, 08.08.08 - 13-бет: Куралдарды ким каткан?...№59, 08.08.08-ж.
  Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29

Куралдарды ким каткан?
Бишкек шаарындагы жеке менчик үйлөрдүн биринен арбын сандагы курал-жарактар табылган. Ал үйдө америкалык жарандар жашап турушкан.
Улуттук коопсуздук комитетинин чакы-
руусу боюнча Кыргызстанга өлкөнүн террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча окуу процессин өткөрүү үчүн адистердин тобу келген болчу. Үстүбүздөгү жылдын 4-августунда тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жана АКШнын элчилигинин катышуусу менен кеп-кеңештер өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн кеп-кеңештердин натыйжасында өлкөбүздүн мыйзамында каралган так талаптар окуу процессинин жүрүшүндө орундатылбагандыгы аныкталды. Мына ушуга байланыштуу эл аралык террорчулук менен күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда активдүү кызматташтыкты андан ары улантуу үчүн бул кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш чаралар жүзөгө ашырылат. Мына ошондон кийин гана америкалык тарап менен биргелешкен тренингдерди өткөрүү улантылат.
Р.ЖЕТИГЕНОВ

Безгектен безиш керек
Өлкөбүздө акыркы кездерде безгек оорусуна чалдыккандардын саны арбып баратат. Ошондуктан безгек менен күрөшүүгө калктын калың катмарын тартуу багытында безгек оорулары күчөгөн калктуу конуштарда 483 айылдык комитеттер түзүлгөн, 7 миңдей волонтёрлор жана 13 миңден ашуун жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары тартылган.
Өткөн жылы республика боюнча безгек менен оору-
ган 96 окуя катталса, ал эми үстүбүздөгү жылы 47 окуя катталган. Безгек оорусуна көзөмөлдүктү күчөтүү максатында 172 дарылоо мекемелеринин жетекчилери атайын окуудан өткөрүлгөн. 810 лаборант, дарыгер жана фельдшер даярдалган. Кошумча дары-дармектер жана жабдуулар сатылып алынган.
Безгектин алдын алуу максатында республикалык жана облустук саламаттык сактоо мекемелеринде эмгектенишкен жетектөөчү адистерден турган ыкчам аракет жасоочу топтор түзүлгөн.
Таш-Көмүр шаарында акыркы үч жылдын ичинде безгектин пайда болушу байкалган. Ошондуктан 7 миңден ашуун адамга алдын алуу дарылоо чаралары колдонулган. Бул өз натыйжасын бербей койгон жок. Өткөн жылы алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында болгону безгек дартына чалдыккан бир гана окуя катталган.
Д.ӨМҮРЖАНОВ


Кырдаал кыйын, аракеттер арбын
Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаал кыйын бойдон калууда. 1-июлга карата алганда 1724 адам ВИЧ инфекциясына чалдыккан, алардын 1591и өлкөбүздүн жарандары. 121 адам учурда СПИД менен ооруда. ВИЧ инфекциясына чалдыккан 199 адам, мунун ичинде СПИД менен ооруган 88 адам каза болгон.
ВИЧ инфекциясына чалдыккан оорулуулар республикабыздын башка аймактарында да катталууда. Мисалга алсак, Бишкекте - 244, Ош шаарында - 461, Ош облусунда - 316, Баткен облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 177, Чүй облусунда - 341, Ысык-Көл облусунда - 15, Нарын облусунда - 3, Талас облусунда - 6 адам ВИЧ инфекциясына чалдыгышкан. Бул ооруга чалдыккандардын көбү 20-39 жаш курактагылар. Булар ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын 75,6%ын түзөт.
Аялдардын арасында ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын санынын өскөндүгү байкалат. Эгерде, 2001-жылы аялдар бардык ооруга чалдыккандардын 9,5%ын түзгөн болсо, ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 27,9%ды түзгөн. Алардын көпчүлүгү наркотикти пайдаланган күйөөлөрүнөн жугузуп алышкан.
Т.ЖУСУПОВ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы
мамлекеттик административдик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс жарыялайт
Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билим;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин, Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды жана эмгек мамилелери жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мамлекеттик кызматта улук кызмат орундарында стажы 5 жылдан кем болбогон же адистиги боюнча эмгек стажы 7 жылдан кем болбошу;
- компьютерде иштей билүүсү, автоматташтырылган системалар, маалымат базалары менен иштей билүүсү;
- англис тилин билүүсү талапка ылайык.
Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү
бөлүмүнүн башкы адиси
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билим;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин, Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды жана эмгек мамилелери жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мамлекеттик кызматта кенже кызмат орундарында стажы 1 жылдан кем болбогон же адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан кем болбошу;
- компьютерде иштей билүүсү, автоматташтырылган системалар, маалымат базалары менен иштей билүүсү;
- англис тилин билүүсү талапка ылайык.
Интеллектуалдык менчик укуктарын жана
апелляцияларды ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси
Квалификациялык талаптар:
- жогорку юридикалык билим;
- Интеллектуалдык менчик, жарандык укук, сот системасы жаатындагы мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мамлекеттик кызматта кенже кызмат орундарында стажы 1 жылдан кем болбогон же адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан кем болбошу;
- компьютерде иштей билүүсү;
- англис тилин билүүсү талапка ылайык.
Конкурска катышуу үчүн:
- өзүнүн арызын;
- кадрларды эсепке алуу баракчасын;
- иштеген жеринен өтүнүч кат;
- профессионалдык билимин, иштеген стажын жана квалификациясын тастыктаган документтерди (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);
- инсанды ырастаган паспортунун же документинин көчүрмөсүн (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) берүүсү зарыл.
Документтерди кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, 15 күндүн ичинде Бишкек ш., Москва көч. 62 дареги боюнча кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө (чапталган конвертте) тапшыруу керек.
Тел.: 68-08-19; 68-18-37.
Талапкерлер Кыргызпатенттин аттестациялык-конкурстук комиссиясына чакырылат (тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өтүү үчүн).

5-октябрь - жергиликтүү кеңештерге
депутаттарды шайлоо күнү
Талапкерлердин эсине!
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү" жарлыгына жана КРнын шайлоолор жөнүндөгү кодексине ылайык "Кыргыз Туусу" гезити депутаттык талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын жарыялоого даяр. Жарыялоонун төлөм акысы төмөнкүдөй тартипте белгиленди.
Гезиттин 1-бетинин толук аянтынын баасы - 50 000 сом,
2, 3, 4-беттер (толук) - 40 000 сом,
1/2 бет - 20 000 сом,
1/4 бет - 10 000 сом.
6, 7, 8, 9-беттер (толук) 30 000 сом,
Ѕ1/2 бет - 15000 сом,
1/4 бет Ѕ- 7500 сом.
10, 11, 12, 13, 14, 15, 16-беттер (толук) 20 000 сом,
1/2 бет - 10 000 сом,
1/4 бет - 5000 сом.

Согласно указу Президента Кыргызской Республики
о назначении даты выборов в городской и местный Кенеш КР и кодексе о выборах КР
ИА "АКИpress"
публикует о расценки на рекламу,
PR и любые агитационные материалы
Место размещения:

Размещение баннера на ПОРТАЛЕ "АКИpress"- 40 000 сом;
Размещение баннера на ПОРТАЛЕ "АКИpress" справа - 22 000 cом.
PR - материалы - от 20 000 cом
Размещение баннера на сроки меньше месяца - от 8000 cом.
Спонсорство рубрик - от 26 000 cом.
Публикации в Аналитическом журнале "АКИpress":
Черно-белые полосы внутри:
1 полоса (481 см2) 4000 сом
1/2 полосы (240 см2) 2500 сом
Суперобложка цветная:
2-сторонняя (2*240 см2) 24 990 сом.
Цветные полосы:
1-я сторона обложки 16 990 сом.
Цветная вставка-вкладыш
(4 полосы) 29 990 сом.
*Примечание
Политическая реклама + 50%
Цены действиельны с 01.10.2007
Тел: 65-92-02, 61-18-26.


Америка Кошмо
Штаттарынын элчилиги
конкурстук негизде коопсуздук кызматкерлеринин
орундарына жумушка чакырат
Арыз тапшыруучулар: улан-кыздар
Милдеттер:
- АКШ өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо.
Талаптар:
- орто билим (аттестаттын көчүрмөсү);
- коопсуздук кызматында 1 жылдык иш тажрыйбасы;
- англис тилин башталгыч деңгээлде, орус тилин эркин сүйлөө жөндөмү.
- В даражасындагы айдоочу күбөлүгү, 2 жылдык айдоочулук тажрыйбасы (айдоочу күбөлүгүнүн көчүрмөсү).
Жумушка алуу шарттары талапкердин иш тажрыйбасынын негизинде аныкталат.
Вакансия жана талапкерлерге коюлчу талаптар жөнүндө толук маалыматты жана арыз бланкын төмөнкү дарек боюнча алууга болот: Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 171.
Вакансия жөнүндө маалымат: http://bishkek.ussembassy.goy сайтынан да караңыздар.
Толтурулган арызды 2008-жылы 22-августта саат 17ге чейин элчиликке тапшыруу зарыл.
Көрсөтүлгөн күндөн кеч тапшырылган арыздар каралбайт.


УАД "Бишкек - Нарын - Торугарт"
объявляет тендер на закупку топочного мазута.
Методом запросом котировок.
Место и дата вскрытия тендерных заявок с.Нижняя-Ала-Арча ул. Киргизская 442, 14 августа 2008 г.
Телефон для справок: 67-77-94.

УАД "Бишкек - Нарын -Торугарт"
объявляет тендер на изготовление
дорожных знаков.
Ограниченным торгом. Место и дата вскрытия тендерных заявок с.Нижняя-Ала-Арча ул. Киргизская 442, 27 августа 2008 г.

УАД "Бишкек-Нарын -Торугарт"
объявляет тендер на закупку топочного мазута.
Методом запросом котировок.
Место и дата вскрытия тендерных заявок с. Нижняя-Ала-Арча ул. Киргизская 442, 13 августа 2008 г.
Телефон для справок: 67-77-94.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мелисбек Жоошбаевич Мырзакматовго
энесинин
мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтат.
Орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөбүз.

Академия МВД КР объявляет тендер на закупку продуктов питания оконч. срок подачи тендерных заявок 18.08.08 до 10.00 часов. т. 63-21-95.

"Эй-Ти-Глобал" ЖЧК-сынын 069892 номурундагы күбөлүгүнүн жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

АТО УД Президента КР объявляет тендер на закупку работ (замена оконных рам).

Центр образования Октябрского района проводит тендер на продукты питания. Заявки принимаются до 17.09.2008 г. 14-30ч. Обращаться по тел.: 56-92-11.

Ново-Павловка айылынын тургуну Орозалиев Эмил Бекитаевичке берилген жер үлүшүнө тиешелүү 0095761 номурундагы мамлекеттик акт, тех.паспорт жана реестр 16 сатып алуу келишиминин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.