• №61, 15.08.08.





  Азаматсыңар, Ата-Журттун сыймыктуу уулдары!

Бээжиндеги кош жеңиш
Грек-рим күрөшү боюнча Бээжиндеги олимпиадалык оюнга эки азаматыбыз барган эле. Анын бири коло медалды, экинчиси күмүш медалды утуп алып Кыргызстанды бүткүл дүйнө жүзүнө даңазалап, кыргыз күйөрмандарын чоң кубанычка бөлөдү.
Алгачкы коло медаль
60 кг. салмакка чейинки балбандар менен күрөшкөн Руслан Түмөнбаев дүйнөнүн эң мыкты чеберлеринин чеберлери менен кармашты. Адегенде ал эл аралык спорттун чебери, көптөгөн ири мелдештердин жеңүүчүсү, дүйнөнүн чемпиону финдик балбан Ала Хуку Жаркону утту. Андан
кийин ал Өзбекстандын атлети, дүйнөнүн 2001-жылдагы чемпиону Дильшод Ариповду курч таймашта жеңди. Финалга чыгуучу кармашта Руслан россиялык Исламбек Албиев менен күрөшүп, андан 10:0 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн кармашуу укугун алды.
Жеңилүү ызасын тарткан Р.Түмөнбаев бүткүл күчүн, эркин акыркы таймашка жумшады.
Атаандашы кубалык Роберто Мондозду партерден үч жолу оодара ыргытууга жетишти. Натыйжада Руслан 7:1 эсебинде Робертону утуп, коло медалдын ээси болуп калды.
Чемпиондук үчүн айыгышкан кармаш
Бээжиндеги олимпиадада дүйнөнүн 20 тандалма балбаны 66 килограммага чейинки салмак категориясы боюнча курч таймаштарды жүргүзүштү. Кыргыз атлети Канат Бегалиевге Олимпиаданын, Дүйнөнүн, Европанын чемпиондору менен күрөшүүгө туура келди. Ал биринчи жолу америкалык атактуу спортсмен Детчлер Жаке менен таймашып, аны 9:3 эсебинде утту. Мындан
кийин чейрек финалда Армена Варданчнаны 5:3 эсебинде жеңди. Канат жарым финалда Болгариянын балбаны Николай Гердовдун жаалданган кысымына туш болду. К.Бегалиев техникалык жактан
даярдыгы Н.Гердовдукунан кыйла жогору экендигин көрсөтүп, алтын медаль үчүн болгон финалдык мелдешке чыкты.
Франциянын дүйнөгө атагы чыккан балбаны Гуенот Стиф менен Канат Бегалиев 1 - 2- кармашуунун ичинде 1ден упай топтошуп тең келе жатышкан. Анан Стиф партерден чабуул жасап Канатты күрөшүү чегинен ашыра сүрүп барды. Кармашууну токтотуу жөнүндөгү судьянын ышкырыгы да жаңырды. Ошого карабастан франциялык атлет кыргызстандык атлетти күрөшүү чегинин сыртынан толгоп оодарып 2 упай алды. Мындан кийин К.Бегалиев партерде чөгөлөгөн С.Гуенотту толгоп оодарды. Стиф каршылык көрсөтпөгөндүктөн Канат жасаган ыкма тике туруп баштан алыс ыргытууга да окшоп кетти. Чебердик менен жасалган мындай ыкмага калыстар тобу 2 упайды бербей койду. Ушундан улам алтын медаль Гуенот Стифке ыйгарылып калды.
Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды жеңип алган Канат Бегалиев менен коло медалды уткан Руслан Түмөнбаев Кыргызстандын чыныгы улуттук баатырлары болуп калды.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"

Жан дүйнөм толо кубаныч
205 өлкө катышкан Бээжиндеги олимпиадада Канат Бегалиев күмүш медалды, Руслан Түмөнбаев коло медалды жеңип алышы жан дүйнөмдү кубанычка толтурду. Кыргыздын кулундары, кыргыздын, улуу Манас атабыздын ар-намысын мындан да бийик көтөрүп, көкөлөткүлө!
Эмилбек Эралиев,
Кыргыз Республикасынын Президенти менен кызматташуу коомдук фондусунун төрагасы
Дагы жеңиштер болот деп ишенем
Кыска убакыттын ичинде эле олимпиадага катышуучуларды даярдоого 20 миллион сом КРнын Өкмөтү тарабынан жумшалыптыр. Демек жаңы бийлик спорттун өнүгүшүнө чоң маани берип жатат. Дени сак адамдар гана күчтүү мамлекетти түзө алат. Бул багытка жумшалган каражаттар өтө чоң кайтарымын берет. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин эле олимпиададагы жеңишин алалычы. Кыргыздын бул эки
баатыры Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалап койду. Алдыда кармаштарга чыга элек спортсмендерибиз бар. Алар да чоң жеңиштерди алып келет деп ишенем.
Бакир Чодобаев,
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, "Манас" орденинин ээси




  Маанилүү маек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь ЧУДИНОВ:
"Азык-түлүк кризиси жок жана болбойт"
- Азык-түлүк кризисин жоюу, бааларды турукташтыруу, калкты жетишерлик буудай, ун азыктары менен камсыз кылуу боюнча Өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?
- Эл аралык уюмдардын аныктамалары боюнча Кыргызстанда азык-түлүк кризиси жок, бирок кымбатчылыктын орун алып жаткандыгы чын. Кризисти эки жагдай шарттайт. Биринчиси, товарлардын таңсыктыгы, экинчиси, талап кылуулардын сунуш кылынгандардан басымдуулук кылуусу. Бизде андай көрүнүштөр жок, азык-түлүк товарлары жетишерлик, сунуш кылынгандар керектөөлөрдөн ашат. Азыр азык-түлүктөрдүн
баалары ишенимдүү турукташты. Бааларды мурдагы жылдагылардын деңгээлине түшүрүүгө мүмкүн эмес, бирок азык-түлүктөр жетишерлик. Мамлекеттик материалдык резервде буудай, ун жетиштүү, таңсыктык болбойт. Мамматрезервде 85 миң тонна буудай бар.
Быйыл биз мамматрезервдегилерге, башка тийиштүү уюмдарга алык-салыктар, электр энергиялары боюнча карыздардын ордуларына дыйкандардан, фермерлерден накталай буу-дайды алууга уруксат бердик. Бул бир жагынан мамматрезервде буудайдын корун көбөйтсө, экинчи жагынан буудай өстүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат. Быйыл күзгү талаачылык иштерин жүргүзүүгө Өкмөт 300 млн. сом бөлүүдө. Анын 160 млн. сому солярка, калгандары үрөн сатып алганга жумшалат. Быйыл өткөн күздөгү кемчиликтердин кайталануусуна жол бербейбиз, күздүктүн баары сугат жерлерге себилет, аянты кеңейтилет. Азыр дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү аяктоодо. Быйыл сөзсүз 800 миң тоннадан кем эмес буудай жыйнайбыз.
Президенттин жарлыгы менен Азык-түлүк корпорациясы түзүлдү. Мамлекет азык-түлүктөрдүн рыногуна активдүү кийлигишкени жатат. Бишкекте 1-сентябрга чейин азык-түлүктүк жаңы муниципалдык базар ачылат. Мэрия бул багытта иштөөдө, ал ишке киргизилсе, азык-түлүктөрдүн бааларынын турукташуусуна оң таасирин тийгизбей койбойт. Келерки жаздын жазгы-талаачылык иштерин каржылоого азыртан кам көрүлүүдө.
Азык-түлүк корпорациясынын алкагында лизингдик компания да түзүлгөнү жатат. Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө да чоң каражаттар бөлүнөт.
(Уландысы 3-бетте)