, 01.08.08 - 16-бет: Пародиялар парады...№57, 01.08.08-ж.
  Пародиялар парады

Күлкүкана
Антон Чехов
Аялы менен урушуп...
- Кудай алгыр десе! Кызматтан үйгө иттей ачка болуп келсең, алар болсо кайдагы бир көрпай-шөрпай менен тамактандырышат! Качанкыга чейин байкамаксан болосуң! Бир сөз айтсаң эле көзүндө жашы даяр. Ушу сага үйлөнгөн мен келесоо!
Ушуну айтты да күйөөсү колундагы кашыкты тарс эттире тарелкага бир чаап, жини менен каалганы карс эттире жаап, бөлмөдөн чыгып кетти. Аялы үн чыгара шолоктоп, салфетка менен бетин жаап, эшикке жөнөдү. Түштөнүү аяктады.
Күйөөсү өз бөлмөсүнө келди да, дароо диванга кулады.
"Сени ким үйлөн деп зордоду! - деп ойлоду ал. - "Үй-бүлө" жакшы болсо эч нерсе дей албайсың! Үйлөнүүгө үлгүрбөй жатып, атылып өлгүң келет!"
Бир-эки саатча өткөндөн кийин каалганын артынан бирөөнүн жеңил басып келаткан дабышы угулду.
"М-да... демейки көрүнүш. ...Кишини ыза кылып, урушуп алып, эми болсо эшикти сагаалап жүргөн тура, жарашкысы келип жатса керек кыязы... Муну кара! Сени менен жарашкандан көрөкчө, муунуп өлгөнүм артык!"
Эшик акырын кыйчылдап ачылды да кайра жабылган жок. Кимдир бирөө акырын кирип, дабыш чыгарбай диванды көздөй жөнөдү.
"Болуптур! Кечирим сура, жалынып-жалбар, буркурап боздо... Аныңан эч нерсе чыкпайт! Өлсөң да бир ооз сөз укпайсың... Сени менен сүйлөшкүм да келбейт!"
Күйөөсү башын ого бетер жаздыкка катты да коңурук тартымыш болуп калды. Дегинкиси эркектер да аялдар сыяктуу боорукер келишет. Канчалык катуу болоюн десе да жылуу мамиле аларды ийдирип жиберет. Ал аркасындагы бирөөнүн жылуу денесин сезип, дивандын жөлөңгүчү жакка жылып, буту менен шалп эттире бир урду.
"Мына, эми биз эптеп жакындашабыз, жагынабыз... Бир аз өтпөй моюнубуздан жытташып, чөгөлөп жалынабыз. Мына ушуну жактыра бербейм! Мүмкүн... аны кечирип коюу керектир... Ага өтө кайгырууга болбойт. Бир саатча кыйнап, убара кылып, анан кечирип коёюн..."
Кулагынын дал түбүнөн тигинин терең дем алганы угулду. Бул андан кийин бир нече жолу кайталанды. Күйөөсү кичинекей колдун белине тийгенин сезди.
"Э, аны кудай алсын! Акыркы жолу кечирип коёюн. Байкушту өтө эле кордобоюнчу! Анын үстүнө өзүм күнөөлүүмүн да! Болбогон нерсе үчүн эле чатак чыгарбадымбы..."
Күйөөсү колун артка сунуп, жылуу денени кармалады.
- Тьфу!!
Анын жанында өзүнүн Дианка аттуу дөбөтү жаткан эле.




Александр Иванов
Даңк
Мейли талаш, өзүң бил, корком досум,
Эстрада модасынан даңктуу болгон.
(Сергей ПОДЕЛКОВ)

Качандыр бир Е. деген акын менен,
Ыр окуштук. Үн менен кырылдаган
мен баштадым. Бир гана терезеден,
Үнү угулат чымындын дыңылдаган.

Ырды бүттүм. Болбойт ко шумдук дешке,
Эки-үч киши кол чапты көңүл буруп.
Берки акын сахнага чыккан кезде,
Кол чабуудан бир заматта кулак тунуп!

Кол чабуулар көмөктөш болуп ага,
Дарыядай мелтилдейт суусу толгон.
Андан бери коркомун чыны даана,
Эстрада модасынан даңктуу болгон.

Пётр Гонков (Болгария)
Майрам
(Мыскыл)
Заводдун директорунун кабинетине кыл мурутчан вахтёр Маринов менен № 15 цехтин жумушчусу Мико киришти. Вахтёрдун колунда таар баштык, ал эми Мико болсо башын улам-улам чайкап, көзүн жерден албайт.
- Эмне болду? - деп сурады директор.
- Заводдун продукциясын уурдап баратыптыр! - деди вахтёр рапорт берип жаткан кыязда. - Мына факт! Кичине балдардын байпагы, бизде чыгарылган...
Директордун купкуу өңүнө кызыл жүгүрүп, көздөрү күлүңдөй түштү.
- Сен, достум Маринов, жаңылган жоксуңбу? - деди ал уурдалган байпактарды кармалап жатып.
- Миконун өзүнөн сураңыз.
- Алып бараткам... - Мико коркуп ооз учунан күбүрөдү.
Директор Микого жакын барды да, күтүүсүздөн аны кучактап, чекесинен өөп алды.
Маринов колу менен жүрөк тушун басып, отургучка каалгый отурду.
- Достум Маринов, - деп директор ага кайрылды, - сен акыркы жолу биздин продукцияны уурдап бараткан адамды качан кармадың эле?
- М-м-м... - вахтёр ойлоно калды. - Эки жыл мурун.
- Көрдүңбү, Мико бизге кандай кубаныч тартуулады? Демек, биздин заводдон да продукцияларды уурдай башташыптыр. Бул биз чыгарган байпактардын сапатынын жакшыра баштагандыгынын белгиси. Дегинкиси брактын кимге кереги бар?..
Директор катчы кызды чакырды:
- Соня, тезинен бир бөтөлкө шампан алып келе кал! Кайра жаралган сапат үчүн бокал кагыштырабыз. Бул күндү заводдун тарыхына калтыруу керек. Келгиле, үстөлгө, достор!..
Вахтёр Маринов менен колу туткак Мико көбүктөнүп жаткан бокалга кол сунушту, ал эми директор болсо өз заводунун продукциясы салынган таар баштыкты жүрөгүнө бекем кысты...




Владимир Скиф
Кемпир менен сүйлөшүү
...Коло куш учуп келип карылыкка,
Түбөлүк калып калды ошол жерде...

...Көк дөбөт каңгып келип карылыкка,
Түбөлүк калып калды ошол жерде..

...Ак балык сүзүп келип карылыкка
Түбөлүк калып калды ошол жерде...

...Бир адам көз жүгүртүп карылыкка
Түбөлүк калып калды ошол жерде...
(Олег ДМИТРИЕВ)
Кулап түштүм күүлөнүп карылыкка,
Коркконумдан кыйкырдым жалтаң болуп.
Бүткүл денем бөлөндү ызалыкка,
Калдымбы мен чын эле картаң болуп?

Тамагым бир заматта кургай түшүп,
Бүт денем калч-калч этип, уйкум качты.
Бир кемпир мага карап көзүн сүзүп,
Жаныма келди дагы көчүк басты.

Бул кемпир кара басып кайдан келген,
Аңгыча жашым сурап мындай деди:
- Абышкам, кудай жалгап ушул жерден,
Эч качан чыгарбаймын эми сени.

Жакында бизди эсептен чыгарышат,
Тынч алып, аны дагы күтөлү эми.
Карылык дүйнөсүндө койбой тушап,
Учкашып бастыралы картаң бээни.

- Сен кимсиң, жүзүң курган картаң
кемпир? -
дедим мен басылбастан демиккеним.
Ал менин кулагыма мындай дептир:
- Мен сенин лирикалык периштеңмин!




Колтамгалар
Расул Гамзатов
Бала чагында добулбасчы болгон акындын китебине жазуу
Эсиңдеби бала чакта,
Добулбасчы болгонуң.
Эч тындырбай добулбасты,
Ураар эле колдоруң.

Китебиңди ачып коюп,
Ар сабына үңүлөм.
Сезим чаңдап, кулак тунат,
Добулбастын үнүнөн.
Ыр менен
жазылган начар романдын
авторуна
Романыңды окудум дос,
Адамдар көп катышкан.
Анык болду. Экөөбүз тең
кур калыппыз бакыттан.

Шумдуктуудай бул дал келүү,
Ойго батып отурам.
Сен бактысыз муну жазган,
Мен бактысыз окуган.
Үчүнчүсү
артыкбаш
Унутулбайт ал окуя,
Турган сымал жапжакын.
Үчүнчүсү жараштырган.
Урушканда эки акын.

Өткөн кармаш унутулуп,
Эми экөө эх дешти,
Алар эми биригишип,
Үчүнчүсүн жектешти.