, 15.08.08 - 11-бет: Сандан-санга...№61, 15.08.08-ж.
  Сандан-санга

Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка
(Башы № 60 санда)
Нарбото бий аксылык тагалары менен сөөк жаңыртып, Аспердинин кызы Умсунайга кудалашып, каада-салты менен Кожобекти үйлөдү. Кожобек Умсунайдан Улукбек, Шералы деген уулдарды көрдү. Нарбото бий отуз жыл бийлик жүргүздү, иниси да зор иштерди бүткөрүп, Кокондун колун узартып, этек-жеңин кеңитти. Экономикалык, аймактык өсүштөр болуп негизи кыргыз элинен болгон өз алдынча эркин хандык түзүүнүн талабы келип жетти.

Хандыктын негизделиши, хан бийликтин киргизилиши
Хандык башкаруу жөнүндө сүйлөшүү жүргөндө Кожобек ичинен кымыңдап, кезек мага келди го деп жолдош-жоролору менен дуулдап жүрдү. Нарбото улгайганын сезип, бир жагынан иниси Кожобектин таасиринин күч алып бара жатканынан бийликтин ага өтүп кетишинен
кооптонуп, эч күтпөгөн ордо оюнун ойлоп тапты. Ордо бийлигине тиешелүү кыргыз-кыпчак, өзбек, тажик бийлерин, бектерин чогулттуруп келип, Бухара эмирлиги менен үстүртөн макулдашып, зор машакаттуу той өткөрүп 1800-жылы кеч күздө тун уулу Алимди хандыкка көтөрүп, башына алтын таажы кийгизди. Нарботонун бул иши иниси Кожобекке эле эмес, бүтүндөй бийлик чөйрөсүндөгүлөргө жакпай калды.
Абдрахман балдарынын ортосу муздады. Кожобек Нарботого бет алышып, бул иштин натуралыгын, Алимхандын жараксыздыгын айтып агасын таарынтты. Ошондон көп өтпөй Кожобек эки кишинин жандоосунда зарыл иштер менен Аксыга кеткен, кайра келатканда алдынан каракчылар тосуп чыгып, Кожобек киши колдуу болду. Бий инисин ар кимдерден көрүп, аксылыктарга жалаа жаап ордун таппай, тез эле тынчып кетти. Атасынын күйүтү менен жүргөн Улукбек күндөрдүн биринде жаткан жеринен турбай калып, өзү ууландыга ыйгарылды.
Нарбото уулу Алимхан Кожобектин уругун жана жакындарын, айрыкча Аксыдагы Чот баш болгон Андабайларды кырып түгөтүш керек деп жашыруун тапшырма таратты. Бир канча чыгымдар болуп кетти. Чот, Жанболот, Ажыбек, Асперди, Токтоназарларды ордодон четтетишкенден кийин булар да качкындарга кошулду. Коконго кожоюн болуп койкоюп жүрчү тагалар Аксыда жашаштын айласын таппай калышты.
Андабай балдарынын артынан түшүү башталды, кармап кетүү адатка айланды. Дүрбөлөңгө түшкөн Андабайлар түпкү мекени болгон Таласты карай качышты. Сурагандарга Саркалпак болобуз дешчү экен. Качкындардын бөлүгү Ат-Ойнок-Кара-Кулжа аркылуу Чийим-Ташты ашып түшүштү. Экинчи бөлүгү Чаткал аркылуу Кара-Буураны ашып түшүштү. Ордонун куугунчулары Чаткалдын Чакмак-Таш деген жеринен тосуп чыр чыгарышты. Аларды Ажыбек, Сарымсактын жиберген жигиттери каршы алып, элди алардын колунан бошотуп кетишти. Кара-Буурадан ашып түшкөндөрдү Ажыбек менен Сарымсак жайгаштырышты, алиге чейин "Саркалпак" аталышат, ал эми Чийим-Ташты ашып түшкөндөр "жаңы тууганбыз" деп коюшат, а чындыгында баары эле бир Баркынын Андабайынан болуп эсептелишет.

Шералынын Таласка келиши
Кокон ээси Алимхан бекеринен өзү жайлаган тууганы Кожобектин жакындарын жатыркап Андабай балдарын аралаштырып кудалаган жок, анткени, булардын каны аралашып, өтмө катар сөөк болушуп калышкан эле. Таласка келгенден кийин булардын тамырлары дагы тереңдей баштады. Таластыктар Алтын бешик тукумдарын урматтоо менен тосуп алышты. Элчилик ынтымакты уюштуруп төрт түлүк мал чогултуп беришти, кыштоосуна Кара-Буура, Эчкилиден, ал эми жайлоосуна Табылгыты, Чаткалдан жер бөлүп беришти. Шералыны хан тукуму деп ызаатташып, апасы Умсунайдын суроосун ка-
нааттандырып Жанболот парваначы Эчкилиден нылдынын сайынан кенен-кесир жер бердирди. Шералы шалы эгип күрүчтөн жакшы түшүм алчу жер алигече "Шалпая" деп аталат. Шералы "Сынган кылычтагы" сүрөттөлгөн өтө майез, чалакайым эмес, эл катары эле болгон.
Алимхандын куугунчуларын Кара-Буура даванынан өткөрбөй артына айдагандан кийин, куугунтукту уланта турган хандыкта андай кырдаал деле болбогондой, анүстүнө ордо менен нааразылашкандан кеги ичинде болгон Чот
баатыр, Жанболот парваначы ал кездеги Ажыбек бий Алчыкен уулу, Сарымсак бий Токтоназар, Асперди дагы жергиликтүү эл билген азаматтар Таласты жакшы кармап турушкан. Алтурсун хантагалары ызаатталышы керек деп, хан салыгын төлөбөгөн мезгил болгон экен.

Шералынын үйлөнүшү. Соноайым, Жаркынайым баяны
Ошол кезде Сарымсак деген илгерки Ташкенди хан Турсундан тартып алган Көкүм баатырдын тукуму (Нарбото менен алакалуу дос болуп ордодо иштеп жүрүп Таластагы багыштарга бий болуп келип, кийин Мадали хандын тушунда даткалыкка жеткен киши). Кожобек менен Андабайлардын каргашалуу кайгысын өтө оор кабылдайт. Умсунай менен Шералыга жардамдаш болуп, асырап багып жүргөн Соноайым деген кызын Шералыга алып берет. Андабайлар Айтамга туугандары менен жакшы ынтымакта жайланышкан соң, Умсунай дагы уул-келинин ээрчитип, Кеңколдун этек жагындагы Эчкили тоосунун баш жагындагы Нылды деген жерден, ошол учурдун Айтамга журтунун кадырманы, убагында Ташкен, Коконго кызматы өткөн Жанболот парваначынын канаты астынан төркүндөрдүн төркү
жайынан орун таап, бейкут турмушта жашап калды. Келгени Соноайым алты-жети жылча көз жарбай жүрдү. Андан кийин агасы Токтоназар менен макулдашып, анын он алтыга чыгып калган көзгө көрүнүмдүү, көңүлгө жагымдуу, жаркылдаган Жаркын деген кызын уулуна жар кылып берди.




  Кетмен - Төбөнүн мааниси "кетменби"?

(Башы № 60 санда)
Бирок, "дөбө" менен Ажо
Кыйык алптын "кетменинин" кандай байланышы бар? Анын кетмени Нарын дайрасын бурам деп сынып атат. Ал эми "кетменге" байланышкан "дөбө" тууралуу ал уламышта сөз деле жок.
Жогорку бири-бирине байланбаган ойлордун баары Ажо Кыйык алптын "кетмени", ал эч кандай "дөбөгө" тиешеси жок, өзүнчө айтылган уламыш экенинен кабар берет. Мунун өзү өрөөнгө атын берген сөз Ажо
Кыйык алптын "кетмени" эмес, байыркы арат (арий) тилинде "кол башчыны", "эл башчыны" түшүндүргөн "гетман" деген сөз болсо керек деген ойду бери жетелейт?..

В. Кандыба менен П. Золиндин жазгандарына караганда, "Троя Русунун чегараларын кайтарган жоокерлер "геттер", же "хеттер" деп аталышкан. Байыркы орус тилинде "гет" деген сөз "алдын кароочу", "алдына көз салуучу" дегенди билдирет. Андан "гетман" деген сөз келип чыккан1 ." Алардын айткандарына ишенсек, анда "орус казак" кошундары ошол Троянын мезгилинде эле уюшулган.
Ал эми ушул эле китептин экинчи бир жеринде "гетман" деген сөздүн пайда болушу тууралуу минтип айтылат: "Поляктардын "хетман", же "гетман", чехтердин "хейтман" ж.б. ушундай айтылган славян сөздөрү немистердин "башчы", "кол башчы" маанисин билдирген "хауптман" деген сөзүнөн алынган2 ."
Андан нары авторлор бул сөз түбүндө Кичи Азияда жашашкан байыркы "хет"("гет") элинин атына байланыштуу пайда болгонун баяндашат.
Хеттер тууралуу алгачкы кабар берген булак Тора болуп саналат. Алар жөнүндө айрыкча немис тарыхчылары байма-бай изилдеп келатышат. Бирок Кичи Азияга хеттер качан, кайдан барышканы илимде так айтыла элек. Балким алар жергиликтүү элдер болушу да толук ыктымал?
Орто Азиялык кеттер
Туран аймагында жашашкан
байыркы көчмөн элдерди иран арийлеринин ыйык китеби болгон "Авеста" жалпы жонунан "тур" деп атайт. Ал эми кийинки перси булактарынын жазгандары боюнча алар "сак", грек тарыхчыларынын кабарлары боюнча "скиф", кытай жазмаларынын маалыматы боюнча "се", же "сай" делет.
Перстер аларды: "Теңир-Тоолук сактар"3 , "амурдарыялык сактар"4 жана "сырдарыялык сактар"5 деп үчкө бөлүп айтышкан. Ошол "Үч Канаттын" ичинен "дарыянын ары жагында жашашкан" бөлүгү тарыхка "массагеттер" деген ат менен түшүп, каны-
ша Тумар(Томирис)
айымдын тушунда (б.з.ч. 6к.) Персия империясынын негиздөөчүсү улуу Кирдин колун талкалап, атак-даңкка бөлөнүшкөн.
"Массагеттин" бир маанисин тарыхчылар "улуу кет" ("масса-кет"), же "улуу сак кет ордосу"(мас-сак-кет) деп түшүндүрүп жүрүшөт. Ал эми кыргыздын жаш тарыхчыларынын бири С. Наркеев "массагет" этнонимин кыргыз ичиндеги Саруунун бир бутагы болгон "мачак"6 уругу менен байланышта карайт. Менин жеке оюмда да ушул пикир туура: Массагет -"мачак-кет", же "мачак-ит" дегенди билдирет. Буга чейин дал ушул сыяктуу эле ойду тарыхчы илимпоз К.Э.Осмонов да айткан7 эле.
Белгилүү тарыхчы, профессор О.Каратаевдин этнонимдер боюнча сөздүгүндө "мачактын" мааниси "бөрүнү"8 түшүндүрөөрү жазылган. Бул сөз монгол ичинде "мачжак", өзбек-карлуктарда "мажаки" формаларында кездешет. Ушул жерде мадиярлар(венгерлер) да өздөрүн "мажарлар" деп аташаарын эске алуубуз керек. Чынында, бул келечекте изилдөөгө алына турган кызык табылга.
Кайсы бир макаласында маркум алп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун Орто Азияда жашаган байыркы элдердин биринин тилинде "кет" сөзү "итти" түшүндүрөт деп жазганы бар. Эгер улуу жазуучу айткан сөз менен жаш тарыхчы С. Наркеевдин пикирин эске алып, ой жүгүртсөк, анда "мачак-кет" - "бөрү-ит" ("бурут"-мен Б.Т.) деген
маанини берет.

Тил илиминин биз ача элек сырлары көп. Мисалы, кайсы бир малды чакырган, же кубалап айдаган сөздөрдө алардын байыркы аттары жатат. Мына, карап көрөлү: биз кара малды
"оу-оу" деп чакырып, "ош-ош!" деп айдайбыз. Тажик тилинде "гоу" карамалды түшүндүрөт. Өзбектер аны "хош-хош!" деп айдашат. Ал эми байыркы арий тилинде "гош" - "ыйык буканы" билдирген. "Гоштон" "гөш" деген сөз пайда болгону шексиз. Өзбектер бодо малдын этин ушинтип айтышат. Дал ушул сыяктуу эле, биз кыргыздар итти чакырганда атын айтып, "па-па!" дейбиз, "кет-кет" деп кубалайбыз.
"Па-па"("папа","бапа", "баба") деген сөз кыргыз тилинде "ысык", "от", "ата" дегенди түшүндүрөт. Жаш балдар ысык бир нерсени, же отту кармагысы келип жатканда "па-па" деп коркутабыз. Бул сөз байыркы скифтердин "Папай" деген кудайынын ысмы экени шексиз. Миф боюнча, Папай кудайы гректердин Зевс кудайы менен барабар. Окумуштуулар аны "чагылган" теңири деп айтышат. Ошол Папай менен Борисфен дарыясынын ээсинин кызы кошулуп, скифтердин биринчи адамы - Таргитай дүйнөгө жаралат.
Балким чагылган кудайы - Папайдын тотемдик көрүнүшү ит(бөрү) болгондур? Ошондон улам анын кийинки түз урпагы "кызыл иттен тараган", же "ит-кыргыз" деп аталгандыр? Бул байыркы скифтердин кыргыз-түрктөр менен болгон тектик байланышын, же жалпылыгын көрсөткөн белги экенин билдирет. Эми ал башка маселе. Кайрадан геттер жөнүндөгү кепке келели.
Массагеттердин, Алдыңкы Азияда жашашкан байыркы "хеттер" менен, же б. з. башында Кырым жарым аралынын түндүгүндө жашашкан "готтор" менен кандай байланыштары бар экенин азырынча так айтыш кыйын? Жогоруда биз атын атаган орус тарыхчылары "түпкү теги бир болгон9 " деген ойду белгилеп, негизинен аларды бир элдин ар кандай бутактары катары карашат.
Менин жеке пикиримде, "дарыянын ары жагында жашашкан" массагеттердин кайсы бир бөлүктөрү Туран аймагынын Жетиөзөн чөлкөмүндө жана кайсы бир бөлүктөрү азыркы Кетмен-Төбө өрөөнүндө жашашы да толук ыктымал?.. Аны өрөөндүн топонимдик аталышы да ырастап турат деп ойлойм.

1 "История и идеология русского народа", Санкт-Петербург, 1997г., 40-бет.
2 "История и идеология русского народа", Санкт-Петербург, 1997г., 315-бет.
3 Тарыхта сактардын бул бөлүгү перс тилиндеги "тиграхауда сактары" деген айтылышы менен берилип, мааниси "чучтугуй калпак кийген сактар" делет. Менимче, отурукташкан элдердин салттары боюнча илгертен эле элдер өлкөнүн аты, же жердеген жеринин аталышы менен эле: "Анжияндык", "самаркандык", "бухаралык", "хорезмдик" ж.б. айтылып келген. Бул жерде да менимче, сактар жердеген жерлеринин аттары боюнча аталып жатат.
4 Кээ бир тарыхчылар, анын ичинде В.В.Григорьев да сактардын бул канатын "мургабдык сактар" деп атайт.
5 Тарыхый булактарда сактардын бул бөлүгү "Дарыянын ары жагында жашаган сактар" деп айтылат. Сөз, албетте, Сыр-Дарыянын түндүк-чыгыш тарабында жашашкан көчмөн элдер тууралуу баратат.
6 Наркеев С., Евразия аймагындагы байыркы көчмөндөр жана кыргыздар, Бишкек, 2005ж., 88-бет.
7 Осмонов К.Э., Древние тюрки в скифском мире, Бишкек, 2002г., 43-бет.
8 Каратаев О., Кыргыз этнонимдер сөздүгү, Бишкек, 2003ж., 55, 58-беттер, статьялар: "Бөрү", "Гурт". Ушул эле сөздүк боюнча, мачак этноними багыш уруусунун курамында да жолугат.