, 05.08.08 - 14-бет: "Мекен" деп соккон кош жџрєк...№58, 05.08.08-ж.
  Асек ата менен Тамара эне багар-көрөрү жок кары картаңдарга,
балдар үйлөрүнө жыл сайын 100 миң сомдон жардам көргөзүп келет

"Мекен" деп соккон кош жүрөк
Чыйралткан согуш каары
Көгүлтүр көлдүн жээгинде
чоңойгон жигитке теребел да өз таасирин тийгизгендей, ой чабыты кең болуп чыкты. Күч-кубатка толуп, жалындаган жаштыктын деми оргуштатып турганда кандуу согуштун башталганы Асектин да андан аркы тагдырына бурулуш жасады. Мекени үчүн күрөшкө аттанган эр-азаматтардын катарына 1942-жылы мартта кошулду. Ошондо ал жыйырма гана жашта эле. 1943-жылы Улан-Удэ шаарында аскердик окуу жайды аяктап, кенже лейтенант наамына ээ болуп, фашисттер менен салгылашууга жөнөйт.
Идиреги бар жигит өз артыкчылыктарын көргөзүп, 735-аткычтар полкунда взводдун командирлигине дайындалат. Өзү кан майданда эл-жеринин келечеги үчүн күрөшүп жүрсө да, тээ алыстагы ата-эненин тагдыры ойлонтпой койгон эмес. Алардын күнүмдүк жашоосу кандай өтүп жаткандыгына түйшөлүп, бир айлык эмгек акысына чектелген 9000 сом акчасын жөнөтөт. Ошентип кайрымдуу уул кайда жүрсө да, ата-энесинен жардамын аяган эмес.
Согуш деген согуш. Тапшырмалардын татаалдыгы аскердик чеберчилик менен тайманбастыкты талап кылат эмеспи. Асек да адеп барганда Украина жериндеги душмандар менен салгылашууларда жан аябас эрдиги аркылуу лейтенант наамына жетишет. Душманды жеңүү көпкө созулуп, бирок Асек өңдүү патриоттордун Мекенге болгон сүйүүсү жеңишти көздөй алып баратты.
1943-жылдын декабрь айында полктун командиринин буйругу менен Асек жанына 2 жоокер алып жол чалгындоого жөнөйт.
Кеч күүгүмдөп калган чакта чалгынчылар үлүңдөгөн жарыгы менен чубап бараткан фашисттердин кузову чүмкөлгөн автоунааларына тушугат. Мындайда чечкиндүү Асек аларды токтотууга буйрук берет. Командир коштоп, эки жоокер автомат менен ок жаадырып чабуул коюшат. Атылган окко сестенбей, сапарын улаган душмандарга каарданган Асек 2 гранат ыргытат. Эми оңбостугун сезген немистер унааларын таштай качышып, токой аралап жашырынышат. Колго түшкөн ар кандай жүк салынган машиналардын жалпы саны 76ны түзгөн. Куйругун кыпчып качкан фашисттер кайра каршы чабуулга өтүшүп, түнү менен айыгышкан салгылаш жүрөт. Чуулдап учкан түнкү октун бири ротанын командирине жаңылып, жарадар болот. Жалпы ротанын тагдыры эми Асектин мойнуна жүктөлөт. Эртеси таң менен чабуулга өткөн душмандар алардын коргонуусун буза албай коюшат. Жер жайнаган фашисттердин тынымсыз чабуулунун натыйжасында снайпердин огу командир Асектин эки бутун оор жарадар кылат. Оң бутуна жаңылган ок сөөгүн талкалап, сол бутунун жарымын жалмаган экен. Сай-сөөгүн сыздаткан оору кыйнап, жарааты таңылбай кан аккан бойдон кечке жатууга мажбур болот. Дарманы кеткен Асекти кеч болгондо араң 2 жоокер көтөрүп дөңдөгү бир үйгө жеткиришет.
Кырчылдашкан кагылыш түнкүсүн бычакташууга өтөт. Түн ичинде немистердин кужулдаган үндөрүн уккан сайын Асекте тынчтык жок. Качан кирип келип атып салаар экен деп чочулап үч күн жатты. Бул мезгил аралыгында анын жараты таңылбай, наар албай, тамчы сууга зар болуп азап тартты. Анткен менен ал кыйынчылыкты да тоготпой, эсин жоготподу. 4-күн дегенде араң санитарлар санбатка жеткирди. Жаны жай ала түшкөн Асек көзүн ачса буту гипсте экен. Тез арада Горький шаарындагы госпиталга жеткирилип, үч айдан кийин бир буту жараксыз болуп кесилип салынган. Дене кубаты толгуча сегиз ай госпиталда жатып 1944-жылдын август айында Мекенине келет.
Кайраттуу жоокерден татыктуу адиске
Эл-жерине келгени Асек кол
куушуруп отуруп калган жок. Кан майдандагы күрөшүн эмгек майданында улантты. Жерине кайткандан үч айдан соң үйлөнүп, райондук бухгалтердин кесибин аркалады. Райондун соода мекемесинде, эсеп-кысабында башкы бухгалтерликке чейин көтөрүлөт. Андагы эмгеги бааланып, бир канча сыйлыктарга татыды. Партиянын чечими менен райондук өнөр-жай тармагына ишке келет. Ага Каракол, Чаек комбинаттары курамына кирген Балыкчы эт комбинатына башкы бухгалтердин милдетин аткаруу дайындалат. Кийинчерээк, 1978-жылы айыл-чарба тармагына өтөт.
Көп жылдар бою колхоздордо жогорудагы кесибин жолдоп эмгектенген. Мындан тышкары айыл-чарба жол-жобосун бузгандар менен күрөшүп, райондук текшерүүчүлүктө иштеген көп жылдык тажырыйбасы да бар. Райондук өндүрүш башкармасында кызмат өтөп жүрүп, 1981-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Буга карабастан анын жөндөмдүү адис экендиги бааланып, райондун мекеме башчылары тарабынан ишке чакырылып турат.
Поэзиянын керемети
Бир кезде колуна курал алып,
душман менен чабышып, кызыл кыргынга катышкан адамдын поэзиянын керемет дүйнөсүнө сүңгүгөнү сырдуу көрүнүш. Атанын айтымында ал акындыктын босогосунда туруп, Алыкулдун "Көл толкунун" колунан түшүрбөй, котормолорун да издеп таап окуп келген. Алыкулдай улуу акындын талантына тамшанып, арбагына куран окуп, калемин сурап, таазим этип жүрөт. А тургай, жазган китебим жарык көрсө, анын сатылган жемишин сараң болбой жардамга муктаждарга берем деп өзүнө убада берип алган.
Ушинтип калемин курчутуп жүргөн мезгилинде, күтүлбөгөн жерден 42 жаштагы уулу каза болуп, Асек абаны аза чулгайт. Андан көп узабай байбичеси да катуу ооруп төшөккө жатып калып, 1999-жылы дүйнөдөн өтүп, чоң сыноо болот.
Майтарылбас Асек ата калемин таштабай, өжөрлүгү жана акындык дарамети менен "Үзүлбөгөн үмүттөр" аттуу китебин жазып бүтөт. Каражаттын жоктугунан улам бул эмгеги эки жылдан кийин, 1998- жылы басылып чыгат. Чыгармачыл тушоо кесүүсү дем-күч берип "Ысык-Көлүм ыйыгым" аттуу китебин жазууга шыктанат. Ал эмгеги 2004-жылы жарык көрүп, андан түшкөн каражат Караколдон "Акжол" коомдук фондун ачууга керектелет. Фонддун ишин илгерилетүүдө жергиликтүү башкармалыктардан жардам болбойт. Кайраттан жанбаган Асек ата Бишкекке келип бутун жасатуу максатында протездик заводуна келет. Ушул жерден китептерин сатып, акча топтоп кийинки "Айланып келээр шумкарың" аттуу китебин басмадан 2005-жылы чыгарат. Китеп 2000 нуска менен чыккан.
Асек атанын жаш курагы өткөнү акындык шыгы артып, чыгармачылык жактан чыйралып келаткан өңдүү. Эки көзүнүн катаракт оорусуна кабылып, карылыктын кесепетинен жан дүйнө кайрыктарын кагазга түшүрүү, аны окуп, оңдоо
кыйынчылыкка турса да тынч алган жок. Үстөл шамынын жарыгында карегине такап окуп, оңдоого үлгүргөн "Өрт өчүргөн өмүр" аттуу китебин 2008-жылдын 14- апрелинде жарыкка чыгарды. Бул тууралуу Асек ата өзү:"Аягында оң-доого көзүмдүн кубаты жетпей, бирөөлөргө окутууга туура келди. Натыйжада, көзүмө күч келип азыр окуп, жаза албай калдым. Мындай көктүгүмө Н. Островскийдин "Болот кантип курчуду" романы себеп болду,"- дейт.
Өздөрү кары болсо да, үй-бүлөсү жаш
Жана белгилегендей Асек
Урманбетов өзүнүн калем үзүрлөрүн топтоп "Акжол" коомдук фондунун ишкердигине жумшайт. Фонддун ишин баштоодо жана аны андан ары жөнгө салып, өздөштүрүүдө каражат тарабынан болгон кыйынчылыкты таланты менен жеңип келет. "Акжол" коомдук фондун Бишкектен кайра каттоодон өткөзүп, Асек Урманбетов анын президенти болуп бекиген. Жазган китептерин сатып акча кылуунун татаал кыйынчылыгына, жайдын ысык аптабында, кычыраган кышта буту-колунун жооруганына карабай өтө муктаж жашаган жарды адамдарга жардам берүүгө далалаттанат. 2008-жылдын 13-мартында Свердлов райакиминин катышуусу менен 10 адамга 10 миң сом, 10-апрелде Ленин райакимчилигинде 10 үй-бүлөгө 10 миң сом жардам көрсөттү.
Андан тышкары Военно-Антоновка жетим балдар үйүнө 6 миң сомдук спорттук инвентарларды, чоң балдарга экиден мыкты топ, теннис ойноого керектүү буюмдарды, ал эми кичинекей бөбөктөргө жумшак топ алып берди. Буга чейин Жети-Өгүз районундагы өзүнүн киндик каны тамган Саруу айылына барып, согуштун ардагерлерине жана оорукта эмгектенгендерге, өтө начар жашаган адамдарга жалпысынан 20 миң сомдон ашык жардам берип келген. Дегеле Асек атанын кайрымдуулук иштерин санасак абдан көп. Баарын тизмектеп отурбай эле Асек ата менен Тамара апанын жетим-жесирлерге, колунда жокторго, балдарга жасаган жардамынын 100 миң сомго жеткенинин өзү эле алардын 90 жашка жакындап баратышса да биз карыбыз деп башкалардан жардам үмтөтпөй, тескерисинче ар бир күнүн кайрымдуулук ишке арнап жатышканы үлгүнүн үлгүсү боло турган бөтөнчө мисал. "Китеп жазып байыйын дебейм, жасаган эмгегим тарыхта, эл оозунда калсын деп ойлойм. Кудай мага күч-дем берип турганда муктаждарга берген жардамымды 100 миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бишкектин элине эле жардам көрсөтпөй, бардык облустардын губернаторлору менен сүйлөшүп, алыста жашаган элдерге да жардам көрсөтсөм деген оюм бар",- деген эле Асек ата мурдараак. Ошол тилегине, койгон максатына жетип жарыгын элге чачканга жетишип отурат. Мындай жан дүйнөсү кең, боорукер, элинин жыргалчылыгын ойлогон адамдын жеке турмушу да кызык. Асек Урманбетов мындан үч жыл мурун кызыктуу жолугушуудан кийин көп жылдар бою көркөм сүрөт музейинде эмгектенген Тамара Балтабаева (азыр 85 жашта) менен турмуш курганы басма сөз беттеринде чагылдырылган.
Согуш учурунда Тамара Мусаевна дагы эл-жерди баскынчылардан коргоо максатында Токмок аскер комиссариатына согушка жиберүүсүн өтүнүп, арыз менен кайрылат. Аскер комиссариаты Тамараны дароо Түркмөнстанга аскердик даярдыктан өтүүгө жиберет. 40 градус ысыкта машыгуудан өтүп, фашисттердин самолётунун үнүн таанып, замбирек, пулёмет атышты үйрөнүп, Куйбышевдеги аскердик заводдорду душмандын бомбалоосунан коргоого катышат. Полктун комсоргу болот. Аскердик тапшырмаларды аткарып, Мурманскиге, Польшага каттай турган поезддерди душмандын самолётунан коргоого катышып, жан аябай Мекен үчүн салгылашып, 1945-жылы аман-эсен эл-жерине кайтып келет. Жеңиш күндү Чехославакиядан тоскон. Согуштан келгенден кийин комсомолдо, профсоюзда эмгектенип, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бөлүм башчы болуп иштеген. Тамара Балтабаеванын музейге сиңирген эмгеги зор. Кыргыз жерин түрө кыдырып, эл ичиндеги керемет буюмдарды чогулткан. Азыр ошол таберик буюмдарды көргөндө кийинки муундар бир чети элибиздин өткөндөгү жашоосунан кабар алышса, бир чети чеберчилик менен жасалган улуттук буюмдар элибиздин көркөм өнөргө аздек мамилесин туйдуруп турат.
Мына бул жагынан да алар жаштарга үлгү болорлук өмүр сүрүп келишет. Бири-бирине куп жарашкан Асек ата менен Тамара эне:"Күлкү, урмат-сыйга татыган жашообуз бар. Кайда жүрбөйлү кары-жашка мамилебиз жумшак, калыс кептен кемибей, акыл-насаатыбызды айтып жүргөнүбүздү суктанып карагандар аз эмес. Колубуздун келишинче коомубузга көмөгүбүздү, жаштарга насаатыбызды айтып жашагыбыз келет",- дешет. Бул эки түгөйдү карап отуруп көп жашап, өмүрүмдүн ушундай үзүрүн көрсөм деген аруу тилек жүрөгүңдү уялайт.
Венера АКМАТОВА