• №58, 05.08.08.





  Курманбек Бакиев:

"Бул жолу техникаларды карызга эмес,
өз акчабызга сатып алдык"
"Өнүгүүнүн гүлдөп өсүшүнө - автоунаа жолдорунун өнүгүүсү аркылуу!" - мына ушундай жигер менен соңку жылдарда Президент К.Бакиев республиканын жолдорунун жакшырышына өзгөчө көңүл буруп келет. Өткөн дүйшөмбүдө Президенттик администрациясынын башчысы жана бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешмесинде да мамлекет башчысы: "Жаңы жолдорду куруп, эски жолдорду толук оңдойбуз" - деп айткан эле.
Чындыгында эле жашоонун кудум күрөө тамырларындай сезилген жолдорсуз - республиканын өсүп-өнүгүүсүн, деги эле жашоонун өзүн да элестетүү мүмкүн эмес.
Биздин республикадагы жолдордун узундугу жалпысынан 34 000 км.ге жакын болсо, анда каттаган автоунаалардын 95%ы жүргүнчү жана жүк ташуучу авто-
унаалар болуп саналат.

Кечээ борбор калаабыз Бишкектин эски аянтында КР Президенти К.С.Бакиевдин, КР Премьер-министри И.В.Чудиновдун, Транспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулаймановдун, Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеевдин, жалпы эле жол тармагында иштеген адис-жолчулардын, ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда майрамдык маанайдагы жыйын болуп өттү.

Жыйында өлкө башчысы жалпы жолчуларды жаңы алынып келинип, республиканын бардык дубандарына таркатылып жаткан автожол техникалары менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду:
- Бүгүн биз - жол куруу техникаларын тапшырууга байланыштуу, маанилүү окуяга күбө болуп жатабыз. Албетте, мындай техникалар буга чейин эле берилип келген. Бирок бүгүнкү акциянын эки өзгөчөлүгү бар: биринчиден, бул техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Буга чейин тигил же бул өлкөдөн техникаларды карыздын эсебинен же болбосо гранттын эсебинен жардам катары алчубуз. Мына бүгүн биринчи жолу өз каражатыбызга, мамлекеттин эсебинен жол куруу техникаларын сатып алып жатабыз. Мунун өзү - эң жакшы жөрөлгө. Бул - экономикабызда жаңы тенденция башталганын айкын көрсөтүп турат. Башкача айтканда өз күчүбүзгө ишеним пайда болуп, колубуз узарганын, карызга белчесинен батып бара жаткан экономикабыз кыйын абалдан чыга баштаганын даана көрүп жатабыз.
Экинчиден, бүгүнкү сатып алынган техникалар саны жана наркы боюнча бир кыйла кымбат экендигин айткым келет.
Ошондой эле Президент былтыр Япония мамлекети Кыргызстанга жардам катары 62 даана техникаларды тартуу кылганын, ал эми бу саам өзүбүз сатып алган техникалар 121 даана экендигин, Транспорт жана коммуникациялар министринин айтуусунда аянтка алардын бардыгы сыйбагандыктан, бир тобу Нарын, Ысык-Көл облустарына жөнөтүлүп, ал жакта ишке кирише баштагандыгын айтты.
Президенттин жыйында билдирген маалыматына караганда, соңку жылдарда жол салууга бөлүнгөн каражат өзгөчө көбөйгөн. 2005-жылы бюджеттен 195 млн. сом бөлүнгөн болсо, азыркы учурда жол салууга бөлүнгөн каражат 1,5 млрд. сомду түзөт.
- Бул абдан чоң өзгөрүш - олуттуу прогресс десем болот, - дейт Президент. Чыны менен эле бул фактылар жол маселесине мурдагыдан кыйла көп көңүл бурулуп жатканын айгинелеп турат.

(Уландысы 3-бетте)