, 05.09.08 - 21-бет: №66, 05.09.08-ж.
  Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29

Жаштардын "Келечек парламенти" жанданууда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы менен бирдикте Кыргызстандын окуучулары менен студенттеринин арасында "Келечек парламенти" урааны астында сынак жарыялаган эле. Ага 14 жаштан 25 жашка чейинки жаштар катышып, алардын ичинен конкурстун жеңүүчүсү болгон 17 улан, кыз жакында Санкт-Петербургга барып келишти.
Бул КМШ аймагында жаштар саясатын калыптандырууга, бул чөйрөдө КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө багытталган КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгынын алгачкы жаштар долбоору. Бул бир эле жолку иш-чара эмес, анын экинчи этабы келээрки жылы январда Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттери менен жүзөгө ашырылат. Учурда кыйла активдүү, алга умтулуусу күчтүү 20 кишиден турган студенттер тобун комплектилөө иш жүзүндө аяктап калды.
Мыкты эссе же Кыргызстандын парламентаризми боюнча өзүнүн анча чоң эмес изилдеп, иликтөөсүн жазышып, сынакта жеңип чыгышкан өлкөбүздүн бардык аймактарынан келишкен мектеп окуучулары үчүн Санкт-Петербугда он күндүк саякат эң сонун таасир калтырды.
Анткени, алар тарыхый-маданий билим эле албастан, Санкт-Петербургдун эң сонун архитектуралык кооздугу жана анын айланасы, ошондой эле КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык уюмунун, демократияны байкоо боюнча эл аралык институттун, Санкт-Петербург мамуниверситетинин иштерин баяндаган лекцияларды угушту, башкача айтканда, россиялык парламентаризмдин мекени болгон Санкт-Петербургду өз көзү менен көрүштү, Россия Федерациясынын саясый тарыхынан маалымат алышты, ошондой эле, Россияда учурда болуп жаткан өзгөрүүлөр менен таанышышты.
КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин башкы катчысы М.И.Кротов менен жолугушту, ассамблеянын иши, кызматташуу жагынан анын негизги багыттары жөнүндө, шайлоо компаниясын байкоо, маданий жана диндер аралык диалогдун активдешүүсү жөнүндө терең маалыматка ээ болушту.
Ошондой эле өз курбулары менен таанышышты, байланыш түзүштү. Өздөрүнүн мектебиндеги коомдук ишмердүүлүгү тууралуу пикир алышты. Андан тыш-кары түзүлгөн программага
ылайык, алар иштөө менен бирге эле, лекцияларды угушту, талкууларга активдүү катышышты, "Зеркальный" деп аталган өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда эс алышты.
Ошентип, бул биринчи саякат көп тараптуу деңгээлде жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүнө негиз салды.
Дайырбек МЕЙМАНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Кыргыз адабиятчыларына - алтын медаль жана орден!
29-августта Кыргызпатенттин жыйын залында акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Маркабай Ааматов Кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн Россия Федерациясынын М.Ломоносов атындагы ордени менен сыйланды.
Ошондой эле Россия Федерациясынын М.Ло-
моносов атындагы алтын медалын жазуучу Нурания Камбарова алды.
Сыйлыктарды РФнын Коопсуздук, коргонуу жана укук коргоо академиясынын академиги, аталган академиянын вице-президенти Рустам Рахманалиев тапшырды. Андан соң сыйлык ээлерин КРнын Баатыры Т.Касымбеков, эл аралык "Руха-ният" ассоциациясынын президенти А.Токтосартов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Т.Ма-
меевдер куттукташты.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"


Арзан азык-түлүк алам десеңиз
Урматтуу бишкектиктер жана чүйлүктөр!
6-сентябрда Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы Чүй облусунун соода-сатык базарында кайрадан айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өткөрүлөт. Мындан сиздер жаңы гана сабагынан үзүлгөн жашылча-жемиштерди, эт жана сүт, нан-булочкаларды, буудай, арпа, сулу жана башка дан азыктарын Бишкек базарындагы баадан кыйла арзан сатып алсаңыздар болот.
Жарманке саат 8.00дө башталат. Пригородное айылына Бишкек шаарынын борборунан 224- жана 242-номерлүү кичи автобустар менен жетүүгө болот.


Алайкуу Москва менен сүйлөшөт
Илгертеден ушундай сөз бар: "Алайкуу солк этсе -Москва болк этет" - деп. Көрсө, СССРдин доорунда тээ алыскы, бир жагы Ат-Башы, бир жагы Алай, бир тарабы Кытай өлкөсү менен чектешкен алакандай Алайкуу өрөөнү Москванын түздөн-түз көзөмөлүндө болуп, (чегара айыл да) тоолук эл жергиликтүү бийлик кээде чечпей койгон маселени Москвага кат жөнөтүп чечип алчу экен. Айрымдары телефон карагайларын зыңылдата тепкилей коюп Москва менен сүйлөшкөндөрү аңыз катары айтылып келет. Анан эмне болду? Союз тарады. Алайкууну бийлик эмес, алайкулуктар унута баштады. Жан баккан баатыр болуп, айылдан чыкпаган көпчүлүк азыр Россия, Казакстанда, Европада, айтор, дүйнө кезип ата-энесин, алайкуулук тоолук элди багып жатканы чын.
Эми "Бител" компаниясы - телефондук байланыш кызматын тартуулаптыр! Алайкуулуктар Ош, Бишкек, Алма-Ата, Москва, дүйнөнүн канча жери болсо да үйүндө отуруп сүйлөшө алат. Ушул тапта алыс жакындагы Алайкунун урпактары тоо арасындагы ата-энесине, туугандарына кандай чөнтөк телефон белек кылсам деп кымыңдап, сүйүнүп турган чагы.

Бакыт БЕРДАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"