, 05.08.08 - 16-бет: "Кыргыз киносу - улуттук идеологиянын кџзгџсџ...№58, 05.08.08-ж.
 "Кыргыз киносу - улуттук идеологиянын күзгүсү

Т.Бирназаровдун "Белгисиз
каттам" аттуу толук метраждуу көркөм
фильми учурда өзүнүн бет ачарын өткөрүп,
андан ары алыскы ареналарга аттануу алдында
турат. Ал эми кыргыз элинин кечээки, бүгүнкү
жашоо-шартын, мүнөзүн, көйгөйүн, келечегин
чагылдырган, соңку убактарда тартылган кинолордун
эң узуну деп эсептелген бул тасмага мамлекет
тарабынан "эң жогорку" деген категория берилди.
Режиссёрдун айтымында, бул - кинону плёнкага көчүрүү
мүмкүнчүлүгүн жаратты. Бул мүмкүнчүлүк - кинонун чет
элдерге чыгуусуна кенен жол ачат. А чынында тартылган
бардык эле кино тасмалар плёнкага алынуу мүмкүнчүлүгүнө
ээ боло беришпейт. Ал эми плёнкага көчүрүү үчүн жумшалган 500 миң
сомго жакын каражат учурда мамлекет тарабынан каржыланып жатат.

Автобус - мамлекет, жүргүнчүлөр - эл …
Кинодо эскилиги жеткен,калдырап-шалдыраган автобус жүргүнчүлөрүн салып алып, коюу туманды жиреп кайдадыр сапар тартат. Жүргүнчүлөрү ар кыл - балалуу эне, соодагер, музыкант, молдо, коммунист, демократ, укук коргоочу, алдамчы-ууру, сойку… окуусун жаңы эле чет элден аяктап келаткан жаш улан менен глобус кучактаган окуучу бала… Тасманы карап отурган ар бир эле көрүүчү эски автобус - кыргыз мамлекетинин символу экенин жазбай
тааныйт. Ал эми алкы чоң айдоочу - анын башкаруучусу. Жүргүнчүлөрдүн ага карата болгон нааразылыгы бара-бара күчөп отуруп, акыры: "Машиненин ачкычын бер, ордуңду бошот!" - дей башташат. Айдоочу ар кандай айла-амалга салып, эптеп ордунда калууга далалаттанып кирет. Бирок, акыры кетүүгө мажбур болот да, айдоочунун орундугун жулуп алып, автобустун жарык бергич фараларын талкалап салып, качып кетет. Ошентип, талаш-тартыш менен экинчи айдоочу шайланат. Ошондо да элдин ыркы кетип, эки-экиден уруш-талаш болуп мушташып жатып, айдоочуну алагды кылышат да, автобус барып жарга асылып калат. Эл жанын оозуна тиштеп, жым-жырттык өкүм сүрүп да, эптеп эле амал таап өз-өз жандарын куткарып калууну ойлой башташат. Ошондо узак убакыттар бою чет жактарда окуп жүрүп келаткан улан акырын жерге түшүп, жарым жартылай жарга асылып турган автобустун арткы дөңгөлөктөрүнүн алдына таш коюп, автобусту түртүп жылдыра баштайт. Ага бирден-экиден келип кошулуп отурушуп, акыры автобус жардан чыгат. Ошондо улан колуна от көтөрүп алып, жарыксыз калган автобустун алдында жол көрсөтүп чуркап жүрүп отурат. Тээ бир оокумда "жер шарын" кучактап отурган бала:
- "Биз келдик! Ура-а, тигине биздин айыл!" - деп кыйкырат. Айткандай эле кайдандыр жаркыраган ак шамдар - келечектин шамдары жылтылдап күйүп турган болот…

- Темир мырза, жаратып алган жаңы тасмаңыз - ийгилигиңиз кут болсун! Айтмакчы, "Белгисиз каттамдын" идеясы жана сценарийи кимдики?
- Идея да, сценарий да 1992-жылы, студент кезимде жаралган. Анда мен Алма-Атадагы театр жана кино институтунда окуп жүрүп, каникулга келген элем. Нарындын автовокзалынан автобуска отуруп,
айылды көздөй кетип баратам… Эскилиги жеткен автобустун жүргүнчүлөрү да ар кыл… Бири ыйлап, бири күлүп, бири ичип алып… айтор кырк мүнөт бою ошонун баарына күбө болуп жүрүп отуруп, документалдуу фильм тартайын деп, чакан аңгеме жазып койгом. Бара-бара анан ошол идея улам кеңейип, алымча-кошумчаланып отуруп, акыры ушул кино тартылды.
- Идея, сценарий узак
убакытта бышып жетилген экен, кино канча убакта тартылып бүттү жана ролдорду ылайыктоодо кыйналган жоксузбу?
- Даярдануу убактысы эки айга, тартуу процесси кырк күнгө, монтаждоо дагы эки айга барды. Ролдорду бөлүштүрүүдө болсо кыйынчылык деле болгон жок. Өзүм кинодон сырткары театр режиссёру болгондон кийин, артисттердин кулк-мүнөзүн, чеберчилик деңгээлин жакшы билем да. Болгону эле кичинекей бала менен элдин үмүтүн чагылдырган Үмүт аттуу жаш жигиттин ролун издөөдө бир аз
кыйынчылык болду.
"Эмне үчүн кыргыз "берген" акчага кыргызча эмес, орусча кино тартышыбыз керек?!."
- Жакында кино кызматкерлери мамкатчы Досбол Нур уулунун кабыл алуусунда болдук. Ал жерде улуттук идеологияны аныктап, тактоодо, аны жайылтууда кинонун ролу өтө чоң экени айтылды. Буга мен жандилим менен кошулам. Ада-бият, театр, кино - булар идеологиянын кыймылдаткыч күчү. Ошол жерден мен учурдан пайдаланып, мамкатчыга кайрылуу жасадым: "Кыргыздын калпагын кийип жүрүүнүн өзү - улуттук идеологияны алып жүрүү! Биз азыр кыргызча сүйлөмөк түгүл, калпак кийгенден уялып калдык! Мейли, союз убагында бизди: "Эне тилиңди унутуп, маңкурт бол!" - деп мажбурлаптыр, азырчы?! Азыр бизди эч ким анткен жок! Ошондой эле мисалдардын бири - бизде кыргыз киносун тартуу үчүн миллиондогон акчалар кетет. Акыркы он беш жылда талаа-түздө жүргөн карапайым кыргыз элинин чөнтөгүнөн алып, он миллион сомго жакын акчага кино тартыппыз. Менин күйгөнүм, эмне үчүн кыргыздын акчасын алып туруп, кыргызча эмес, орусча кино тартышыбыз керек да, орус тилдүү элге тартуулашыбыз керек?! Бул - барып турган эки жүздүүлүк жана алдамчылык!
Бул маселе боюнча Ташбоо Жумагулов менен да сүйлөштүм. Чынымды айтсам, акыркы он жылдын ичинде менин бирден-бир негизги көйгөйүм ушул. Балким мени улутчул дешер. Бирок ар бир атуул улутчул болууга, улутун, тилин, тарыхын сүйүүгө тийиш. Ошондо коом, мамлекет өсөт. Байдылда айткандай, "Эне-атасын сүйбөгөн - элин сүйүп жарытпайт, эне тилин билбеген - эси жогун аныктайт!"
Өткөндө интернеттен окуп
калдым: "Бараны, говорите на
своем языке!" - дептир. "Өзүңөрдүн тилиңер жокпу?!" - дейт. Күйгөнүм, жаштарга акыл айтчу кээ бир чалдарыбыз орусча сүйлөп, орус адабиятын, орус тарыхын жакшы билет да, өзүнүн үчүнчү-төртүнчү атасын тааныбайт! Маңкурт да ал!
"Мен ушуга кубанам…"
- Жүрөгүңүздү өйүгөн, улуттук деңгээлдеги маселе-көйгөйлөр өтө көп экен, келиңиз, азыраак чегинүү жасайбыз… деги сиз кандай учурларда кубанасыз?
- Кыргыздардын бири-бирине болгон нукура кыргызча, таза мамилелерин көргөндө ушунчалык кубанам.
- Ушул эле көйгөйлөрдү кинолоруңузда чагылдырсаңыз керек?
- Автор өзүнүн айтайын деген ар бир оюн, сөзүн каармандарынын оозуна салып коёт. "Белгисиз каттамда" бирөө айтып жатпайбы: "Демократия - үрп-адаты, салты жок элдин ойлоп чыгарганы!" - деп. Чыны менен эле тарыхта деле ушундай эмеспи, Американы баш кесерлер басып алып, өздөрү да жер талашып эле бири-бирин кыра беришкен. Акыры анан: "Ушуну кантип ирээтке келтиребиз?" - деп акылдуураактары жанагыдай мыйзамды ойлоп чыгышкан. А биздин өзүбүздүн калыптанып калган даяр мыйзамдарыбыз - үрп-адат, салтыбыз болгон да! Аксакалдар соту болгон! А азыр "демократия" деп адашып, өзүбүздүн эң сонун баалуулугубузду жогото баштадык! Бул өтө кейиштүү нерсе!
Учурда улуттун трагедиясы аз эмес! Эгерде адам жугуштуу же рак оорусуна чалдыгып, ошого моюн сунуп: "Болот да эми!" - деп макул болуп отуруп берсе, демек өлгөнү! Жок, тескерисинче жаратты кесип ыргытып, буркан-шаркан түшүп, моюн сунбай аны менен алышканы - демек дарыланганы! Ушуга жөнөкөй эле бир мисал, көчөлөрдө денесин саткан кыздарыбызга көз жуумп, ошого макул болуп калдык.
Бул - коомдун жарасы, улуттун рак оорусу деп айтар элем! Ал эми кичинекей улут өзүн таза сактап калышы керек эле. Болбосо, кыргыз улуту абдан таза кандуу эл деп эсептелинет. Франциялык окумуштуулар изилдеп отуруп, анан бизге таң калып айтып жатпайбы: "Силерде айрым улуттарда кезикчү оорулардын көбү жок болуп чыкты. Мунун себеби, силердин жети атаңарды билгениңер экен!" - деп. Анткени жети ата өткүчө кыргыз кыз алышып, кыз беришпейт. Ошонун натыйжасында аз эл болсок да таза кандуу, тарыхый улуу калк катары жашап келатабыз да… Демек, биз дагы сакталып калыш үчүн үрп-адатыбызды, тилибизди, дилибизди сакташыбыз керек.
Сүрөттө Т.Бирназаров кино тартуу учурунда; "Белгисиз каттам" кино тасмасынан кадрлар.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"