, 08.08.08 - 5-бет: Кџндарек...№59, 08.08.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Эне сүтү - адамзаттын байлыгы
Талас шаарында эне сүтү менен эмизүүнүн дүйнөлүк жумалыгынын алкагында тегерек үстөл өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты З.Молдошева, саламаттыкты сактоо министрлигинин, БУУнун Кыргызстандагы балдар фондусунун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышышты.
Тегерек үстөлдө жаңы төрөлгөн наристенин дени чың болуп өсүүсүнө эне сүтүнүн зор таасири жана пайдасы жөнүндө ойлор ортого салынды. Андан кийин шаардагы "Кырк-Чоро" кинотеатрында өрөөндөгү жаш энелер арасында "Эне сүтү - адамзаттын байлыгы" деп аталган конкурс өткөрүлдү.

Мыйзамсыз балык кармагандар жазаланат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Кол коюлган Мыйзам Кыргыз Республикасынын негизги балык чарба сууларында балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнүн запастарын сактоого жана көбөйтүүгө арналган.

Мыкты макала жазсаң 40 миң сом байге
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги жана "Ден-соолукту коргоо фондусу" "Тамекини керектөөнүн зыяны жөнүндө калктын маалымат алышын жогорулатуунун натыйжалуу жолдору" деген темадагы мыкты макалага же талдоо баяндамасына конкурс жарыялайт. Бул жөнүндө министрликтин басма сөз кызматында билдиришти.
Конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн биринчи орунга 40 миң сом, экинчи орунга 20 миң сом, үчүнчү орунга 10 миң сом сыйлыктар жана кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Тамеки чегүүнүн зыяны жөнүндө макалаларды кыйла көп жарыялаган гезиттер же электрондук элге маалымдоо каражаттары үчүн байгелер болжолдонууда.

Ысык-Көл - Кыргызстандын бермети
Кечээ сүрөт искусство музейинде "Ысык-Көл - Кыргызстандын бермети" көргөзмөсү ачылды. Бул жөнүндө музейдин башкы адиси Жыпар Исаева билдирди.
Анын сөзү боюнча, ушул чакан көргөзмөдөгү живопись чыгармалары 1999-жылы Борбордук Азия пленэрине катышкандар аткарган эмгектин бир бөлүгү болуп саналат. Ал Кыргызстанда "Сорос-Кыргызстан" фондусу сунуштаган "Маданий байланыштар" программасынын чектеринде өткөн. Ага КМШнын 5 өлкөсү - Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана башкалардан 16 сүрөтчү катышкан.

Бүргө Баатырдын ысмы чегарада
Премьер-министр Игорь Чудинов мурда "Арал" деп аталып жүргөн 2029-чек ара бекетине Бүргө Баатырдын ысмын ыйгаруу жөнүндө токтомго кол койду.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин ийге салат
Өкмөт башчы И.Чудиновдун билдирүүсү боюнча, "Центерра голд" компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын мыйзамдарына карама-каршы келет жана анын негизинде өкмөт компания менен кызматташууну улантпаш керек. Ошондуктан өкмөт азыр Кыргызстандын акциясын көбөйтүү жана салык төлөмдөрүн жогорулатуу жаатында сүйлөшүүлөрдү катуу жүргүзүп жатат.

Бишкекте сауна, мончолор текшерилет
Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, мындан ары мэр Н.Түлеевдин буйругу менен электр энергиясын пайдалануучулар катуу көзөмөлгө алынат. Айрыкча, кафе, сауна, мончо, оюн-зоок жайлары жана башка энергияны көп керектеген жайлар тез-тез текшерилип турат.

Мал ылаңы азаябы?
Малдын жугуштуу жана эң коркунучтуу беш ылаңынан сактоочу вакцина 52 миллион сомго алынды. Ветеринардык кызматтын башкы директору Калыс Жумакановдун айтымында, буга күйдүргү, шарп, бруцеллез, кутурма жана койдун чечек оорусунун көп болуп, сибирь жарасы же күйдүргү дартынын 1181 очогу катталгандыгы башкы себеп. Бул очоктордун 70 пайызы түштүктө катталгандыктан Жалал-Абад облусуна 100 миң даана вакцина жеткирилди.

Кышкы каникул 45 күнгө узарышы мүмкүн
Кыргызстанда электр энергиясы менен жылычу 880 мектеп бар. Кышка чейин алардын көбүн көмүр менен жылытууга которууга мүмкүн эмес. Ошондуктан өкмөт жергиликтүү администрациялар менен бирге каникулду узартууга барышы мүмкүн. Ал эми жалпы өлкө калкы электр энергиясы менен кышында камсыз болуусу үчүн жарык берүү 30 пайызга кыскартылып, электр энергиясы менен үйүн жылыткандарга 1-ноябрдан 1-апрелге чейин чектөө коюлду.




Аалам алкагында
Өлбөс-өчпөс эрдикке таазим
1942-жылдын 6-августунда кыргыз элинин уулу Чолпонбай Түлөбердиев Дон дарыясынын оң жээгинде Воронеж облусунун Лискин районунун Второе Селявное айылында фашисттер менен кармаштын жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртүп, душмандын дзотунун амбразурасын денеси менен тосуп, эстен кеткис эрдик көрсөткөндүгү белгилүү. Эми жыл сайын 6-августта баатырдын Воронеж жергесиндеги эстелигине таазим көрсөтүү иш чарасы өткөрүлүүдө. Бул жолу да Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин жанында Воронеждеги кыргыз диаспорасынын жана Лискин районунун администрациясынын жана коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен эрдикти эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Америкадагы кыргызстандык 26 асыранды бала
"Nine News" сайтынын билдиргенине караганда, Американын Колорадо штатында 2007-жылы чет өлкөлөрдөн келген үй-бүлөлөрдөн кыргыздын 70 баласы асырандылыкка алынган жана алардын ичинен 26сы Колорадо штатынын борбору Денвердин агенттиги тарабынан толтурулган.

Осама бен-Ладендин айдоочусу соттолду
АКШнын аскерий соту "ал-Каиданын" лидери Осама бен-Ладендин мурдагы айдоочусу Салим Хамданды террорчуларга материалдык колдоо көргөзгөнү үчүн айыптуу деп тапты. Бирок аскерий сот андан мындан оорураак - террордук кол салууга аракеттерди ишке ашыруу үчүн "ал-Каида" менен жашыруун кутумга баруу деген айыпты алып салды. Бирок Салим Хамдан эң көп дегенде өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Түштүк Осетиянын жетекчилиги сүйлөшүүнү четке какты
Грузия жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын жетекчилиги грузин расмий өкүлдөрү менен бүгүнкүгө белгиленген түз сүйлөшүүнү четке какты. Бул эки тараптын ортосунда акыркы он жылдагы алгачкы түз сүйлөшүү болмок. Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойтонун билдиргенине караганда, алар тарап бүгүнкү мерчемделген сүйлөшүүгө катышпайт. Кокойтонун айтымында, алар төрт форматтуу: Грузия, Орусия, Түштүк Осетия жана Орусия курамындагы Түндүк Осетия катышкан жолугушууга гана даяр.

Мындай алаамат кайталанбасын десек...
6-августта бүткүл дүйнө эли Хиросима күнүн - ядролук куралга тыюу салуу үчүн күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн белгиледи. Мындан 63 жыл мурун, 1945-жылдын 6-августунда Америка Кошмо Штаттары Хиросиманын үстүнө биринчи атом бомбасын ташташкан. Кырсыктан 186 миң адам каза болгон. Атом бомбасы 600 метр бийиктикте жарылып, адегенде өрт башталып, андан кийин турак-жайлар урай баштаган.

Ооганстанга мунайзаты бериле баштады
Өзбекстан, Казакстан жана Россия Ооганстанды 70 пайыз мунайзаты менен камсыз кылат. Өткөндө мунайзатын берүү убактылуу токтолуп калгандыктан, ага болгон баа кымбаттап кеткен. Азыркы мезгилде Кабулда Аи-95 бензини 55 афгани (бир доллардан ашык) турат. Дизелдик күйүүчү май да кымбаттап кеткен.
Учурда Ооганстан жетекчилигинин сентябрдан баштап Россия, Казакстан жана Өзбекстан баштагы көлөмдө мунайзатын бере баштайт деген ишенимдери күч.