, 05.09.08 - 2-бет: №66, 05.09.08-ж.
  Спорт жана дене тарбия иштерин каржылоого бөлүнгөн каражат акыркы 1,5 жылда 50 пайызга көбөйгөн

Олимпиаданын баатырларына сый - урмат
(Башталышы 1-бетте)
Мына ушул жарлыктын негизинде 1980-жылдагы Москвада өткөн олимпиаданын оор атлетика боюнча чемпиону Каныбек Осмоналиев тиешелүү сыйлык стипендиясын 1-январдан тартып алып келе жатат. Эми мындай сыйлык стипендияны алуучулардын катарына К.Бегалиев менен Р.Түмөнбаев кошулду. Ушул эки олимпиадалык баатырыбыз "Даңк" медалы менен да сыйланышты.
Олимпиадалык мелдештерде сыйлыктуу орундарды жеңип келген спортсмендерди машыктыргандар да жогоруда аталган жарлыктын негизинде акчалай сыйлыктардын сертификаттарын алышты. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов 43750 доллар, Канатбектин машыктыруучусу Майрамбек Ахмедов 25 миң доллар, Русландын машыктыруучусу Амиркул Молдобаев 18750 доллар, эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу Анарбек Үсөнканов 6250 доллар, Б.Базаргуруевдин машыктыруучусу Жамсо Лхамажапов 3750 доллар, А.Гитиновдун машыктыруучусу Нурбек Исабеков 2500 доллар алмай болду.
Машыктыруучулар Эмил Алыкулов, Майрамбек Ахмедов, Амиркул Молдобаев "Даңк" медалы менен сыйланышты.
Ошондой эле Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Шаршекеев Уразбек Рысбекович - Талас шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу-окутуучусу сыйланды.
Олимпиадалык жеңиштерди алып келген баатырларды сыйлоо аземинде Президент Курманбек Бакиев спорт менен дене тарбияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык чоң мааниге ээ маселелер тууралуу минтип айтты:
- Акыркы учурда эгемендүү мамлекетибиздин эң күчтүү спортсмендери, командалары дүйнөлүк спорттук аренада ат салышып, дүйнөлүк, азиялык чемпионаттарда, эл аралык мелдештерде ири ийгиликтерге жетише баштады. Өлкөбүздүн байрагы Хиросимадагы, Бангкоктогу, Бутандагы, Дохадагы Азия оюндарында сыймыктуу желбиреп турду.
Олимпиада - бул планетабыздын өтө жооптуу жана эң башкы мелдештеринин бири. Азыркы учурда спорт жалпы элдин энчисине айланып, мамлекеттердин ортосундагы тынчтыктын элчиси болуп калды. Олимпиада планетабызда жашаган адамдардын баштарын бириктирген улуу күч болуп саналат.
Азыркы учурда дене тарбия менен спортко мамлекетибиз өзгөчө көңүл буруп, жараксыз абалга келген спорт аянтчаларын, спорттук жабдууларды, залдарды кайра калыбына келтирип, жаңыларын кура баштадык. Спорт менен дене тарбия жаатын каржылоо акыркы бир жарым жылда 50 пайызга өстү. Дүйнөлүк маанидеги мелдештердин жеңүүчүлөрүнө биздин мамлекет квартираларды берип, стипендияларын көбөйтүп жатат.
Бүгүнкү күндө спорттун жетекчилигине жаңы адамдар келди. Өлкөбүздөгү олимпиадалык кыймыл менен спортту өнүктүрүүгө багытталган милдеттерди аткарууда КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитети эриш-аркак иш жүргүзүп жатканы өтө кубанычтуу.
Мындан ары дене тарбия менен спортту өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди чечүү, спорт менен машыгууну ар бир адам менен жарандын жашоо турмушунун көнүмүш адатына айландыруу жаатында мамлекеттик колдоо ар дайым болот деп Президент катары бекем сөздү айта алам, - деп залдагыларга кайрылды.
Андан ары Мамлекет башчысы дене тарбия менен спорттун
коомдогу ээлеген орду өтө чоң экендигине токтолуп, спортсмендерди тарбиялоо майданында иштегендердин кадыр-баркын көтөрүү, маянасын жогорулатуу жагдайындагы кемчиликтерди белгиледи.
Мамлекет тарабынан олимпиада жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сыйлыктарды Президент К. Бакиев өзү тапшырды. Салтанат майрамдык ыр-күүлөр менен аяктады.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Э.БОЛЖУРОВ (фотолор)




"Ак Жолчулар" октябрдагы шайлоого өз-өзүнчө катышат
2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-трация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Президенттик Админис-трациянын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маселеге токтолду. Президент шайлоо 503 өкүлчүлүктүү органдарда - айылдык, шаардык жана райондук кеңештерде өтө тургандыгын айтты.
Мамлекет башчысы азыр депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кызуу жүрүп жаткандыгын, шайлоого катышууну каалай тургандыгын билдирген кээ бир партияларды кошпогондо көпчүлүк талапкерлер шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен бара жатышкандыгын белгиледи. "Мунун өзү - мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени, жер-жерлерде, эл көп жашаган округдарда, айылдарда жана шаарларда шайлоочулар баарынан мурда өздөрү жакындан билген талапкерлерге, алардын кон-креттүү жергиликтүү коомдоштуктун аймагын өнүктүрүүгө байланыштуу программаларына добуш беришет.
Партиялардын түптөлүшүндө, ошондой эле партиялык парламентаризмдин принциптеринин тамыр жайышында Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор маанилүү роль ойноду. "Мен "Ак Жол" элдик партиясынын жетекчилигине жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиядан талапкерлерди көрсөтүү менен көп алектенбөөгө кеңеш берем. Өлкөбүздүн шаарлары менен
айылдары ар кандай партиялык платформалардын күрөшүнүн аренасына айланышын каалабас элем. Эгер ак жолчулардын ичинен кимдир-бирөөлөрдүн шайлоого катышууга ниети болсо, анда, шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барганы оң" - деди К. Бакиев.
Президент чечим кабыл алуу ар бир партиянын өз эрки экендигин, бирок кандай болгондо да жергиликтүү кеңештерге шай-лоолорду саясый симпатияларды жана антипатияларды териштирүүнүн аренасына айландырууга болбостугун, эл өзү жактырган талапкерин тынч кыр-
даалда, жайма-жай тандап алуусу керектигин белгиледи.
Андан соң мамлекет башчысы 30-августта борборубуздун эски аянтында жана Пригородный айылында болуп өткөн айыл чарба жарманкесинин уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө канааттангандыгын билдирди. "Мен Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевке жана Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйдановко ушул сыяктуу жарманкелерди декабрга чейин
айына эки жолу өткөрүп туруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылдым. Башка аймактардын облустук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери да бул маселе боюнча борбор калаабыз менен Чүй облусунун оң тажрыйбасына көңүл бурушса жакшы болмок", - деди К.Бакиев.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле күнүмдүк мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.
М.ӨМҮРАЛИЕВ




  Сыйлык-сыймык!

Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев илим жана техника тармагындагы жараткан баалуу эмгеги менен өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошушкан атуулдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Экинчи даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, профессор Какиш Рыскулова, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен окумуштуулар К.Курманов, Э.Маанаев сыйланды.

Ал эми 2008-жылдагы илим жана техника тармагындагы жараткан мыкты эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору С.Кайыповго, медицина академиясынын илимий кызматкери А. Абдылдаевге, окумуштуулар Ю.Г. Алешинге, Я.Ш. Абдулбакиевге, О.И. Васильевага, А. Жунушовго ж.б. тапшырылды.
Президент интеграция, илим жана технологиянын заманындагы биздин мезгилдин жетишкендиктерин белгилөө менен сыйлануучуларды куттуктап "Сиздер баскан жол-өрнөк жол",-деди.
Мамлекеттик сыйлыктын жаңы лауреаттарынын атынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, профессор Э.Х. Акрамов, профессор К.Курманов сөз сүйлөп, илимдеги жетишкендиктер мамлекеттин колдоосу аркасында гана жарала тургандыктарын белгилешип, Президентке ыраазычылык билдиришти.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




Баш байге - "Бөрүлүүдө"
30-августта борборубуздун "Аккула" ат майданында көз карандысыздык күнүнө карата уюштурулган Президенттин кубогуна улуттук көкбөрү оюну көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты.
Анда Бишкек ШИИББнын "Бөрүлүү" командасы финалдык беттешүүдө Нарындын "Дордой" командасын 4:1 эсебинде жеңүү менен турнирдин жеңүүчүсү болуп калды.
Турнирдин салтанаттуу жабылуу аземине республиканын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу катышып, жеңүүчүлөргө мамлекет башчысынын атынан Президенттин кубогун, медалдарды, дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен Мамлекеттик катчы быйылкы жылы кыргызстандыктар спорттук жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендигин баса белгиледи. "Биздин олимпиадачылар бир күмүш жана бир коло медалды жеңип алышты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик. Биз Олимпиадалык оюндарда өлкөбүздүн татыктуу өкүлдөрү болушкан спортсмендер менен сыймыктанабыз", - деп айтты Досбол Нур уулу.
Мамлекеттик катчынын билдирүүсү боюнча быйылкы жылы көкбөрү боюнча Президенттин кубогунун сыйлык фонду бир жарым миллион сомду түзгөн.
А.ЧАРГЫНОВ