, 12.08.08 - 9-бет: "Жылдын мыкты айыл єкмєтџ" конкурсуна...№60, 12.08.08-ж.
 "Жылдын мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна

"Жакшы жашаш - ар бирибиздин өзүбүздөн"
Урматтуу редакция!
Сиздер демилге көтөрүп, "Жылдын мыкты айыл өкмөтү" конкурсун уюштуруп, республикабыздагы айыл өкмөттөрүнүн иш аракеттери тууралуу көлөмдүү макалаларды сүрөттөрү менен коштоп берип жатканыңыздар жакшы жөрөлгө. Ар бир айыл өкмөтүнүн аткарган иштери окшош болгону менен жеринин жайгашышы, калкынын саны, курамы, өнөр жай ишканаларынын бар-жогу, дыйкан, фермердик чарбалардын абалы башкача экени белгилүү эмеспи.
Биз эмгектенген Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, коомчулук биргелешип калктын көйгөйлүү социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө аздыр-көптүр аракеттерди жасап жатабыз.
Сиздер уюштурган конкурска катышуу үчүн ушул материалды сунуш кылам.
Абылкайыр УЗАКБАЕВ,
Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы

Айылымдын башаты
Дарыя булактан куралган сыяктуу биздин айыл өкмөтүнө караштуу Тамга, Тосор айылдары эгемендүү республикабыздын бир тамчысы. Ар бирибизге туулган жерибиздин, суусу, тоо-ташы, ал турсун бир ууч топурагы ыйык. Ар бирибизге өз жерибиз мисир, өз элибиз ысык, өзгөчө жакын. Биздин айылдар айтылуу көгүлтүр Ысык-Көлдүн боюнда, Бишкек-Каракол кан жолу биздин айылдарды аралап өтөт. Ошол жолго туруп колуңду эки жагына сунсаң, бир колуң көлгө жеткидей жакын, экинчи колуңду сунсаң тоого жеткидей, анчалык алыс эмес. Ошол тоо менен көлдүн ортосундагы ынтымактуу элимди баккан касиеттүү Жер-эне айылдардын батыш-чыгышында көйкөлөт. Жери дыйканчылыкка абдан ыңгайлуу, өсүмдүктөрдүн бардык түрү өсөт, убагында бышат.
Башында баяндалгандай, Тамга, Тосор айылдары бир айыл өкмөтүнүн курамында дебедикпи. Анан ушул аталыштар эмнеден улам келип чыкты деген суроо жеке эле тамгалыктарды эмес, жалпы окурмандарды кызыктырса керек. Менимче ар бир инсан өз айылынын, өз уруусунун тарыхын, таржымалын билүүгө милдеттүү.
Тарыхты барактап, айрым орчундуу окуяларга токтолуп көрүүнү туура көрдүм.
ХIV-XVI кылымдарда азыркы кыргыз жеринде Моголстан хандыгы үстөмдүк кылып турган экен. Ал кулагандан кийин академик Бартольддун аныктамасы боюнча Ысык-Көлдүн айланасына кыргыздар кайрадан 1503-жылы отурукташа баштаганы айтылат.
1680-жылдары жунгарлар кыргыздардын жерлерин басып ала баштайт. Алар ээлик кылып турганда кыргыз менен жунгарлардын ортосундагы согуштар токтогон эмес. Айылдарды чаап алып, малына тийип, эркектерин кулга, кыздарын күңгө айлантуу такай болуп турган көрүнүш эле. Жунгарлардын бийлик төбөлдөрүнүн ортосундагы ич ара араздашуулар, бийлик талашуулар да байма-бай болуп турган. 1758-жылы Цинь (Кытай) императору Инь-Чжень түмөн аскерлери менен жунгарларды аёосуз кырат, хандыкты жоет. Алар айласыз Россиянын аймагына качып, баш калкалоого мажбур болот. Аз сандагы жунгарлар көлдүн тегерегиндеги тоолорго жашынып аман калган. Калмактар менен кыргыздар ортосундагы тынымсыз кан төгүлгөн боштондук үчүн согуштар "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Эр Табылды" эпосторунда кенен, таасын берилген.
Ошолордон "Эр Табылды" эпосунан үзүндү келтирүү орундуу болуп турат. Себеби Эр Табылды калмактар менен биз жайгашкан жерде Тосордо согушкан экен.
"...Эрменкан 62 жашка чыкканда Агача деген аял алып андан Табылды деген уулдуу, Карлыгач деген кыздуу болот. Ошол учурда көлдү Чалкалмак ээлеп турган экен..."
"...Табылды баатыр Чалкалмак кийин келип калса белги болуп калсын деп Тамганы ташка басты, күчүмдү көрсүн деп ташты жара чапты. Элдиярга элүү киши кошуп берип, жылкыны Барскоонду ашырып айдатып жиберди, отуз беш кишини Алтыбайды баш кылып алып Чалкалмакты жети күн тосуп жатамын", - деп колун Тосорго коюп, өзү кароол карап тоо-тоодо жүрөт.
...Устадан белги дат калсын,
Молдодон китеп кат калсын.
Атым өчпөй артымда,
Жаш Табылды ат калсын.
Тосор, Тамга белгимди,
Көргөн кыргыз шаттансын.
Тоорулдан эрдик кылган деп,
Тоо кыргызы мактансын...
(А.Тыныбеков "Эр Табылды", Фрунзе, 1981-жыл, 266, 281-беттер).
Демек, Тамга, Тосор айылдары Эр Табылдыга байланышкан тарыхый окуядан кийин аталып калган деген карылардын сөзү бар.

Айылдардын, чарбалардын түптөлүшү
Тамга айылынын түптөлүшү 1910-11-жылдарга туура келет. Карылардын айтымына караганда Тамгада биринчи жер там салган Федор аттуу орус болгон экен. Ошол үйдө азыр турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункту жайгашкан. Көчмөн жашаган кыргыздар менен алака түзүшөт, соода-сатык (тагыраак айтканда товар алмашуу) күчөйт. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндөгү кагылышуудан кийин орустар жер которуп көчүп кетишкен. 1920-23-жылдары Каракол уездинин ревкомунун уруксаты менен Тамгага татар улутундагылар көчүп келишкен, отурукташкан. Алар келгени дыйканчылык кыйла өнүгүп, алма-бактар айылдын көркүн ачкан. Ал эми кыргыздардан биринчи болуп там үйдүн пайдубалын түптөгөн Асылбек Жангазиев болгону да маалым.
1930-жылдары Тамгада Сталин, Вахитов атындагы, Тосордо "Үлгүлүү жаш" колхоздору уюшулган. Чарбалардын түптөлүшүнө башкармалар Асанбек Көкчар уулунун, Асанбек Мамыркановдун, Саалай Орузбаевдин, Орозалы Асылбековдун, тракторчулар Ырыскул Сыдыкбековдун, Какен Дөкөмбаевдин эмгектери зор.
1957-жылы майда чарбалар бириктирилип, "Тамга" колхозу, 1977-жылдан совхоз болуп уюшулат. Чарба негизинен мал чарбасы (кой), талаачылык менен алектенип, өндүрүш көрсөткүчтөрү, рентабелдүүлүгү жогору болгон, айыл тургундарына ыңгайлуу социалдык-маданий объектилер, менчик үйлөр көп салынган.
Айыл жана жер реформасына байланыштуу 1994-жылы совхоз жоюлуп, дыйкан чарбалары түзүлгөн. Кантсе да калктын турмуш-шартын жакшыртууда "Тамга" совхозунун мааниси зор болгондугун белгилей кеткеним дурус.

Биз сыймыктанчу инсандар
Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан дыйканчылыкта, илимде, маданиятта үзүрлүү эмгектери үчүн жумуруятыбызга белгилүү инсандар көп эле, кудая шүгүр, уучубуз куру эмес экен.
Алардын катарына "Оргочор" кой чарба тажрыйба станциясынын чабаны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Ишемби Илипбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, илимдин докторлору А.Шакеева, Ч.Шакеева, К.Сагынбеков, О.Иманакова, акын Омор Султанов жана башкаларды сыймык менен атоого болот. Ал эми ысымдары кыргыз тарыхында түбөлүккө калган уюткулуу журтунун келечеги, боштондугу, түпкүлүгү үчүн ат салышкан Жанек, Берикбай баатырларыбыз менен сыймыктанабыз. Ылайым эл кереги үчүн жаралган инсандарыбыз арбый берсин деген ак тилегибизди кошумчалай кетейин.

Айыл өкмөтү: бүгүнкүсү
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүндө 5306 адам (1192 түтүн) катталышып, 1573 гектар айдоо жерлерин, 13464 гектар жайыттарды, 166 гектар алма бактарын пайдаланышат. Мындан тышкары аймагында 2 орто мектеп, 2 клуб, 1 оорукана, бир фельдшердик-акушердик пункт, 1 бала бакча, 2 китепкана, аскердик санаторий, туристтик база, 2 айыл чарба кооперативи, көптөгөн турмуш тиричилик, соода түйүндөрү бар. Айыл өкмөтүнүн, айыл тургундарынын социалдык-экономикалык шарттарынын көтөрүлүшү негизинен айыл чарбасын, туризмди, жеке ишкерликти өнүктүрүүгө тыгыз байланышкан. Албетте, чет элдик инвесторлорду тартуу да мында маанилүү ролду ойнойт.
Айыл тургундары колдо 2385 ири мүйүздүү малды, 1041 жылкы, 8300 кой, 1482 эчки кармашат. Ар бир кожолукка бөлүп эсептегенде тамгалыктар мал, жер жаатында жетиштүү камсыз болушкан. Эми жаз, күздө айдалган эгиндерин, жашылчаларын төкпөй-чачпай жыйнап алышса кыштык оокат-аштарын кенен камдаган болушат. Кийинки жылдарда тургундардын жерге карата мамилелери түп-тамырынан бери кескин өзгөрдү, ошого жараша кайтарымдуулугу кыйла артты.

Инвестор-лорду, бөлөк каражат булактарын тартуу
2007-жылы эле АРИС "Таза суу" программалары Кумтөр компаниясы, Тамга айылындагы өнүгүү фондусу тарабынан жалпы 10 млн. 515 миң сом тартылып, мектептерди, өндүрүштү, айылдарды социалдык жактан жакшыртууга, жандандырууга максаттуу жумшалды.
Ал эми жакынкы убактарда Тамга айылында жыгач иштетүүгө, музыкалык мектептин имаратын оңдоого долбоорлор боюнча каражаттар бөлүнүп ишке аша баштамакчы.
Тосордо ФАПтын, Тамгада кирпич заводунун курулуштары жакында башталат. Бул айылдыктарды жумуш менен камсыз кылууда жакшы өбөлгө түзмөкчү.
"Кумтөр" компаниясы каржылаган "Жети-Өгүз" кредиттик агенттигинин портфели 10 млн. сомго жетип, Тосор айылынын 49 жашоочусуна үстөгү 12-15 пайыздан 1,2 млн. сом, Тамга айылынын 95 жашоочусуна 1,4 млн. сом насыялар берилди. Тамга өнүктүрүү фондусунун 1,6 млн. сому айыл чарба техникаларын алууга, суу түтүктөрүн оңдоого бөлүндү. Сырттан каражат тартуу аракетин дагы улантмакчыбыз. Себеби айыл өкмөтүнүн 1 млн. сомго жетпеген бюджети орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө канча үнөмдөсөң да жетпейт.
Ошол айылдын тургуну катары айылдардагы ар бир адамдын жашоо-турмушун мен аздыр-көптүр билем. Эмнеге муктаж, өз оокатын кантип кылып жатат - ал боюнча да жетиштүү маалыматым бар. Эгер ар бир адам кыйчалыштан чыгуунун жолун өзү издебесе, тер чыгарып эмгектенбесе Президент да, аким да, айыл өкмөтү да жардам бере албайт. Жакшы жашаш - ар бирибиздин өзүбүздөн.
Редакциядан: "Тамга" айыл өкмөтүнүн башчысы Абылкайыр Узакбаевдин демилгесин бөлөк республиканын айыл өкмөт башчылары колдоп, конкурска өзү жашаган айылдары, аткарган иш-аракеттери тууралуу жазылган кызыктуу материалдарын жөнөтүшсө, редакция аларды гезит бетине пайдаланууга аракет кылат.
Даярдаган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"