, 19.08.08 - 11-бет: Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка ...№62, 19.08.08-ж.
  Кыргыз аялдарынан биринчи
даткалыкка Сыйнат жеткен

Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка
Ошол мезгилде ордого да сыйымдуу, элге да жагымдуу болуп, айтканын аткартып турган Сарымсак даткага Шералынын Соноайым карындашынын үстүнө аял алышы, албетте, жакпай калат да, Соноайымды чакыртып келип төрүнө отургузуп алат. Азып-тозуп араң жүргөн Шералыда кайдагы каяша сөз?! Бирок, ошол эле жылы келгенине алты айга жетпей, алты жыл бою көз жарбаган Соноайым балчайган уул төрөп коёт. Балага "бабасынын арбагы колдосун" - деп Абдрахман деп ат коёт. Боюнан бошогон Соноайымды Шералы апасы экөөсү келип алып кетет, төрөт жолу ачылган Соноайым андан кийин да төрт балалуу болуп, тарбиялайт. Абдрахманды Сарымсак бербей коёт, Сарымсактын уулу болуп чоңоёт, эр жеткенде аны Сарымсак датка Ордого жайгаштырып, Мадали хандын лашкер башчысы болуп, өз ата-энеси менен да өтө жакын болот.
Мезгилдер өткөндөн кийин Алимхандан качып келген Асперди, Токтоназарларды Оморхан ордого чакыртып келип бийликке аралаштырат. Жанболот, Чот баатырлар Таласты кармаганы менен дайыма кабарлашып турушат. "Сынган кылычта" Шералыны издеп жүрүп таап келди деген маселе роман жазылган мезгилдеги саясый кырдаалга карата, хан тукумун жерден алып көргө салгандар көп нерселерди калпыстыкка учуратышкан, замананын талабы ошондой болбодубу... Чындыгында Аксы-Таластагы хан тагалары эч жоголбой эле ордонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей эле ордодогу жээн хандар менен насиптеш, шыбагалаш болуп эле өмүр кечирди. Жакшылык-жамандыктарга, аш тойлорго аралашып дегендей, жорук-жосундардан эч качан кол үзүлгөн жок. Оморхан Токтоназарды Тогуз-Торого даткалыкка жөнөткөндө, агасы Асперди ордодо иштеп калган эле.
Сыйнат датканын ордо иштерине аралашуусу
Токтоназардын Сыйнат деген
кызы абасы Аспердинин колунда тарбияланган эле. Сыйнат кичинесинен эле сергек, тиричиликке чыйрак, акыл-эстүү, аң-сезимдүү, жашынан сабаты ачылган, зээндүү, апасы Акбалага окшогон айчырайлуу, кыргыз мүчөлүү, жаштарга (курбуларына) оюн-шоок уюштурган ышкылуу бийкеч эле. Көзгө көрүнүктүү, көңүлгө токтомдуу болуп, ордону чарк айланып, майда-чүйдө болсо да маанилүү иштерин өтөп жүргөн Сыйнат эже бойго жетти. Ордодо бийлик арасында жүргөн, Асперди менен санаалаш, Чаткалда туулуп-өскөн Мусулманкул деген кишинин колунда өскөн жээни Ысман деген жигитке турмушка чыкты, андан бир кыздуу болгондон кийин бир каргашалуу чатакта Ысман кайтыш болуп, Сыйнат эже кызын кучактап жесир калды.
Ордодо хан алмашты. Оморхандын ордуна уулу Мадали хан келди. Сыйнат эже ишин уланта берди. Эмгегинин үзүрүн көрүп, кадыр-баркы өсө баштады. Келген меймандарга ылайыктуу шарттарын түзүп, аларды тейлештирүү ошол кишинин көзөмөлүндө болуп, хан менен түзмө-түз кеңешээр эле, хан да ал кишиге ишенич көрсөтөөр эле. Кокон ордосуна аппак болгон кыргыздын боз үйлөрү тигилип тураар эле. Кийинки мезгилдерде жашы отуздун тегерегиндеги Алымбек ордого келип калат. Аны менен кошо келген келинчеги Курманжан Сыйнат менен санаалаш, пикирлеш болуп ордо үчүн ополтоодой иштерди уюштурчу болушат. Кыргыз үйлөрдү көркүнө чыгара Алайдан бери чогултулган дүнүйөлөр менен кыргыз буюмдары менен жабдап, иштерман уз кыз-келиндерди узантышкан. Ордонун сыртын боз үйлөргө курчоо менен эле чектелбестен, барган адамдарга бул Кокон - кыргыз хандыгынын ордосу экендигин көрсөтүшөт. Сыйнат, Курманжан эжелердин жаш айырмасы он жылча болгон болсо да санаалаш, сырдаш достордой, ынтымак-ызаатташкан бир тууган эже-сиңдидей болушкан.
Датка даражасын алышы
Аткарган иштери менен
көрүнүп жүрүп, акырындык менен бийликке аралашып Шералы хандын заманында даткайым наамы ыйгарылган. Кыргыз аялдарынан биринчи болуп даткалыкка жеткен Сыйнат эжебиз болгон. Ал заман кыргыз дүйнөсү бардык жерде өтө исламдашкан, жашоо эрежелери жалаң гана шарыят менен болуп калган кез болучу. Айрыкча аялдардын укугу, теңдиги, эрки тебеленип, башкарууга катышмак тургай баш көтөрүп басканы айыпталчу. Ошондой оор мезгилдин жүгүн көтөрүп, эл башкарган Сыйнат даткайымдын жоруктарынан сөз кылалы.
Даткайым тоолуктарга айрыкча көңүл бөлчү экен. Бугулардын Буйлаш бийи чоң бий болгон. Карамагында он эки кичи бийлер болгон. Бир жылы кургакчылык болуп жайлоодон мал арык келип сатыкка өтпөй хандын салыгынан кутула албай калышат. Кудаяр хандын бийлигинин алгачкы жылдары экен, салыкчылары каарданышып, Буйлаштын өзүн баш кылып он үч кишини Коконго айдап барышыптыр. Күндүзү иштетип, түнкүсүн тамга камап коюшат. "Элиңер салыкты алып келишип, силерди алып кетишсин" деп чыгарбай коюшат. Ошол кезде Арстанбек жаңыдан ырдап жүргөн кези экен. Атасынын айдалып кеткенине намыстанып издеп чыгып Кокон шаарына келет. Алгач Абдрахман менен таанышат, ал аркылуу Сыйнатка, Жаркынайга жолугуп, ырдап учурашып, абдан ыраазы кылат. Андан кийин Кудаярханга жолугуп, булбулдай сайрап ырдайт. Кудаярхан Арстанбектин ырдаганына таң калып, "сен жөн эле сайраган булбул турбайсыңбы" деп баа берет. Ошондон кийин Арстанбек булбул атанып калат.
Даткайым Буйлашты бийлерден бөлүп, шартын түзүп коёт. Арстанбек эки айча ордодогулардын моокумун кандыра ырдап берет. Сыйнат даткайым хан менен сүйлөшүп, салыкты күзгүгө дайындап коюшса, салыкчылар барса эле алып келишине макулдашып, он үч бийди бошотуп жиберет. Арстанбек бул окуясын дайыма ырдачу экен. Таластык Өмөке ырчы Арстанбектин казалы деп узакка айтчу экен.




Кетмен - Төбөнүн мааниси "кетменби"?
Балким чагылган кудайы -
Папайдын тотемдик көрүнүшү ит(бөрү) болгондур? Ошондон улам анын кийинки түз урпагы "кызыл иттен тараган", же "ит-кыргыз" деп аталгандыр? Бул байыркы скифтердин кыргыз-түрктөр менен болгон тектик байланышын, же жалпылыгын көрсөткөн белги экенин билдирет. Эми ал башка маселе. Кайрадан геттер жөнүндөгү кепке келели.
Массагеттердин, алдыңкы Азияда жашашкан байыркы "хеттер" менен, же б. з. башында Кырым жарым аралынын түндүгүндө жашашкан "готтор" менен кандай байланыштары бар экенин азырынча так айтыш кыйын? Жогоруда биз атын атаган орус тарыхчылары "түпкү теги бир болгон9 " деген ойду белгилеп, негизинен аларды бир элдин ар кандай бутактары катары карашат.
Менин жеке пикиримде, "дарыянын ары жагында жашашкан" массагеттердин кайсы бир бөлүктөрү Туран аймагынын Жети өзөн чөлкөмүндө жана кайсы бир бөлүктөрү азыркы Кетмен-Төбө өрөөнүндө жашашы да толук ыктымал?.. Аны өрөөндүн топонимдик аталышы да ырастап турат деп ойлойм.
Экинчиден, жогоруда атын атаган жаш тарыхчы (С. Наркеев) Кичи Азияда жашаган "гергестерди" да, "хеттерди" да кыргыздар болгон10 деген батыл ойду айтат. А чынында, аларды кыргыздар деп атоого негиз болгон фактылар абдан арбын.
Эми кыргыз элинин улуу манасчыларынын бири Ба-лыкооздун санжырасындагы: "Катаган, кытай бир ата"11 деген маалыматты эске алып, "ушул эки уруу тең байыркы геттердин урпактары болсо керек" деген ойду айткым келет. Тарыхта геттер да: "хат - хет - гет - гот" формаларында айтылган. Дал ушул сыяктуу эле кытай уруусу да оозеки жана жазма булактарда: "кытай", "кутай", "ктай", "кидан", "кидат" делип окулат. Бул этноним алгач: "кет-ай", "гет-ай", "кат-ай", "кит-ай" деп айтылганы шексиз? А балким, "ктай" формасы "т" - "с" тыбыштарынын алмашышы менен "ксай", "кшай" болуп өзгөрүшү да мүмкүн?
Ал эми монголдордун "Ыйык Баянында" катагандын ысмы: "хатакин" деп берилген . Анын байыркы айтылышы да: "хет-ок-хан", "гет-ок-хан", "кет-ок-хан", "хат-ок-хан", "кат-ак-хан" ж.б. болуу керек. Көрүнүктүү жазуучу жана тарых иликтөөчү О. Айтымбетов өзүнүн "Кара Кыргыз" аттуу белгилүү чыгармасында бул этнонимдин этимологиясын "катта-хан"("улуу хан", "чоң хан") деген сөз менен байланышта карайт. А балким, катагандын дал ушул "катта-хан" деген айтылышында анын иран тилиндеги "массагет" деген котормосу жатышы мүмкүн?
"Сак" этнониминин этимологиясы
"Сак" этноними негизинен эки маанини берери жөнүндө изилдөөчүлөр айтып да, жазып да келатышат. Мисалы, иран тилинде "саг" деген сөз "бугуну"(Абаев) түшүндүрөт. Ал эми "сэк" формасында айтылганда "итти" билдирет.
Эгерде сөз азыркы кыргыз уруулары тууралуу болсо, анда анын Оң канатына кирген чоң уруусунун бири бүгүн да "бугу" деп аталат. Ал эми байыркы көчмөн араттарда бугу алардын эң ыйык тотемдеринин бири болгону тарыхтан бизге жакшы белгилүү. А, эгер сөз жалпы элдин "итке" байланышкан мааниси тууралуу жүрсө, анда кыргыздын "кызыл иттен" 12 тараганы тууралуу уламыш бар экенин да баарыбыз жакшы билебиз.
Же, "сак" деген сөздүн кыргыз тилиндеги маанилери тууралуу кеп кылсак, анда сак - "этият", "кылдат" деген сөз. Ал эми түз маанисинде "сак адам" дегенди билдирген "сакман" ("сак-ман"), "сакчы"("сак-чы") деген сөздөр каймана маанисинде: "кароолчу", "кайтаруучу", "коргоочу" дегенди түшүндүрөт. Биздин тилде "адам" маанисин билдирген ушул эки мүчө ("ман", "чы") тең бирдей колдонула берет. Алсак, "уйчу", "уйчуман", "койчу", "койчуман", "ишчи", "иштерман" ж.б.
Хоорай (хакас) ичиндеги сагай уруусунун, якут элинин мурун "саха" деп айтылышы - тарыхчылар тарабынан сактарга сөзсүз тиешеси бар деген пикир айтылып келатат.
Эң кызыгы Тагай бийдин теги жана башка кыргыз уруулары тууралуу кеп кылган Шаакеримдин санжырасында анын ысмы "Сагай бий" 13 деп берилет. Ал ката жазганы, же мурун санжырада ушундай айтылганы белгисиз? Эгер байыркы арий тилинде "с" - "т" тыбыштары алмашылып айтыла берерин эске алсак, анда мында эч кандай шектене турган деле эч нерсе жок. А балким түбүндө Тагай сайак (сак) уруусунун бийи болушу да мүмкүн? Анан андан тараган уруулар: "сарбагыш", "бугу" ж.б. деп аталышкан болуу керек.
* * *
Кыргыз сүйлөгөндү жакшы
көргөн эл. Кызып киргенде ылайыгына жараша: "куштай сак", "иттей сак" экен деп көркөмдөйт аңгемесин. Эң кызыгы, С. Закировдун жыйнаган санжыраларынын биринде сак -"куштун канатын" 14 түшүндүрөрү жазылган. Хандар жана кол башчылар кы-раан куштардын канаттарын
сайынып жүргөндүктөн, бул эл ушинтип "сактар" деп аталган делет эски кепте.
Балким, чын эле ошол замандарда сак - "куштун канатын", же куштун өзүн билдирип, кет - "итти" түшүндүргөндүр? Кыргыздагы "ит-куш"15 көбөйүп", "ит-кушка жем болуп" деген сөздөр ошол доордо пайда болгондур? Бул сөз ("ит-куш") чын эле "кет-сак" деген сөздүн синонимидир, же кыргызча айтылышыдыр? Өзүнөн өзү жөн жерден сөз пайда болбойт.