, 19.08.08 - 7-бет: Бишкек билимдин, маданияттын очогу...№62, 19.08.08-ж.
  Бишкек билимдин, маданияттын очогу

Кызмат адамдын эмес, адам кызматтын ажарын ачсын
Шаарлар жана адамдар абалтан тагдырлаш. Анткени, шаарларды адамдар курат, куду аарыларга окшоп жашоо- тирилигинин уясына айландырат. Ошондуктан, шаарлардын деле адамдарга окшоп өзүнчө өмүр баяндары бар. Ошол өмүр таржы- малы биринчи курулган үйдөн башталат. Кыргызстандын борбору Бишкек да, ошондой тарых-таржымалга эгедер.

Шаар санжырасына саякат
Тарыхый жазмаларда "Бишкек" деген терминди эскерүү он сегизинчи кылымдын башына туура келет. Орусча аталыштагы "Пишпек" - кыргыздын кымыз бышкан бышкегинин бурмаланып айтылышы. Түбү барып тарыхый инсан, солто уруусунун кыраан колбашчысы Жоочалыштын урпактарынын бири - Бишкек
баатырдын дарегине такалат. Уламышка караганда, баатырдын энеси сабаа бышып жатканда толгоосу кармап, ымыркай жарыкчылыкка келгенде атын Бишкек деп коюшкан экен. Баатыр өмүр бою Ата Мекенин душмандардан коргоп жүрүп өтүптүр. Ошол бабабыз бул чөлкөмгө биринчи турак-жайды, чепти, кербен-сарайларды куруп, анда соодагерлер конуп-түнөп, соодаларын жүргүзчү экен. Кийин Бишкек баатыр дүйнөдөн өткөндө ага чийки кыштан күмбөз тургузулган. Мезгилдин өтүшү менен күмбөз урап, ал жайгашкан жер Бишкек аталып калган.
Чүйгө ээлигин орноткондо
Кокон хандыгы 1825-жылы
биринчи курган чеп да Бишкек чеби деп аталган. Чүй өрөөнү кийин Россиянын курамына кошулганда, орус төрөлөрү Бишкекти өз тилине ылайыкташтырып, "Пишпек" деп өзгөртүп алышкан.
Бишкек баатырдын күмбөзү ушул тапта Ысык-Көл кинотеатры орношкон жерде болгондугун археологдор далилдешти. Ушундан улам кыргыз мамлекетинин борбору Бишкектин тарых-таржымалы Бишкек баатырдын доорунан башталаарын, ал эми жашы болсо эки жарым кылымды чапчырын айтып коюунун оңуту келип турат.
1878-жылдын 29-апрелинде Чүй уезди Токмоктон Пишпекке көчүрүлгөндө кыштак борборго айланып, шаар статусун алган. 1924-жылдан Кара кыргыз автономиялуу облусунун, 1925-жылы кыргыз автономиялуу облусунун, 1936-жылдан Кыргыз ССРинин борбору болгон. 1926-жылдын 5-апрелинен 1992-жылга чейин ордо калаа Фрунзе аталган.
Бишкектин европалык типтеги биринчи курулуш планы Түркстан генерал-губернатору тарабынан 1878-жылдын 31-августунда бекитилген. Бишкек шаарын биринчи жашылдандыра баштаган натуралист-багбан Алексей Михайлович Фетисов 1881-жылы Каражыгач багын, 1898-жылы Эмен паркын негиздеген, багбандар мектебин уюштурган.
Шаар географиялык жагынан жолдор учташкан кенен чөлкөмдө, Ала-Тоонун этегинде, Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайынан чоң суулар күрпүлдөп агып түшкөн аймакта, тогуз жолдун тоомунда, Кыргыз мамлекетинин ордо шаары үчүн табият атайылап жасап койгондой жакшына жайда жайгашкан.
Терентьевден
Түлеевге чейин
Демек, борбор калаабыздын келечеги кең, өркүндөп-өсүүнүн, төрт тарабынан канаты жайылып, кеңейүүнүн, чоңоюунун гана жолунда, ал болсо шаардыктардын, шаарды башкарып тейлеген атуулдардын гана колунда. Бишкектин биринчи шаар башчысы Терентьев аттуу адам болгон экен. Ал эми азыркы тизмедеги жыйырма бешинчи шаар башчысы - мэри Нариман Тү-леев. Мында белгилеп коё турган бир жагдай: бул атуул кызматты баштаар алдында айтчу сөзүн салт болуп калган антем-минтем деген убадаларды берүүдөн эмес, күн-түндөп иштеш үчүн, түйшөлүп түйшүк тартыш үчүн келгенин айтты. "Мен ишти баштап жатып таразага түштүм, мөөнөтүм бүтүп иштен кетип жатканда да таразага түшөм, - деди Бишкектин жаңы мэри, - ошондо иштин ийгилиги менин канча арыктаганыма жараша болгондугун билесиздер. Темир жолго ишке келгенде да ушундай принцип менен иштегенмин".
Бир акылман айтыптыр: чыныгы адам өзүн сөз менен эмес, иш менен көргөзөт деп... Даанышмандардын айткандарын сөз аркылуу эмес, иш аркылуу сына дептир дагы бир акылдуу адам. Ал эми атактуу Конфуций: "Арча менен кипаристин кимиси чыдамдуу экени суук түшкөндө билинет", - деген накылын калтырыптыр.
Улуу адамдардын ушул өңдүү учкул кептери турмушта нечен
ирээт далилденип келет... Чындыгында ишкердик-адамдыктын башкы белгиси. Жакшы ишти бирөөнүн колу менен жасай албайсың. Өзүңдү көргөзгөн да ошол өз колуң менен жасаган ишиң. Нариман Түлеев ушул ишти Кыргыз темир жолунда жетекчилик кызматта жүргөндө иш жүзүндө көргөзүп, элдин ишеничине ээ болгон, сөздүн эмес, иштин адамы экенин далилдеген. Ушундан улам да бул инсандын борбор шаардын жетекчиси катары, анын көйгөйлөрүн чечүүдө чоң салым кошооруна элдин ишеними чоң.

Борбор калаа бой керет
Бишкек - дүйнөлүк алкактан алганда албетте, чакан эле шаар. Бирок, ал кантсе да эгемендүү Кыргыз мамлекетинин борбору. Аз эле жылдын аралыгында ордо калаабызга дүйнө жүзүнүн дээрлик бүт өлкөлөрүнөн өкмөт жетекчилери, саясый жана коомдук ишмерлер, адабият, искусствонун өкүлдөрү байма-бай каттап, анын көрөсөндүү жайларында болушту, таанышып таасирленишти. Демек, Кыргыз мамлекетинин борборун дүйнөлүк үлгүдөгү кооз шаарга айландыруу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал үчүн мына бул беш багытты: уюштуруу жана кадр иштери, жаштар менен иштөө, социалдык, маданий маселелерди чечүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, курулуш, муниципалдык чарба жана кызмат көрсөтүү өңдүү маселелерди чечүү менен борбор шаардын улуттук ажарын ача турган архитектуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу керек деген ой бар.
Азыр профессионалдардын мезгили келди. Ал эми турмушту жакшыртып, жаңы серелерге чыгуу ишкер, уюштуруучу, иштин көзүн билген чарбакер, өзүнө да, өзгөгө да талапты катуу койгон, туюктан жол таап, эл жүгүн аркалаган ошол профессионалдардын колунда.
Кийинки кезде борборубуз Бишкек тез жаңырууда. Шаардын кайсыл тарабын гана караба, рынок жүзүн - жаңы имараттарды, турак-жайларды, жаңы ишканалардын имараттарын көрөсүң. Базар экономикасынын арым ыргагы, талап-шарты борбор калаанын өнө-боюн өзгөртүп жатат.
Улуу ойчул Леонарда да Винчи айтыптыр: "Жарандарынын бактылуу болушун каалаган өкмөт эмес, ошол бакытка кантип жетүүнүн жолун билген өкмөт жакшы", - деп... Демек, кеп каалоодо эмес, максатка жетүүнүн жолун билүүдө. Каалоо-жөн эле сөз. Билгендик - иш.

Шаарды көркүнө чыгарган жетекчилер
Албетте, шаардын бүт проблемалары бардык учурда күжүрмөн иш менен гана чечилген. Аларды чечүүдө шаар башчылары өз убагында зор салымдарын да кошушкан. Алардын арасынан экөөнүн атын атап кетүү калыстык болот го деп ойлойм. Борбор шаардын жүзүн ачууда, өйдөлөтүп өнүктүрүүдө, талыкпаган иштери менен эл оозуна алынган андай жетекчилер Макиш Койбагаров жана Медетбек Керимкулов. 1945-1955-жылдарда шаар башчысы болуп иштеген Макиш Койбагаров согуштун оор жылдарында бүлүнүп тонолгон борбор калаанын "бакча шаар" (город-сад) деп аталып калышына чыныгы атуул катары белсемдүү салымын кошкон. Өлкөнү калыбына келтирүүнүн он жылы аралыгында, күрдөөлдүү эки беш жылдыктын убагында бул инсан элге кызмат кылуунун нукура үлгүсүн көрсөткөн. Токтоп турган ишканалар иштей баштаган, жаңы-жаңы завод фабрикалар курулган, административдик, маданий мекемелер, турак-үйлөр тургузулган. Борбор калаанын бүт аймагына миллиондогон көчөттөр отургузулган. Жаңы-жаңы көчөлөр, маданий парктар, скверлер, суу фонтандары пайда болгон. Ал эми Медетбек Керимкуловдун борбор шаар үчүн жасаган эмгегине бүт шаар эли, өзүбүз күбөбүз. Бул адамдардын эмгегин эл эмне үчүн баалады? Анткени, алар өздөрүн ак эмгеги менен көргөздү.
Өзгөнү сыйлаганың, өзүңдү сыйлаганың, өзүңө каалабаганыңды өзгөгө да жасаба. Турмушта ким болбосун иш менен бааланат. Кызмат адамды эмес, адам кызматты көтөрөт, баркын-наркын бийиктетет деген накылдын өзөгү ушунда жатса керек. Адамдын түпкүлүк насили чынында куруучулук, жаратуучулук экен. Ал байыркы римдиктердин бир афоризминде: "Адам - куруучу, адам -жаратуучу, түзүүчү", - деп таасын айтылыптыр.
Ошол адам ар заманда ак эмгеги менен гана таанылып келген. Андайлар руху таза, эрки күчтүү, башкалардан жакшылыгын аябаган айкөл инсандар. Ошол ак эмгек, акыйкатчылдык, кара кылды как жарган калыстык, адамдарга жасаган астейдил жылуу мамиле, карыяларга кандай шартта болсо да жардам берүүгө даяр турган дилгирдик, бардык нерсеге принциптүү мамиле - бүгүнкү жетекчинин нак бейнеси ушул.
Эгемендүүлүктүн алдындагы "Эркиндик" гүлбагы
Эшигин көрүп, төрүнө өт" деген сөз бар го, элибизде. Ушуга өтө көңүл буруу зарыл. Алардын орчундуулары: көчөлөр, тро-туарлар, скверлер, аллеялар, гүлбактар түндөсү да жарык болуп турууга тийиш.
Бирок, бир эки жыл мурда өзүбүз көрдүк го, борбор калаабыздын чүнчүп турган түр-турпатын, сынган орундуктарды, бүлүнгөн чарбактарды, суу жетпей куураган дарактарды, чөп-куурай баскан скверлерди, таштандыларга толгон гүлбактарды...
Узундугу жана кооздугу жагынан "Эркиндик" бульварындай дүйнөдө жок. Буга сыймыктанышыбыз керек. Бирок, бир мезгилде бул бульвар такыр кароосуз калбады беле. Көп узабай бул чөлкөм улуулар да, балдар да көңүл ачып сейилдеген накта гүлбакка айланды. "Эркиндик" бульвары дегендин өзү эле кандай сыймыктуу маанини туюндурат? Эгемендигибизди, эркиндигибизди даңазалаган атына жараша заты болуш керек да. Бульварда ушул тапта күндүзү да, түндөсү да сейилдегендер көп. Ушундай абалга кыска мөөнөттө Токон Шайлиева жеткирген дешип ыраазы болгондор көп.

Жаңы жетекчи жаңыча иштесе
Бишкектин мамлекеттин борбору катары дүйнөлүк алкактагы мааниси ушул тапта чоң аброй менен жогорулоодо. Ага жараша ички-тышкы саясатта алиги чечилүүнү күтүп жаткан актуалдуу проблемалар арбын. Кызматына белсенип киришкен Бишкектин жаңы мэри Нариман Түлеевдин да алдындагы аткара турган иштери чачтан көп. Ал азыр өзүнүн ким экенин дагы бир ирээт сынай турган таразага түшүп турган кези...
Кызмат адамдын эмес, адам кызматтын ажарын ачат деген кеп бар. Кызматтагы ийгилик деле, кемчилик деле адамдын өз колунда. Аракетчил жетекчи кандай иш болсо да майын чыгарат, маңызын ачат, ийине жеткирет. Анан да бүгүнкү жок нерсенин эртең болооруна, бүгүнкү кемчиликтин эртең оңолооруна ишенип жашашыбыз керек. Кызматтан атымды чыгарып шаңданайын дебей, кызматтагы милдет-жоопкерчилигимди жогорулатып, ишти, алдыга сүрөйүн деп келген жаңы мэрдин агынан жарылган бул аракетин колдошубуз гана керек. Айрым жетекчилердей болуп, өзү жөнүндө гана ойлобой элдин камын көрүүнү, көйгөйлөрүн угуп жардам берүүнү, жумушсуздарды иш менен камсыз кылууну, мыйзам бузууларга бөгөт коюуну, салыктарды чыпчыргасын коротпой жыйноону, кирешелерин жашырып, салыктан качкандардын, "крышасы" барлардын бетин ачууну, мугалимдердин, врачтардын, башка бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды, пособиелерди өз убагында бердирүүнү, дагы башка транспорт, жол, тазалык, маданият, турак-жайга байланышкан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнү уюштурууну колго алган мэрдин аракетине ишеним чоң.
Жетекчиге
жети сунуш
Ушуну менен бирге борбору буздун жаңы шаар башчысына кечиктирилбей колго алына турган, ордо калаанын аброюн, көркүн көтөрүүчү мындай каалоолорду сунуштаар элем. Маселен-жол, транспорт маселеси. Борбор калаанын чама-чаркын аныктоочу күзгү - анын жолдору. Анан да транспорт. Муниципалдык транспорт жокко эсе. Маршруттук таксилердин, эптеп эле каттаган троллейбус, автобустардын жүргүнчүлөрдү ташуу баасы дээрлик жүз пайыз кымбаттады. Баарынан да мурда жеңилдиктери бар пенсионерлердин абалы оордоп, үйдөн чыкпай калды. Бул маселени президент К.Бакиев, Н.Түлеевди кабыл алганда чечкиндүүлүк менен чечти. Борбордо жакында 350 муниципалдык автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт. 1-сентябрдан тарта ал автобустарда эки айдан бери жеңилдиктерден ажырап калган пенсионерлер мурдагыдай бекер жүрө баштамак болду. Ошентип, көп жылдан бери көйгөй болуп келген транспорт маселеси ушунда так кесер чечилиши мүмкүн болуп калды. Бул дагы жаңы мэрдин иш-аракетине жараша болоору анык.
Президенттин дагы бир демилгеси менен башталган маселе - азык-түлүк корпорациясын уюштуруу аркылуу, алып сатарлардын азыктардын бааларын жогорулатканга бөгөт коюу. Бул демилгени борбор калаанын жаңы мэринин жигердүү колго алганын айта кетели.
Бишкектин жаңы мэрине дагы мындай сунуштарымды тизмелей кетейин. Борбор калаада жашагандардын 70 пайызы кыргыздар. Демек, "Вечерний Бишкек" гезитинин эч болбоду дегенде жарымысы кыргыз тилинде чыгышы кажет. Бул - чоң идеология, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү. Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү кыргызча эмес аталышта. Айталы, Куликовский, Рыбинский, Славянский. Анан да шаардын төрт районунун аталышын тез арада өзгөртүү керек деп эсептейм. Көчөдөгү жарнактардан да шаардын Кыргызстандын борбору экендиги көрүнүп турууга тийиш. Борбордун көчөлөрүнө Германиядан ташып келинген эски автоунаалар батпай кетти. Ошол себептүү шаардын экологиясы эң оор абалда. Муну тез арада чечүү керек. Борбор калаабыз суу фонтандарына, гүлдүү сквер-аллеяларга, эс алуу парктарына, оюн-зоок жайларына өтө бай. Ушулардын баарын ишке чеге алса жаңы мэр Нариман Тулеев эң керектүү, күрдөөлдүү жумуш аткарган болоор эле.
Бектемир МУРЗУБРАИМОВ,
Улуттук илимдер
академиясынын академиги