, 29.08.08 - 12-бет: №65, 29.08.08-ж.
  Рамазан айы 1-сентябрдан башталат.
1-октябрь - Айт майрамы

Муратали ажы Жуманов:
"Рамазан айында элибизде жакшылыктар болсун!"
Алдыда мусулмандар үчүн ыйык болгон Рамазан айы кирип келди. Советтик атеисттик идеология менен тарбия көргөн элибиздин арасынан, акыркы мезгилде жыл санап ислам динине киргендердин саны улам көбөйүүдө. Мына ошондуктан Рамазан айына жана ага удаалаш келген мусулмандардын беш парзынын бири - ажылыкка байланыштуу окурмандарыбызга кеңири маалымат берүү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын азрети муфтийи Муратали ажы ЖУМАНОВГО суроолор менен кайрылганбыз.

Мен "Кыргыз Туусу" гезити аркылуу баарынан мурда мусулмандардын ыйык майрамдарынан, он эки айдын султаны болгон, Алла Таала тарабынан парз деп аталган кирип келе жаткан Рамазан айы менен бардык окурмандарды, мусулмандарды чын ыкластан куттуктаймын. Быйыл Рамазан айы 1-сентябрдан башталып, 1-октябрь күнү Орозо айт болмокчу. Биз
атайын чечим чыгарып, Кыргызстан боюнча тараттык. Азыр дин кызматкерлери ал чечимдерди жалпы элге жеткирип жатышат.
Рамазан - тынчтыктын, берекенин айы. Алла Таала ушул айда урушкан адамдардан жарашууну, бири-биринен кечирим суроону, жаңжалдашпастан, урушпастан ушул касиеттүү айды өткөрүүнү талап кылат. Рамазан айында жакшы иштерди көбүрөөк жасап, жаман, ыплас нерселерден - ыйбат, ушак айтуудан, бирин-бири жамандоодон, бири-бирине акаарат кылуудан, адам өлтүрүү сыяктуу арам нерселерден өзүн сактоону, аларга жолобой иш жасоону Алла Таала талап кылат. Мына ошондуктан, Рамазан айы - тынчтыктын айы деп аталат. Берекенин айы дегенибиз - ушул айда өтө көп береке пайда болот. Аны ар бир момун мусулман өз жашоосунда сезет.
Рамазан айында колунда бар адамдар, колунда жокторго кайрымдуулук кылышы керек. Садага, битир бергиле. Кайрымдуулук кылуу Куранда көрсөтүлгөн. Туугандар, кошуналар, жакындар, жалпы эле мусулмандар бири-бирин урматтап, ооз ачтырып, бири-бирине сый мамилелерди жасашат.
Рамазан - берекенин айы. Рамазан - күнөөлөрдүн дарысы деп да аталат. Адам ооруганда дары-дармек берип сакайткандай эле, орозо кармап, жакшы иштерди жасасак, күнөөгө шыпаа болуп, кечирилет. Куранда Алла Таала: "Эй, момундар, мурдагыларга парз кылгандай эле, силерге да такыба болушуңар үчүн эсептелүү күндөрдө орозо кармоону парз кылдым",- дейт.
Демек, орозо кармоо момун мусулмандарга парз. Орозону балакатка жеткендер: аялдар - 9, эркектер - 12 жаштан баштап кармоого тийиш. Аны айрым себептер менен төмөндөгүдөй адамдарга кармабай койгонго уруксат берет.
Биринчиси - өтө карып калган, орозо кармаганда кыйналып кала турган адамдарга. Бирок, алар ар күнү колунда жок өтө начар жашагандарга орозо битирдин баасынчалык тамак берип туруусу зарыл.
Экинчиси - ден соолугу начар, ооруп калгандар, же дарыгерлер тарабынан ден соолугуна байланыштуу дайым тамак жеп туруу сунуш кылынган адамдар, орозо кармоо алардын оорусун күчөтө турган коркунуч болсо. Алар да мындай себептен кутулгандан кийин, ар бир калтырылган күн үчүн кийин орозо кармашат.
Үчүнчүсү - боюнда бар, бала эмизген аялдар, орозо кармоо эненин өзүнө же баласына зыяны тие турган болсо.
Төртүнчүсү - аялдардын ай сайын болуучу табигый кубулуштардан улам орозо кармабаса болот. Бирок ал кубулуш өткөндөн кийин орозо карызынан кутулушу керек.
Бешинчиси - адам сапарда жүрүп, сапары өтө машакаттуу болсо. Ал себептерден өткөндөн кийин кутулса болот.
Мындан башка себептер боюнча шарият орозо кармабай коюуга уруксат берген эмес.
Орозо таң аткандан күн батканга чейин кармалат. Бул боюнча атайын календарь даярдап жатабыз. Орозонун эң негизги парзы - тамак жеп-ичпей, жыныстык мамиледе болбоо. Ооз ачкандан
кийин буларга жол берилет. Пайгамбарыбыздын бир осуятында: "Орозо жеп-ичпей коюу менен орозо болуп калбайт. Орозодо бардык жаман, ыплас, арам нерселерден баш тартып, ушак-айың айтуудан, бирөөнү жамандоодон сактануу менен чыныгы орозо болот",- деп айтылган.
Эгерде бирөө орозо кармап, бирок жогорудагыдай жаман нерселерден качпаса, ал адамдын кечке ачка жүргөнү калат да эч кандай сооп болбойт. Ошондуктан, биз Рамазан айына өтө сүйүнүү менен мамиле кылышыбыз керек. Пайгамбарыбыздын осуятында: "Эгерде ким Рамазан айынын келгенине сүйүнүп-кубанса, Алла Таала ал адамдын денесин тозок отуна арам кылат (тозоктон сактайт)" , -деп айтылган.
Орозодо кечке ачка, чаңкап жүрүү менен бул турмушта дайыма ачка, чаңкап жүргөн адамдардын кадырын билишибиз керек. Орозо - адамдын сабырдуулугун сынайт. Орозо - бул сыр, жашыруун ибадат. Ошондуктан Алла Таала: "Орозо кармагандардын соопторун мен өзүм берем",-деген. Ал Мухаммед алейхи саламдын үммөттөрүн - сиздер менен бизди Рамазандын жана Курандын нуру менен сыйлады. "Ушул эки нурга ээ болгондорду кыяматтын жана кабырдын караңгылыгынан сактайм",- деп убада берген.
Рамазандагы жасаган иштерибиздин, шариятта буйруган нерселерди аткарып жатканыбыздын баары бир жылдык жашоонун жолу, системасы. Рамазан айындагыдай эле жакшылыктарды жасап, ал бүткөндөн кийин каалаганыңдын баарын кыла берүүгө болбойт. "Рамазандагыдай жаша",- деген көргөзмө бар. Ошондуктан биз мындай касиеттүү айды урматтап, кайдыгер, көңүл кош болбой, колубуздан келишибизче жакшы иштерди жасашыбыз парз.
Рамазандын касиети - бир кечедеги кылган жакшы иштериңиз миң айдагыдан жакшыраак делет. Рамазанда кечинде мечиттерде тарабих намаздар окулат, карыларыбыз мечиттерде Куранды толук башынан-аягына чейин, намазды окушат. Мечиттерде эл-журт, мамлекет үчүн дуба, баталар, ак тилектер айтылат. Анын баары Алла Таала тарабынан кабыл болот. Ошондуктан мусулмандар Рамазанга терең көңүл буруп, бул айды сыйлап, Кудайдын буйруктарын четке какпай, аларды аткарууга аракет кылышат. Мечиттерде, өзгөчө Бишкектеги борбордук мечитте араб өлкөлөрүнөн, Түркиядан келишкен кайрымдуу бир туугандарыбыз 30 күн бою миңдеген кишилерге ооз ачтырып кайрымдуулук жасап жатышат. Кийинки жылдарда кыргызстандык уул-кыздарыбыз да мечиттерге келишип, мал союшуп ооз ачтырып жатышат. Мусаапырларга, кыйналгандарга, ислам жолунда окуп жаткандарга өздөрүнүн жардамдарын берип жатышат. Исламга, орозо кармоого кызыккандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына баарыбыз күбөбүз. Бул, албетте, кубанычтуу окуя, жакшы жышаан. Адамда нысап, сабырдуулук, уят болсо, анда ата-энесин, эли-журтун, улууларды сыйлайт, кичүүлөргө ызаат көрсөтөт. Коомчулуктун жакшы жагына өзгөрүүсүнө өнүгүүсүнө ыйман, ынсап оң таасир берет.
Урматтуу момун мусулмандар! Орозонун сооптору жөнүндө айта берсе көп. Мен жалпы калкты, мусулмандарды 1-сентябрь күнү баштала турган касиеттүү Рамазан айы менен чын ыкластан куттуктаймын. Рамазан айында кылган жакшы иштерибизди Алла Таала өзү кабыл кылсын. Рамазан айында Алла Таала Кыргызстандын элине, баардыгыбызга береке, тынчтык, жакшылыктарды берсин!
Экинчиден айтаарым, ислам
дагы беш парздын дагы бири - ажылык. Куранда: "Кайсы бир инсандын кудурет-күчү жетсе, ыйык Каабага барып, ажылык милдетин аткарсын",-деп айтылган. Ажыга кимдер барышы керек?
Акыл-эстүү, балакатка жеткен, мусулман болгон, ден соолугу жакшы, ниети түз, барып келүүгө каражаты жеткен, бирөөдөн карыз албаган, пешене тери менен адал акча тапкан, ажылык сапарга кеткенде үй-бүлөсү бирөөдөн карыз сурабай турган даражада болсо, жол тынч болсо, ошондой адамга ошол жылы ажыга баруу парз болуп эсептелет. Эгер андайга мүмкүнчүлүгү болбосо, андай адамга ажылыкка баруу парз эмес. Өзүңүздү, балдарыңызды, кимдир-бирөөнү кыйнап, карыз алып жатып ажылыкка барбаш керек. Аны шарият буйруган эмес. Ажылык - ибадат - кудайга сыйынуу. Ажылыкка бара турган адам өзүн кудайдын жолуна тапшырат, тобокел кылып бул сапарга чыгат. Машакаттуу кыйын сапар. Аларга Алла Тааланын убадасы бар: "Ажыга келип, эч кимге зыян келтирбей, чын, таза ниеттен ажылык амалын аткарса, энеден туулгандай күнөөлөрдөн тазаланат", - деген.
Урматтуу мусулмандар, адамдын 20-25 күндө энеден туулгандай тазаланып калышы - оңой маселе эмес. Жыргап, рахаттанып отуруп күнөөлөр кечирилбейт. Өзүнө жараша кыйынчылыгы, машакаты болот. Ошондуктан ажылык кудай жолундагы сапар,
кыйынчылыктар менен коштолуп турат. А бирок, ажылыкты уюштуруучулар аны пенденин колунан келе турган жагдайларын жакшы тарапка буруп, аларды азайтууга, тартипке салууга бүгүнкү күндө аракеттерди жасап жатабыз.
Ажылык боюнча муфтияттын алдында республикалык штаб түзүлгөн. Ошол эле учурда облустук казыяттарда да облустук штабдар түзүлгөн. Кыргызстанга берилген 4,5 миң квотаны бардык 9 казыятка бөлүштүрүп бергенбиз. 7 облустук жана Бишкек менен Ош шаардык казылар бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан. Андан тышкары алардын сунушу менен ажы башчыларды тандап алганбыз. Алар Кыргызстан боюнча 33 киши. Облустарга бөлүнгөн квоталарга ылайык жазылууларды жүргүзүшөт. Район же шаардагы имамдар ошол жер-жерлерде ажылыкка баруучуларды каттап справка беришет. Ошол справканын негизинде зыяратчылар каалаган ажы башчысына барып жазылып, акчасын төлөп, ажыга барууга
даярданса болот. Быйылкы жылы акыркы үлгүдөгү паспорт менен барыш керек. Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан паспорттор берилип, даярдалып жатышат.
Быйыл ажылыкка автобустар менен барууга тыюу салынган, самолёттор менен гана барышат. Менин эскертип койгум келет: райондук имамдардан каттоодон өтпөгөн, колунда уруксаты жок адамдарга барып акчаңарды бербегиле, алданып калбагыла, жылдагыдай жарым жолдон кайра келгенге өзүңүздөр себеп болбоңуздар. Колунда квотасы барларга гана кайрылгыла.
Маалыматтарга караганда азыр ажылыкка барууну каалагандар көп. Ошондуктан, мен экинчи жана үчүнчү жолу ажылыкка барууну каалагандар нысап кылып, биринчи жолу бара тургандарга жол бошотуп бергиле деп кайрылам. Биз ушуга мажбур болуп жатабыз, туура түшүнүшсүн. Шариятта ажыга бир жолу баруу парз, анда да тиешелүү шарттары болсо, бирок бир нече жолу барууга тыюу салуу да жок. Мүмкүнчүлүгү жок болсо ажылыкка барбадың деп да суралбайт.
Баасы боюнча айтсам, республикалык штабдан бекитилгени 2400 АКШ доллары жана 1500 сом. Бүт Кыргызстан боюнча ушундай баа. Кымбаттаганы - күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу. Ошентсе да кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу биздики арзан. Облустук казылардан,
райондун имамдарынан элге туура түшүндүрүп, кайрылгандарга кезек жетпей, берилген квота толуп калса, кийинки жылдарга жазганга аракет кылууну айттык. Тааныш издеп киргизгенге аракет кылбай, быйыл ажылыкты туура уюштуруп алалы деп турабыз. Президент өзү көзөмөлгө алып, ажылыкты уюштурууну дин адамдары өздөрүнө алышсын, мамлекеттик органдар жардам беришсин деген көрсөтмө берди. Ишти азыр Мамлекеттик катчы өзү көзөмөлгө алып, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, башка тиешелүү мамлекеттик органдар жардам берип жатышат. Азыр толук кандуу уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Жазып алган
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Cултанали ажы ГАПУРОВ:
"Рамазан айы - рахматтын, кечиримдин жана тозоктон кутулуунун айы"
Саналуу күндөрдөн кийин Улуу Рамазан айы. Буга карата Баткен облусунда кандай даярдыктар жүрүүдө? Бул багытта кабарчыбыз Баткен облусунун казысы Султанали ажы Гапуровду кепке тарткан:
- Султанали ажы, алдыдагы Улуу Рамазан айыңыз куттуу болсун! Буга карата Сиздерде кандай даярдыктар жүрүүдө?
Жалпыбызга белгилүү болгондой мусулмандардын жүрөгүнө тынчтык, көңүлүнө кубаныч тартуулап кирип келе жаткан улук Рамазан айы куттуу берекелүү жана касиеттүү айлардан болсун.
Ислам дининде Рамазан айы кут берекеге толгон өзгөчө касиеттүү ай деп белгиленет. Себеби, бул айда ыйык китебибиз Курани Карим түшүрүлө баштаган, миң айдан да сообу артык болгон кадыр кечеси ушул айдын ичине жашырылган. Кала берсе ооз ачуу, ооз бекитүү жана кубанычтуу айт майрамы ушул айда болгондуктан, бир жыл ичиндеги он эки айдын султаны деп айтылат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз бул ай жөнүндө мындай дейт: "Рамазан айы келгенде бейиштердин эшиги ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырланып камалат".
Быйылкы Рамазан айынын башталышын Кыргызстан Мусулмандар дин башкармасы тараптан 1-сентябрь, Рамазан айынын биринчи күнү деп белгилешти. 1-октябрды - Рамазан айт күнү деп жарыяланды. Урматтуу мусулмандар, касиеттүү күндөргө кайдыгер карабастан баарыбыз Жаратканга кулдук кылалы. Аллах Таала касиеттүү айдын урматынан эл жерибизге кут, береке, токчулук, молчулук, тынчтык, биримдик берсин.
- Кыргыздардын "тапканыбыз тойго буюрсун" деген берешендиги каада-салтыбыздагы ашыкча чыгымдарга алып келүүдө. Буга кандай карайсыз?
- Чындыгында бүгүнкү күндө биз жашап жаткан коомдо көпчүлүк элдер Ислам дининин асыл сыпаттарын, маданиятын, санитардык абалдарын туура
баамдап, Ислам динин бийик тутунуп келүүдө. Ошондой болсо да кээ бир учурларда ашыкча ыгым-чыгым каада-салт, ысырапкерчиликтерди да диндин талабы деп түшүнгөндөр жок эмес. Ошол ашыкча каада-салтка катуу берилгендигибиздин натыйжасында жакырчылыкка жандап жашап жаткандыгыбыз да жашыруун эмес. Эл арасындагы "тапканың тойго буюрсун" деген сөз жакшы тилек, жакшы ниет, бирок ошол тойду да өзүнүн чек ченеми менен өткөрүү шариаттын талабы. Жогоруда айтылган маселелерди дин кызматкерлери бизге чейин да бүгүнкү күндө да элдин терең катмарына айтып түшүндүрүшсө да, андан мен кемминби деген кур намыстын күчтүүлүгү эч кандай натыйжа бердирбей жаткандыгы өкүнүчтүү.
Ачыгын айтканда эл арасындагы ашыкча каада-салт ысырапкерчилик Аллахтын астында күнөөкөрчүлүктү гана жаратпастан, мамлекетибиздин экономикасынын өсүшүнө да канчалык дең-
гээлде терс таасирин берүүсү шексиз.
Ашыкча каада-салтка чек коюп, ысырапкерчиликти жоюу максатында Баткен облустук мусулмандар казыяты облусубуздун губернатору Маратбек Жумабековичке расмий кат аркылуу кайрылганбыз. Биздин сунушубузду губернаторубуз колдоп облус аймагында бир топ ийгиликтүү иштерди жүргүзүп жаткандыгына күбө болуп, ыраазычылык билдирип турган учурубуз.
Гүлчехра Тажибаева,
"Кыргыз Туусу"