, 22.08.08 - 11-бет: Осмонкул менен Џмбеталынын таймашы...№63, 22.08.08-ж. Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка
(Башы № 62-санда)
Даткайым
Жакшы менен бир жүрсөң,
Соода болот Даткайым.
Жамандарды жолотпо,
Коога болот Даткайым.

Ак сарайга байлаган,
Аркардай көзү жайнаган.
Ак боз ат кимдин малы экен,
Далайды сындап тандаган,
Даарып жигит барбаган,
Даткайым кимдин жары экен.

Эл арасында сакталып калган бул ыр Арстанбектин ордодогу казалынан үзүндү сыяктуу сезилет. Сыйнат даткайым дагы жамактап ырдачу экен. Күйөө баласы Шералы хан, сиңдиси Жаркынайым кайтыш болушканда сайсөөктү сыздаткан кошокторду айтып, уккан элди жашыткан экен.
Кудаярхан дагы Таласта
чоңоюп өскөндүктөн, комузду жакшы чертчү экен, атасы Шералы хан комузду дагы, кошуп ырдаганды дагы өздөштүргөн киши болгон. Булардын чөйрөсү ошондой өнөргө жакын болушкандыктан, Арстанбектин өнөрүн бийик баалап, каалоосун аткарып жөнөтүшкөн.
Ормон хандын ордо менен байланышы
Алайлык санжырачы Сарта-
ке Курманалиевдин айтуусунда, илгери Ормон жаш кезинде он чакты жигиттерди чогулта калып, коңшулардан жылкы тийип келели деп жөнөп калат. Атасы Ниязбек баатырдын тыюсун укпай кетет. Саяктардын жылкысына тийген Качыкенин уулу Эралы баатыр ыргыта сайып, колго түшүрүп орго салып коёт. Туткун болуп аябагандай кордук көрөт. Ошол мезгилде Кетмен-Төбөдөн эки жолу мал уурулукка келип колго түшүп калышса, беш-алты күн жаткандан кийин эле "хандан буйрук болду" дешип чыгарып кетишет. Атасы Ниязбек сегиз бектин жетөөсү аман болсун, тил албаган тилазар Ормон жазасын алсын деп кабарлашпай коёт. Ормон саяктардын колунда буту-колун кишен кыйып абдан жүдөгөндө, бирөөлөрдүн жардамы менен эптеп качып кутулат.

Айылына баргандан кийин: "Атаңдын көрүү, ханы жок эл - ээси жок малдай болуп, кароосуз өлөт тура", - деп, оң атанын эл жакшыларын, акылмандарын уюштуруп, курултай сыяктуу жыйын өткөрүп, хандык уюштуруп, өзү хан шайланат. Кийинчерээк хандык мансаптын жол-жосунун, бийлик тартиптерин көрүп-билип келели, Кокон хандыгы менен мамилелешип келели деп, аталаш тууганы Шаменди, дагы үч жигит жансакчыларды коштотуп ордого барат. Кокон шаарында жаркылдаган даткайым Сыйнатка жолугат, аны менен боордош мамиле түзүп, анын жардамын көрөт. Хан менен керектүү маселелерин макулдашып чечип алат. Сыйнат дат-
кайым ордону өз үйүндөй кыдыртып көргөзөт. Ордо жүз бир бөлмөдөн турат экен. Бир чоң бөлмөдө айтчулар, жазчулар чогуу отурат. Бирөөлөр кагаздын түрмөгүн берсе, башкасы жазылган кагаздарды кайра түрмөктөп жатышат.
Бул жерде эмне болуп жатат деп сурашса, Кокон хандыгына караштуу элдин санжырасы жазылып жатат деген экен эжебиз. Анда бир санжырачы: "Бир кезде сиздин аталарыңыз болгон Эсенкул баатырдын Мурат деген мыкты уулу Нарбото бий менен достошуп, бир жылы чогуу жүрүшүп Ала-Тоонун элин ордого кошо турган болуп ишке ашпай калган. Эми сиздин иштериңизге ийгилик каалайбыз", - деген экен. Сыйнат даткайым тоолуктарын
боордоштук менен тосуп, эстей жүргүлө деп кооз белектерди берип жөнөтөт.
Ормон элге келгенде: "Ордодон эр азаматка алмаштыргыс кыргыз аял көрдүм. Ордону ойдогудай тейлеп, Коконду колу менен бийлеп турат экен", - деп айтчу экен. Кийин хандыкты уюштуруп алган соң, Шаменди чакырып алып: "Бир канча зарыл маселелерди дайындап, айрыкча баягы жазылып жаткан санжырадан бизге тиешелүүсүн жаздыртып кел деп эки молдосун кошуп берип, даткайымга салам айт", - деп белектерди даярдап жөнөтөт. Шамен жөнөп жатып, ал белектерден башка бир илбирс ичик жасатып алат. Илбирс терилерин ийине жеткире ийлетип, бүтүндөй бир тай сүлөөсүндү жакалаткан экен, жөн эле сеңселет дейт, көркүнө чыгып, атаңгөрүү... Жөнөөрдө ичикти Ормонго көрсөтүп: "Муну сиздин атыңыздан ханга жабамын", - деген экен Шамен.
Шамен деген Ормон хандын сырткы, эл аралык иштерин бүтүрчү, дегеле жалпы негизги маселелерин чогуу чечүүчү акылман тууганы болот. Экөөнүн аталары Ниязбек менен Куттуксейит бир тууган Эсенкул баатырдын балдары болушкан.
Шамендин Сыйнат даткадан көргөн
сый-урматы
Шамен баатыр нөөкөрлөрү менен жол жүрүп отуруп ордого барышат. Даткайымга жолугуп, Ормондун салам-дувасын айтып, аманат белек-бечкектерин тапшырып, жаңы хандыктын иштеп жаткан жөн-жайын айтып түшүндүрөт. Даткайым менен ханга белек тапшырышка такты карай бет алышат.
Бул күндөрү баягы Мадали түбөлүк жайына кетип, ордуна тууганы Шералы келип, тагдыры окшош болуп ал дагы анын артынан кетип, эмки кезек Кудаяр ханга келип, Шамен босогону аттап кирип келгенде чырактай жанган супсулуу жаш баланын хан экенине ишенбегенсиди. Тоо тараптан кишилердин келишин күтүп турган Кудаяр ийкем саламдашты. Сыйнат датка: "Өзүңүз жабыңыз" дегенчелик Шаменге жол берди эле, Шамен: "Ордуңуз кут болсун, тагыңызды талашкандар оңбосун, өмүрүңүз узун болсун", - деп хандын ийинине жапты. Таласта туулуп-өскөн Кудаяр мындай ичикти көргөн менен кийбеген эле, кубанып калды. Бул кийимди Кочкордон келген кочкор ичигим деп дайыма сыйга кийчү. Бул ичиктин үлгүсүн андан ары жакшыртып Сыйнат менен Жаркынайым терилерди ийлетип, келин-кыздарды чогултуп тиктирип, ордого келген кадырман кишилерге улуксан
кийим катары кийгизип жүрүштү. Кочкор ичик кийинчерээк Кокон ичик аталып, аны кийген кишилер ордонун ызааттуу кишилери болуп түшүндүрүлүүчү.



Кетмен - Төбөнүн мааниси "кетменби"?
Бир туура эмес сөз сүйлөнүп
кеткенде: "Эч нерсе эмес, анын "эрөөн-төрөнү жок" деп жооткотуп айтылган сөз, сөзсүз байыркы "иран-туран" согушуна байланыштуу келип чыкканын кабарлап турат. Мындай сөздөр азыр да айтылат. Менин Муратбек деген досум, аялы менен айтыша түшкөн күнү эле "Биз дагы "ирак-кувейт" болуп атабыз", - деп калат. Ирак-Кувейт согушу учурунда чыккан бул сөз биздин топтун ичинде ушул күнгө чейин ылакап болуп колдонулууда. Жогорку сөздөрдүн келип чыгыш тарыхы да дал ушул сыяктуу эле көрүнүш.
Сактын башка бир формаларда айтылышы "шак", "шах". Ал Иран мамлекетин башкарган башчынын титулу. Мына ушул жерде уруунун аты мамлекет башында турган адамдын даражасын билдиргенин көрөбүз. Бул өтө сейрек, бирок окумуштуулар эске ала турган кызык факты. Ушундай учур б. з. IV.VI. кылымдарында Түндүк Кытай аймагында түзүлгөн Тоба-Вей империясынын тарыхынан да жакшы белгилүү. Төбөйлөр түзгөн бул улуу империя "тоба-вей" деп аталып, анын жогорку чиндеринин бири "дувей" делген. Бул сөздөр кыргыз тилинде бүгүн "төбөй", "тубай" уруктарынын аттары катары сакталып, бир убакта чоң дөөлөттөрдү түзгөн улуу урук болгону тууралуу уламыштарын үзбөй айтып келатышат.
Анан ушул эле төбөй уруусунун "табгач" деп түрк тилинде сүйлөнүшү да бир учурда Карахан дөөлөтүнүн хандык титулуна кошулуп айтылган16 .
Ошентип, адегенде уруунун аталышын билдирген этноним кийин сактар Иранды бийлеген учурдан тарта "шах" формасына өтүп, алардын хандарынын титулун түшүндүрүп калган.
"Сай", же "сайак" этнонимдеринин этимологиясы
Эми "сак" этнониминин кытай тилинде "се", "сай" деп айтылышы жөнүндө. "Се" кыргыз тилинде эч нерсени түшүндүрбөйт. Ал эми "сай" эң сонун сакталган. Мисалы: сай - "суу акпаган өзөн". Мындан башка кыргыз: "сай кашка", "сай күлүк", "сай тал", "сай сагызган" ж.б. деп сүйлөйт. Ушул сөздөрдүн баарында сай - "эң мыкты" деген маанини берет.
Ал эми "саин" деген монгол сөзү "мырза", "төрө" деген маанилерге ээ. "Сайан" тоонун аты. Этимологиясы бизге түшүнүксүз? Балким жогорку монгол сөзүнүн эле башкача формада айтылышыдыр? Андай болсо, анын мааниси - "хан тоо", "улуу тоо", "ыйык тоо" экенинде шек жок. А балким, тоо Иран арийлеринин ыйык китеби болгон "Авестадагы" мифтик "саэна"17 кушунун атынан улам ушундай аталгандыр? Ал кыргыз мифтеринде "алп кара куш" деп айтылат. Андан башка "Манас" эпосунда, көрүнүшү боюнча барс тукумуна кирген "куйругу кылыч" "сайас" деген жаныбар бар.
Дагы: "сайатчы" - кыраан кушту таптаган мүнүшкөр. Демек, "сайат" - "кы-раан куш" деген сөз. "Сойот", "сойон"18 деп аталган тубайлардын (тыва) бир аталышы Сайан тоосунун атына байланыштуу чечмеленет.
Андай болсо, кыргыздын байыркы ири уруусунун бири - "сайактын" аты эмнени түшүндүрөт? "Кыраан куштубу", же "мыкты адам", "мыкты эл"("сай-ок") дегендиби? Же, Сайан тоосунун атынбы? Анда, сайактар качан ал жакта болду эле? Эгер кайсы бир мезгилдерде ал жакта болгон болушса, анда Сайан тоосунун атынан сайактардын аталышы келип чыкканбы, же сайактардын атынан Сайан тоосунун аты аталганбы?..
Сайак - "кыраан кушту" билдириши мүмкүн. Анткени, ал өзү "куш" атын алып жүргөн элдин бир бутагы. Мисалы, Ю.А.Зуевдин жазганы боюнча, "кыргыз" этноними "гриф эли" дегенди түшүндүрөт. Индо-иран тилинде "керкес"(karkas) - "бүркүт"19 . Аны бул элдин "бурут" деп аталып турушу да ырастап турат.
Балким, белгилүү Манас изилдөөчү Т. Абдыракуновдун айтканы да туурадыр? Сайак -"сыя-ок" деген иран сөзүнөндүр? Ал "кара адам", "кара эл" деген мааниге ээ. Андай болгон учурда да "кара" кыргыз тилинде - "байыркы", "улуу", "чоң" деген сөз.
Бул учурда атактуу "Шах-наменин" негизги каармандарынын бири Сиявуштун ысмы ("сыя" - "вус", "сыя" - "гуз") "кара огуз" дегенди билдирээрин окурмандардын эсине салабыз. Бул жерде "в" - "г" тыбыштары алмашат. Мисалы, "тов" - "тог"("таг"), "сув" - "суг"20 ж.б.
Сайак -"сак-ок" деген сөздүн курамынан жаралган сөз болушу да мүмкүн? Бул учурда "к" - "й" тамгасына өтөт да "сак-ок" - "сай-ок", "сайак" болуп айтылган формага келет. Окурмандардын баары эле тилчи болбогондуктан, жогорку эки тамганын алмашылып айтылышына бир мисал келтирип коёюн. Биз "тага ата" дегендин ордуна "тайата", "тага аке" дегендин ордуна "тайаке", "тага эне" дегендин ордуна "тайэне" деп сүйлөйбүз. Кыргыз тилинин мыйзамы ушундай. Дал ушул сыяктуу эле "сакок" - "сайок" формасына өтөт.
Сайактын негизинде байыркы арий тилиндеги "кшай" (формалары: "кшай - шай", "ксай-сай", "ктай-тай" ж.б.) сөзү жатышы да толук ыктымал? Ал "хан", "бек", "төрө" деген маанилерди берет. Байыркы арийлердин салты
боюнча (ал "Манунун мыйзамында" эң сонун жазылган - мен Б.Т.) коомдун эң жогорку "кол тийбестер", "ыйыктар" деп аталган "брахман" кастасынан кийинки хандар, кол башчылар чыккан
жоокердик каста - "кшатрий" деп аталат. Анын башка тилдердеги формалары: "к-шайтурлар", "сайтурлар", "сайтөрөлөр" ж.б. Мааниси "мыктылар", "тандалгандар", "эл башкаргандар" дегенди билдирет.
Негизи, менин жеке баамымда, "сактар" менен "сайлар" бир эле элдин эки канаты болгон
сыяктанат? Эгер бул болжол чындык болсо, анда "сак" - Оң канаттын башында туруп Күн Батыш, "сай" - Сол канатты башында туруп, Күн Чыгыш элдерин бийлеген.
Ошентип, бир мезгилдерде байыркы арат (арий) урууларынын башында турушкан сайактар кийин бийликке келген сактар ("шах") сыяктуу эле өздөрүнүн уруулук аталышын "сай"("кшай") формасында айтылган хандык титулга айлантышкан.