, 05.09.08 - 10-бет: №66, 05.09.08-ж.
  Ч.Айтматовдун асыл мурастарынан

Жыйырма жылдан кийин
(Башы №65 санда)
- Бул кыргыздын реалдуу легендасыбы?
- Анын автору менмин. Бирок, кээ бир окшош жаңылыктар элде, жомоктордо жана аңыздарда учурайт.
- Мурда сиздин китептерди миллиондогон адамдар окушчу, нускасы да башка эле. Сиз өзүңүздүн бүгүнкү окурманыңызды кандайча элестетесиз? Бул Сиздин талантыңызга таазим кылган мурдагы муунбу же азыркы жаш адамдар дагыбы?
- Бул жөнүндө ойлонуу мен үчүн кейиштүүрөөк. Бир сапар мени менен мындай окуя да болгон. Европадагы окурмандар менен жолугушууларымда ар дайым айтып жүрөм. Кайра куруу жылдарында Москванын көчөлөрү менен баратканымда ар бир онунчу киши мени таанычу. Саламдашышчу, жөн эле жылмаюшчу, сурашчу. Же мындай бир окуя. "Кыямат" жазылып бүтүп, жарыяланганда аны окуй да, талкуулай да башташкан, мен андагы Горький көчөсү менен келаткам. Эл каршы-терши каттап жатат, алдыман капыстан бир аял чыгып, колун көтөрдү да жаңсап чакырды.
- Мен тааныштарымдын бири го деп ойлодум да жакындап барып карасам - башка, тааныбайт экенмин. Ал менин бетиме тигиле карады да: "Саламатсызбы, мен Акбарамын" деди. Бул "Кыяматтагы" эне карышкырдын аты. Мен тамашалап жатат го деп ойлодум. Ал эмне үчүн өзүн карышкыр менен салыштырып жатканын сурамакчы болдум эле. Бир сөз айтканга да үлгүрбөй калдым, ал шарт бурулуп кылчайбастан кете берди. Мен эки жагымды карандым - тегерегимде агылган эл, ары-бери чууруйт...Бирок, мен бул кездешүүнү эч качан унутпаймын. Кыязы, бул аялдын тагдырында да менин ургачы карышкырымдын тагдырына окшош бир нерсе болгон го.
- Балким, азыр деле Сизди көчөдөн таанышмак, бирок Сиз Москванын борборунда кыйла сейрек болуп жатпайсызбы...
- Ырас, мен Брюсселде жашагандыгымдан деле эмес, мен Москвага барганымда көчөдө жөө жүрбөгөнүмдөн да. Машиналар бизди камап алышты, тыгылышта олтурабыз. Окурман болсо... жаңы муун жаралды - жаштар башка духта тарбияланган, алардын өздөрү пир санаган авторлору, жылдыздары бар. Анан дагы телевидение жашоону толтуруп салды жана китеп окууну алмаштырды, азыр кандай жаңы китеп чыккандыгы эмес, бүгүн кандай көрсөтүү болору кызыктырып калды. Эми же чуулгандуу китеп жазышын, же мурдагы окурмандарыңды чөйрөсүндө калышың керек.
- Сиз Европадагы жолугушуулар жөнүндө сөз кыла кеттиңиз, демек, Сиз европалык окурманда-
рыңыз менен дале жолугушат экенсиз да?
- Ооба, Россияда мындай жок. Өзгөчө менин китептеримди котормо аркылуу билишкен немец окурмандары активдүү. Германияда мындай жолугушуулар такай уюштурулат - көбүнесе кирхте. Жүздөгөн, кээде бир нече миң адам чогулат да жандуу маек башталат. Мен анда ар дайым: "Кечириңиздер, мен артист да, ырчы да, бийчи да эмесмин, бирок мына силер баарыңар чогулуп алдыңар, анда эмесе чыдагыла, силерге менин сөзүмдү угууга туура келет" деп айтамын. Бул жолугушуулар аябай жандуу өтөт. Окурмандар өздөрү алган таасирлер менен бөлүшөт, суроолорун беришет, мен бирдемелерди айтам.
- 1990-жылы Сиз дипломаттык кызматыңызды башта-
дыңыз, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп калдыңыз, Сиз азыр Кыргызстандын Бельгиядагы элчисисиз. Сиз эмне үчүн өз учурунда дипломат болууга макулдугуңузду бердиңиз - сырттан караганда бул жумуш анчалык деле чыгармачыл жана эркин көрүнбөйт?
Кайра курууну силер кандай кечирдиңер - мага белгисиз. Мен үчүн бул улуу кубулуш, турмушка жаңы мамилени табуу болду. Кайра куруу бардыгын көңтөрүп таштады, мени да, ал жараянга өзүм да түздөн-түз тартылдым. Биз Ми-хаил Сергеевич Горбачев менен өтө тыгыз кызматташтык, ошондо мен коомдук турмуш менин бүт күчүмдү, менин бардык мүмкүнчүлүгүмдү оп тартып жатканын сездим. Ошондо кызмат менен чыгармачылыкты айкалыштыруу жөнүндөгү ушул ой пайда болгон. Азыр болсо, мен көнүп калдым. Дагы азыраак иштеймин го деп ойлойм.
"Кыямат" 1986-жылы чыкты жана бул талкуулардын буркан-шарканын жараткан акыркы чыгарма болуп калды. "Кассандранын эн тамгасы" романы дээрлик назарга илинбей көз жаздымда калгансыды. Андыктан сиздин окурмандардын көпчүлүк бөлүгү үчүн акыркы жолугушуу 20 жылдан кийин болуп жатат. Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов ушунчалык узак убакыт унчукпай келди?
- Ооба, уза-а-ак тыным болду. Аны эмне деп түшүндүрсөм? Кыязы турмуш менен го. Көптөгөн окуялар, кызматка байланыштуу иштер, кандайдыр баары байкалбастан мунарыкка төнүп кетип жатты. Анан мен кайрадан жээкке чыктым. Менин китебим - бул окурманга азыркы шартта рухий түрүндө кайрылууга далалат.
- Азыркы Европанын эмнеси Сизди кубантат жана эмне кабатыр кылат?
- Мен Европа биргелештигинин моделине суктанам. 30га жакын өлкө толук өз ара түшүнүшүү менен жашайт, бул деген бир кездерде согуш оту улам тутанып турган жерде, азыр болсо мында планетанын эң бир бейпил бурчу - толук түшүнүшүү, баары өзүн тең санаган уюм, бирөөнү басмырлап, багынтыш үчүн эмес, бирге болуу үчүн чогулушкан. Бирөөнү басмырлоонун кереги жок, тескерисинче, баары ошого кирүүгө суранышат. Мына ушул менимче дүйнөлүк тарыхтын жетишкендиги сыяктанат.
Кабатыр кылганы... каар тийгир терроризм!

Басууга даярдаган
Ильгиз ТАЛИП
(Гильязетдинов)




Айтыштын алпы Ашыке
Адатта адамдын көзү барында, ал арабызда көр тирлик менен алектенип күн кечирип жүргөн учурда ага кадыресе көңүл бурбайбыз. Жылуу сөздөрүбүздү айтып, андан кабар алып, ал-ахыбалын сурап турганга мойнубуз жар бербейт. Бир күнү аттиң деп эсибизге келебиз. Бирок, туңгуч гезитибиз өз каармандарынан ар дайым кабар алып, алардын жашоосу тууралуу өз окурмандарын кабардар кылып келет. Мына ошондой инсандарыбыздын бири, белгилүү элдик акыныбыз Ашыралы АЙТАЛИЕВ жашы 81ден арылап, арабызда аман-эсен аска зообуз болуп жүргөн чагы. Анда анын өмүрүнүн айрым урунттуу учурларын өз оозунан угуп, окурмандарга жеткирели деген максат менен бул баянды сандан санга жарыялоону туура көрдүк.

Түбөлүк түнөк таап жүрөктөрдөн…
Жалпыга белгилүү "Нарындан жазган салам кат" деген ырды билбегендер, сүйбөгөндөр жок болсо керек элибизде. Анткени, бул чыгармада бир чоң касиет бар: канчалык уккан сайын ого бетер эргип тыңшай бергиң келет, ал кыргыз элинин жөнөкөй жана сезимтал жандүйнөсүнүн, махабат менен арманынын тоолордой сырдуу, булактай тунук экендигин улам оболой даңазалап тургансыйт… Менин баамымда бу ыр мезгилге баш ийбей жыл өткөн сайын жашарып бараткандай. Демек, ушул жана башка өлбөс-өчпөс чыгармаларды жараткан урматтуу агабыз, Кыргыз эл артисти Ашыралы Айталиевдин инсандык, чыгармачылык шык-деми мезгилди жаа жебесиндей жиреп зуулдап баратышы эмеспи. Анын чыгармалары чекти, мезгилди тандабайт.
Ашыке абабыздын ыр, дастандарын толкунданбай уга албайсың, ал эми аны менен жай олтуруп сүйлөшкөндө ойлору, сөздөрү ширин, касиеттүү экенин туясың: чарчоо, наалуу дегендер жок, эртемененкидей жеңилдеп, жашарып, анан каткырып жибергениңди билбей каласың. Бул жашоо-турмуштун жыргал экендигин ошондо бир сезесиң. Ашыкеңин сөзү арбап алат сени. Убакыт кантип тез өтүп кеткенин байкабайсың… Кетпей, каргылдана чыккан үндү уга бергим келет барып калганда. Ал бир аз сыркоолоп, эс алуучу убактысы келгенин, бу жалганда убакытка дөөң, шааң да баш ийип берерин билип, сезип турсам да…
- Кийин ден-соолук деп эле калат турбайбызбы, - дейт ал бир аз энтиге дем алып. Тың болсоң, сыртка чыгып дегендей, уйкуң да жакшы болот экен. Меники кийинчерээк жөтөлмөй, энтикмейге өттү. Айылга көптөн бери бара элекмин. Кичине бассам эле дем кысылып, кыйналып чыгам. Тоого барганды жакшы көрчү элем, азыр болбой калды карабасып. Баары эле көзгө көрүнүп турат. Айылда аман-эсен кыбырап жүрүшкөн тели-теңтуштардан бар, барып эс алып, алар менен кобурашып, таза аба жутуп келип турсам жакшы болбойт беле… Ысмайылдын (Ысмайыл Борончиевди айтып жатат) карылык жөнүндө: "үч агайын журтту алды" дегени чын экен, - деп санын чаап күлүп калат жыргап.
Ашыке ушуну айтып, бир азга унчукпай ойлоно түштү. Илинип турган комузун бир карап койду бүркүт сымал. Эмнелерди эстеп атты экен ушул саамда?.. Оюн бузбадым, сурабадым. Бир аз кыйналып турса да колуна комузун алып, башынан өткөндөрдү адатынча шатыратып ыр менен айтып жибергиси келип турдубу, билбейм… Жараткан ыроологон төкмөкчүлүгү бар сейрек киши эмеспи. Өзү айткандай ал мурда өз оюн ыр менен түшүндүрүп келген. Устаты улуу Осмонкул аны ушинтип тарбиялаптыр.
- Ашыке, сизди ырларды кагазга жазууну адат кылган эмес деп айтып жүрүшөт, далайы унутулуп, элге жетпей калды да?
- Ооба, ырды кагазга түшүрө калууну сен айткандай, адат кылбаптырмын да. Өз убагында жазылып калганы калат экен. Оозеки айтат эмесминби. Ырдап үйрөнгөн кишимин да. "Карагул ботом", "Ак мөөр", "Нарындан жазган салам кат" дагы толгон-токой чыгармаларды мен жазбай эле айтып келбедимби жылдап-жылдап. Баары тең бир олтура калып оозеки жаралгандардан.

"Карагул ботомдун" жаралышы.
Каранын мылтыгынын талкаланышы
Ашыке "Карагул ботомду" мурда айтчу эмес экен. Баягы жылдарда Калинин районунун
(азыркы Жайыл) айылдарынын биринен Эшманбет деген жигиттин бул тууралуу айтканын угуп калат. Ошол жактагы айылдардын элинен да угат бул кайсыл окуядан улам жаралганын. Бир адам көр оокаттын айынан мергенчилик кылып жүрүп, карабасып баласын атып алганын. Айта баштасамбы деп ойлонуп, толгонот.
Элүүнчү жылдар болсо керек, Ашыке жоон топ артисттер менен концерт коюп Түштүк жергесине барып калат. Ошол кезде анын Туюк деген жеринде көмүр кени ачылыптыр деген жаңылык тарайт. Ал мындайча болуптур: Эки мергенчи ( Ашыкенин айтымында биринин аты Осмон, экинчисиники Шермат, аскерден качып, ошол тоодо жашырынып, аңчылык менен оокат кылып жүрүшүптүр) ошол жерде жүрүп, мылтыкка ок-дарыларды өзүлөрү жасап алышчу экен. Көмүр бар экенин ошолор биринчи көрүшүп, ал жерге барып, от жагып жылынып, тамак бышырып жүрүшөт. Ошол кездерде Өзбекстандын геологдору да барышып, кен издешет. Бир күнү геологдор баягы мергенчилер менен жолугуп, сүйлөшүп калышат. Геологдор ал жерде көмүр, башка да кендер бар экенин, экөө аларды пайдаланып ок, башка да мылтыкка керектүү дарыларды даярдап атышканын угушат.
- Анан кантишмек, - дейт Ашыке. Мында дүкөн дегени болбосо, өзүлөрү дезертир болуп качып жүрүшсө. Илгери кыргыздар мылтыкка ок-дарыны өзүлөрү эле жасап алышчу эмес беле, ошондон калган да.
Анан геологдор кудай жалгап минтип жолдуу болгондоруна сүйүнүп, дароо алар көрсөткөн жерге барып, таш-тектерин текшергенде ал жерден чыккан көмүрдүн сапаты эң мыкты делип келген Кузбасстыкынан күчтүү болуп чыгат. Коргошун жана башка кендеринин тагдыры белгисиз, көмүрү болсо ошол Туюктан башталган тээ Чоң Алайга чейин жетет экен. Геологдор азамат кишилер экен, "булар бизге абдан чоң жардам кылды", деп мергенчилерди көтөрмөлөп жиберишет. Жогору жактан чоң адистер келишет. Алар да Осмон менен Шерматка сый көрсөтүшүп, ал экөөнүн дезертирлигин жокко чыгарууга жардам беришет, ал эле эмес, өзүлөрү менен кошо Ташкентке чейин алып барышып, аябай сыйлап жөнөтүшөт.