Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№66, 05.09.08-ж.





  Президенттин иш сапары

Касиеттүү Талас жергеси - жигердин жана ийгиликтердин мекени
Өткөн жума күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Талас облусуна иш сапар менен келди. Аны Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев коштоп жүрдү. Алгач өлкө башчысы Тараз-Талас-Өтмөк жолу Ош-Бишкек трассасы менен кесилишкен жерге орнотулган Манас атанын айкели жана облустун арка дарбазасын ачуу салтанатына катышты. Өлкө башчысы айкөл Манас атанын айкели деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикке орнотулушу өзгөчө символикалуу экендигин баса белгиледи. Аталган айкел эл үчүн рухий, эстетикалык көрүнүш болуп калаарын айтып, айкелдин жана дарбаза арканын тасмасын салтанаттуу кести.

Андан кийин Курманбек Салиевич Талас шаарындагы "Жолчу" АКсына тиешелүү асфальт чыгаруучу заводдо болуп, өндүрүш менен таанышып, аталган ишкананын жамааты менен баарлашты. Учурунда өлкөдө менчиктештирүү саясаты баш аламан жүрүп жатканда, көптөгөн ишканалар тонолуп бүлүнгөн. "Жолчу" ишканасы ошондой көрүнүшкө дуушар болбой, азыркы учурда аракеттеги ишканалардын бири болуп эсептелет. Өлкө башчысы ушул маселени өзгөчө баса белгиледи. Ишкананын жетекчиси Эсен Назаралиев ишкана тууралуу маалымат берип, жакында республикага жол курулушу үчүн сатылып келинген техникалардан бөлүштүрүү өтүнүчүн айтты. Ал ишкананын кызматкерлери үчүн социалдык жактан камкордук көрүлүп жаткандыгын, азык-түлүк, көмүр менен камсыздоодогу аракеттер жөнүндө маалымат берди.
Президент андан кийин Бакай-Ата районундагы "Нурас -Нурсултан" айыл чарба кооперативинде болду. Аталган кооперативдин жетекчиси Нурлан Сырдыбаев кооперативдин иши жөнүндө маалымат берди. Кооператив негизинен эки багытта- мал чарбачылыгы жана талаачылык боюнча аракеттенет. 450 тубар коюу, 16 айыл чарба техникасы, 256 гектар айдоо аянты бар. Мунун 200 гектарына эгин, 56 гектарына көп жылдык чөп эгилген. Өткөн жылдан кооператив үрөн чарбачылыгы боюнча аракеттерди жүргүзө баштаган. Кооперативде эмгектенген адамдардын орточо айлыктары 4600-5000 сомду түзөт. Кооперативде жыл сайын 300 бодо мал семиртилип сатылат.
Президент кооперативдин иши менен таанышкан соң, анын мүчөлөрү менен аңгемелешүүдө азыр өлкөдө кооперативдерди түзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Анткени айыл чарба кооперативдеринин эмгек өндүрүмдүүлүгү бараандуу болуп, ишкердикти кеңейтүүгө да кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президент кооперативдерди өнүктүрүүгө шарттардын бири катары жаңы Салык кодексинде кооперативдерден КНС алынып салынгандыгын айтты. Ал азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселеге да токтолуп, губернаторлорго жакында дыйкандар жана фермерлер үчүн атайын базарларды уюштуруу боюнча тапшырмалар берилгендигин, алар дыйкан, фермерлерге ошондой эле калк үчүн да ыңгайлуу жана пайдалуу шарт түзөөрүн айтты.
Боо-Терек айылындагы Талас балык чарбасынын базасында чарба жетекчиси Ороз Дүйшөбаев чарбадагы соңку жылдардагы ийгиликтер жана проблемалар жөнүндө мамлекет башчысына маалымат берди. Атап айтканда өз кызыкчылыгын көздөгөн айрым адамдардын аракеттеринен улам балык чарбасы атайын банкротко дуушар болуп, аз жерден чарба бүлүнбөй калган. Натыйжада балык чарбасы салыктар жана соцфонд төлөмдөрү боюнча 650 миң сом карыз болгон. Ошого карабастан, чарба үч жылдан бери балык өстүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн үстүндө. Быйыл 45-50 тонна балык өндүрүүгө аракеттенишүүдө. Ороз Дүйшөбаев өндүрүлгөн балыктарды сатып өткөрүү көйгөй экендигин, андыктан өкмөт тараптан колдоонун зарылдыгын айтты. Курманбек Салиевич биринчи-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айтылган маселени көңүлгө алуу керектигин белгиледи.
Балыкчылар аталган 650 миң сом төлөмдү төлөө өтө кыйынчылыкты туудуруп жаткандыктан, аны мамлекет тарабынан кечүүнү өтүнүштү. Президент ал өтүнүч шыр эле аткарылгандыгын ошол жерден айтты.
Президент бул күнү Кара-Буура районундагы сүттү кайра иштетүүчү "Эжигей" ишканасын ачуу салтанатына катышып тасманы кести. Андан соң Киров суу сактагычынын алдындагы бак-шактуу жайдагы коомчулук менен жолугушуу жыйынында сөз сүйлөдү.
Ал өлкөбүздүн тарыхында Бээжин олимпиадасында спортчуларыбыз биринчи жолу байге алышканын, Таластын кулуну Канатбек Бегалиев күмүш медалга татыганын, ийгиликтер менен бирге өкүнүчтүү окуялар да болуп өткөнүн белгиледи. Заманыбыздын залкар жазуучусу, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун күтүүсүздөн дүйнө салышын, жакында Бишкек шаарындагы учактын кырсыкка учурап, көптөгөн адамдардын каза болгонун эскерип өттү. Президент энергетика маселесине токтолуп, кээ бир саясатчылар суунун сатылып жаткандыгын айтып, бийлик сууга көзөмөл кылыш керектигин көтөрүп жатышканын билдирди. "Бул туура эмес. Мен кечээ ШКУнун жыйынына катышып Дүйшөмбүдөн келдим. Ал жерде өзүбүздүн элчиликтин кызматкерлери менен сүйлөштүм. Өткөн кышта 2 ай бою күндүзү гана 1-1,5 саат энергия берилиптир. Бизде болсо өткөн кыш катуу болгонуна карабастан электр энергиясы үзгүлтүксүз берилди. Демек, электр энергияны иштеп чыгуу үчүн суу көбүрөөк иштетилди", - деди ал.
- Токтогул ГЭСинде суу эң ылдыйкы чегине жетсе, калган ГЭСтер токтойт. Демек, өлкөнүн бүткүл эл чарбасына зыян келет. Ошондуктан электр энергиясын үнөмдөө зарыл болуп турат, - деп сөзүн улантты Президент. - Өлкөбүздүн негизги байлыгы суу. Азыркы учурда өлкөбүздүн күчү менен Камбар Ата-2 ГЭСин куруп жатабыз. Кудай буюрса, Иран, Пакистан өлкөлөрүнө киловатын 7-8 центтен сатабыз.
Өлкөнүн экономикасын көтөрүүдөгү аракеттерден улам маданият, билим берүү тармактарына көңүл бурула баштады. Өткөн 15 жыл ичинде Бишкек-Ош жолунан башка жол курулган эмес. Алысты жакын кылган жол курулушуна 2005-жылы 195 млн. сом бөлүнсө, быйыл 1,5 млрд. сом бөлүнгөн. Япония мамлекети 62 жабдуу тартуулаган. Ал эми жакында бюджеттен бөлүнгөн 250 миллион сомго 121 жол техникасы сатылып алынды. Аларды Бишкек шаарына эле кармабастан, региондорго бөлүп бердик.
Курманбек Бакиев андан соң азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселеге токтолуп, дыйкандар, фермерлер өндүргөн продукцияларды калкка жеткирүү максатында губернатор, акимдерге муниципалдык базарларды ачуу тапшырмасы берилгенин айтты. Өлкөдө бул багытта 30 базар ачылат, бирок эң негизгиси ал иштердин натыйжасы өзгөчө мааниге ээ. Президент калктын социалдык деңгээлин көтөрүү максатында бюджеттик кызматкерлердин, пенсионерлердин пенсиялары, асыресе мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акылары кескин көбөйтүлгөнүн айтты.
- Баалардын көтөрүлүшүнүн бардыгын эле рынок экономикасына шылтоого болбойт. Ага мамлекеттин жөнгө салуу аракеттери керек. Дүйнөлүк тенденция учурунда бензин, солярка кымбаттап кетти, ал эми дүйнөлүк рынокто баалар ылдыйлаганда алар бааны неге ылдыйлатышпайт деген суроо туулат. Ошондон улам бийликтин кийлигишүүсү зарыл болуп, натыйжада Бишкекте бензиндин баасы 50-60 тыйынга төмөндөдү, - деди К.Бакиев.
Президент айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн республикада айыл чарба корпорациясы түзүлгөнүн кабарлады. Эт багытындагы малды жана уяң жүндүү койлорду көбөйтүүнүн зарылдыгын белгилеп, ошондой эле арбын сүт бере турган уйларды өстүрүүнү колго алууну айтып өттү. Маселен өткөн жылы Талас облусунда ар бир саан уйдан орточо 1029 литрден сүт саап алынган, ал эми 20-30 жыл мурда эле жылына 6-7 миң литр сүт берген уйлар болгон. Өлкө башчысы Таластын экономикасын көтөрүү максатында облустагы ири кен байлыктар жакынкы араларда иштетилээрин да айтты.
Андан соң коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Алар облустагы өтө көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Козубек Иманкулов,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү Э.Болжуровдуку













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan