, 26.08.08 - 4-бет: №64, 26.08.08-ж.
  Баткен облусунда 6 айдагы электр энергиясына дебитордук карыздар 412 млн. сом

Акималиевдин айтканы чын...
"Кыргыз Туусу" гезитинин жакынкы эле санында Жамин Акималиевдин "Эмне деген элбиз? Качан ойгонобуз, торолобуз?" деген гезиттин бир бетин ээлеген макаласы чыгыптыр. Кунт коюп окудум. Тим эле кыргыз эли үчүн, дыйканчылык үчүн, талаачылыктан азык-түлүктү мол алыш үчүн күйүп-бышып, өксүктөрүн терең анализдеп, ички бугун бир чыгарып алайын деп жазыптыр. Ж.Акималиевдин талаачылыктагы, айрыкча кылкандуу дан эгиндеринин, жүгөрүнүн түшүмүн арттыруу боюнча ой-толгоосун кейип-кепчип жазгандагы бир макаласын республикалык гезиттерден дагы окуганмын. Али ошол боюнча эсимде. Макалада көрсөтүлгөндөй буудайдын, ун азыктарынын 37,2%, канттын 59%, өсүмдүк майынын 85%, мөмө-жемиштердин 37,3%ын сырттан сатып алсак, автор айткандай эле өзүбүздүн өлкөбүздүн даркан талааларынан эмнени өндүрдүк деген мыйзамдуу суроо туулат. Анда биздин талаа, адырларыбыз эмнени берди? Мына ушуга токтололу.

Чынын айталы, колдо болгон эгин аянттарыбыз толук айдалбай жатат. Аны тиешелүү министрлик, ошол жерде иштеген адистер карашпайт. Жогортон айдалбаган жер калбасын, бүт айдагыла деген көрсөтмөгө "куп", "болот" деген суу кечпей турган куру убадаларын беришет. Анан эмне үчүн айдабайсыңар деген суроого "трактор жетишпей жатат, керектелүүчү майлар кымбат, же жок" дешет. Кептин кыскасы, жерди айдоого көңүл коюшпагандыгында.
Акималиев айткандай, канча жерибиз пайдаланылбай эле чөп басып жатпайбы. Эгин экпейбиз, анан дан жок, болсо кымбат дейбиз. Ошо жарактуу жерге жетиштүү эгин экпегенибизди кыңк этпей эле моюнга алганыбыз оң. Мына ал окумуштуунун айтканынан сөзмө-сөз келтирейин: "Өзүбүз азык-түлүктөрдү өндүрүүнү көбөйтө албай, импорттолгондордун эсебинен гана жашап, алардын көлөмүн жылдан-жылга көбөйтүп жатсак, анан алардын баалары сөзсүз кымбаттайт да". Ошондуктан өзүбүздүн ата мекендин ичинде резервдерди туура, билгичтик менен пайдалануу талап кылынат.
Акыркы мезгилдерде басма сөз беттеринен, радио, телевидениелердин эгин боюнча чечилбеген проблема жок, сугат жерлердин ар гектарынан 35-45 центнерден түшүм алып жатабыз, өлкөбүз боюнча 800 миң тонна буудай жыйналат деп жазып, сүйлөп жатышат. Мындай түшүм алынгандыгы тууралуу айыл чарба министри, аким, губернаторлор да айтышууда. Академик Ж.Акималиев айткандай менин деле күмөнүм бар. Чындык менен айтылган цифралар дал келишпейт, жер-жерлерине барып караганда, же текшергенде отчёттор туура берилбейт. Жер-жерлерде орулган аянт саржан менен тартылбайт, ченелбейт. Алынган түшүм таразага тартылбайт.
Макалада көрсөтүлгөндөй, азыркы убакта кээ бир айыл өкмөттөрүндө бир да тараза жок, ошондуктан көз чен менен гана адистер, дыйкандар жыйынтык чыгарып келатышат. Муну тескеген бир да мекеме, уюм жок. Көрүшсө да көрмөксөн болуп коюшканы көнүмүш адатка айланган.
Жерди агротехникалык эрежелер менен айдабасак, мол түшүм берүүчү элиталык үрөндөрдөн сеппесек, эгилген аянтка жетиштүү минералдык же органикалык жер семирткичтерди бербесек, сууну өз убагында сугарбасак, анан кандай түшүмдү күтүүгө болот? Бул айтылгандар мыйзам ченемдүү талаптар. Кыргыз элинде деле макал бар: "Эгин эксең күз айда, күз айдабасаң жүз айда" деп. Себеби, күздүк буудай академик көрсөткөндөй жаздыкка караганда 35 процент түшүмдү көп берет. Бул иш жүзүндө союз убагында далилденген. Ошол эле дыйкандар азыр деле айыл жеринде жашашууда.
Келерки жылы мол түшүм алуунун пайдубалы азыр түзүлүүгө тийиш. Анын башаты үрөндөн башталат. Биздин кыргызда үрөндүн сапатына карабай эле себе бериши көнүмүш адатка айланып калган. Буудай болсо эле болду, анын канча пайызы өнөт, кандай түшүм берет, жергиликтүү климаттык шартка ылайык келеби, же келбейби эге беришет. Анан күзүндө түшүм алганда адистердин айтканын жасабаптырбыз аттиң деп бармактарын тиштеп тим болушат. А мурун дыйканчылык илим изилдөө институту сунушталган үрөндөр, көбүнчө интенсивный үрөндөрү эгилчү эле. Академик мол түшүм алуу үчүн "күздүк, күздүк жана күздүк!" деп күздүккө басым жасаптыр. Бул илимий жактан да, тажрыйба жактан да абдан туура. Колдоочу жана ишке ашырчу маселе экендигинде эч талаш жок.
Эми үрөндү кайдан алабыз? Маселе ошондо турат. Акималиев сунуштаган онго жакын буудайдын сорттуу үрөндөрүн санап, аттары менен даана атаптыр. Атап айтсак "Бермет", "Кызыл дан", "Достук", "Ак тилек", "Асыл" - булар сугат жер үчүн. Ал эми кайрак жерге: "Эритросперимум-760", "Адыр", "Кайрак-3", жаздык буудай үрөнү үчүн "Даңк", "Аракет", "Касиет", "Жамин", "Интенсивная".
Президентибиз К.Бакиев 24-июлдагы кеңейтилген жыйынында келерки жылдын түшүмү үчүн азыртан баштоону кам көрүүнү баса белгиледи. Менин оюмча академик Ж.Акималиев мен жогоруда белгилеп айткан макаласында ошол жыйналышта айтылган маселеден кийин жазгандай, кантсе да дыйканчылык боюнча жетилген адис, такшалган окумуштуу, эң сонун проблемалык, глобалдуу маселелерди козгогон, андан чыгуунун ачык-айкын жолдорун, методун сунуштаган. Айыл чарба адистери, губернатор, акимдер, талаачылык боюнча дыйкан чарбасынын жетекчилери, дыйкандар толук колдошубуз керек.
Анан дагы менин пикирим боюнча академик Ж.Акималиевдин "Кыргыз Туусуна" жарыяланган "Эмне деген элбиз? Качан ойгонобуз, торолобуз?" деген макаласын айыл чарба боюнча жергиликтүү өкмөттөрдө, райондо, облуста атайы маселе катары карап талкууга алынса оң натыйжа болор эле, себеби бул - дыйканчылыкты өнүктүрүүдө илимий макала деп эсептээр элем. Акырында Ж.Акималиевдин айтканы чын, аткарсак жашайбыз тың демекчимин.

Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер, журналист,
Өзгөн району




Баткенде кыштын камы жайда көрүлүүдө
Бүгүнкү күндө элет элин түйшөлткөн - бул электр энергиясы экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, атуулдарыбыз энергияны үнөмдүү пайдаланып, анын акысын өз убагында төлөп туруунун ордуна ар түрдүү айла-амалдарды колдонуп, токту уурдап жатышкандыктары өкүнүчтүү.
Электр энергиясынын карыздарын өз убагында төлөө, эски карыздардан токтоосуз кутулуу, уурулукка жол бербөө жөнүндөгү Өкмөттүн токтомдору жарык көргөн. Бул багытта "Ошэлектро" ачык акционердик коомунун Баткен облусундагы филиалынын директору К.Маркаевдин берген маалыматына таянсак, төмөнкүдөй:

Баткен облусунда 2008-жылдын алты ай ичинде электр энергиясы боюнча дебитордук карыз 412,0 млн. сомду түздү. Анын ичинен калктыкы 354 млн. сом (85,9%), өнөр жай 5,2 млн. сом (1,3%), айыл чарбасы 6,0 млн. сом (1,5%), бюджеттик мекемелер 16,7 млн. сом (4,0%), анын ичинен республикалык бюджет 0,05 млн. сом (0,01%), жергиликтүү бюджет 16,6 млн. сом (3,9%), ар түрдүү 29,4 млн. сомду (7,1%) түзөт. Бардык жоготуулар 34,2%, анын ичинен техникалык 28,8%, ал эми коммерциялык жоготуулар 11,4% түздү.
Облус боюнча 79030 абонент бар. Орточо ар бир абонент 167,6 сомдук электр энергиядан пайдаланды, ал эми электр энергияны пайдалангандыгы үчүн 111,3 сомдон төлөдү. Райондор боюнча анализ жасасак: Баткен районунун ар бир жараны айына 144,9 сомдук электр энергиясын пайдаланса, кайтарылганы 133,8 тыйын же болбосо 11,1 сомго аз, бардык абонентке эсептегенде 172,6 миң сом аз акча топтолду.
Кадамжай районунда ар бир абонент айына 211,1 сомдук электр энергиясын пайдаланып, кайтарылганы 80,2 сом же болбосо 130,9 сомго аз, бардык абонентке эсептегенде 3,5 млн. сом аз акча топтолду. Кызыл-Кыя шаарында ар бир абонентке айына 165,0 сомдук электр энергиясын пайдаланса, кайтарылганы 99,9 сом же болбосо 65,1 сомго аз, бардык абонентке эсептегенде 936,5 миң сомго аз.
Сүлүктү шаарынын ар бир абоненти айына 137,2 сомдук электр энергиясын пайдаланса, кайтарылганы 128,8 сом же болбосо 8,4 сомго аз, бардык абонентке эсептегенде 34,5 миң сомго аз. Ал эми Лейлек районунун ар бир абоненти айына 130,0 сомдук электр энергиясын пайдаланып, кайтарылганы 144,6 сом же болбосо 14,0 сомго көп. Бардык абонентке эсептегенде 259,0 миң сомго көп акча топтогон.
Облус боюнча 2008-жылдын 1-январына калган карыздын 50,0%га азайтуу боюнча ар бир абонентке кошумча 216,0 сомдон акча каражатын топтоо тапшырмасы коюлган. Бул тапшырманы бир эле Лейлек району айына кошумча 14,0 сом топтоп, тапшырманы аткарды. Калган бир район-шаар да тапшырманы аткара алган жок. Белгилеп кетүүчү нерсе, Баткен облусунда Айгүл-Таш-Самат электр линиясын тартуу боюнча жумуштар аткарылуу алдында турат. Аны Ислам Өнүктүрүү Банкы каржылап, 11,7 млн. АКШ долларын сарптоону божомолдошууда. Бул курулуштун бүтүшү менен Тажик Республикасына болгон көз карандылыктан кутулуп, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот. Электр энергиясы боюнча, экспорттун мүмкүнчүлүгүн жогорулатабыз.
Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул иш баштала элек, биз тийиштүү министрликтерге кайрылып бул объекттин курулуш иштерин каржылоону тездетүү жана жумушту жандандыруу боюнча иш алып баруудабыз.
Ал эми Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр-жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси М.Темирбаевдин берген маалыматына караганда, Президенттин тапшырмасы боюнча алдыбыздагы келе жаткан кышка карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелинде № 135-атайын токтому чыккан.
Аталган токтомдо Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо, 2008-2009-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү жана калкты бул мезгилдерден ийгиликтүү алып чыгуу каралган. Аталган токтомго ылайык, Баткен облмамадминистрациясынын алдында курамы 17 кишиден турган облустук штаб түзүлгөн. Бул штаб ай сайын кеңешмелерди өткөрүп, район-шаарларда тиешелүү маселелерди талкуулайт. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин жеке тапшырмасы боюнча кышка карата элди көмүр, отун менен камсыз кылуу жана азык-түлүк боюнча тапшырмасы аткарууга алынып, күн сайын көзөмөлдөнүп турат.
Ушул багытта жергебизде ишти жандандыруу боюнча облустун губернатору М.Жумабековдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, район-шаарлардын даярдыгын жеринде көрүү үчүн барып, текшерип келишкен. Атайын текшерүүчү топ биринчиден, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мекеме-ишканалардын кышка карата даярдыгын, экинчиден, көмүр, отун менен калкты камсыз кылуу, көмүр чыгаруучу шахтылар менен атайын келишимдерди түзүү, үчүнчүдөн электр энергиясына болгон карыздарды азайтуу жана райондук электр тармактарынын ишмердүүлүктөрүн текшерүүгө алышкан.
Ошондой эле лимиттердин сакталышын катуу көзөмөлгө алып, электр линияларындагы жалпы жоготууларды кыскартуу боюнча коммерциялык, техникалык иш алып барылууда. Район-шаарлардагы электр түйүндөрүнүн балансында турган трансформаторлорду, электр линияларын текшерүү жүргүзүлүүдө. Жаңы трансформаторлорду, электр линияларын куруу колго алынып, Өкмөттүн көрсөтмөсү менен элди чоң түйшүккө салып жаткан көмүр казып алуучу ишканалар үзгүлтүксүз иштейт, электр жарыгы болсо өчүрүлбөй берилет.
Электр энергиясы бүгүнкү күндө чоң проблемалардын бири бойдон калууда. Өкмөттүн кеңешмесинде Президентибиз Курманбек Бакиев бекеринен күйүп-бышып айтпагандыр: - "Ачык айтып коюш керек, быйылкы кыш өтө суук болоору күтүлүүдө. Ошондуктан, кышка эмитен тартып кам көрүү өтө зарыл. Айылдагылар көмүрлөрүн эртелеп даярдашы керек. Ал эми өздөрүнүн буу казандарын электр энергиясы менен жылыткан мектептер менен ишканалар мекемелер таш көмүр менен жылытууга өтүүгө тийиш. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу дүйнөлүк проблемага айланып баратат". Президенттин койгон тапшырмасы Баткенде толугу менен аткарылууда.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"