, 08.08.08 - 3-бет: Єзџбџздє єндџрџлгєндєр - арзан жана сапаттуу...№59, 08.08.08-ж.
 1-жарым жылда курулуштун жалпы дүң продукциясы 6 млрд. 764 млн. сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,5%га арбын

Өзүбүздө өндүрүлгөндөр - арзан жана сапаттуу
Кечээ Премьер-министр Игорь Чудинов Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн куруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага катышты.
Өкмөт башчысы куруучулук кесип дарыгер, мугалим өңдүү ардактуу кесиптер сыяктуу эле эл арасында зор урмат-сыйга ээ болгондугун, себеби ал түзүүчүлүк ишке багытталгандыгын белгиледи. Азыркы мезгилде Кыргызстандын курулуш рыногунда бул тармактын андан аркы өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн атаандаштык чөйрөнүн пайда болгондугу белгиленди. Буга үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылындагы иштин натыйжалары күбө.
Биринчи жарым жылдыкта өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүүнүн деңгээли 0,7 пайызга көбөйүп, 8 млрд. 33 млн. сомду түзгөн. Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 6 млрд. 764 млн. сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,5 пайызга арбын. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнү экономикалык саясаттын башкы милдеттеринин бири катары эсептейт. Демек, биз курулуш тармагын, мунун ичинде турак-жай курулушун ар тараптан колдоого алабыз", - деди И.Чудинов.
И.Чудинов өз сөзүндө курулуш иштеринде жергиликтүү сырьелорду пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Өзүбүздө өндүрүлгөндөр бир кыйла арзан жана сапаттуу болгондуктан, тыштан ошол сыяктуу эле материалдарды ташып келүүнүн кандай зарылчылыгы бар. Ал жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан райондордогу курулуштарга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү курулуштун өнүгүшүнүн маанилүү шарттарынан экендиги анык. И.Чудиновдун айтуусу боюнча курулуш тармагынын келечеги кээ бир маанилүү тармактардын өнүгүшү менен тыгыз байланыштуу. Буларга Камбар-Ата-1,2
ГЭСтеринин, Кашкар-Торугарт-Кара-Суу-Анжыян эл аралык темир жолдун курулушун, "Жер-Үй", "Талды-Булак Сол жээк" алтын кендерин өздөштүрүүнү, туризм менен эс алуучу жайлардын курулушун кошууга болот.
Р.ЖЕТИГЕНОВ,
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Уран калдыктары кайра иштетилет
Премьер-министр Игорь Чудинов БУУнун туруктуу координатору, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Нил Волкер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал жана кышка даярдык көрүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктүү приоритеттүү кызматташтык жөнүндө пикир алмашышты. Ошондой эле тараптар уран калдык жайларынын проблемасы жана эл аралык форумга жогорку деңгээлде даярдык көрүү боюнча Кыргызстандагы БУУнун жана ПРООНдун мекемелери менен бирдикте Өкмөт тарабынан кабыл алынган кезектеги чараларды талкуулашты.
Премьер-министрдин айтымында, кыргыз тарабын өлкөнүн азык-түлүк жана энергетика
коопсуздугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктүү татаал кырдаалдардан чыгууга жардам көрсөтүү
боюнча БУУнун позициясы кызыктырат. Ал эми Н.Волкер болсо азыркы мезгилде Кыргызстандагы БУУнун уюмдары республикага жардам көрсөтүү боюнча эл аралык донор уюмдары менен кеп-
кеңештерди өткөрүп жаткандыгын билдирди.
ПРООНдун өкүлү билдиргендей, Өкмөт өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын чегинде бир катар милдеттерди туура чечүүдө. Ошого карабастан калктын жакыр катмарына колдоо көрсөтүү зарыл.
Уран калдыктарын сактоочу жайларды оңдоп-түзөтүү боюнча маселени талкуулоо учурунда И.Чудинов чет элдик ири компаниялар бул багытта жардам берүүгө даярдыктарын билдирип жаткандыгын баса белгилеп кетти. Учурдагы технологиялар калдыктарды кайрадан иштетип, андагы баалуу металлдарды бөлүп алууну жүргүзүүгө шарт түзө тургандыгы айтылды.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Тацухико Касайга Ардак грамота
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Тацухико Касай мырзага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды. Касай мырза өлкөбүздүн даражалуу сыйлыгына Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн татыктуу болду.
Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө Нур уулу
Досбол Т.Касай мырзаны Президент Курманбек Бакиевдин атынан куттуктап, анын мындан аркы ишине албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады. Мамлекеттик катчынын айтымында, Касай мырза кыргыз жергесинде болгон учурунда зор жемиштүү иштерди аткарып, биздин өлкөбүз жана япон эли үчүн зор мааниге ээ милдеттерди чечүүгө көмөктөштү.
Өз кезегинде Тацухико Касай мырза Президент К.Бакиевдин дарегине чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын билдирип, ушундай даражалуу сыйлык аны дагы көп нерселерге милдеттендире тургандыгына токтолду. Кыргызстандагы миссиясы аяктап бараткандыгына байланыштуу Касай мырза ал үчүн биздин өлкө менен коштошуу өтө оор болуп жаткандыгын, себеби Кыргызстанды жана кыргызстандыктарды сүйүп калгандыгын баса белгиледи.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




Балыкчыда бардыгы жайында эмес
Жалпы облус боюнча улам өсүш бар дегенибиз менен бир кездеги өнөр жайы өркүндөгөн Балыкчы шаарынын азыркы абалынын канааттандырбаганы обл-
мамадминистрациянын коллегиясында баса белгиленди.
Чакан калаада өткөн 2007-жылга салыштырмалуу: нан
даярдоо - 62,5 тоннага, макарон - 12 тоннага, кийим тигүү - 45,2 миң сомго, курулуш жабдуулары - 1,2 млн. сомго азайып, электр энергиясы үчүн дебитордук карыздар 64,4 млн. сомго жеткен.
Мына ушул сыяктуу облусту артка тарткан көрсөткүчтөрдөн улам шаар мэри Т.Өмүркуловго катуу эскертүү берилди.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"




"Шайлоону мыйзамга шайкеш калыс өткөрөбүз"
БШКнын аппарат жетекчиси
Кудайберген Базарбаев:
Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 4-августунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 2008-жылдын 5-октябрына дайындоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул жолку шайлоо өнөктүгү мурдагы шайлоолордон кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат? Ушу тапта алдыдагы шайлоого даярдык көрүүлөр кандай мүнөздө жүрүп жатат? Өтө маанилүү өнөктүктүн катышуучуларына БШК эмнелерге айрыкча көңүл бурууга кеп-кеңеш берүүдө? - мына ушундай жана башка толгон-токой суроолорго жакындан жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылдык.



- Кудайберген Базарбаевич, азыркы өтө маанилүү учурдагы КРнын БШКнын иштеринин негизги багыттарын чечмелеп берсеңиз…
- Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоолорду дайындоо жөнүндө Жарлыгы жарыяланар замат Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын отуруму болуп, анда БШКнын шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына Кайрылуусу, шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын Календардык планы жана 2008-жылдын 5-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн сметасы кабыл алынды. Дагы бир маанилүү нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын натыйжалуу камсыз кылуу максатында, шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маалында жарандардын кайрылуулары, сунуштары жана даттануулары менен чапчаң иш алпара турган коомдук кабылдаманы ачуу тууралуу атайын БШКнын токтому кабыл алынды. Ал документте жаңы түзүм ишинин так графиги каралган. Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде КРнын БШКнын коомдук кабылдамасы күн сайын саат 9.00дөн 16.00гө чейин саат 13.00 - 14.00 дем алуу убактысы менен, дем алыш күндөрүсүз иштей баштайт. Коомдук кабылдамасынын дареги:
- Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюна Борбордук комиссиясынын имараты, 1-кабат, №103-бөлмө;
- Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Ошондой эле, баардык дең-гээлдеги шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында, шайлоо комиссияларын окутуунун графиги жөнүндө токтом кабыл алынды. Окуу семинарлары мезгил сынагынан өткөн "каскад" таризинде жүргүзүлмөкчү.
Бекитилген графикке ылайык, биринчи кезекте КРнын БШК аппаратынын кызматкерлери, облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен катчылары, андан кийин облустук, Бишкек шаардык жана округдук шайлоо комиссияларынын курамы толугу менен атайын окуудан өтүшөт.
(Уландысы 6-бетте)