, 26.08.08 - 13-бет: №64, 26.08.08-ж.
  Кыргыз Республикасынын кенчилеринин күнүнө карата

Табынамын Таш - Көмүрдүн табына
Табы өткөн жүрөктөгү каныма
Тынчтыкбек НУРМАНБЕТОВ
Азаптын биринчи ыры

Азап
Жанга баткан азабым,
Жазган сырым-казалым.
Жан бүткөндүн баарысы.
Жандын тартат азабын.

Адам жок азап тартпаган
Адам жок жаза баспаган.
Барга, жокко белди байлап,
Аттадым азап астанаң.

Азсам да азап айынан
Бармактай бала чагыман.
Азапка жакын жан болдум,
Ал деле балким багыман.

Азаптын
үчүнчү ыры

Үй
Үй дегенде көзүм төрт болуп
Үй дегенде ичим өрт болуп.
Үйгө жетпей жүрөм дагы эле,
Үмүт үзбөй болор деп коюп.

Үй дегенде качат бал уйку
Үй дегенде болдум чала уйку.
Үйү барга көзкор болгончо,
Болгон жакшы көчө кайырчы.

Азаптын алтынчы
ыры

Эртең майрам
Агам Азырарга

Эртең майрам,
Эл агылат туш тараптан.
Борбордук почтампка
Бири чыкса,
Ону кирип.
Эртең майрам,
Адатымча дагы келдим,
Борбордук почтампка.
Өзүңүзгө жибергени,
Куттуктоо телеграмма.

Эртең майрам,
Арнап жүргөн.
Ак тилекти,
Ак баракка,
Жаздым араң.
Каґңырыгым түтөдү,
Күйүт мыкчып жүрөгүмдү.

Эртең майрам,
Эми кимге жиберем.
Куттуктоо телеграмманы,
Адреси жазылбаган.
Тып этип
Көп жаш тамган...
Азаптын тогузунчу ыры

Кырсык
Тунгуч Премьер-министр
Насирдин Исановдун
жаркын элесине

Сыймыктанып Сиздей адам барына,
Сыртыңыздан көзүм тоюп жүрүчү элем.
Солкулдаган жигит кезден созулган,
НАСЫКЕМдин сылыктыгын билчүІ элем.

Сыздап, сыздап суук кабар укканда,
Дүйнө көчүп, тегеренди көздөн жаш.
Ансыз дагы аз эле го кыргызда
Телегейи тегиз келген алтын баш.

Жылдызыңґыз дайым турчу төгІүлІүп,
Жаш-карынын жан дүйнөсүн ийитип.
Жол кырсыгы күтүлбөгөн шойкомдуу
Жамы журтту кайыштырды кейитип.


Азаптын
онунчу ыры

Жансыр
Алтыным, маңдайымдан сыладың да,
Акырын мындай дедиң кулагыма:
"Ар дайым бактылуу бол,
Анан да көпкө жаша,
Сен эми мындан ары,
Болосуң эми мага,
Ардагым, азабым да.
Эртеңден кош айтышып,
Кетебиз эки жакка,
Дагы айтам көпкө жаша,
Кечигип табыштырган,
Таарынбайм тагдырыма.
Кантейин кайда болсо,
Кадыркеч, эсен жүргүн,
Өкүнбөйм сүйгөнүмө,
Сүйүү не, эми билдим..."


Азаптын жыйырманчы ыры

Жашоо кызык
Өттү баштан: өксүү менен кайгыруу;
Күтүлбөгөн мөгдүрөткөн айрылуу.
Күдөр үзбөй жашоо керек экенин,
Бир сездирген күндөр болот кайрымдуу.

Башка түшсө баарын чыдап көтөрүп,
Эрте-кечпи кайрымына ишенем.
Бак болсо да, шор болсо да кайылмын,
Теңир жазган, Теңир берген бешенем.

Жер көтөрбөс, суу арылтпас кайгы жок
Санаа тартып, сабыркасам айбы жок.
Жерге, сууга батпай турган кез болот,
Андай кезде көз ирмемдик кайгы жок.

Канча кыйын, канча оор болсо да
А баары бир жашоо кызык жарыкта,
Тарткан азап татым тузу тагдырдын,
Эл алдында жыгылбасам айыпка.


Азаптын жыйырма биринчи ыры

Аламүдүн
Аласалган ак дайра
Аламүдүн карт дайра.
Агымы күчтүү шаркырап,
Шоокуму жеткен капкайда.

Күргүштөп сайга батпаган,
Көз ирмем тынчып акпаган.
Куралып кокту-колоттон,
"Көз жарып" чыккан ак кардан.

Тоо боорунан суурулуп,
Таштан-ташка урулуп.
Титиреп кетет капчыгай,
Ташканда дайра удургуп.

Дайраны мезгил алкымдап,
Алам деп жонго арчындап.
Ак дайра агат бой бербей,
Толкуну күнгө жаркылдап.

Дайранын тыңшап шоокумун,
Кандырдым канбас моокумум.
Азаптан жаным арылып,
Ааламга сыйбай олтурдум.

Арашан, 10.07.2004-ж.


Азаптын жыйырма экинчи ыры

Обон
Ырдан тапкан: ырыскысын, байлыгын,
Ырдан тапкан: жүрөктү эзген кайгы-муң.
Рыспайсыз эңшерилип ыр дүйнө,
Топук кылып жанга жагым кайрыгын.

Ырдап келип, ырдап кеткен Жарыктан,
Сый-урматты көрбөй же бир жарыткан.
Ышкы отуна көралбастык суу бүркүп,
Ындыны өчүп, дарты ырбады айыккан.

Рыспайдын ырысына ич тарып,
Ыйлаттырдык шолоктотуп карыптай.
Ырдап, ыйлап өтүп кетти дүйнөдөн,
Жарк деп жанып, "жалп" деп өчкөн жарыктай.

Көзү өткөн соң бармак тиштеп өкүнүп,
Кайгыргансып кара күчкө өкүрүп.
Көзү барда кылбаган соң жакшылык,
Кереги не түштөн кийин бөөшсүнүп.

* * *
Рыспай Абдыкадыровдун жарык дүйнө менен
кош айтышканына
он жыл толушуна

Азабын тартып ырынын
Оргуштап кайнар булактай.
Опасыз дүйнө түгөлдөй,
Обонун созсо Рыспай.

Жүрөктүн канын сыгып,
Жүрөккө дары кылып.
Туруштук бере албастан,
Тоолор да турат жылып.

Томсоруп калмак дүйнө,
Толкуткан ыр болбосо.
Түнөрүп турмак мүлдө,
Жагымдуу үн болбосо.

Айыккыз дартка даба
Обону Рыспайдын.
Укканда жаным жыргап
Унутам тарткан кайгым.

Сентябрь, 2004-ж..


Азаптын жыйырма сегизинчи ыры

Жанкумары
Жан болуп жаралган соң,
Жанкумарын тараткан оң.
Жанды берип, канды берип,
Жаназабын унуткан оң.

Жанкумарга арзыбас азап деген,
Жанкумардан жаралган тулку денем.
Жанкумарга батканда көз бозоруп,
Коргошундай көлкүлдөйм, балкып денем.

Жанкумары азабыман арылтып,
Жанбиргемди дайым турат сагынтып.
Жаратканга миң мертебе ыракмат,
Кеч болсо да сага койгон кабылтып.

Жанкумары канда белем?
Саа жолукпай кайда элем?
Канат байлап, сергип көңүл,
Күн өткөрбөй кайра келем.

Кетемин деп күнүгө эле,
Кеталбадым эмнеге эле?
Жаш өтсө да оттой кІүйүІп,
Күтөм дале эмнени эле?

Жанкумары жаш куракка карабас
Жаш өттү деп мокоп калган жарабас!
Жанды берип, бой балкыта биригип,
Жанбиргеґңдин көөнүн таап, черин жаз!