, 01.08.08 - 3-бет: Тєрт каржы институту берген каражат республика алган бардык каржынын 70%ын тџзєт...№57, 01.08.08-ж.
  Төрт каржы институту берген каражат
республика алган бардык каржынын 70%ын түзөт

Корпорациянын өз базары болот.
Алып-сатарлыкка жол берилбейт
30-июлда Президент Курманбек Бакиев Премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алып, ага айыл чарба азыктарын республиканын базарларында сатып-өткөрүүгө тиешелүү абалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Президент К.Бакиев Премьер-министрдин көңүлүн айыл чарба товарларын республиканын ички базарларында өндүрүүчүлөрдүн баасы боюнча сатууга шарт түзүү керектигине бурду. "Кыргызстан рынок экономикасына өткөндөн кийин республиканын бардык базарлары сатылып кетип, жеке менчикке өтүп кеткен. Ошондон баштап бардык базарларда баш аламандык уланып жатат. Базарларды алып сатарлар ээлеп алышып, алар фермер-дыйкандарга өздөрү өстүрүп-өндүргөн азык-түлүктү сатууга мүмкүнчүлүк беришпейт", - деп айтты К. Бакиев.
Президент, ошондой эле, алып сатарлар фермер-дыйкандарга сатып алуу баасын айтып шарт коюшарын, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр ал баага амалсыз макул болушарын же базардан кур кол кайта тургандыгын белгиледи. "Айыл чарба товарларын "ишмерлер" өндүрүүчүлөрдөн товарды дарбазанын сыртынан сатып алышып, базардын ичинде эки, кээде үч эселеген жогору баада сатышат. Атүгүл ошол эле алып сатар алган товарын кээ бир учурларда базарда соода ордун сатып алган үчүнчү бир кишиге дагы кайра сатып жиберет. Товардын баасы дагы жогорулайт. Натыйжада айыл чарба азыктарына баа өтө жогору болууда",- деди Президент.
Мамлекет башчысы түзүлгөн абалды оңдоо жана айыл чарба товарларына болгон бааларды түшүрүү максатында Азык-түлүк корпорациясы түзүлгөндүгүн билдирди. "Мен айыл чарба министрлиги айыл чарба азыктарын сатып өткөрүүдөгү абалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир конкреттүү сунуш киргизет деп күткөнмүн, биз бул багытта бир канча жолу сүйлөшкөнбүз, бирок эч кандай алгылыктуу иш жасалган жок. Ошондуктан мен атайын Азык-түлүк корпорациясын түздүм. 31-июлда боло турган Өкмөттүн отурумунда бул жөнүндө кабарлооңузга, бардык облустардын губернаторлоруна жеткирүүңүзгө тапшырма беремин. Эмне кылуу керек? Биринчи - айыл чарба товарларын сатууга арналган жаңы базар үчүн жер бөлүүгө Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берилсин. Ал эми Азык-түлүк корпорациясы айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдөн андан ары ошол базарда сатып өткөрүү үчүн азыктарды сатып алсын. Ошондо базарларда азыркыдай жогору баалар болбойт",- деди К.Бакиев Өкмөт башчысына.
Президент тапшырманы аткаруунун мөөнөтүн 25-августка белгиледи. "Белгиленген убакыт өтө кыска, бирок шаар башкармалыгы бул маселени убагында чечиши керек, ал эми облус губернаторлору да ошондой ишти аткаруулары керек. Жарандарыбыз жолго убакытты 10-15 минут көбүрөөк кетирсе да, айыл чарба азыктарын менчик базарлардагы баадан эки-үч эсе арзан баада жаңы базардан сатып алышат. Бишкек мэри жана облус губернаторлору 25-августка чейин керектүү жерди бөлүп берген соң, Азык-түлүк корпорациясы тиешелүү иштерди башташы керек. Ошондо фермер-дыйкандарга өздөрү өндүргөн товарларды эч кандай ортомчуларсыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- деп тактады Президент. "Биздин фермерлерибиз мындан ары алар өзү өндүргөн азыктарды өздөрү сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билишсин. Башкача айтканда, алар өз товарларын базарда отуруп өздөрү сатууну жана бааны өздөрү коюуну, же өндүргөн товарын эгин талаасынан Айыл чарба корпорациясына сатууну тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
С.ОРОЗОБЕКОВ,

Райгбер Христофго - КРнын Ардак грамотасы
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен кыргыз-герман достуктугун жана илимий кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Жерди колдонмо изилдөөнүн Борбордук Азиялык институтунун тең директору Райгбер Христоф Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.




ФЧКнын башкы милдети - көмүскөдөгү экономиканы ачыкка алып чыгуу
Президент Курманбек Бакиев КРнын финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы М.Садыровду кабыл алды.
Максатбек Садыров мамлекет башчысына ушул айда Ысык-Көлдө өткөн Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди финансылоого каршы туруу боюнча евразиялык топтун 8-пленардык отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
ФЧКнын төрагасы өз ведомствосунун 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү жана экинчи жарым жылдыкта аткара турган иштеринин планы менен тааныштырды. Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы "Терроризмди жана кылмыш жолдору менен табылган кирешелерди тазалоону финансылоого каршы туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталып иштелип чыккан мыйзам долбоорлору жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары М.Садыров Кыргызстандын финансылык чалгындоо кызматынын эларалык кызматташтыгынын кеңейгендиги жөнүндө билдирди. Атап айтканда, КРнын ФЧКсы Кытай Эл Республикасынын, Афганистандын, Эстониянын жана Молдавиянын тиешелүү кызматтары менен биргелешип иш жүргүзүү жөнүндөгү Макулдашууга кол койгон.
"Финансылык кызмат финансылык чалгындоо жаатындагы маалыматтардын мониторингдик жана иликтөө борбору болушу керек. Силердин негизги милдетиңердин бири болуп, экономиканын көмүскөдө болуп жаткан бөлүгүн ачыкка алып чыгуу болуп эсептелет", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.




Коррупцияга каршы күрөш - ар кимдин парзы, агенттиктин негизги иши
Президент Курманбек Бакиев Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаровду кабыл алды.
Садыр Жапаров мамлекет башчысына агенттиктин ишин күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Ал агенттиктин жаңы түзүмү иштелип чыгып, жетекчилик жалпы кызматкерлердин санынын 36%ынан 25%га кыскартылгандыгын, ошондой эле КРнын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жаңы жобосу иштелип чыккандыгын жана коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик боюнча мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын билдирди.
"Коррупция менен күрөшүүгө коомдук башталышта жалпы республика боюнча жергиликтүү калк тартылышы керек, себеби жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кимиси коррупциялык аракеттерге көбүрөөк аралашкандыгын алардан жакшы эч ким билбейт. Ошондуктан алар силердин жер-жерлердеги башкы таянычыңар болушу керек", - деп айтты мамлекет башчысы улуттук агенттиктин жетекчисине.
"Жогорку бийликтеги кызмат орундарына мурун орун алып келген акча аркылуу дайындоолор жок. Ушундай эле иштер орто жана ылдыйкы деңгээлдерде да жүргүзүлүшү керек. Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо үчүн агенттик калктын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын активдүүлүгүн көтөрүшү керек. Ошондой эле, студенттердин акчанын жардамы менен экзамендерден баа алуусун жоюп, ушул сыяктуу тамырлашкан коррупциялык аракеттерди токтотушубуз керек", - деп баса белгиледи Курманбек Бакиев.
С.ЭСТЕБЕСОВ




Тышкы жардамдар кандай пайдаланылууда?
Мамлекеттик резиденцияда Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун катышуусу менен 2008-жылдагы кредиттик портфелге биргелешип талдоо жүргүзгөн жыйынтыктоочу пленардык отурум болуп өттү. Ага КРнын Президентинин администрациясынан, Өкмөттүн аппаратынан, министерликтер менен ведомстволордон, эл аралык донор уюмдардан өкүлдөр катышты.
Портфелде каралган милдеттерди аткаруунун жыйынтыктарына баа берүү, күтүлүп жаткан ийгиликтерди, кыйынчылыктарды аныктоо, өнүгүүнүн жыйынтыктарын жогорулатуучу, долбоорлордогу натыйжалуулукту жакшыртуучу өкмөттүк саясатты, иш-чараларды иштеп чыгуу ушул пленардык отурумдун негизги максаты болуп калды. Анда эл аралык каржы институттары тарабынан берилген тышкы жардамдардын кандай пайдаланылып жаткандыгына баа берилди жана долбоорлорду жүзөгө ашыруудагы кемчиликтер дыкат талдоого алынып, кийинки иш-аракеттердин макулдашылган жол-жоболору такталды.
Кредиттик портфелге биргелешкен талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө Транспорт жана коммуникация, Билим жана илим, Саламаттыкты сактоо, Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрликтеринин жетекчилери, KFW Германия өнүгүү банкынын, Ислам өнүгүү банкынын, Азия өнүгүү банкынын, Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
"Кыргыз Туусунун" атайын кабарчысы КРнын Премьер-министри Игорь Чудиновго суроолор менен кайрылды:
- Игорь Витальевич, 2008-жылдын кредиттик портфелине биргелешип талдоо жүргүзүү кандай жыйынтыктарды берди?
- Талдоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык ири төрт каржы институту - Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы, Азия өнүгүү банкы, KFW Германия өнүгүү банкы Кыргызстандын экономикасы менен социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө 1,8 миллиард АКШ долларын берди. Бул биздин республика алган бардык каржылык жардамдын 70 пайызын түзөт. Инвестициялардын натыйжалуу пайдаланылышын, Кыргызстанда иштеп жаткан долбоорлор менен программалардын кайтарымдуулугун ар жыл сайын талкуулоо, жетишкендиктер менен кемчиликтерди аныктоо өтө чоң мааниге ээ.
Билим берүү, жол курулуштары, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо азыркы учурда иштеп жаткан программалардын эң негизги багыттары болуп саналат. Бүгүн эң орчундуу маселе - инвестицияларды натыйжалуу кантип пайдалануу керектиги талкууланды. Бул жерде дагы бир олуттуу жагдай бар, ошого учкай токтоло кетейин. Эл аралык донорлор инвестиция берер менен ал каражат республикабыздын бюджетинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, мамлекеттик инвестициялык программага киргизилет. Аны пайдалануунун жоопкерчилиги донорлордо эле болот деп ойлойт көпчүлүк, мындай эмес, жоопкерчилик Өкмөттүн да мойнуна жүктөлөт.
Инвестицияны натыйжалуу пайдалануу жаатында өтө көп иштерди жүргүзүүгө туура келүүдө. Алсак 1,5 миллиард сомдук инвестицияны былтыр биз ирригация системасын, ветеринарияны, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшадык. Мунун кайтарымдуулугу, натыйжалуулугу иш жүзүндөгү реалдуу жыйынтыктар, түшүмдүүлүктүн жогорулашы, малдын санынын өсүшү менен бааланат. Бүгүнкү күндөгү бул жааттагы көрсөткүчтөр Өкмөттү канааттандырбайт. Билим берүү тармагындагы каражаттарды пайдалануунун деңгээлинин төмөн экендиги да байкалууда. Бул чөйрөгө каражаттык салымдарды берүү 4 эсеге өстү. Тилекке каршы сабаттуулук, билим берүүнүн натыйжалуулугу төмөн бойдон калууда. Бул бизди тынчсыздандырып келет. Портфелге биргелешкен талдоо жүргүзүү инвестициялык салымдардын эмне үчүн натыйжалуу пайдаланылбай жаткандыгынын себептерин ачат да, инвестицияны жумшоонун жолдорун, механизмдерин кайра кароого донорлорго мүмкүндүк берет.
- Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук маселеси өтө курч болуп жатпайбы. Бул багытта инвесторлор иштеп жатабы?
- Иштеп жатат. Ислам өнүгүү банкы 660 миң еврону үрөндү сатып алуу үчүн берди. Бүткүл дүйнөлүк банк 10 млн. АКШ доллар бөлгөн, мунун 4 миллиону үрөн сатып алууга, калганы дыйкан чарбаларын өнүктүрүүгө, жакырларды социалдык жактан коргоого жумшалууда. Азия өнүгүү банкынан да ири өлчөмдөгү каражаттарды алабыз деген үмүтүбүз бар. Ал да айрым программаларды турмушка ашыруу, өнүгүү үчүн жумшалат.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"