, 05.08.08 - 10-бет: Тєл гезитибизди тєрдєн тџшџрбєйлџ...№58, 05.08.08-ж.
  Өлкөбүздүн төл гезити 1984-жылы 135,5 миң нускада чыккан

Төл гезитибизди төрдөн түшүрбөйлү
Деги эле адам баласынын аң-сезимин, дүйнөгө көз карашын өстүрүүдө, жаралып жаткан жаңылыктарды калың калкка жеткирүүдө гезиттин ролу чоң экендигин тана албайбыз. Союз убагындагы "Гезит - пропагандист гана эмес, ал уюштуруучу" деген сөздүн азыр да баалуулугу жана өзүнүн курчтугу, мааниси дагы эле ошол бойдон турат десем жаңылышпайм.

Кыргыз Республикасында биринчи болуп 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезити чыкканда колдон колго, айылдан айылга өтүп, элдин терең урматтоосунда жана колдоосунда окулгандыгын массалык маалымат каражаттардан билебиз. Ал кийин "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз Туусу" болуп өзгөрүп турду. Бул - биздин төл гезитибиз. Ал канча адамдарды тарбиялап жетилтти, билимге ээ кылды.
Кыргызстанда алгачкы жылдары "Кызыл Кыргызстан", "Советская Киргизия" гана гезиттери болгон. Жаштар үчүн "Ленинчил жаш" газетасы да кийин уюштурулган. Кыргызстанда калктын сабатсыздыгын жоюуда бул гезит "Алиппе" жана окуу китеби катары кызмат өтөгөнүн унутпообуз абзел. 1930-жылдардан кийин гана облустук, райондук гезиттер жарык көрө баштады. Ошондо биздин төл гезитибиз аларга нускоочу да, жол көрсөтүүчү да, методикалык курал болду.
Мен жакында "Кыргыз Туусу" гезитинен окудум. Төл гезитибиз 1984-жылы 135,5 миң нускада чыккан экен. А мындан мурун да,
кийин да андан көп болушу мүмкүн. Бул чындык. Гезитке жазылууга активдүү катышканмын, кызмат ордубуз ошондой болучу. Ал эми азырчы? Республика боюнча 7 миң нускада чыгат экен.
Менин айтайын деген оюм мына бул. Азыр гезиттер жазгы чыккан козу карындай эң эле көп. Эркин, менчик гезиттер. Көпчүлүгү оппозициялык маанайда.
Өкмөттүк гезиттер болуп "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гана гезиттерине өлкөдөгү, Өкмөттөгү жаңылыктар, сунуштар, мыйзамдар, Указ, токтомдор ар санына жарыяланып турат. Мен бул үч гезитти окумайынча тура албайм.
Райондук кызматкерлерге, жергиликтүү өкмөттүн адамдарына, мугалимдерге, медиктерге, маданий агартуу кызматкерлерине төл гезитибиз болгон "Кыргыз Туусу" гезитине жазылгыла, Президентибизде, Өкмөттө болгон кабарларды элге кеңири жеткиргиле деп кайрылат элем. Сиздер ушул гезиттин өзүнөн эле элдин суроо-талаптарына жооп бере аласыздар. Ошондой эле мамлекеттик маанидеги маалыматтар менен камсыз болуп, өз ишиңиздерди алдыга жылдырууга жетишесиздер.
Өзүбүзгө өтө керектүү төл гезитибизди төрдөн түшүрбөй, ага көп жазылуусуна, сапатынын жакшырышына бардыгыбыз жигердүү көмөк көрсөтөлү. Кандай сонун материалдар, адистердин кеңештери, өндүрүштүн, дыйкандардын баа жеткис тажрыйбалары чыгып жатат, аларды өз ишибизге пайдалансак биздин маданиятыбыз, экономикабыз сөзсүз өсөт деген ишеничти айтмакмын.
Ар кандай жаңы ачылыштар, эл чарбасындагы ийгиликтер гезит аркылуу жарыяланат. Гезиттин ар чыккан санын үзбөй окуштун өзү, чоң энциклопедияны түзөөрүн эстен чыгарбайлы. Канчалык гезитти көп окусаң ошончолук ички дүйнөң, деңгээлиң жогорулап, айлана-чөйрөгө болгон мамилең жогору болору шексиз.
Келээрки жылда "Кыргыз Туусу" гезитинин 85 жылдык торколуу тою болот. Ошого баарыбыз гезитке көп жазылып, "Кыргыз Туусун" бийик көтөрүп, көңүлдү буралы, кымбаттуу калкым, калың катмарлуу окурмандар!
Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер, журналист




  Чычкан аке, суу берчи!

Абалың кандай айылым?
Борбордон анча алыс эмес жерде Шалта деген айыл бар. "Туулган жердин топурагы алтын" дегендей шаарда жашасам дагы туулуп-өскөн айылды сагынып, туугандарыма бат-бат барып турам. Кайран айылым, мен бала кезде жашыл бак-даракка бөлөнүп, көркү чыгып, куштардын сайраган үндөрү кулагыңдын кумарын кандырып, жашоо керемет болуп көрүнөөр эле. Айылдын жогору жагындагы калың алма-бак, бактагы шагы ийилген кызыл алмалар
айылга өзүнчө береке төгүп турчу. Өзгөчө, ошол алмалар гүлдөгөн убакта айыл аппак гүлгө оронуп калгандай сезилчү.
Айылдын азыркы абалын сүрөттөш абдан кыйын.
Баягы жапжашыл болуп турган бак-дарактар, гүлдөгөн алма бактар куурап, ар бир үйдө серейип бирин-серин эле калыптыр. Короодо тигилген жашылчалар соолуп, жалбырактары саргайып, жардам күткөндөй шылкыйышат. Көчөлөрдө тачка сүйрөшүп суу издешип, кээ бир үйдө тамчылап аккан колонкадагы сууга кезек күтүп турушкан аялдар, балдар. Көрсө жашоо, тиричилик сууга байланыштуу тура. Малдары сууга жетпей, бак-дарактары куурап, короодогу жашылчалары, үлүштөгү эгин талаалары суу көрбөй соолуп турса, өздөрү суусуну кана суу иче алышпаса, мындан артык тозок болобу?
"Эр төрөгөн эл өлбөйт" дешет го. Биздин Шалта атактуу айыл, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков ушул айылда туулуп-өсүп, ушул айылдан согушка аттанган. Атактуу кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова апабыз жашап жаткан айыл. Айылыбызда элине эмгеги өткөн согуштун, эмгектин ардагерлери ардактуу эс алууда болушса, азыр да элге кызматын өтөп жаткан уул-кыздарыбыз жок эмес.
Айылда Дүйшөнкул Шопоковго арналган музей бар. Музейге республиканын булуң-бурчунан, чет мамлекеттен да коноктор келип турушат. Ошол келген коноктор да тачка сүйрөп жүргөн элди көрүшүп, баштарын чайкап, таң калгандарын жашырышпайт. Эми ушундай абалга кандайча кабылышты? Канткенде ушул кыйын абалдан чыгууга болот?
Ушундай суроолор айылга барган сайын тынчымды ала берди. Элдин милдетин алып "кресло" кучактап олтурган жетекчилер менен жолугушуп, пикир алмашып көрүүнү чечтим. Айылдын тургундары менен кеңешип, алгачкы кадамды "Айыл өкмөтү" гезити аркылуу облустук жетекчилерге кайрылууну чечтик. Рахмат, ал гезиттин жамаатына, дароо басып чыгарышты.
Эки күн өтпөй телефон шыңгырады. Алсам, "Мен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Абас деген жигитмин, сизде гезитке жазган адамдардын колу коюлган каттын түп нускасы барбы? Ошол мага керек. Шалтада суу маселеси жок, аз гана үй-бүлөдө болбосо, бул маселе чечилген" деп күпүлдөдү. "Андай болсо экөөбүз барып, үй-үйлөрдү кыдырып, ал-абалдары менен таанышып чыкпайлыбы, бул маселени көтөрүп чыккан адамдар колу эмес, өз сөздөрү үчүн башы менен жооп берүүгө даяр. Элдин муң-зарын угуп, аларга колдон келишинче жардам берүүнүн ордуна, алардын үнүн чыгартпай башкарам десең, ишиң алдыга жылбайт", - дедим мен дагы үнүмдү катуу чыгарып. Улуу киши менен туура эмес сүйлөшүп жатканына уяла түштүбү, бир аз үнү басаңдай түштү. Элге барып жолугаарын айтты.
Бул сүйлөшүүдөн кийин көңүлүм кадимкидей чөгө түштү, зээним кейиди. Эл үчүн ким кандай кызмат кылып жатат. Элдин ишеними акталып жатабы, жокпу, ким кандай жол менен башкарып жатат, баары аттын кашкасындай көрүнүп турат. Өсүп келаткан жаш жигит экен, элдин жүгүн көтөрүп, ишенимин актап иштеп берсе болду го деген ойдо калдым. Эми сууга түздөн-түз тиешеси бар мекемелерге барып, алардын жетекчилери менен көзмө-көз көрүшүп, сүйлөшүп келүүнү чечтим.
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бар экени, жакындан бери анын министри Арстанбек Ногоев экени мен үчүн белгилүү эле, бирок кайсы тармагы сууну тейлерин сураштырдым. Бул министрликтин карамагында республикалык масштабда сугат сууну өзүнчө, иче турган сууну өзүнчө тейлеп башкарып турган облустарда, райондордо мамлекеттик мекемелери бар экен. Анда башкы директордон баштап эки-үчтөн орун басарлар, жүздөгөн чиновниктер, инженер-техникалык кызматкерлер иштешет экен. Сууга байланышкан кыйынчылыктарды терең изилдеп, жоопкерчилик менен иш жасашса, иш оңолуп кетмеги көрүнүп турат.
Бирөөлөр ичкенге суу таппай жатса, бирөөлөр короолорун, талааларын сугарып жатышпайбы. Даректерин тактап алып, борбордогу мекемелерге жөнөдүм. Күндүн ысыгына карабай издеп жүрүп суу чарба департаменти деген мекемени таптым. Кабылдамада "Генеральный директор Кошматов Бараталы Туранович" деп жазылып туруптур. Кабыл алабы десем, катчы кыз: "бул кишинин убактысы жок, орун басары Чынгызбек Макешович Узак-
баевге кириңиз", - деди.
Ал кишиге кирип ал-жайды түшүндүрө баштаганда эле: "Сиз туура эмес келипсиз, айылдык суу жабдуу департаментине барыңыз", - деп сөздү бүтүргүсү келди эле, "мен сугат маселеси боюнча да келдим, кандай жардам көрсөтө аласыздар", - дедим. Ошол мезгилде бирөөлөр кирип келди эле, мени сөз бүттү дегендей карап: "биздин департаменттин Чүй облустук бөлүмүнө барыңыз", - деди. Ошентип, Чүй облусунун сугат суу боюнча ишти алып барып жаткан мекемесин да таптым. Жетекчиси Абдижалил Полотов экен. Абдан жакшы кабыл алды. "Сугат суу боюнча Сокулук районундагы бөлүмүндө иштеп жаткан Улан Саадаков деген жигитке дайындайын, ал жардам берет", - деди. Абдан кичипейилдик менен узатып койду.
Кийинки күнү "Айылдык суу жабдуу департаменти" деген мекемени издеп жөнөдүм. Сураштырып жүрүп ал жайгашкан имаратты араң таптым. Кабылдамага кирсем, сол жактагы эшикте "Башкы директор Муллакелдиев Нурмамат Молдо-баевич", оң жактагы эшикте "Орун басары Жудөмишов Нематилла Тешекулович" деп жазылып туруптур. Киргениме оңоюраак деп орун басарга кирип, ал-жайды түшүндүрдүм. Көңүл коюп угуп, столдон чоң папканы алып чыкты. Өткөн жылдарда Азия өнүктүрүү банкы каржылаган "Таза суу" программасына Шалта айылы кирбей калыптыр, эми 2009-жылы ачыла турган "Таза суу" программасына кирүүгө аракет кылуу керек, ал үчүн Гавриловка айыл өкмөтү, Сокулук районунун акимчилиги менен бирге чечим чыгарып, кечиктирбей өздөрүнө алып келишсе, жардам берээрин айтты.
Райондо өздөрүнүн бөлүмүндө иштеген Нурбек Жанчаровго телефон чалды эле, байланыш жакшы болбой калды. "Мен ага дайындап коёюн, жардам болот",- деди. Ошентип, түздөн-түз элди сугат суу, иче турган суу менен камсыз кылчу өкмөттүк мекемелердин айрым жетекчилери менен сүйлөшүп, аз да болсо иштери менен таанышып чыктым. Бирок, баарынын жообу окшош болуп көрүндү. "Азыр суу маселеси кыйын, чет мамлекеттен грант алганга аракет кылыш керек, айыл өкмөтү менен акимчилик активдүү иштешсе эле, иш ордунан жылат, бирок алар бизге баш ийишпейт", - дешти. Чет элдик уюмдар бизге самолёт менен суу ташып келмек беле, өзүбүздүн суубузду өзүбүзгө ичирет да деген ойго кеттим.
Ар бир жетекчи "алма быш, оозума түш" дебестен, чет мамлекеттерди карап алаксыбай, өзүбүздөгү мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, кызматтык жоопкерчилик менен карап элге кызмат кылып беришсе, элдин турмушу оңолуп эле кетпейт беле. "Эл үмүтүн эр сактаар, эр атагын эл сактаар". Аны турмуш элеги элеп чыгараар. Кыйынчылыкты уну-
тууга болот, бирок анын сабагын унутууга болбойт.
Айылыма дагы барып келдим. Баягы эле суу жетпей куурап бараткан бак-дарактар, соолуган короодогу жашылчалар. Тачка сүйрөгөн аялдар, балдар. Балким, ушундай абалга калганыңарга өзүңөрдүн демилгеңердин жетишпей жатканы болуп жүрбөсүн? Мисалы, АРИС деген агенттикти эле алалы. Бул агенттик 2003-жылдан бери өлкөбүздөгү айыл жамааттарына кедейчиликтен чыгып кетүүгө болгон аракеттерин колдойт. Бүткүл дүйнөлүк банк грант түрүндө микродолбоорлорду каржылап, аны ишке ашырганга жардам берет. АРИСтин мүмкүнчүлүктөрүн өлкөбүздө көптөгөн айылдар үзүрлүү пайдаланышууда. Алыс барбай эле Чүй районундагы Кегети айыл өкмөтү 21 микродолбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырыптыр. Айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Осмоналиев абдан өткүр, билимдүү, уюштургуч, жөндөмдүү жигит.
Айылдын социалдык, экономикалык маселелерин чечүүдө көп иштерди жүргүзүп жатат.
АРИС агенттигинин Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу Шалта айылында жүргүзгөн иши менен таанышсам, Шалтага 2005-жылы 192544 сом каржыланып, 2006-жылы бир микродолбоор иштеп, "Маалыматтык ресурстук борбор" ачылыптыр. Агенттиктин кызматчыларынын айткандарына караганда, азыр деле кеч эмес. Демилге көтөрүп, микродолбоор иштеп чыгып, көп иштерди жүзөгө ашырып алса болот. Айылда маданият үйү оңдоого муктаж, бала бакча, мончо жок. Стадионду чөп басып турат.
Жогоруда көп сөз кылган суу маселеси боюнча деле суу түтүктөрүн тазалап, калыбына келтирүү жана башка иштерди жасаса болот. Демилге гана керек, анан айылдын көйгөй маселелерин өкмөттүк мекемелерге кабарлап туруш керек, же тескерисинче алар эл менен тыгыз байланышта болуп, кыйынчылыктан элди алып чыгуунун үстүндө активдүү иштерди жүргүзүшү керек. Ал үчүн ар бир тармакка ишти билген, эл тагдырын ойлогон, элдин да, өз абийиринин алдында да таза иштеген жетекчилер керек.
Турсун ОСМОНКУЛОВА,
Бишкек шаары