр чыккан эмес. Эл бийликтен четтеткенден кийин "мындай болбой жатат" деп калкты дүрбөтүп чыга калуудасыңар. Эмнеге бутуңар бийликтин үзөңгүсүн тээп турганда "мындай деп" чиренип чыкпадыңар. "Шибегени капка ката албагандай" ал кезде жасаганыңар маалымат каражаттарына жазылган, элдин эсинде. Эми бийлик кумарын эңсебей, элди толкутпай, ынтымакта, биримдикте өнүгүүгө кадам койбойлубу.
Рамазан айынын Кудайдан жакшылыктарды тилеп, капаланышкандар кечиришип жарашар, жакшы иштерди баштай турган ыйыктыгын эске алып, Крыловдун тамсилиндеги балык, чаян, аккуу болуп туш тарапка тартпай Кыргызстандын, кыргыз элинин байгер, бактылуу жашоосу үчүн бир багытта биригип, ынтымактуу аракеттенели.
Токойлук ОМОРКУЛОВ,
Эмгек даңкы орденинин ээси, СССРдин,
Кыргыз ССРинин
эл агартуусунун отличниги,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,
53 жыл мектепте эмгектенген 76 жаштагы Кара-Кулжа
районунун ардагери