, 22.08.08 - 8-бет: "Окутуу тџп тамырынан бери єзгєрџџгє тийиш!"...№63, 22.08.08-ж.
 2008-жыл үчүн республика ичиндеги жол курууга
250 млн. сомго кошумча техника сатып алынды

Улуттук стратегия: ийгиликтер, милдеттер
Элдин бүтүндүгү, өлкөнүн өнүгүүсү жолдон
Эл чарбасынын күрөө тамыры - жол
Америкалыктар бардык цивилдүү нерсе жолдон башталат деп айтышат экен. Инфраструктуралардын, соода-экономикалык мамилелердин өнүгүүсүн жолсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Инвесторлор да бир долбоорго өз каражаттарын жумшаардан мурда анын инфраструктурасына, негизги авто, темир жолдордон алыс, жакындыгына кызыгышат. Бизде пайдалуу кендер өтө көп, алардын жалпы саны 15 миңден ашык, бирок, алардын басымдуу көпчүлүгү жолдордон алыс, бийик тоолордун арасында болгондуктан иштетилбей турат.
Мурдагы совет мезгилинде алардын айрымдары өзгөчө пайдалуу, эл чарбасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендиктерине карабастан жол жоктугунан улам кийинкиге калтырылган. Жол барган жердин табигый ресурстары акырындап өздөштүрүлөт, жол жакшырган жерлерде акырындап элдин турмушу да оңоло баштайт. Ага Бишкек-Ош жолу күбө. Бир кездерде Кайыңдыдан Таш-Көмүргө чейин бир жерде же Чычкан-Сайдын ичинде гана чакан ашкана болсо, азыр андай ашкана, кафе, суусундуктарды сатуучу жайлардын саны бир миңден ашып кетти окшойт. Акындар, публицисттер жолдорду күрөө тамырларга, өмүрлөргө, жашоого, өнүгүүгө, сапарларга салыштырышат, алардын баары туура. Адамдарга азык-түлүктөрдөн, кийим-кечек, үй жайдан кийин эле жол керек...

Президенттик программа эмнелерди милдет кылат?
Акыркы эки-үч жылдан тартып мамлекет башчысы тарабынан автожолдор тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатышы сүйүндүрбөй койбойт. Кыргызстан тоолуу өлкө, деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Темир жол тармагы өнүккөн эмес, жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн 95%дан ашыгы автожолдор аркылуу ташылат. Демек, биздин эл чарбабыз үчүн тирүү организмге кан тамырлар кандай зарыл болсо, автожолдор да ошондой мааниде деп ачык эле айтсак болот.
Мына ушундан улам Курманбек Бакиевдин демилгеси менен мындан эки жыл мурда республикабызда 2008-2010-жылдарда автожолдорду өнүктүрүү боюнча Президенттик программа кабыл алынып, анын негизинде транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жолдорду өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыккан. Ал стратегияга ылайык республикабызда жыл
сайын эң кеминде жалпы узундугу 1 миң километр жол шагылданып, оңдолуп, ремонттолуп, ондон кем эмес көпүрө курулуп, 100 чакырымдан кем эмес жол асфальтталып турууга тийиш. Мындай көлөмдөгү жумуштарды аткаруу үчүн жетиштүү каражат, заманбап техникалар жана жабдуулар талап кылына тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү.
Оңдоо, ремонттоо, жаңыларын куруу иштерине каражаттар бөлүнүүдө, тактап айтканда 2004-жылга салыштырганда быйыл автожолдорду, көпүрөлөрдү куруп, ремонттоого дээрлик 2,5 эсе көп каражат бөлүндү. Аткарылган иштердин көлөмү да ошончолук өстү. Оңдоп, курууга гана эмес, программага ылайык 2008-жылдан тартып жол куруу техникаларын сатып алууга жыл сайын бюджеттен 250 млн. сом кошумча бөлүп туруу каралса, бул боюнча быйылкы жылга белгиленгендер аткарылды. Жакында эле Президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңыдан сатылып алынган 18 автогрейдер, 55 самосвал, 12 жүктөгүч, 14 каток, 1 асфальт бетон заводунун, 1 таштарды майдалап шагылдарга айландыруучу түйүндүн жабдуулары, же бардыгы болуп 121 техника тапшырылды. Андан мурда кайтарымсыз жардам ирээтинде Нарын облусунун жолчуларына жапондук 62 техника берилген. Жолдордун майда уңкул-чуңкурларын толтуруп, үстүн тегиздөөчү "Чипсилер", "БЦМ" маркаларындагы 4 машина сатылып алынган. Жогоруда айткандай, мындан ары мамлекеттик бюджеттен жол куруу техникаларын сатып алууга жыл сайын 250 млн. сомдон кем эмес каражат бөлүнүп турат.

Эмнелер аткарылды?
Республикабыздын жол чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттердин бири - өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу. Бул багытта ири долбоорлор ишке ашырылууда, айрымдары аяктап да калды. Быйыл Президенттин тапшырмасы боюнча Баткен облусунун Зар-Таш айылында узундугу 59 метрлик көпүрөнүн курулушу башталса, учурга карата курулуш аяктап, азыр анын эки жагы тартипке келтирилүүдө. Көпүрөнү пайдаланууга берүүнүн расмий салтанаты көз карандысыздыктын күнүнө арналган иш чаралар менен бирге өткөрүлөт.
Республикабыз үчүн өзгөчө мааниси бар, жалпы узундугу 49 километрлик Пүлгөн-Бүргөндү автожолунун курулушу өткөн жылы аяктаган. Быйыл августта аны асфальттоо башталды. Жакынкы күндөрдө анын 10 чакырымы асфальтталат. Азыр тажиктердин Чорку, Сурх айылдарын айланып өтүүчү узундугу 23,5 километрлик жолдун курулушу кызуу жүргүзүлүүдө. Ал Еврокомиссия тарабынан каржыланууда. Куруучулар өз иштерин графиктен озуу менен аткарышууда.
Быйыл июлда Кербен-Ала-Бука жолун асфальттоо иштери башталды. Бул республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул иштердин аткарылышы менен өлкөбүздүн тургундары анклавдардагы, кошуна өлкөлөрдүн чегараларындагы постторго көз каранды болбостон республикабыздын Түштүгүнүн бардык булуң-бурчтарына өз аймагыбыз менен каттаганга мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин тапшырмасы боюнча Түп-Кеген автожолун капиталдык ремонттоо башталды. Азыр даярдык көрүү иштери аяктап таштарды майдалап, шагыл даярдоочу түйүн орнотулду. Тийиштүү техникалар бөлүндү. Асфальт-бетон чыгаруучу завод иштей баштады. Булардын баары бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууда.
Жалпысынан республика боюнча бюджеттин эсебинен жолдорду оңдоп, ремонттоп, асфальт төшөө, көпүрөлөрдү куруу өткөн жылдагыга салыштырганда кыйла чоң көлөмдө, ыкчамдатылган темпте жүргүзүлүүдө. Алсак, жолдорго шагылдарды төшөп, оңдоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 50%га көп болду. Асфальттоо иштеринин көлөмү үч эседен ашып кетти. Бул бир гана транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер. Булардан сырткары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоп, ремонттоо боюнча көптөгөн иштер аткарылууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдиргенине караганда, жолдорду оңдоп, ремонттоо иштери бардык облустарда өндүрүштүк графиктен озуу менен жүргүзүлүүдө.

Эл аралык жолдор
Эл аралык рынокторго кеңири чыгуу үчүн эл аралык транспорттук коридорлор мезгилдин талабына ылайык келтирилүүсү, жаңылары курулуусу зарыл. Быйыл эл аралык маанидеги жалпы узундугу 382 чакырымдык жол реабилитацияланат, оңдолот. Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун реабилитациялоо боюнча белгиленгендердин 40%дайы аткарылды. Бул долбоор Кытайдын "Чайна Роуд", Түркия-Кувейттик "Копри-Текар" биргелешкен компаниялары тарабынан ишке ашырылууда. Графикке ылайык долбоор 2010-жылда аяктоого тийиш.
Ушул жылдын ноябрында Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоонун биринчи фазасы аяктап, экинчи фазасы башталат. Келээрки 2009-жылда Ош-Баткен-Исфана жана Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдорун реабилитациялоо иштери башталат. Бул иштерди каржылоо боюнча эл аралык финансылык институттар менен макулдашууларга жетишилген.
Мында белгилей кетчү нерсе, мурда жолдорду реабилитациялоо боюнча аткарылган иштерди министрликтин адистери кабыл алып келишсе, мындан ары аткарылган жумуштун сапатын көз карандысыз консалтингдик компаниянын адистери көзөмөлдөшөт жана ошолор баа беришет. Мындай калыстык, көз карандысыздык аткарылган иштердин сапатын жакшыртууга, белгиленгендердин өз убагында бүткөрүлүүсүнө оң таасирин тийгизбей койбойт.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




"Токой" менен "Бадамдын" багы ачылды
Жалал-Абад шаарында асфальтталып жаңыра түшкөн эки көчө ишке берилди. "Жеңиш" кичи районунун калкы шаар бийлигинин бул белегине жетине албай кубанып, көчөнү пайдаланууга берүү күнүнө карата майрам уюштурушту.
Мен кичи райондун тургундарынын бул кубанычын чын жүрөктөн сезип, кабылдап турам, - дейт шаар мэри Тилек Акамбаев. - Себеби, бул кичи район негизделип, биринчи тургун бул жерге отурукташкандан бери 30 жыл өтүптүр. Ошондон бери биз азыр тушоосун кесип жаткан эки көчө - жалпы узундугу 1,5 чакырым келген "Токой" жана "Бадам" көчөсү асфальтталган эмес экен. Буюрса, элдин тилеги ишке ашты. Буга мен да абдан кубанып турам.
Элдин тилегинин ишке ашуусу үчүн
шаардык казынадан бул долбоорго 5 миллион 100 миң сом каражаты сарпталса, жол оңдоо жана асфальт жаткыруу иштерин
шаардагы Асфальт-бетон заводунун жумушчулары ишке ашырган.
Бул кубанычтуу аземге катышкан облус губернатору Кошбай Масиров кичи райондун тургундарын бул жакшы жөрөлгө менен куттуктап, кийинки кездерде өлкөнүн ички-тышкы жолдорун калыбына келтирүү, коммуникациянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан бараандуу саясаты экенин баса белгиледи.
Облус лидеринин айтымында, быйылкы жылы облус аймагында 100 чакырымдан ашык жолдор ремонттолот. Мунун өзү элдин жашоо-турмушун жакшыртууга, аймактардын экономикасынын жогорулашына шарт түзөт. Бул үчүн мурда акча таппай жүрсөк, эми азыркы бийликтер казынадан керектүү каражатты бергенге жарап калышкан, деди Кошбай Масиров.
Жалал-Абаддын мэринин билдиргенине караганда, өткөн жылы шаарда ички жолдорду ремонттоого 24 миллион сом кеткен, быйылкы жылы бюджеттен бул максатта 12 миллион сом каражат берилет. Мындан башка да кичи райондордун ар кайсы инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүрмөкчү.
Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары