, 26.08.08 - 3-бет: №64, 26.08.08-ж.
  Авиакырсыктан жабыр тарткандар үчүн кечээ
Бишкекте 51 адам кан тапшырган

Ардагердин мейманы- Президент
Ушул эле күнү өлкө башчысы Курманбек Бакиев быйыл апрель айында берген убадасын аткарып, Ысык-Көл районундагы Орто-Өрүктү айылынын тургуну, согуштун ардагери, 1945-жылдагы Улуу Жеңиш парадынын катышуучусу, 85 жаштагы карыя Жумакадыр Абдыкановдун үйүндө мейманда болду.
Президент ардагердин азыркы турмуш-тиричилиги, ички иштер кызматында 35 жыл басып өткөн ары опурталдуу, ары сыймыктуу эмгек жолу менен баарлаша таанышып, мындай инсандардын жаштарды патриоттук духта тарбиялоодо тийгизген таасири баа жеткис экендигин белгиледи. Ала келген баалуу белектерин тапшырды. Карыя ажого ак батасын берип, жалпы журтка тынчтык, ийгилик каалады.
Жээнбай ТҮРК, "Кыргыз Туусу"

Сүрөттө: Президент К.Бакиев ардагер карыя Ж.Абдыканов менен үстүбүздөгү жылдын 22-апрелиндеги Өкмөт үйүндө болгон жолугушуу учурунда.




Жаңы завод курулат
Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Ысык-Көлдө кыска мөөнөттөгү эс алууда жүргөндүгүнө карабастан 23-август күнү Түп-Кеген автожолун куруу алдында Түптөгү асфальт-бетон заводунун пайдубалын түптөө аземине катышты.
- Быйылкы жылы, - деди Президент өзүнүн сөзүндө, - эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолунун курулушуна жалпысынан республикалык бюджеттен 158 млн. сом каралган. Баш-аягы үч жылга белгиленген бул жооптуу ишке 1 млрд. 8 млн. сом сарпталышы керек. Мындай камкордукту мындан мурда эч бир элестетүү да, мүмкүнчүлүк да жок эле. Маселен, 2005-жылы бүткүл өлкө боюнча бар болгону 195 млн. сом акча каражаты бөлүнсө, үстүбүздөгү 2008-жылга жол курулуш тармагына 1,5 млрд. сом каралгандыгын айта кетели.
Ал эми бүгүнкү коюн-колтук алышкан кошуна элди байланыштыра турган келечектүү Түп-Кеген автожолун жогорку деңгээлдеги сапатта салуу үчүн бардык эмгек шарттары түзүлдү. Республикалык бюджеттин каржылоосу боюнча саатына 130 тонна таш майдалоочу, 80 тонна асфальт чыгаруучу кубаттуу жабдуулар, оңдоп-түздөөчү 21 техника бирдиги алынып келинди. Жергиликтүү жолдорду калыбына келтирип, аны такай көзөмөлгө алып туруу үчүн Түп аймагында жакынкы аралыкта дагы бир кубаттуу асфальт-бетон чыгаруучу заводду пайдаланууга берүү белгиленди. Ага чейин облустун борбору Каракол шаарынын ички жолдорун тартипке келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 3 млн. сом бөлүнүп берилди. Бул жол курулушунун тездетилген темпте илгерилешине кеңири шарт түзөт.
Облустун губернатору Кыдыкбек Исаевдин айтымында, азыр Түп-Кеген автожолунун алгачкы 20 километрине асфальт төшөөгө даярдык көрүлдү. Бул күнү Президент Курманбек Бакиев жалпы элдин катышуусунда келечек муунга кайрылуу жазылган темир капсуланы жаңыдан салына турган ишкананын пайдубалына түптөштү.
Салтанатты жыйынтыктоо учурунда өлкө башчысы келген элдин каалоо-сунуштарын угуп, бир катар суроолорго жооп берди.




Жер участоктору тартипке келтирилет
Премьер-министр Игорь Чудинов "Калктуу пункттардагы жер участкаларына менчик же ижара укуктарын берүү тартибин жана инвестициялык-курулуш максаттарын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №57 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол койду.
Бул документ жер пайдалануу процессин андан ары борбордон четтетүү жана жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укуктарды берүүнүн так процедураларын бекитүү боюнча ишти улантуу максаттарында кабыл алынды.
Министрликтерге, мамагенттиктерге, административдик ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.




Кышка даярдык
Өкмөттүн көзөмөлүндө
Жакында биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев калктын жана экономиканын тармактарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдануунун жүрүшү менен таанышуу максатында Ысык-Ата жана Чүй райондорунда болду.
Ал аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышты. Кесек отун жүктөлүп жаткан отун базасында болду.
Учурда Кант шаарчасында райондун калкына көмүр ташып жеткирүү үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин райондун калкынын 80%ы көмүр менен камсыз болду. Райондун жетекчилигинин маалыматына караганда сентябрдын жарымына чейин райондун калкы алдыда келе жаткан кышка карата көмүр менен толук камсыз болмокчу.
Андан соң, И.Айдаралиев Токмок шаарынын, Чүй районунун калкынын жана экономиканын тармактарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгынын жүрүшү менен таанышты. Ушул максатта, Токмок шаарында жайгашкан отун базасына барып, калкка көмүр ташып жеткирүүнүн уюштурулушун өз көзү менен көрдү.
Шаардын жана Чүй районунун жетекчилеринин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө калкка 18 тоннадан ашуун көмүр тоннасы 2700 сомдук баада Казакстандан ташылып келинген. Күн сайын калкка Чүй районунун айыл өкмөт башчылары түзгөн тизме боюнча беш вагон көмүр берилүүдө. Алар 15-сентябрга чейин калкты катуу отун менен камсыздоону пландаштырууда.
Жумушчу сапарынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр ошондой эле, электр менен иштөөчү буу казандарын кесек отунга өткөрүүнүн абалы, үч фазалуу эсептегичтерди өчүрүүнү уюштуруунун жүрүшү менен таанышты. Мындан мурда ал ушундай эле максат менен Сокулук районунда болгонун эске сала кетели.
Искендербек Айдаралиевдин жумушчу сапарында аны Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов коштоп жүрдү.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Нефтичилерге - мамлекеттик сыйлык
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен газ жана мунай өнөр жайы жагында кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Дюков Александр Валерьевич - "Газпром нефть" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, башкы директору;
Крылов Александр Владимирович - "Газпром нефть" ачык акционердик коомунун Мунайзаттар менен камсыз кылуу департаментинин начальниги.




Биологиялык коопсуздук да кызматташууга муктаж
22-августта Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канаданын Өкмөтүнүн ортосунда Биологиялык коопсуздук жана биологиялык коргоо тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга расмий кол коюу болду.
Биздин Өкмөттүн атынан макулдашууга биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, Канаданын өкмөтүнүн атынан бул мамлекеттин Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Маргарет Скок кол коюшту.
Кол коюу аземи учурунда тараптар Кыргызстан үчүн Канада менен жемиштүү жана өз ара пайдалуу байланыштар тышкы саясый маанилүү багыт экендигин белгилешти. Ошондой эле Канаданын өкмөтүнө биздин республикадагы биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздукту бекемдөөдө көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирилди.

Ж.ТОКТОБОЛОТОВА




Азаматка - 100 000 сом
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев пианист Сыдыков Азаматка бир жолку каржылык колдоо көрсөтүү боюнча буйрукка кол койду.
Аталган буйрукка ылайык, фортепиано боюнча Эл аралык конкурста Ф. Листтин сыйлыгына жана эл аралык музыкалык Женева конкурсуна катышууга даярдыктарды өткөрүү үчүн - П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын студенти Азамат Сыдыковго Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун эсебинен 100 000 (жүз миң) сом бөлүнөт.
Маалымат: Азамат Сыдыков П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын студенти, орус пианисти Н.Петровдун окуучусу. 2007-2008-жылдары А.Сыдыков ири эл аралык сынактарда Кыргызстанды татыктуу көргөзүп келген. Кыргыз Республикасынын өкүлүнүн фортепиано боюнча эл аралык музыкалык сынактарга катышуусу кыргыз музыкалык өнөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө жана үгүттөөгө чоң салым кошот.
Д.Алтынбеков




Куттуктоо!
Кыргыз Республикасындагы казактардын "Алаш" коомдук бирикмеси Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси ОСПАНОВ Бакыт Сагындыковичти Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге Ишеним грамотасын тапшыруусу менен куттуктайт жана жооптуу дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалайт!
Сизди кыргыз-казак достук байланышынын мындан ары да бекемделүүсүнө олуттуу салым кошот деп ишенебиз.
П - 833.




Жабыркагандарга 1 миллион сом
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги Күлжигит Алиевдин айтымында, авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандардын дарылануусу үчүн Бишкек мэриясы 1 млн. сом каражат бөлүп берди. Ал каражат жабыркагандардын ден соолугун изилдеп, текшерүүгө жана дарылоого жумшалат.
К.Алиев билдиргендей, кайгылуу авиакырсык жөнүндө маалымат 24-августта, 21 саат 08 мүнөттө медициналык тез жардамдын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Маалымат келери менен дароо эле медициналык тез жардамдын 11 бригадасы кырсык болгон жерге жөнөтүлгөн. Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын бардык дарылоо мекемелерине, Чүй облустук жана республикалык ооруканаларга кабарлашып, жабыр тарткандарды кабыл алууга даяр туруу эскертилген.
Ошентип, Бишкектеги травматология жана ортепедия илим-изилдөө борборуна (БНИЦТО) 17 киши жеткирилген. Алардын ичинен үч киши реанимацияда, 8 киши токсикология бөлүмүндө, төрт киши күйүк бөлүмүндө жана экөө травматология бөлүмүндө жатат. Жабыркаган бир киши Улуттук госпиталга жайгаштырылган.
Эки кишиге врачтар амбулаториялык жардам көрсөтүшкөн, үч кишинин абалы оор бойдон калууда, врачтардын айтымында, калгандарынын абалы анча коркунучтуу эмес. Учурда алардын бардыгына жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кечээ, 25-августта эртең менен экипаждын учкучу Юрий Гончаров аталган борборго жеткирилди, буга чейин ал аэропорттун медициналык санитардык бөлүмүндө дарыланып жаткан экен. Анын ден соолугунун абалын врачтар салыштырмалуу алганда, канааттандырарлык деп баалашууда.
Курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына кыргыз медиктери психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Т.ӨСКӨНОВ, "Кыргыз Туусу"




Кайгыңарды тең бөлүшөбүз
Көп улуттуу, миңдеген адамдарды бириктирген "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасынын жамааты 2008-жылдын 24-августунда болуп өткөн кайгылуу окуяда күтүүсүздөн каза болгон маркумдардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана аза кайгыларын тең бөлүшөт.
Бул улуттук трагедия биздин өлкөнүн жарандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Асан РЫСМЕНДИЕВ,
"Кыргыз темир жолу"
Улуттук компаниясы"
Мамлекеттик ишканасынын
башкы директору