, 22.08.08 - 4-бет: Бул жылы 762 млн. сом жањы мектептерди курууга жумшалды...№63, 22.08.08-ж.
  Бул жылы 762 млн. сом жаңы мектептерди курууга жумшалды

"Окутуу түп тамырынан бери өзгөрүүгө тийиш!"
Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова:
"Бүгүн ишимди апамдын ыры менен баштадым"
Биз барганыбызда Ишенгүл Садыковна жаңы эле мектептерди кыдырып келген экен. Анткен менен жүзүндө чарчоонун белгиси жок. Тескерисинче маңдайы жарык, бир нерсеге толкунданып, кубанып, алда неден кубат алып, каниет кылып тургандай. Колунда бир таңгак кагаз, анын арасында кичинекей көк китеп жүрөт. Маектешүүгө отурганыбыздан соң, китепке карегим кадала калганын байкадыбы, ошону колуна алып, күлүмсүрөдү:
- Бул китеп кыргыз эл акыны Тенти Адышеванын - кайненемдин ыр жыйнагы. Бүгүн мектепте окуучуларга апамдын эне тил тууралуу ырын окуп берип, ошого да аябай толкунданып келатканым...
Эчен түрлүү тил үйрөнсөм,
Чоң бактыдай сезилет.
Эне тилим дайым мага -
Ыр сыяктуу, гүл сыяктуу
чертилет.

Кыргыз тили обон салса,
Ала-Тоомдун жаңырыгын
келтирет.
Маектешсек шыбыр кагып,
Шарпылдаган Ысык-Көлүм
мелтиреп...

Кыргыз тилим "Манас" айтса,
Өзгөн суудай көбүк чачкан
күрпүлдөп.
Махабатты баяндаса,
Күн да асманда карап турат
күлүңдөп.
Бул ыр менен мен эмнени айткым келип жатат? 2002-жылы кабыл алынган кыргыз тилинин жаңы орфография эрежелери өзгөчө билим системасын оор акыбалга алып келди. Мугалимдерден, окурмандардан буга макул эмес экендигин билдирген макалалар басма сөз беттеринде байма-бай басылып турбадыбы. Акыры, 1953-жылдагы орфография эрежелерине кайрадан кайтып келдик. Ушул иште "Кыргыз туусу" гезитинин өзгөчө салым кошкондугун белгилеп,гезитке ыраазычылык айткым келет.
Эми жаңы окуу жылына карата биз Ташбоо Жумагулов менен акылдашып, тилчилер менен сүйлөшүп, абалкы орфографиянын жобосун ар бир окуу жайга (мектептерге, техникум, ЖОЖдорго) китеп түрүндө таратып берип жатабыз. Бул айрыкча кыргыз тилинде окуган 1450 дөй мектепке чоң жардам болот деп ойлойм. Министрлик ар бир мектепке жок дегенде бирден жобо жеткирүүгө демөөрчү караштырып, аракет кылып жатабыз. Кыргыз тилинде эле эмес орус, өзбек, тажик тилдеринде окуткан мектептерибизди, ошондой эле кош тилдүү 380дей мектептерибизди да бул жобо кайдыгер калтырбаса керек. Бул биздин министрликтин жаңы окуу жылына кошкон салымы. Дегинкиси, эски орфографиянын кайра калыбына келип, кыргыз элинин нарктуу, барктуу сөздөрүнүн бузулбай, өз ордуна келиши - билим системасын чоң жеңиши болду.
Эшикте - капитализм, ал эми билим берүүдө - социализм
21- августтан август кеңешмеси башталат. Бишкектен башталып, бүт республика боюнча
райондордо өтөт. Бул жылы биздин адистер, Кыргыз билим академиясы жакшылап ойлонуп, билим системасында, деги эле коомубузда өзөктүү проблемаларды талдап, бир чоң проблеманы алып чыктык: Келечек муундарды билимге тарбиялоодо билим системасы, мектеп же мугалим гана жоопкерчиликтүү болбош керек. Коом, ошонун ичинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы, жамааттар, эне-аталар, анан гана мугалим менен мектептер, ушул төртөө биригип, социалдык келишим түзүп, социалдык өнөктүк жасаганда гана билимдин сапаты дагы, тарбия маселелери дагы чечилет. Антпесек, эшикте - капитализм, ал эми билимге жасаган мамиле - социализм болуп жатат. Кээ бир эне-аталардын жоопкерчилиги төмөндөп кеткен үчүн балдарын таштап койгон учурлар көп. "Балдарды мамлекет баксын, мамлекет окутсун" деген түшүнүк түп тамырынан бери туура эмес! Ар бир эне-ата баланы жок дегенде он алты жашка чейин өздөрү тарбиялап, нукка салып, турмуш таанытып, дүйнө таанытып, эне тилин, ата-бабанын тарыхын, каада-салтын билгизип Кудайдын да, коомдун да, баланын да алдында милдетин өтөшү керек. Ата-эненин ролу азыр өтө төмөндөп кетти. Албетте, "Беш кол тең эмес", билим системасына активдүү катышып жаткан ата-энелер да аз эмес.
Жаңы системага
эми кан жүргүзүш керек...
Экинчи маселе, мектептерге
методикалык жактан жардам берүү. Биз атайын 2008-жылдын 6 айынын ичинде методикалык жардам берүүнүн социалдык инфраструктурасын түзүп бердик. Мисалы: Өкмөттүн чечими менен Талас, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарында атайын облустук методикалык борборлорду ачтык. Буга чейин мындай борборлор жок эле. Ал эми Ош, Ысык-Көл облусунда болсо, илгертен бери келаткан мугалимдердин адистигин көтөрүү боюнча институт бар болчу. Мына ушулардын баарын бириктирип, бир нукка салып , билим боюнча чоң долбоорубуздун негизинде Азиялык банктан алган эмеректерди жеткирип, компьютердик, лингафондук класстарды ачып берип, жоболорун бекитип бердик. Кыргыз билим академиясы мугалимдеринин адистигин чыңдоо борборуна координация жасайт. Ушуну менен биз көптөн бери издеген системаны түздүк. Бул системага эми кан жүргүзүш керек. Башкача айтканда ар бир райондо ар бир мектеп, мугалимдер кандай программа менен иштеш керек, инновация, инновациялык методдор деген эмне, методикалык жолдомолорду кандай жасаш керек, ошолордун бардыгын тең системалуу түрдө ишке ашы-руубуз керек.
Экинчи маселе, облустук элге билим берүү уюмдары жоюлганы, райондук билим берүүлөр энесин жоготкон баладай болуп эле, эмне кыларын билбей калган экен. Ошондуктан бул жылы февраль айынын ичинде райОНОлордун адистердин билимин көтөрүү үчүн атайын курстарга алып келдик.
Ошондой эле райондук, шаардык элге билим берүү системалары жаңы шартка ылайык кандай иштеш керек, бул боюнча типтүү жобону иштеп чыкканбыз, бул азыр Адилет министрлигинде каралып жатат. Ошону менен башкаруу системасын дагы биз өз ордуна, өз нугуна коёбуз.
ОблОНОлор жоюлгандан кийин райОНО менен министрликтин ортосунда боштук пайда болгон. Ошол боштуктун ордуна азыр методикалык борборлорду койдук, райондорго жаңы жоболорду жазып бердик. Ошону менен биз муну дагы системага салып алдык. Ал эми башкаруу ишинде система жана мехнизмдерди табуу өтө өзөктүү нерсе. Биз ошол өзөктөрдү таап, иштетип жатабыз.
Мектептер үчүн
жаңы Жобо
Мектептердин типтүү жобо-
су акыркы жолу 1994-жылы иштелип чыккан экен. Андан бери экономикабызда канча өзгөрүү болду? Ошондуктан ушул май айындагы коллегияда жаңы типтүү жобону иштеп чыктык. Адилет министрлиги карады, эми өкмөттүн чечимин күтүп жатабыз. Мында директор, завучтардын ролу, мугалимдердин жоопкерчилиги жана укугу, тарбия иштеринин жүрүшү, сабактар кандай өтүлүшү керек, бала 1-класска киргенден тартып, мектепти бүткөнгө чейин кандай калыптаныш керек, тарбия, билим берүүнүн жолдору аны эмнеге үйрөтүш керек, ушулардын баары типтүү Жободо каралган. Кээ бир мектептерде "түшпөс хан" болуп алган директорлор бар, алар дагы мамлекеттик мектеп болгондон кийин, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийиши керек. Ошондой эле типтүү жобонун дагы бир өңүтүн иштеп чыгалы деп жатабыз, Кыргызстандагы бардык мектептерди, мейли ал менчик мектеп болобу, ислам мектеби болобу, бардыгын мамлекеттик стандартка баш ийдирүү абзел. Мамлекетте жашагандан кийин ар бир мектеп биздин мыйзамдарга баш ийиши керек. Болбосо, акыркы убактарда кичине башаламандык боло түшүптүр. Ошондой эле мектептер менен иштешкен донорлорду дагы өз алдынча эмес, биз менен өнөк болуу аркылуу жардам берүүсүн сунуштайбыз. Министрлик мамлекеттин билим системасынын саясатын жүргүзүп жаткандан кийин, алардын сөзсүз биз менен чогуу иштешкенин оң көрүп жатабыз.
Министрлик
курулуш жана куруу иштери менен алектенбеши керек
Президентке чоң ыраазычы-
лык айтабыз. Билим системасы үчүн Президент ак жолтой болду. Анткени, көп жылдан бери көбөйбөй келаткан айлык маяналар көбөйдү. Компьютерлер, окуу куралдары бекер берилип жатат, эне-аталар төлөөчү мүчөлүк акылар жоюлду. Башталгыч класстын окуучуларына тамак уюштурууну чечип берди. Бул жылы эле 762 млн. сом жаңы мектептерди курууга жумшалды. Ал эми курулуш иштери боюнча биз менен кызматташкан беш капиталдык курулуш башкармачылыгы бар - Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана мамлекеттик курулуш башкармачылыгы, ошондой эле министрликтин курулуш башкармачылыгы.
Ошондой эле менин өзүмдүн жеке принципиалдуу көз карашым, министрлик куруу жана курулуш иштери менен алектенбеши керек. Мына бул жылы өзүмдүн суранычым боюнча Ысык-Көлдө, Таласта курулуш башкармачылыгынын бөлүмдөрү пайда болду. Мамлекет ошолорго каражат бериш керек дагы, мектеп туура курулуп жатабы деген кызыкчылык өзүн-өзү башкаруу системасы тарапта болуш керек. Башкача айтканда мектептин сапаттуулугуна жергиликтүү башкаруу органдары, ата-энелер, эл көзөмөл жасап, талап коюп, карап турушу керек.
Декабрь-январда биз Каржы министрлигине: "Мына бул мектептерге өзгөчө көңүл бурсаңар?" - деген тизме менен кайрылабыз. Каржы минстрлиги андан кийин өз ыктыяры менен ошол тизмени түзөт, бекитет, андан соң премьер-министрге көргөзөт. Өтө белгилей кетүүчү бир учур, жоопкерчилик бизде болгону менен, биз бул чечимди кабыл алганга (кайсы мектепке акча берилет, кайсыл мектепке берилбейт), тилекке каршы катышпайбыз.
Ошондуктан көп нерселер билим системасына баш ийбей, башка министрликке баш ийип, бирок жоопкерчилик бизден суралат. Ошондуктан мен коллегаларым менен бир жыйынтыкка келдик, тигил жылдан баштап Чүй облусунда дагы, Баткен облусунда дагы курлуп жаткан мектептердин бардыгын тең ошол жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системаларына бериши керек жана ошолор облустук курулуш коомдорун түзөбү, өздөрү жооп бериши керек.
Курулуп жаткан мектептерди министрлик техникалык көзөмөлгө алыш керек деп ойлойм.
Оштогу сегиз мектеп быйыл ишке кирбей калабы деген кооптонуу бар
Кудай буюрса, Каржы мини-
стрлиги каржылап берсе, ушул жылдын аягына чейин 2111 мектепке дагы 30 мектепке жакыны кошулат деп ойлойм. Бизди эң эле тынчсыздандырып жаткан нерсе, бул - Оштогу жер титирөөдөн кулап калган (Оштогу, Кара-Суудагы, Ноокаттагы) 8 мектептин курулушу. Азыр курлуш ар кандай учурда турат. Кээ бирлери экинчи кабатка, кээ бирлери бир жарым кабатка жетип калды, ошолордон бир аз жүрөкзаада болуп турабыз. Жакында эле аларга Өкмөттүк аппараттан дагы бир чоң комиссия, кечээ эле биздин министрликтен атайын адистер барып келди. Тилекке каршы мектептер убагында, 1-сентябрда берилбей калат го деген кооптонуу болуп жатат. Эгерде курулбай калса, балдарды кандай жолдор менен окутабыз? Муну дагы ойлонуштуруп жатабыз. Бирок биз Ош облусунун губерноторуна ыраазыбыз, күн-түн дебей ушул курулуштарды көзөмөлгө алып иштеп жатат.
Эң чоң эки
максат бар -
бири балдарды кыштан үшүтпөй алып чыгуу, экинчиси үзгүлтүккө учуратпай окутуу
14-майда министрликте кышка даярдануу боюнча штаб түзгөнбүз. Ал штабда бүт республикада райондор менен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге: "Мектептерди кышка кандай даярдайбыз?" - деген маселени караганбыз. 2111 мектептин 1117си электр энергиясы менен жылытылчу. Ошонун эң эле коркунучтуусу, 677 мектеп батареясы жок, кыштан электр жылыткычтары менен чыкчу. Буларды көмүр же альтернативдик жылыткычка өткөрүү үчүн, жылытуунун системасын толугу менен оңдош керек. Ал эми 440 мектептин айрымдары генератор коюп, 308 мектеп таш көмүргө өтүп жатат. Учурда бизди тынчсыздандырган 800 мектеп бар. Бирок алардын дагы айласын издеп жатабыз. Альтернативдик жылытуу боюнча биз 3 жылдык программаны түздүк. Балдарды сентябрдан баштап окутуп, 25-декабрдан чоң каникул берелик деген план бар. Айтор, алдыбызда эки чоң максат турат - биринчиси, балдарыбызды үшүтпөй кыштан чыгаруу, экинчиси окуу пландарын үзгүлтүккө учуратпай аткаруу.
Жаңы жыл үмүттүн жылы болуп жатат. Анткени, бул жылы жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын кайра карап чыгалы деп жатабыз. Анда мамлекеттик стандарт кандай болуш керек, окуу китептерин кандай жазыш керек, жаңы мугалимдерди кандай даярдаш керек, билим системасына баа берүү кандай аткарылыш керек, каржылоонун кандай жолдорун табышыбыз керек, ушундай көп-көп маселелер бар.

(Уландысы 7-бетте)