, 26.08.08 - 9-бет: №64, 26.08.08-ж. Бардыгы ВИЧ/СПИД жөнүндө
№ 47 мекемеде
СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каржылык колдоосунда Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын №47 мекемесинде биринчи жолу метадон терапиясы бөлмөсү ачылды. Ал абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан баңгизатын ийне менен керектөөчүлөрдүн арасында ВИЧ-инфекциясынын таралышын төмөндөтүү максатында ачылып отурат. Себеби, баңгизатын сайынгандар көпчүлүк учурда бир шприц, бир ийнени колдонушкандыктан, бул жугуштуу дартка баңгилер көп чалдыгууда. Бүгүн республикабызда ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын 70
пайызын баңгилер түзөт.

Өткөн жылы Ооганстанда апийим мурда болуп көрбөгөндөй арбын өндүрүлүп, 8 миң тоннадан ашык апийим алынган. Ал эми Кыргызстан башка өлкөлөргө ооган апийими алынып өтүлгөн жол болуп калууда. Ушунун кесепети менен өлкөбүздө жылдан-жылга баңгизаттарын колдонгондордун саны өскөндүн гана үстүндө. Учурда республикабызда каттоодо турган баңгилердин саны 8 миңге жакын. Бирок, эксперттердин баамы боюнча бул сан 5 эседен көп болушу мүмкүн.
Баңгилик көп учурда кылмыш ишине алып баргандыктан, абакта отургандардын арасында баңгилер аз эмес. Ошондуктан, Юстиция министрлиги кийинки кезде жаза-аткаруу тутумунда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана баңгилик сыяктуу социалдык оорулардын алдын-алуу боюнча программаны ишке ашырууга өзгөчө маани берип жатканы бекеринен эмес. Республикабызда пенитенциарды реформалоо "Үмүт" программасы (2010-жылга чейин), ВИЧ/СПИД жугуштуу дартын алдын-ала эскертүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ушул программаларды ишке ашыруу максатында пенитенциардык тутумда баңгизатына көз каранды болгон адамдар менен иштөөдө ар кыл ыкмалар колдонууда. Маселен, "Баңгизаттарын ийне аркылуу керектөөчүлөр арасында шприцтерди жана ийнелерди алмаштыруу" пргограммасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 15-январынан тарта Глобалдык фонддун каржылык колдоосу аркылуу саламаттык сактоо министрлигинин республикалык "СПИД" бирикмеси жана Юстиция министрлигинин ЖАББнын ортосундагы келишимдин негизинде жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде метадон терапиясы программасы ишке ашырыла баштады. Бул долбоор пилоттук болуп саналат. Ал ЖАББнын Бишкектеги №47 мекемесинде, №1 тергөө абагында жана Оштогу №5 тергөө абагында ишке ашырылат.
№47 метадон терапиясы бөлмөсүнүн ачылышында Юстиция министринин орун басары С.Зубов жаза-аткаруу тутумунун өнүгүшүнө жана эркинен ажыратылгандарды тарбиялоого активдүү жардам көрсөткөнү үчүн Глобалдык фонддун портфолио менеджери В.Чернявскийге ж.б. "Юстиция министрлигинин 80 жылдыгы юбилейлик медалын" тапшырды.
"Саламаттык сактоо министрлиги ЖАББ тутумунда биринчи жолу киргизилип жаткан метадон терапиясы программасы абдан натыйжалуу жана таасирдүү болот деп эсептейт",- деди министрликтин статс-катчысы К.Мамбетов. Статс-катчынын айтуусунда бул программа мурдагы союздук республикалардын ичинен Молдова менен Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылууда. 2002-жылдан бери Кыргызстанда 600дөн ашык жарандардын арасында бул программа ийгиликтүү ишке ашырылган. Эми жаза-аткаруу тутумунда метадон терапиясы программасын киргизүү жана аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун натыйжасында абактагылардын арасында ВИЧ-инфекциясынын таралышына бөгөт коюлат.
В.Чернявский Глобалдык фонд менен Кыргызстандын ортосундагы мыкты кызматташтыкты белгиледи. СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каржылоонун жалпы көлөмү 61 млн. АКШ долларын түзөт. "Бул багытта Глобалдык фонд Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги менен бирдикте үзүрлүү жана ырааттуу иш жүргүзүп жатат. Бүгүнкү мисал анын бир далили. Кыргызстанда ВИЧ/СПИД боюнча дагы жаңы грантка кол коюлду. 2009-жылдын 1-январынан баштап, 5 жылга каржылоо жүргүзүлөт",- деди В.Чернявский.
№47 мекемеде метадон терапиясынан өтө турган 22 адамдын ичинен 7си ВИЧ-инфекциялуу, экөө гепатит менен оорушат. Ошондуктан, бул топ биринчи кезекте метадон терапиясына тартылган. Бул ыкма ВИЧ/СПИДдин жайылышына жана жаңы кылмыштардын болушуна тоскоол болот деген чоң ишенич бар.




Жедигер СААЛАЙ
СПИД жөнүндө санаа
"СПИД" деген эмне?
Бул оору кантип тарайт?
Бул суроого жооп али такталганча
Каранкалгыр СПИДиң кара таандай,
Көрүнбөгөн көчкүдөй, ташкын-селдей,
Күүгүмдөгү узарган көлөкөдөй
Жер бетин каптап барат.
Кара жерде ала жер калбай барат.
Кара жама өңдөнгөн каран калгыр,
Бул оору кайда барат?

Качанкы кара жама, жеби чечек,
Алардын бири чендеп койбойт дешет.
Жыйырманчы кылымда чыккан кесеп,
Бул оору кайда барат?
Кантип тарайт?
...Эрди-катын бир-бирин шектүү
карайт...

Кимге ким жугузган?
Бул балээ чыкпаса да Күн чыгыштан
Жолбун иттей жойлогон кесепеттин
Жолунда сен да барсың Кыргызстан.
А мүмкүн ал ит небак
Корооңдо жойлоп жүрөт.
Жок! Жок! Жок!..
Ыраа көрбөйм...
...Мыкчыла калат жүрөк.

"СПИД деген эмне?"
Ушундай суроо берсе бир ойсоке:
"Спи один деген сөз..." деп күлөт дейт,
Деп жазат бүгүн гезит.
Балээнин жакындыгын баары сезип,
Бир-бирин шектүү карайт:
"Бул оору кантип тарайт?"

"Байкабай калпыс басып алып анан
Болбосун бир чекилик..."
Деп ойлоп ишенишпейт жакындар да
Селкиси жигитине, кызга жигит.
Атпастан бир да кийик
Кайберенди коргогон мергенчидей
Аркар төштүү айпери бийкечтерге
Алдыртан карек тигип...
Жигиттер жүрөт басып -
...баргандан барбай коюу жигитчилик.

Жаралгандан бир-бириң каракташып,
Куралданып тишиңе чейин эчен
Кырсаң дагы аёосуз өзүңдү өзүң
Ушул күнгө жетипсиң аман-эсен.
Оо менин пендезатым,
Пейлиң сенин оңолуп, оюң тунуп,
Ядролук согушту болтурбайм деп,
Келишимге колуңду коюп туруп...
Эми сен болосуңбу тукум курут?!

Адамдар,
(ката болсо кечиргиле,)
Бүгүн мага
Баарыңдын тең абийириң төгүлгөнсүйт.
Көрүнгөнсүйт жан жолдош жан алгычтай,
Жаныңа жатып алган жаналгычтай.
Бекинип алгың келет бул дүйнөдөн
Эч бир жан баралгыстай.
Шектенип карап баарың бир-бириңди,
Ишенбей аңдышкансый кимдигиңди.
Асыл жардан ажалың таппас үчүн
Алсаңбы туташтырып киндигиңди?

Оо пендем, бар го дечи арамдыгың,
Ынандырат бирок да адамдыгың.
Мындай чакта ишенбей бирөөлөргө
Керек дешет бек болуу бүлөлөргө.
Андай болсо...
Башкаларды издебей күнөөлөөрдү
Оо эл-журт, уккулачы:
"Аялдар, ишенгиле күйөөңөргө,
Күйөөлөр, шек санабай зайыптардан,
Ар бириң алыс болуп айыптардан,
Ишенгиле бирөөңөр бирөөңөргө!"