, 26.08.08 - 5-бет: №64, 26.08.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Министр Ташиевдин Давоско барар-барбасы белгисиз
Давос шаарында Борбор Азиядагы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу маселелерине арналган эл аралык конференция ишин баштайт. Ага Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баштаган делегация катышаары болжолдонгон. Министр Ташиевдин Давоско барар-барбасы тастыктала элек. Камчыбек Ташиев түндө Бишкекте учак кулаган жерде болду жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын төрага орун басары болуп дайындалды.
Бир жумага созулчу эл аралык конференцияда Кыргызстан уу зат калдыктарын зыянсыздандыруу маселесин көтөрмөк. Конференциянын алкагында кыргыз делегациясы БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо долбоорунун өкүлдөрү менен Давосто жана Женевада жолугушаары болжолдонгон.

Сынак аркылуу алынат
ИИМ жол коопсуздугун камсыздай турган кыз-келиндер бөлүгүн түптөйт. Ага катардагы 30 жашка чейинки кыз-келиндер сынак аркылуу алынат. Эксперименталдык мындай бөлүктү түптөө ириде айдоочулар арасында жол эрежелерин сактоону көтөрүү үчүн жасалууда. Бул демилге МАИ кызматкерлери арасында коррупцияны жойгонго багытталып жатат. Сынак аркылуу кабыл алынчу 30 айымда юридикалык же техникалык жогорку билимдин болушу талап. ИИМдин бул эксперименталдык бөлүгү тандалып алынган кыздар үч айлык атайы окуудан өткөндөн кийин ишке кирет.

Жеңил жаза менен кутулушууда
Сузак районунда 5 жылга соттолгон киши дарыгерлердин аныктамасы менен абактан бошотулган. Жаңгак уюлуна кол салган ал адам токойчуларды коркутуп-үркүтүп, кайра эле уурулугун уланткан.Губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбанов баяндагандай, үч жылда облуста 640 уюл кыйылган.Токой дарактарын жана жаңгак уюлдарын мыйзамсыз кесүү өнөкөтү дагы эле уланууда. Ага байланыштуу быйыл козголгон 15 кылмыш иштин 3өөсү сотко жиберилген, калганы тергөөдө. Кармалгандардын көбүнүн иши сотко жетпейт, сотко ашканы жеңил жаза менен кутулат. 2007-2008-жылдары уюл казган болжолдуу 280 адамдын 12си кармалган. "Жаңгак дарактарын кыйган көпчүлүк адамдардын иши аягына чыгарылбай,токтотулган",- деди губернатордун орун басары.

Учурда ооруканада 18 адам жатат
Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов билдирди. Алардын сегизи Кыргызстандын, ону Ирандын жарандары. Ооруканада жаткан бул он сегиз адамдын үчөөнүн абалы өтө оор. Мындан сырткары дагы беш киши денеси 60-70 пайыз күйгөн абалда. Авиакырсыктан соң жалпысынан ооруканага жаракат алган 22 адам түшүп, алардын төртөө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө чыгарылды. Алардын үчөө Кыргызстандын, бирөө Ирандын жараны. Бул кырсыктан жабыркагандарды дарылоо үчүн Бишкек шаар бийлиги 1 миллион сом каражат бөлдү.

ТИМдин алдында жумушчу топ түзүлдү
Авикырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү жумушчу топту министрликтин статс-катчысы Т. Кадыров жетектейт. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Иран, Казакстан, Кытай жана Түркия элчиликтерине нота жөнөтүлдү. Авиакырсыктан каза болгон жана жабыркаган чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга келген тууган-туушкандарына жардам берүү үчүн чукул аракеттер көрүлүп жатат.

Космонавт Салижан Шарипов 44 жашка чыкты
Космонавт Салижан Шарипов Ош облусундагы Өзгөн шаарында 1964-жылы 24-августта төрөлгөн. 1987-жылы авиациялык окуу жайды аяктап, учкуч-инструктор болуп иштеген. Жалпысынан ар кандай учактардын түрлөрү менен 950 саат абада учкан. 1990-жылы советтик космонавттар тобуна тандалып алынган. Союз ТМ космос кемесинде жана "Мир" орбиталык бекетинде кеменин командири катарында толук даярдыктан өткөн. 1994-жылы Москва мамлекеттик университетин "Картография" адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы жай айында бир нече ирет колдонулуучу Space Shuttle чөлмөк кемесинде учууга даярдыктан өтүү үчүн АКШга барган. Шарипов 1998-жылы 24-31-январда космоско алгач учкан. Экинчи учуусу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 24-апрелине чейин эл аралык космос экипажы менен ишке ашкан. Космоско кыргыз туусун жеткирген. Кыргыз Эл Баатыры. Үй-бүлөсү бар, эки кыздын атасы. Китеп окуганды, футбол ойногонду жакшы көрөт.

Президенттин колдоосу менен
Төкмө акындар айтышы быйыл Президенттин колдоосунда өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук корунун аткаруучу директору Шайырбек Абдрахманов билдирди. Төкмө акындар арасындагы айтыштын алгачкы айлампасы 28-августта өтүп, анда 8 акын тандалып алынат. Алар "Айтыш -2008" сынагында казак акындар менен теңтайлашат. Акындык айтыш финалы 29-августта Тарых музейинде өтөт. Бул жылы сыйлыктарга "Айтыш" коомдук кору 500 миң сом акча карап жатат.

Жапондордун икебана өнөрү Бишкекте көргөзүлүүдө
Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыз-жапон маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн 3-фестивалы өтүүдө. "Икебана - гүлдөрдүн аранжировка өнөрү" деген аталыштагы бул фестиваль аркылуу көрүүчүлөр жапон элинин байыркы салттуу маданияты менен тааныша алышат. 23-августта башталган бул фестивалды Кыргызстандагы Жапония элчилигинин колдоосу менен "Икебана-Интернэшнл" бейөкмөт уюму, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи уюштурган.

Ома АКШдан үч алтын медаль жеңди
Лос-Анджелес шаарында өткөн эстрада ырчыларынын бүткүл дүйнөлүк сынагынан Өмүрбек Андарбеков байгелүү кайтты. Ал 12 наам боюнча бериле турган байгенин төртөөнө татып, үч алтын жана бир күмүш медаль ээси аталды. "Мен бул сынака катышуу үчүн 9 миң доллар каражат короттум, өкмөттөн болсо жардам сураган жокмун. Себеби, мен жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин",- дейт Ома. АКШда өткөн бул сынак 10 күнгө созулуп, ага 64 өлкөнүн ырчылары катышкан.

Нарын облусунун мектептерине 133 мугалим жетишпейт
Жаңы окуу жылына карата Нарын облусунда жалпысы 5656 мугалим мектеп босогосун аттайт. Ал эми мугалимдердин өксүгү 133тү түзөт. Мындай маалыматты облустагы акимчиликтин башкы адиси Исак Орозалиев билдирди. Жетишпеген мугалимдердин теңме-тени Жумгал районуна туура келет. Жумгал районунун акиминин орун басары Зина Мадиеванын телефон аркылуу берген маалыматы боюнча райондо 65 мугалим жетишпейт. "Орус, англис тилдери, математика, физика мугалимдери менен катар башталгыч класстын мугалимдеринин дагы өтө таңсыктыгы сезилүүдө",- дейт Исак Орозалиев.




Аалам алкагында
Жаңы электр станция курулат
Иран атомдук жаңы электр странция курулушун долбоорлоо ишин баштаганын жарыялады. Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги өлкөнүн атомдук энергия мекемесинин башчысы Мохаммед Саидиге шилтеме берип билдиргенине караганда, жаңы АЭС Ирандын түштүк-батышындагы Дарховин шаарында курулат. Иран Бушер деген жерде Орусиянын жардамы менен курулуп жаткан алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун азырынча аяктай элек.

Кошмо Штаттарда Демократиялык партиянын курултайы
Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүүчү курултайга төрт миңдей делегат, партиянын оң миңдеген жактоочулары, расмий өкүлдөр, журналисттер катышат. Анда сенатор Барак Обама президенттикке талапкер катары расмий бекитилери күтүлүүдө жана АКШнын негизги партияларынын биринен мамлекет башчылыгына талапкер болгон алгачкы ындыкара саясатчы болот. Ал талапкерликти кабыл алган сөзүн курултайдын соңку күнү - бейшембиде сүйлөйт.
Өткөн ишемби күнү Обама вице-президенттикке америкалык саясаттын ардагери, сенатор Жозеф Байденди тандаганын жарыялады. Ал эми Обаманын болочок атаандашы, республикачыл сенатор Жон МакКейин вице-президент болуучу өнөктөшүнүн ысымын Республикалык партиянын 1-сентябрда башталуучу курултайын утурлай жарыялары күтүлүүдө.

Жанкечтиден каза табышты
Иракта жанкечтинин соңку жардыруусунан кеминде 25 киши каза тапты. Дагы 30дан ашууну жаракат алды. Окуя баш калаа Багдаддын Абу Грейб районунда болду. Жанкечти жергиликтүү бир тургундун АКШнын абагынан чыгышын белгилеп жаткандардын кечесин бутага алган. Ал кечеге чогулгандардын арасында, кабарларга караганда, сунниттердин "ал-Каиада" уюмуна каршы тобунун мүчөлөрү да болушкан. Мурдараак "ал-Каида" АКШ колдогон бул топ америкалык армия менен кызматташканы үчүн анын мүчөлөрүнө кол салынарын эскерткен болчу.

Ющенко өз өлкөсүнүн НАТОго киришин тездетүүгө чакырды
Бүгүн Украинанын мамлекеттик көз каранды эместигинин 17 жылдык мааракесине байланыштуу салтанатка катышып жатып, президент Ющенко "Ушул тапта Украинага чындап кам көргүсү келген тараптар анын НАТОго кириши биздин бала-бакырабыздын, болочокку муундарыбыздын коопсуздугу жана бакыбаттыгы камсыз кылынчу бирден-бир арга экенин ачык жарыялашы абзел",- деп айтты. Украина Орусиянын Грузиядагы согуш аракеттерин ачык сынга алып чыккан.

Орусия парламенти Түштүк Осетия, Абхазия көз карандысыздыгын таанууну талкуулаганы жатат
Бул үчүн орус парламентинин кош палатасы: Мамлекеттик дума менен Федерация кеңеши жайкы каникулун кыскартып, кезексиз жыйынга чогулууда. Грузин күчтөрү ушул айдын башында каратып алууга аракеттенген Түштүк Осетия жана Абхазия эл аралык деңгээлде Грузиянын бир бөлүгү катары таанылган.

Түркмөнбашынын "Рухнамеси" атайын сабактарда гана окутулат
Бул тууралуу Сапармурад Ниязовдун ордун баскан президент Гурбангули Бердымухамедов чечим чыгарды. Буга чейин Түркмөнстанда мектеп окуучулары "Рухнамени" өзүнчө сабак катары күн сайын окушчу. Азыр эми ал философия, психология, кайра жаралуунун тарыхы сыяктуу сабактар менен катар окутулат.

Медалынан кол жууду
Украиналык Блонска Олимпиадада алган күмүш медалынан кол жууду. Допинг колдонгондугу аныкталгандан кийин, анын хептатлон боюнча сыйлыгы жокко чыгарылды. Анын медалы эми коло алган америкалык Хилеас Фантенге өтөт.