, 05.08.08 - 8-бет: "Кризистен чыгууга аракеттенгенден башка жол жок"...№58, 05.08.08-ж.
  Энергетика: көйгөйлөр, ойлор, сунуштар

"Кризистен чыгууга аракеттенгенден башка жол жок"
Раимбек Сатыкулович Мамыров райондун электр тармактарынын мастерлигинен "Кыргызэнерго" акционердик коомунун башкы директорунун орун басарлыгына чейинки жолду басып өтүп, республиканын энергетика тармагында отуз жылдан ашык иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышынын депутаты. Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Раимбек МАМЫРОВ:

- Раимбек Сатыкулович, сиздин аң-сезимдүү өмүрүңүздүн бардыгы энергетика тармагында өтүп келатат десек жаңылышпайбыз. Энергетика тармагындагы азыркы түзүлгөн кырдаалга карата көз карашыңыз кандай?
- Өкмөттүн 24-июлда болуп өткөн кеңейтилген жыйынында кышкы сезондун башталышына же 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдагыга салыштырганда 3,6 млрд. кубометрге аз боло тургандыгы айтылбадыбы. Айрымдарда "эмне үчүн энергетика жөнүндө сөз болсо эле Токтогул ГЭСине басым жасалат, андан башка ГЭСтер деле бар го?" - деген суроо пайда болушу мүмкүн. Нарын каскадындагы ГЭСтер Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергияларынын 80%дан ашыгын берсе, алардын жарымы Токтогул ГЭСинен алынат. Бул биринчиси. Экинчиси, кудай анын бетин ары кылсын, кокус Токтогул ГЭСинен минималдуу өлчөмдө суу чыкпай калса, анда төмөнкү ГЭСтердеги агрегаттардын бир бөлүгү да иштебей калат да. Бул Нарын каскадындагы
ГЭСтердеги акыркы 20 жылда түзүлгөн эң оор кырдаал болууда.
Токтогул ГЭСинде суунун азайышы 2006-жылы эле башталган, бирок, тилекке каршы, Токтогул ГЭСинде электр энергиясын иштеп чыгууну азайтып, сыртка сатканды биротоло токтотуп, суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча убагында тийиштүү чаралар көрүлгөн жок. Менимче кышкы сезонго карата ГЭСтеги суунун көлөмүн бир аз көбөйткөн менен келерки жылдын февраль-мартына карата дагы оор кырдаалга туш болгону турабыз. Анткени, инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштеп турушу үчүн эл чарбасын минималдуу өлчөмдө болсо да электр энергиялары менен камсыз кылуу керек. Ал үчүн Токтогул ГЭСиндеги суу көбүрөөк коё берилиши, көбүрөөк агрегаттар иштетилүүсү зарыл. Эгерде, электр энергияларындагы жоготуулар, уурдоолор азайтылса, Токтогулдагы сууну чыгымдоо да азайып, маселе эч кандай катаал чараларсыз эле өзүнөн өзү чечилмек. Бирок, тилекке каршы, акыркы төрт-беш жылдан бери республикабызда өндүрүлгөн электр энергияларынын 40%нын жоготууларга учуроосу адаттагы көрүнүш болуп калды. Бул деген Токтогул ГЭСи иштеп чыгарган электр энергиялары жөн эле талаага кетип жатат деген сөз. Ошол эле мезгилде дебитордук карыздар да өсүүдө. 2001-жылы "Кыргызэнерго" АКнун дебитордук карыздары 1,2 млрд. сом болсо, ал реформаланып, бири экинчисине баш ийбеген жети ишканага айландырылгандан кийин тармактын дебитордук карыздары 5 млрд. сомдон ашып кетти. Азыр бөлүштүрүп, сатуучу компаниялардын дебитордук карыздарынан кредитордук карыздары көп. Же алар банкроттук абалга келип калышты.
- Жоготуулардын мынчалык көбөйүп кетишинин себеби эмнеде?
- Тармактын объектилериндеги жабдуулардын, линиялардын 70%ы эскирген. Жабдуулар эскирген сайын жоготуулар көбөйөт. Бирок, ошондо деле жоготуулар 15-17 пайыздан ашпаш керек. Совет мезгилинде жоготуулар 11-12%дан ашчу эмес. Азыр электр энергияларын уурдап пайдалануу массалык көрүнүшкө айланып кетти. Себеби ушул.
- Электр энергиясынын
ГЭСтерден өндүрүлүп, Кыргызстандын эң алыскы бурчтарына жеткирилгендеги бир киловатт-саатынын өздүк наркы 24-25 тыйын болот экен. Бирок, ага карабастан электр энергиясынын баасы кымбаттатылып эле келатат. Мурда жөнөкөй абоненттер үчүн 1 квт.с. 63 тыйын болсо, 1-июлдан 70 тыйынга чыгарылды. Же өздүк наркынан үч эсе кымбатка сатыла баштады. Мындан ары жыл сайын 12%га кымбаттатыла тургандыгы маалымдалды. Минтип тармактагы шалаакылыктардын бардыгын элдин мойнуна илип, бааларды кымбаттата бергендин ордуна жоготууларды азайтса болбойт беле?
- Бизде Нарын каскадында өндүрүлгөн электр энергияларынын ар киловатт саатынын өздүк наркы 10 тыйындын тегерегинде болсо, ТЭЦте өндүрүлгөндүкү 1 сом 20 тыйын. Бирок, бизде жыл сайын орто эсеп менен 5 млрд. киловатт саатка жакын электр энергиясы жоготулууда. Электр энергияларын иштеп чыгаруучу жана аларды абоненттерге жеткирүүчү, бөлүштүрүп сатуучу ишканалардагы техникалардын, жабдуулардын баары эскирген. Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жаңыларын сатып алуу керек, алардын көбү Кыргызстандан чыкпайт, баалары кымбат, ар эки-үч жылда эселеп өсүп да жатат. Мындай учурда деле жоготууларды азайтып, төлөмдөрдү өз убагында толук түшүрүү аркылуу ички резервдерди таап, баа саясатын башкачараак жүргүзсөк да болмок, бирок, тилекке каршы, жоготуулар азайбай жатат, төлөмдөрдүн 60-70%ы гана өндүрүлүүдө. Ошондон улам тармакты биротоло банкроттукка учуратпоо үчүн Өкмөт электр энергиясынын бааларын кымбаттатууга аргасыз болууда. Ошентсе деле бизде КМШдагы башка өлкөлөргө салыштырганда электр энергиясынын баасы кыйла арзан, бирок алардыкына салыштырганда айлык акы, пенсиялар да аз. Муну да моюнга алыш керек.
- Россияда да ушундай кырдаал түзүлүп, жоготуулар, дебитордук карыздар көбөйүп, тармак өз ара эсептешүүлөр менен иштеп калганда РАО ЕЭСтин жетекчилигине өмүрүндө энергетика тармагында иштеп көрбөгөн экономист А.Б.Чубайс келип, бир жылда дебитордук карыздарды жоюп, төлөмдөрдүн нак акчалар менен түшүү деңгээлин 96-97%га жеткирген. Ал дебитордук карызы болсо, аскердик округдардын штабдарына, стратегиялык делген заводдорго чейин жарыктарын өчүрткөн. Бизде деле ошондой кардиналдуу чаралар аркылуу тармакты тартипке келтирсе болбойбу? Кыргызстандан Чубайстай бир адам чыкпайбы?
- Лимиттин чегиндеги жоготуулар Россияда деле бар, аларда деле баары идеалдуу эмес. Алар 1-июлдан тартып РАО ЕЭС АКны жоюп, аны өзүнчө министрликке айландырышууда. Дебитордук карыздарды өндүрүүдө, албетте, биринчи кезекте энергетика тармагындагы кызматкерлер жүгүрүп иштөөлөрү керек. А.Чубайс бир гана энергетика тармагында гана эмес, башка иштеген жерлеринде да катаалдыгы, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып келген да. Ал эч кимди аралаштырбастан тармактын маселелерин өзү чечкен. Биздин энергетика чөйрөбүздө А.Чубайстай жоопкерчиликти да, тобокелчиликти да өзүнө ала турган чечкиндүү адамдар болсо да аларды колдой тургандар жок болуп жатпайбы. Эгерде мектептин, же башка бир социалдык жайдын жарыгы өчүрүлсө эле депутаттардан, маалымдоо каражаттарынан, өкмөттүк эмес уюмдардан баштап баары аларга жактоочу, ортомчу, колдоочу болуп чыга келишет. Антип адвокаттык кылгандын ордуна карыздан кутулууга жардам беришсе, жакшы болот эле го. Менимче коомдо энергия-товар, алдыңбы акысын төлө дегендей, бирдиктүү так позиция болмоюнча абал оңолбойт.
- РАО ЕЭСнын жетекчиси А.Чубайс Кыргызстанга иш сапары менен келгенде тармактын жетекчилери Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтерин биргелешип курууну сунуш кылышса, ал "курулуп, иштеп жаткан ГЭСтериңерден чыгарылган электр энергияларынын акчасын чогулта албай жатып, жаңы ГЭСтерди куруп эмне кыласыңар" деген экен. Чын эле Токтогул ГЭСи иштеп чыккандын көлөмүнчө энергия жөн эле талаага кетип жатса, жаңы ГЭСтерди кургандын кандай зарылчылыгы бар?
- Мен билгенден А.Чубайс башкачарак мааниде же "Кыргызэнергону" бириндетип, бөлөрдөн мурда тармакты тартипке келтирип, жоготууларды азайтып, ала тургандарыңардын баарын өндүрүп, бере турганыңардан кутулуп, анан реформалабайсыңарбы, силер бир маселени чече албай жатып экинчисин мойнуңарга илип, түйшүгүңөрдү көбөйтүп алыпсыңар" дегендей пикирин айткан. Мен анын төлөмдөр толук жыйналмайынча жаңы ГЭСтерди курбоо керек дегенин уккан эмесмин. Эгерде антип айтса,
анын оюна кошулбаймын. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык өлкөнүн ички дүң жыйымынын өсүшүнүн көлөмүнө жараша электр энергиясын өндүрүү да ошондой деңгээлде көбөйүп туруусу керек. Өнөр жай ишканаларынын көлөмүнүн өсүүсүнөн электр энергияларын өндүрүүнүн көлөмү дайыма алдыда жүрүүсү зарыл. Антпесе ИДПнын көлөмү өспөй токтоп калат. Бир жолун таап жоготууларды, де-битордук карыздарды
азайтса болот, бирок жаңы ГЭСтер курулбаса, жаңы ишканалар, мекемелер үчүн электр энергияларын кайдан алабыз? Анын үстүнө бир ГЭСтин курулушун баштап, аны аягына чыгаруу үчүн он жылдай убакыт талап кылынат.
- Төрт-беш жылдан бери энергетика чөйрөсүндөгү айрым объектилерди концессияга берүү жөнүндө сөз болуп келүүдө. Бирок, азырынча биздин объектилерди концессияга алууга шашылган кардарлар деле байкалбайт. Бул маселе жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Жогорку Кеңештин токтому менен Бишкектеги ТЭЦти, "Түндүк электро" АКнун жана Бишкектеги жылуулук таркатуучу компанияны концес-сияга берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Билишимче азыр аталган ишканалардын мүлктөрүн инвентаризациялап, баалоочу комиссиялар иштөөдө. Анан тендер жарыяланып, концессияга алууну каалагандардын долбоорлору, документтери кабыл алына баштайт. Бирок, сен туура айткандай, аталган ишканаларды концессияга алып, иштетүүгө ашыккан кардалдарды деле байкай элекмин. Казакстандан бир компания, анан АКШдан "Ай-Си" деген бир компания тендерге катышканы жатыптыр дегенди гана укканмын. Анан мен "мамлекет начар менеджер, компаниялар жекече колдорго тийсе эле оңолуп кетет" деген пикирлерге кошулбаймын. Мына ошондой ойдо Молдавиянын энергетика тармагындагы төрт компаниянын экөөсүн испаниялыктарга концессияга беришкенден кийин абал оңолмок түгүл, начарлап, ар квт.сааттын баасы 5 центке чыгып кеткенде, мамлекет берки эки компанияны өзү алып иштетип, абалды оңдогон. Бирөө концессияга алса эле тармактагы абал оңолуп кетет дегенге ишенбеймин. Кандай кардал болбосун ал элдин кызыкчылыгын ойлобойт, компанияларды жеңилдетилген шарттарда арзаныраак алып, электр энергияларын кымбатыраак сатып, көбүрөөк пайда тапканга гана умтулат.
- 2000-жылы Кыргызстан электр энергияларын экспорттоодон 79,24 млн. долларлык киреше алса, ал жылдан жылга азайып, тарифтери төмөндөп гана келе жатат. Айрым кошуна өлкөлөргө электр энергияларын ички баанын деңгээлинде гана берүүдөбүз. Ошол эле мезгилде алар бизге саткан көмүрлөрүнүн, газ жана мунайзаттын бааларын жылдан жылга кымбаттатышууда. Алсак, 2005-жылы Казакстан бизге көмүрүнүн ар тоннасын 17-18 доллардан сатса, азыр ар тонна көмүрдүн баасын 40 доллардан ашырып жиберишти. Өзбекстандын газынын миң кубометри 145 долларга жетти, жаңы жылдан кийин дагы кымбаттаганы жатат. Ал эми биз өзүбүз экспорттогон электр энергияларынын бааларын жылдан жылга арзандатуудабыз. Мындай терс көрүнүштөргө эмнелер себеп болууда?
- Акыркы убактарда электр энергияларын экспорттоодо бирдиктүү күчтүү саясаттын, мамлекеттин кызыкчылыгын сырткы рыноктордо коргоп, сүрөө иштеринин начарлап кеткендиги чындык. Бул кечээ жакында эле пайда боло койгон жок, 2000-жылдан бери эле экспорттолгон электр энергияларынын тарифтери төмөндөп келатат. Тариф төмөндөгөндүктөн 2000-2004-жылдардын ичинде электр энергияларын экспорттоодон алынган киреше төрт эсе азайган. 2003-жылга чейин биздин негизги кардалдарыбыздын бири Өзбекстан болуп, ал ар квт. саат электр энергиясын 3,34 центтен сатып алып турса, 2003-жылы Россияга ар квт. электр энергиясын 0,66 центтен сатуу жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин андан ажыраганбыз. Россиянын "Интер РАО ЕЭС" деген жабык акционердик коому бизден ар квт. саат электр энергиясын 0,66 центтен алып, өз керектөөчүлөрүнө үч-төрт эсе кымбатка сатып келди. Мурда бизден Өзбекстан электр энергиясын 3,34 центтен сатып алганда, алар сугатка пайдаланган суунун баасы да эске алынчу. Кийин алар суу сактагычтарын, ТЭЦтерди көбөйтүшкөн соң "биз силердин сууңарды да, электр энергияңарды да албайбыз" деген саясатка өтө башташты. Россия менен эң арзан баада келишим түзүлгөндөн кийин Өзбекстан сууну бекер алып турду. Анткени, Россия менен түзүлгөн келишимди аткаруу үчүн ГЭСтердеги агрегаттардын бардыгын иштетүүгө аргасыз болдук. 2005-жылда Казакстанга ар квт. саат электр энергиясын 0,80 центтен да сатып келдик. Аларга андай арзан берилгендигинин объективдүү себептери да бар болчу. Анткени, биз аларга энергияны чегараларына гана жеткирчүбүз, нар жактарына жеткирип, бөлүштүрүп сатууну өздөрү моюндарына алышчу. Бирок, ошентсе да эми алардын баары кайра каралып, жаңы келишимдер түзүлүүдө, ар квт. саат 4,5 центтен сатылганы жатат. Бирок, Токтогулда жетишерлик суунун кору болбосо, ал келишимдегилерди кантип аткарабыз?
- Эми соңку суроо. Тармактын реформаланып, майдалангандыгына жети жыл болду, бирок өсүп-өнүгүү байкалбайт. Жылдан жылга артка гана кетүүдөбүз. Же бир сөз менен айтканда, реформа өзүн актаган жок. Тармакты азыркыдай оор абалдан чыгаруунун жолу барбы? Болсо ал үчүн эмнелерди жасаш керек?
- Энергетикасыз эл чарбасы өнүкпөйт, жарандардын да нормалдуу тиричиликтери өтпөйт. Ошондуктан тармакты кризистен чыгарууга бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалуусу зарыл. Президент Курманбек Бакиев Өкмөттүн жыйынында эң туура көрсөткөндөй, биринчи кезекте жоготуулар азайтылып, төлөмдөр өз убагында толук түшүрүлүүсү керек. Чындап аракет кылса, булар колдон келе турган нерселер. Ал эми Токтогулдагы суунун корун ишенимдүү көлөмгө жеткирип, турукташтырып, биротоло жөнгө салуу үчүн кеминде үч-төрт жыл убакыт талап кылынат. Ага чейин электр энергияларын үнөмдөө, жогоруда айтылгандарды жолго коюп, дагы башка ички мүмкүнчүлүктөрдү кыймылга келтирип, кризистик көрүнүштөрдү жеңилдетүүгө аракеттенүүбүз керек. Андан башка жол жок.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, электр энергияларын пайдалануучуларга, калкыбызга кайрылып, аларды энергияларды үнөмдүү пайдаланууга, төлөмдөрдү өз убагында төгүп турууга чакырып кетемин. Анткени, тармак бардыгыбызга бирдей керек, ансыз тиричилигибиз өтпөйт. Ошондуктан анын тагдырына бардыгыбыз бирдей кызыкдар болушубуз керек. Эгерде уурдоолорго жол бербей, төлөмдөрдү өз убагында төгүп турсаңыздар, энергетика тармагын өнүктүрүүгө абдан чоң жардам кылган болот элеңиздер.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"