, 15.08.08 - 5-бет: Ала-Тоо аймагында...№61, 15.08.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Осмонкул Бөлөбалаев 120да
Кыргыздын көрүнүктүү акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин 120 жылдык мааракесин быйыл 15-ноябрда өткөрүү каралууда. Акындын 2 томдук чыгармалары жарык көрөт жана Москва-Тоголок молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейилбакта анын айкели тургузулат. Жашаган үйүндө мемориалдык тактайча орнотулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Э.Ибраимова катышкан мааракени уюштуруу комиссиясынын алгачкы жыйынында айтылды.

Орозо кармасаң даярдан
Кыргызстанда Рамазан айы 1-сентябрдан башталат. Мындай чечимди Кыргызстан мусулмандар уламаларынын кеңеши 13-августтагы жыйынында кабыл алды. 31-августта четтик болуп, 1-сентябрдан тарта ооз бекилет. Бир ай кармалган орозодон кийин 1-октябрда Орозо айт майрамдалат, ал эми 8-декабрда Курман айт белгиленет.

Түштүк Осетия менен Грузияда
Кыргызстандын эмгек мигранттары жок
Түштүк Осетия менен Грузиянын аймагында Кыргызстандын эмгек мигранттары жок. Бул жөнүндө Кыргызстандын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Василий Кравцов билдирди.
"Негизинен ал жакка туруктуу жашоого кавказ улутундагы өкүлдөр кетишет, же болбосо ал жакка кандайдыр бир убакытка жеке маселеси же иш менен барышат. Бирок жаңжалдын аймагында Кыргызстандын эмгек мигранттарынын жүргөндүгү жөнүндө маалыматтар жок", - деп айтты ал.

Зилзала коркунучу жок
Жакынкы учурларда Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр күтүлбөйт. Бул жөнүндө журналисттер менен жолугушуусунда Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу сейсмология институтунун деректири Канат Абдрахматов билдирди. Ал Кыргызстанда катуу жер титирөөлөрдүн болушу жөнүндө имиштерди төгүндөдү. Ошону менен бирге анын белгилегенине караганда, Кыргызстанда жер титирөөнүн ыктымалдуулугу эч качан жокко чыгарылбайт, анткени республика сейсмологиялык жактан активдүү аймакта турат.

Кыргыз таэквондисти Пекинге 17-августта учуп кетет
Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн кыргыз таэквондисти Пекинге 17-августта учуп кетет. Бул жөнүндө Кыргызстан таэквондо ассоциациясынын деректири Канат Деркенбаев билдирди. Анын сөзү боюнча, 17-августта 16 таэквондочунун арасында чүчү кулак өткөрүлөт, бирок натыйжасы 18-августта гана билинмекчи. Ал эми 21-августта кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураимов 68 кг салмак боюнча мелдешке катышат. "Биздин таэквондочунун даярдыгы мыкты, биз алтын медалга гана үмүттөнөбүз", - деп айтты К.Деркенбаев.

Хан-Теңири чокусунда альпинисттин сөөгүн издөө токтотулду
Хан-Теңири бийиктигинде 23-июлда кечки саат 10дордо 6100-6400 метр бийиктигиндеги кардын четинен учуп кеткен польшалык альпинист Матеуш Олексинин сөөгүн издөө токтотулду. Бул жөнүндө Кыргызстан альпинисттер федерациясынын вице-президенти Владимир Бирюков билдирди.
Анын сөзүнө караганда, алматылык Денис Урупконун жетекчилигиндеги тажрыйбалуу альпинисттердин тобу жоголгон болчу. Ал учуп кеткен аскадан эми 20-30 жыл жата турган көчкү жүргөн, андыктан издөө ийгиликсиз аяктады, - деп билдирди ал.

Тартип жолдон башталды
Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңыртылган административдик кодекс 12-августтан тартып ишке кирди. Ага ылайык жол эрежесин сактабаган айдоочуларга жана автокырсыктын болушуна себепкер болгон жөө жүрүүчүлөргө ири өлчөмдөгү жаза айыптар салынат. Ошондой эле кандай гана жол эрежесин бузуу болбосун айдоочунун унаа айдоо күбөлүгү алынат. 12-августтан тарта машина айдап баратып чөнтөк телефону менен сүйлөшүү да жол эрежесин бузууга кирет. Ал эми уруксат берилбеген жерлерге токтотулган автоунаалар ээсинин макулдугусуз МАИнин машине токтотуучу жайына жеткирилет.

Автоинспекцияда аялдар взводу болот
Жакында МАИ кызматкерлеринин катарларында аялдар взводу пайда болот. Бул жөнүндө Кыргызстандын ИИМ башчысынын орун басары Темиркан Субанов билдирди. Анын сөзүнө караганда, 30 аялдан турган взвод конкурстук негизде тандалып, жекече даярдыктан өтмөкчү.

Тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир
12-августта Ысык-Көлдө башталды. Сынакка Казакстандан, Орусиядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Кытайдан жана Кыргызстандан оюнчулар катышат. Турнирди "Тогуз коргоол" федерациясы кыргыздан чыккан алгачкы чемпион Аалы Бектургановдун элесине арнап өткөрүүдө. Тогуз коргоол боюнча мындай турнир 12 жылдан бери жыл сайын өтүп келе жатат. Ошондой эле кыргызстандык тогуз коргоолчулар сентябрь айынын аягында Чехиянын Прага шаарында өтүүчү интеллектуалдык оюндар боюнча эл аралык сынакка да чакырылган.

Америкалык ак көпөлөк бак-дарактарды кууратууда
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директорунун орун басары В.Пактын айтуусунда азыркы учурда Бишкек шаары менен Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда америкалык ак көпөлөктөр бак-дарактарга чоң коркунуч келтирүүдө. Бирок, бул зыянкеч куртту канаттуу куштар жебегендиктен жана алар түнкүсүн гана учкандыктан, тез көбөйүп кетүүдө. Эгер мамлекет аталган зыянкечти жок кылуу үчүн тез чара көрбөсө, абал оор болот. Анткени ал өсүмдүктүн 300 түрүн жейт жана бир түндө үч чакырымга чейин учат.




Аалам алкагында
Согушту токтотууга макулдук беришти
13-августка караган түнү Орусиянын жана Грузиянын президенттери Франциянын президенти Никола Саркози менен сүйлөшүүдөн кийин ок атышууну токтотуп, кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу планына макулдук беришти. Эки тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында иштелип чыккан план боюнча жаңжалдуу аймакта атышуулар токтотулуп, орус жана грузин куралдуу күчтөрү согуш башталганга чейинки ордуларына кайтарылыш керек. Ошондой эле тынчтык планында грузин-осетин жаңжалдуу аймагында Орусиянын бейпилдик күчтөрүн калтыруу жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын коопсуздугу жөнүндөгү маселе эл аралык талкууга коюлушу керектиги каралган.

Медведев келишимге кол коюуну талап кылууда
Россиянын президенти Дмитрий Медведев Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосундагы келишимге тезинен кол коюу зарыл деп эсептеп, бул жөнүндө Россиянын лидери Франциянын президенти Никола Саркози менен телефондо сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө билдирген. "Ушул кезде аймакта кырдаалды калыбына келтирүүнүн ишеничтүү процессин камсыздоо үчүн БУУнун резолюциясы же кандайдыр бир декларация эмес, Грузия менен Түштүк Осетия кол койгон келишим алда канча маанилүү болуп саналат", - деп билдирген ал.

Россия Саакашвилини кылмыш жоопкерчилигине тарта алат
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Россиянын мыйзамдарына ылайык Түштүк-Осетиядагы кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн, деп билдирген "Интерфакска" РФнын Башпрокуратурасынын расмий өкүлү Марина Гриднева. М. Гриднева Россиянын Кылмыш кодексинин 12-беренесинде "РФнын чегинен тышкары кылмыш жасашкан, РФда туруктуу жашашпаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эгерде кылмыш РФнын кызыкчылыктарына каршы багытталган учурда, РФнын эл аралык келишиминде каралган учурда, эгерде алар чет мамлекетте соттолбогон болсо, РФнын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы" айтылгандыгын эске салган.

Беш өлкөнүн лидерлери - Тбилисиде
Польшанын, Украинанын жана Балтия өлкөлөрүнүн лидерлери шейшемби күнү кечинде Тбилисинин борборундагы миңдеген адам катышкан митингиде сөз сүйлөшкөн, деп билдирди "Интерфакс". Польшанын президенти Лех Качиньский, Украинанын президенти Виктор Ющенко, Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Ильвес, Литванын президенти Валдас Адамкус жана Латвия өкмөтүнүн башчысы Ивар Годманис Михаил Саакашвилиге колдоо көрсөтүү жана өлкөдөгү кырдаал менен жеке таанышып чыгуу максатында Грузияга келишкен.

Вахтанг Кикабидзе Россия орденин алуудан баш тартты
Белгилүү грузин актеру жана ырчы Вахтанг Кикабидзе россиялык "Достук" орденинен баш тартууга чечим кабыл алды,- деп билдирген "Москва жаңырыгы" радиостанциясы. Кикабидзе радиостанцияга берген маегинде Россиянын элине зор урматтоо жана жактыруу менен мамиле жасай тургандыгын, бирок РФ Грузияга каршы аракет жасап жаткандан кийин сыйлыкты кабыл ала албай тургандыгын билдирген. Кикабидзени "Достук" ордени менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка РФнын Президенти Дмитрий Медведев 2008-жылдын 19-июлунда кол койгон.

Агенттер акыры билинди
Бейшембиде АКШда стратегиялык кызмат башкармасынын (СКБ) - дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде иштеген атайын кызматтардын агенттеринин тизмесинин сыры ачылды, - деп билдирет АП (Басма сөз агенттиги). СКБнын тизмесинде бардыгы болуп 35 миңге жакын ысым болгон. Сыры ачылган документтерден Э.Хемингуэйдин уулу Джон, Т.Рузвельттин балдары Квентин менен Кермит жана башкалар СКБнын кызматкерлери болушкандыгы көрүнөт.