, 22.08.08 - 2-бет: Сапат џчџн сыйлык...№63, 22.08.08-ж.
 2008-жылдын 1-октябрынан тартып, балдар үчүн жөлөк пул төлөө өлчөмү 35 сомго көбөйтүлөт

Сапат үчүн сыйлык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Исмаилов Кыргыз Республикасынын сапат тармагындагы сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Жыйында стандарттар жана метрология улуттук институтунун төрагасы саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө 2008-жылда сапат тармагындагы сыйлыкты ыйгаруу конкурсуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап берди.
Конкурска саламаттыкты сактоо уюмдарындагы дарылоо жана алдын алуу, дартты аныктоо, медициналык, фармакологиялык жана бактериялык лабораториялар, стоматологиялык, фармацевтикалык, косметологиялык, укалоочу кабинеттер катыша алышат. Сыйлык кичи, орто жана ири ишканаларга үч номинация боюнча ыйгарылат.
"Азыркы мезгилде көптөгөн өлкөлөрдө сапат боюнча сыйлыктар белгиленген. Сапат боюнча эл аралык сыйлыкка кадыр-барктуу Европалык сыйлык кирет. Бул сыйлыкты ыйгаруу 1991-жылдан бери өткөрүлүүдө. Ушул өңдүү эле сыйлык КМШ өлкөлөрүндө да бар. Сапат боюнча сыйлыктар сапатты жана өндүрүштү башкаруу ишканаларында кеңири пайдаланылууда. Ал зор мааниге ээ, себеби, рынок экономикасынын шарттарында ишканалар менен уюмдардын өнүгүшүндө жогорку сапат өндүрүштүн өнүгүшүнө түздөн-түз көмөк көрсөтөт эмеспи", - деди Мурат Исмаилов.
Жыйындын жүрүшүндө Мурат Исмаилов быйылкы жылы Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси боюнча, биринчи жолу бул чөйрөдө сапат тармагындагы сыйлыктын уюштурулгандыгын белгиледи. Конкурска саламаттык сактоо тармагындагы 98 ишкана активдүү катышууда.
Жыйында сапат тармагындагы сыйлыкты ыйгаруу боюнча конкурстун дипломанттары үчүн жыл сайын байгелерди даярдоо жөнүндө маселе талкууга коюлду. Мурат Исмаиловдун айтымында, кеңештин жыйынтыктоочу жыйынын сентябрда өткөрүү пландаштырылууда. Анда конкурстун жыйынтыктары чыгарылмакчы.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Өкмөттүк комиссия отчёт берет
2008-2009-жылдардын кышка даярдыкты көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын ишмердүүлүгү чечүүчү фазасына кирди. Эске сала кетсек, өкмөттүк комиссияны түндүк багыт боюнча биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, түштүк багытын Өнөр жайы, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкибеков жетектейт.
Комиссиянын мүчөлөрү суу-энергетикалык абалды турукташтыруу жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдык боюнча регионалдык штабдардын отчёттору менен таанышышат, алардын ишинин натыйжалуулугун талдашат. Райондор жана жалпы эле облустар боюнча электр энергиясын жана кубаттуулуктарды пайдалануу боюнча белгиленген лимиттердин сакталышын текшеришет.
Ошондой эле, 3 фазалуу керектөөчүлөрдү инвентаризациялоонун жыйынтыгын текшеришет жана электр бөлүштүрүүчү энергия компаниялардын отчётторуна ылайык, өчүрүлгөн 2 фазалуу керектөөчүлөрдү тандоо жолу менен текшеришет. Мында коомдук жайлардан тышкары, мончолорго жана сауналарга, электр энергиясы менен тамак-аш даярдоо, электр буу казандары үчүн пайдаланышкан соода-көңүл ачуучу мекемелерге өзгөчө көңүл бурулат. Мындай иш-чаралар уруксат этилген техникалык шарттардан ашып кеткенде колдонулаарын эске сала кетели.
Комиссиянын мүчөлөрү жер-жерлерде калкка отун сатуучу түйүндөрдүн бар же жоктугун, калкка отун ташып берүүчү транспорт кызматы уюштурулганын текшеришет, отундун өлчөмүн баалашат, кесек отундун баасын талдап көрүшөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча облустарда жана райондордо жүргүзүлгөн иш чаралардын жүрүшүн карашат.
Ошондой эле, региондордо кезек-кезеги менен электр энергиясын өчүрүүнүн ыкмасын жана натыйжалуулугун баалашат жана башка региондорго таратууга боло турган кыйла натыйжалуу иш-чараларды алып чыгышат.
Ошентип, Өкмөттүк комиссия 26-августта штабдын селектордук кеңешмесинде калктын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы боюнча жасалган иш-аракеттери жөнүндө отчёт берет.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Калктын аялуу катмарына камкордук
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам берүү иш-чарасы уюштурулду. Учурдагы азык-түлүккө баалардын өсүшүнө байланыштуу, эң алгач пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү зарылчылыгы келип чыкты.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пенсионерлерге гуманитардык жардам берүү үчүн демөөрчү таап, Бишкек шаарындагы 250 пенсионерлердин ар бирине 5 килограммдан ун бөлүп берүүнү колго алды. Бул гуманитардык жардамды берүүгө "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси жана анын жетекчиси Саид Баюми колдоо көрсөттү. Мындай колдоо өлкөдөгү азык-түлүккө баалардын өсүшүнө байланыштуу, калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоого алуу боюнча кабыл алынган иш-чаралардын негизинде жүргүзүлүүдө.
Социалдык коргоо - алгач бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу, пенсия, жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү маселелерин өз ичине камтыйт. 2008-жылдын 1-июлуна карата пенсиянын орточо өлчөмү 10%га жогорулады. Акыркы 2 жылга салыштырмалуу 26%га жогорулаганын кошумчалай кетели. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пенсиянын өлчөмү дагы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Акыркы көбөйтүүнүн негизинде бир айлык пенсиянын орточо өлчөмү 1278 сомго жетти.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2008-жылдын 1-октябрынан тартып, балдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмүн 35 сомго көбөйтүүнү көздөөдө. Бул үчүн кошумча 30,5 млн. сом каражат талап кылынат. Андан тышкары, 1500 сомго чейин пенсия алуучу жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү зарыл. Аталган маселени чечүү үчүн кошумча 11 млн. каражат каралган. Жалпысынан бул иш чараларга 41 млн. сом бөлүнүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" аттуу коомдук бирикме Кыргызстанда 2000-жылдан тартып расмий каттоодон өтүп, Египет өлкөсүнүн жараны Саид Баюми мырзанын жетекчилиги астында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Мындай кайрымдуулук иш-чараларынын Кыргызстандын жардамга муктаж жарандарына даректүү колдоо көрсөтүүдө көмөгү чоң. Мисалга алсак, учурда өлкөнүн 200гө жакын айылдарында калкты таза суу менен камсыз кылууга бул коомдук бирикме көңүл буруп, жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле, жакшы окуган студенттер үчүн стипендия берүү жана ошону менен катар эле, компьютерлер менен камсыз кылууда. Мындан тышкары, бардык облустар боюнча 700гө жакын жетим балдар үчүн ар бирине 800 сомдон ай сайын материалдык жардам көрсөтүлүүдө.
Гуманитардык жардамды тапшыруу учурунда министр Өктөмкан Абдуллаева чогулгандарга кайрылып, өлкө башчысы Курманбек Бакиев калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүүгө чоң көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи. Андыктан, мындай жардам көрсөтүүнү облус, район жетекчилери колго алмакчы. Кыскасы, калктын аялуу катмары жардамсыз калбайт.
Ал ошондой эле, калктын аялуу катмары үчүн турак-жай субсидиясы үчүн шаардык бийлик каражат бөлгөндүгүн эске салды. Андан тышкары, электр жарыгы, жылуулук энергиясы жагынан да мамлекет турмушу начарларга такай жардам көрсөтүүгө ниеттүү. Баанын кымбатташын токтотуу максатында жер-жерлерде атайын базарлар ачылып, алар жергиликтүү бийликтердин катуу көзөмөлүнө алынууда. Бул болсо, өз кезегинде алып сатар, кызыл кулактарды тизгиндөөгө мүмкүндүк берет.
Министр айым чогулгандарды мындай кайрымдуулук акциялары такай өткөрүлүп тураарына ишендирди.
Ал эми, өз кезегинде гуманитардык жардам алууга келгендер Президентке, Өкмөткө жана министр айымдын өзүнө терең ыраазычылык билдиришип, алкыштарын айтышты.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Кытайдагы
боордоштордон белек Улуттук китепканага кытайлык кыргыз боордоштор руханий жана илимий белек тартуулашты.
"Тил жана котормо" журналы чейрек кылымга жакын мезгилден, тактап айтканда 1985-жылдан бери Кытайдан жарык көрүүдө. Анын негизделишине чоң салымын кошуп, алгачкы санынан бери жетектеп келе жаткан башкы редактору, белгилүү аалым Макелек Өмүрбай шейшемби күнү "Тил жана котормо" журналынын бардык 96 санын аталган китепканага салтанаттуу тапшырды. Бул басылма кыргыз тилинин адабий нормалары, жергиликтүү тилдин сөздөрүнүн калыптанышына, байышына омоктуу салым кошуп келген. Журнал кыргыздын адабий тилин туруктуу калыптандырууга, кыргыз адабияты менен тилин окутууга, элдик лексиканы чогултуп байытуу ишин иликтеп, тыкыр изилдөөгө арналган. Кийинки жылдары журнал "Манас" эпосунун тили аркылуу кыргыз адабий тилинин нормаларын аныктоону, аларды архаизм катары карабай, кайра активдүү колдонууну максат кылган. Андан тышкары кенже эпостор баштап элдик ырларга чейин иликтешкен.Мындан кээ бир архаизмге айланып, колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү кайра күнүмдүк турмушта пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылаары шексиз. Ал котормо теориясын ар тараптуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн да байыткан. Журнал араб алфавити менен кыргызча чыгарылып келген.
Белекке келген бул журнал Кытайдагы боордоштордун тилине, адабиятына, маданиятына кызыккан окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"




Сугат суусуна акы төлөөнүн өлчөмү
Премьер-министр Игорь Чудинов айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба тармагынан сугат суусун бөлүштүрүү боюнча кызматка акы төлөөнүн убактылуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө токтомго кол койду.
Сугат суусу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү 2008-жылдын 1-августунан баштап ишке киргизилмекчи. Бул багытта айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, финансы министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилди. Эми жогорудагы токтомго ылайык кадыресе райондордо жашашкан суу пайдалануучулар 1-апрелден баштап 31-июлга чейин 1 кубометр суу үчүн 3 тыйындан, ал эми 1-августтан баштап 31-декабрга чейин 3 тыйындан төлөшмөкчү. Бир кыйла оор жаратылыш шарттарындагы райондордун суу пайдалануучулары 1-апрелден баштап 31-июлга чейин 1 кубометр суу үчүн 1 тыйындан, ал эми 1-августтан баштап 31-декабрга чейин 0,2 тыйындан акы төлөшөт.

Р.ЖЕТИГЕНОВ




Өсүш бар
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда мамлекеттик бюджетке салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети менен бажы комитети аркылуу пландагы 22308774,2 миң сомдун 21426194,8 миң сому түшкөн, же тапшырма 96%га аткарылган. Өсүү ыргагы 135,5%ды түздү.
Август айында болсо мамлекеттик бюджетке пландагы 3123668,2 миң сомдун 1931053,6 миң сому түшүп, план 61,8%га орундалган. Өсүү ыргагы 143,1%ды түздү.

Өз маалыматыбыз.

Дайындоо
Машрапова Гүлай Эгемназаровна иОш облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Кызматынан бошотулду
Берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Закир Эшматович Шарапов ээлеген кызматынан бошотулду.