, 29.07.08 - 6-7-бет: Ала-Тоо аймагында...№56, 29.07.08-ж.
  Депутаттын трибунасы

"Мезгил - баарына таразы"
Чолпон Баекова:
"Легендарлуу" парламент жөнүндө
Мен мурда мүчөсү болгон легендарлуу парламент совет мезгилиндеги Конституциянын негизинде түзүлгөн. Анын башкы өзгөчөлүгү - ошол мезгилдеги кайра куруу, коомду демократиялаштыруу шарапаты менен альтернативдүү тандоо аркылуу түзүлгөндүгүндө. Коммунисттик партия, комсомол, башка коомдук уюмдар тандаган талапкерлерден тышкары эмгек жамааттары тарабынан талапкерлер көрсөтүлүп шайланган. Мен ошондой талапкерлердин бири болчумун. Мени Караколдогу техникумдун жамааты көрсөткөн.
Парламентте 350 депутат болгон. Кийин таркатылгандан кийин "легендарлуу" деп какшык сыяктуу айтылчу. Буга чычалап териккен депутаттар болгон. Бирок, мен "демо-кратия шартында ушундай, бир-бирин сындап, анын негизинде бир пикир жаралышы мүмкүн, ага силер терикпей эле койгула. Мезгил тараза, убактысы келгенде силерге да суктанып чынында эле легендарлуу парламент болгон экен деп айткан мезгил келет" дечүмүн.
Туура ошондой болду. Ошол учурда кандайдыр коомдун алдыңкы аң-сезимдүү адамдарынан депутаттар тандалганбы, айтор ал парламент бир топ прогрессивдүү роль ойногондугуна, көп иштерди аткарганына эл күбө. Союз тараганга чейинки эле биздин Эгемендүүлүк тууралуу, Көз карандысыздык тууралуу декларацияларды, биринчи Конституциябызды кабыл алган, президенттик институтту киргизген. Өз алдынча мамлекет катары демократияга багыт алган көп иштер жасалган.
Кийин эски заманды эңсеген бир топ адамдар "ошондо реформаларды баштабай койсоңор мурдагы доордо жашай бермекчибиз" дешти. Бирок, бүт дүйнө жүзү демократияга умтулуп жатканда Кыргызстан четте калышы мүмкүн эмес эле. Анан да биз чөлкөмдө биринчилерден болуп бул иштерди баштадык. Аныбыз эл аралык коомчулук тарабынан да жогору бааланды.

Унчукпагандык боюнча
Менин кызматым - Конституциялык соттун төрайымы болуу - саясый партияда же коомдук уюмда мүчө болгонго мыйзамга ылайык жол бербөөчү. Ошондуктан дээрлик он беш жыл саясый иштерге кийлигишпей, өзүбүзгө тиешелүү сот иштери менен гана алек болчубуз. Бирок, "сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет" дегендей, ушул жылдар аралыгында бизди ар кандай саясый оюндарга кириптер кылганга көп аракеттер болду. Ар кандай аттарга да кондук, сынга да тойдук. Ар кандай сөздөргө дуушар кылышып, сындарды айтышып, кемсинткенге аракеттенгендер болду. Азыркы жетекчилер арасынан мендей көп сын уккан, жаманатты кылуу аракетине тушуккан жетекчи жок болуш керек.
Ошол эле учурда таптакыр унчукпай калганым жок. Чет тилдерин билбесем да ошол мезгил аралыгында, азыр да кыргызды таанытайын деп чакыруулар боюнча бир топ чет өлкөлөргө барып жатам. Менин демократия башталган кездеги, 2005 жылы 24-марттагы, азыркы кездеги иштеримди билгендер пикиримди угалы деп лекция окуганга чакырышат. "Кыргыздардын баардыгы сиздейби?" деп сурашканда "Мен орточосумун" деп жооп берем. "Маданий тамырыбыз күчтүү, келгиле көрөсүңөр, түшүнөсүңөр" дейм. Баарыбыз элибизди, жерибизди дүйнө жүзү таанысын деп, колубуздан келишинче Кыргызстандын жүзүн жакшы жагынан көрсөткөнгө аракеттебиз деп ойлойм.
Революция десе көпчүлүк адамдар Октябрь революциясынын элеси, андан алган сабактарды элестетишти. Элдин эсинде бардыр, 24-мартта түндө көптөгөн сунуштар болду. Чынын айтсам, менин бир гана коркконум мамлекеттүүлүктөн тайып кетебизби деген ой болду. "Конституциялык жол менен барбайбыз, "революциялык комитет уюштурабыз, 1917-жылдагыдай болобуз" дешкендер да болду. Биз конституциялык жол менен барганыбыз үчүн ошол учурда бизди байкап турушкан эл аралык уюмдар, чет элдик элчиликтер тынчтанып калышты, мурдагы мамилелерди улантышты.
Ошондо биз Конституциялык эмес жолго түшсөк, анан кийин калгандары ошол жолду жолдосо, биздин Кыргызстанды туруктуу демократияны көздөгөн мамлекет катары эч ким кабыл албай калмак. Азыр болсо, кудайга шүгүр, өз ара жаман айтабы, жакшы айтабы, бүгүн Кыргызстандын Конституциялык соту мурдагы совет аймагындагы мамлекеттер арасында Россиянын сотунан кийинки эле аткарган иши аркылуу өзүнүн аброю жана орду бар соттордун бири.

Партиялык парламент жөнүндө
Парламент өлкө тарыхында биринчи жолу толук бойдон партиялык принцип менен түзүлдү. Мындай шайлоого биз региондогу өлкөлөр арасында биринчилерден болуп өттүк. Биздин парламенттин түзүлүшүнө бизде гана эмес, эл аралык коомчулукта да көп көңүл бурулуп жатат. Партиялар элдин ишенимине татып, элдин көңүлүн өзүнө бурганга аракет кылды. Жаңы башталып жаткан ишке сын да көп болот.
Кандайдыр бир мүчүлүштүктөр да болушу мүмкүн. Азыр Кыргызстанда партиялык принцип менен парламенттин түзүлүшү жаңылык гана эмес, демократия тарапка багыт алган чечкиндүү кадамдардын бири катары деп эсептелинип жатат. Эл аралык баа бул.
Эмне себептен бул принципке бардык? Эң башкы себептеринин бири - бөлүнүп-жарылуудан арылалы деген аракет. Мурда канча округ болсо, ар биринен ондогон талапкерлер чыгышчу, анан ар бир айылда, көчөдө уруусун, тууганчылыгын териштирмейлер башталчу. Аягында кимиси жеңсе да таарынычтар, ар кандай талаш-тартыштар, анан көчөгө чыкмайлар...
Парламенттик шайлоолор боюнча эл аралык тажрыйбаны иликтеп чыгып, анан бизге ошолордон арылта турган ушул принцип экен деп, биздин Президент К. Бакиев ушундай бүтүмгө келген. Президент былтыр күзүндө шайлоо алдында мени чакырып, мен үчүн күтүүсүз жерден "Биздин партиялык тизмени баштап бериңиз" деп сунуштап калды. Негизинен бул принципти ишке ашыргандан, анын тегерегинде иш жүргүзгөндөн мен баш тартпасымды, буга чейин да иштеп келгенимди, кудуретим жетишинче иштей берээримди айттым. Биздин коом жакшы жагына өзгөрүү жолуна түшүп жатканда жок дегеним туура эмес болмок. Анан "Ак Жолдун" Саясый кеңеши менин талапкерлигимди колдоду деп айтышты. Ал мезгилде убакыттын тардыгынан улам баары ыкчам болуп жатпадыбы. Мыйзамга ылайык өз ишимди токтоттум да шайлоо өнөктүгүнө кириштим.
Буга макул болгонумдун дагы бир себеби, 3-чакырылыштагы парламентте бир да аял жок болчу. Анан да акыркы учурда депутаттар мыйзамдык гана эмес, адамгерчилик чектеринен да чыгып кетишкен. Мен кыйынмын деген, бөйрөктөрүн таянган жигиттер болчу. Негизинен азыркы мезгилде аялдар менен эркектердин ортосундагы тең укуктуулукту тең аталыкка өткөрүп жибердик окшойт. Тең укуктуулук деген мурдагы депутаттардай болуп алып ар кандай оюндарды коюш эмес, акыл-эс менен иштөө.
Эл азыр парламентке дасыккан, бардык тарабынан жетилген, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, элдин мүдөөсүнө төп келген мыйзамдарды кабыл алууга жөндөмдүү депутаттар келди деп баа беришүүдө. Совет доорунда "Профсоюздар - коммунизмдин мектеби" дешчү эмес беле. Бул жерде андай мектеп жок. Бири-бирибизден үйрөнөбүз. Эл үчүн чечкиндүү бүтүм кабыл алганга кудурети жеткен парламент экенибизди далилдешибиз керек.
Биз башка ыкма менен шайланып келдик. Ошол үчүн бири-бирибиздин, бизге ишеним көрсөткөн партиянын алдында
жооптуубуз. Бардык маселелерди камтып, анан өз ишибизди так аткарышыбыз керек. Францияда элди ирээнжитпегендей кылып, ушул парламентке булар туура келишиптир, туура иштеп жатышат деген пикирди түзгөнгө аракет кылышыбыз керектигин сүйлөштүк. "Биз азыр өзүбүздү эле көрсөтүү максатында трибуна микрофон талашмайга өтүп кетпестен, бизден кийинки депутаттарга үлгү болгудай иштерди аткаралы",- дедим.
Эл аралык уюмдар, байкоочулар да партиялык принцип менен шайланган парламентти демократияга карата чечкиндүү кадам деп эсептеп жатышат. Ал шайлануу принцибинде эле эмес. Бул принцип мурдагыдан айырмаланып парламентте аялдардын, жаштардын, биз менен бир тууган болуп, Кыргызстанды мекени катары туу тутушкан башка улуттардын өкүлдөрү да болушуна жол ачты. Бул биз демократия жолу менен баратканыбызды, бул багыттан тайбаганыбызды көрсөтүп турат.
Шайлоо бүткөндөн кийин мен Конституциялык соттун төрайымы ишимди тапшырып, конституциялык чектөөлөрдөн арылгандан кийин партияга өттүм. Жаш "ак жолчумун".

Парламенттин иши жөнүндө
Парламенттин иши боюнча бардык мыйзамдардын санын айтуунун кереги жок. Негизги эки олуттуу маселеге токтоло кетейин. Көптөн бери кыргыз элине, эгемендүү кыргыз мамлекетине керектүү маселенин бири - чегара маселеси. Муну терең иликтеп, юридикалык негиз түзө турган бүт документтерди - Орус падышачылыгынын указынан баштап бүгүнкү мезгилге чейинкилерин, жарым-жартылай чала чийилип калган карталарды, архивдеги документтерди бүт изилдеп, ошол жерди - Каркыраны пайдаланып жаткан адамдар менен сүйлөшүп, анан кабыл алдык.
Элди ирээнжитүү максатында болсо керек, айрымдар "ата-бабаларыбыз жердеген жерди бизден алып тигилерге беришти" деген сөздү жаратышты. Бирок, жергиликтүү калк өздөрү көрсөтүшүп, "бул жерди өз алдынча мамлекет болгондон бери пайдаланып жүрөбүз" дешти. Биз ушундан кийин чечим кабыл алдык.
Өз чегараларыбызды чектеп, бекемдеп алганыбыз, БУУдан каттоодон өткөнүбүз зор жеңиш. Эми түштүк тараптагы аз эле аралыктагы чек ара
участоктору калды. Ушунун баары биздин эгемендүүлүккө кубат бере турган нерселер.
Бул маселелер эмнеге мурдатан чечилбей келген? Көрсө, "Ак үй" менен "Көк үйдүн" ортосунда кандайдыр-бир соодалашуу болгон экен. Биз партия аркылуу келгенден кийин
соодалашканга, керексиз сөздөрдү чыгарганга шартыбыз жок, бардыгыбыз кеңешип, чечтик. Эгер маселе туура эмес чечилсе, эл айтмак.
4 пансионат боюнча да оор маселе. Ал бекитилердин алдында шарттар коюлду. Иштегендердин 80%дан кем эмеси жергиликтүү эл болот, жерге ижара акысын төлөшөт. А эң негизгиси элди иштетип, пансионаттардын деңгээлин 4 жылдыздуудан кем эмес кылышат. Айлана-чөйрөгө да аёо мамиле болот. Ал шарттар аткарылбаса, келишимдерди биз бир тараптуу бузсак болот.
Ырыс алды - ынтымак

Эң негизгиси бизге ынтымак керек.
Мен жакында Баку шаарына бардым. Баягы Тоолуу Кара-Бактын окуясына байланыштуу Армения менен Азербайжандын ортосундагы согушту токтотууга биздин легендарлуу парламент да чоң салым кошкон.
М.Шеримкулов төрага болчу. Бишкек протоколун даярдаганда депутаттар жерине барып көргөнбүз. Бир жарым миллиондон ашык эл илгертен жашап келген жеринен качып, Бакуга келишип, балдар, курсагы тойбогон эл, эртеңибиз эмне болот деген маанай... Ошонун баарын көргөм. Эми азыр барганда баягы Баку жок. Таптаза өсүп жаткан шаар, эртеңине ишенген эл. Илгерки кепелер бузулуп, жеке менчик заңгыраган үйлөр, парламент, жогорку соттун имараттары курулуптур. Бир сөз менен айтканда ыкчам өнүгүп жатыптыр.
Баягы бир жарым миллион эл кайда кеткенин сурадым. Алар үчүн үйлөр курулуп жатыптыр, бул жерде туруктуу жашабаса да, өз жерлеринде тынчтык болгонго чейин жашашат экен. Парламентинин 90 жылдыгына карата барганбыз. Пикир алышып, тажырыйба алмашканда алар улам-улам "силер тууралуу телевизордон көргөндө илгери биздей болуп кетпесе экен деп жаттык. Эң негизгиси - туруктуулук, ынтымак керек. Биздеги жаралып жаткан нерселер ошол туруктуулуктун, ынтымактын жемиши. Туруктуу болсоңор экономикаңар өсөт" дешти.
Азыр сындай турган мезгил болуп жатат. Бирок, бул проблемалар - баалардын өсүшү, климаттын жылышы, суунун азайышы, энергия алып жүрүүчүлөрдүн бааларынын кымбатташы дүйнөлүк процесс болуп жатат. Мурда соко менен жер айдаган кыргыз азыр кандай автомашиналарды минип жүрөт. Алдынын самолёту бар, пароходдуу болуп калышты. Кыргызстандагы болгон шарттарга канааттанбай, башка өлкөлөрдөгү шарттарды эңсеген кыргыз көбөйдү.
Турмуш жеңил деп айтыш кыйын, бирок, ошол жакшы турмушту эңсегендиги кыргыз үчүн жаңы нерсе болуп калды. Дүйнө жүзүндөгү эң аскет, топук калк кыргыз. Жардын кырына үйүн куруп коюп, кудай сактасын деген кыргыз да. Жер жүзүндөгү жаныбарлардын арасында үйүн жонуна салып алып көтөрүп жүргөндөр үлүл менен эле кыргыз болуш керек. Өзүнө жаккан жерине үйүн тигип оокат кылган. Азыр аныбызды өзүнчө экзоотика катары туристтерге көрсөтүп жатабыз.
Айыл жерлеринде турмуш оорлоп жатат деп бул жердеги трибуналардан айтылып жатат. Жер-жердеги эл менен жолугушканда, "кудайга шүгүр, мал-келдүү болуп жатабыз"дешет.
Жаман дей бергенден ал маселелер чечилип калбайт. "Ак Жол" көпчүлүк добушка ээ болгондуктан мыйзамга жараша Өкмөт башчысын Президентке сунуштады. Өкмөттө иштеп жаткандагылар да туура түшүнүшү керек, мурдагыдай "Ак үй", "Көк үй" деп парламент Өкмөткө сөөмөйүн кезей турган заман эмес. Азыр ал экөөсү бир организм. Оң, сол жагы бар адам сыяктуу. Аткаруу бийлиги азыр өзүнчө бөлүнгөн нерсе эмес, "Ак Жолдун" уландысы.

Партиянын иши жөнүндө
Жаңы башталган иште ар кандай мүчүлүштүктөр болот. Партия жаш, ыкчам аракеттерди колдонуп, өлкөбүздүн турмушунун улам бир тарабын колго алып жатат. Ошол эле учурда проблемалар жетиштүү.
Баары бир күндө курулуп, бардык кемчиликтерден арылып, каалаганыбызга бир күндө жете албайбыз. Андай болсо жомок болуп кетпейби. Бирок каалообуз ошондой.
Парламенттин мыйзам чыгаруудан, анын процессин көрсөткөндөн тышкары мыйзамды аткарылышы боюнча милдети бар. Мамлекет башчысынан баштап жөнөкөй дыйканга чейин мыйзам алдында бирдей болуп, ар бирибиз ошол мыйзамда чийилип берилген укуктардын чегинен чыкпашыбыз керек. Ушуну элдин кулк-мүнөзүнө сиңирсек гана жанагы ар кандай мыйзамсыз нерселерден, коррупциядан арыла алабыз. Коррупция эмнеден жаралат? Бир иштин мыйзамдык жол-жоболорун аткарбастан, анан кызмат адамына сунуштап, аны азгырып "бир нерсени бере коём, сен да мен да жыргап калабыз" дегенден болот. Эгерде мамлекеттик кызматта отурган адам мыйзам талаптарын так аткарып, жанагыдай азгыргандарга макул болбосо, коррупцияга да орун жок.
Бир жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселеси да абдан чоң. Мурдагы шайлоолордо парламенттен алган үлгү болуш керек - жанагыдай көчө-көчө, уруу-уруу болуп бөлүнүшмөйлөр менен өткөн. Ошондой ыкма менен өткөн айыл өкмөт башчыларынын мыктылары да ишти уюштура алышкан жок. Эми эл өз арасынан уюштуруучулук жөндөмү, жетекчилик сапаттары бар, ошол айылда кадыр-баркка ээ, ишти багыттай ала турган адамдарды шайлайт деген үмүтүм бар.
Күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болгону жатат. Эл өзү тандап алат деген жолго салбастан, "Ак жол" мынча ишти баштаган соң бул шайлоо жөнүндө кам көрүшү керек. Эң башкысы ынтымак болсо бул иштер калыптанып, демократиялык түз жолго чыкканга мүмкүнчүлүк болот.

Кыргыз эли жөнүндө
Биз алакандай жерди ээлеген, бир ууч элбиз. Илгертен кыргыздардын дипломатиясы абдан назик болгон. Анткени улуулугун бийик тутуп, сый-урматка негизделген дипломатия болгон. Кыргыз - курчап турган чөйрө менен гармонияда жашаган, нукура жаратылыштын жараны. Ага аёо мамиле жасап, жер аны багып жатканын, жер менен адам болуп жатканын, абаны, сууну, баардыгын ыйык туткан. Бири менен бири мамиле түзгөндө алгач уруу өзүнчө коом болуп, анын ичинде улуу-кичүүнүн, аял-эркектин, эне-баланын, ата-баланын алакалары иреттелген элбиз. Кагаз жүзүндө болбосо да адам төрөлгөндөн баштап адамды акыркы сапарга узатууга чейин так көрсөтүлгөн.
Ошолорду аксакалдар элге чечмелеп айтып берип турган. Азыр шаарда гана эмес айыл жергесинде да жаштар бир топ колдонулган сөздөрдү унутуп баратышат. Макал-лакаптарды сынчылар, акындар, сөз устаттары абдан кылдат колдонушчу. Айтышып жаткан адамдарды бир сөз менен тыйып коюшчу.
Азыр кыргыз тилин жерип жаткандар да ал керек экенин сезип жатышат. Тил маселесин таңулоо жолу менен чечүүгө мүмкүн эмес. Тил биздин маданиятыбыздын эң чоң үрөнү. Тилсиз кантип кыргыз болобуз?
Орус тилин да жериген болбойт. Ал башка элдер менен мамиле түзгөнгө, азыр өзгөчө тез өзгөрүп жаткан заманда өзгөчө керек болуп жатат. Ал биздин дүйнөлүк коомчулук менен баарлашуудагы жабдыгыбыз.
Жазып алган
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Жолдон жоголгон майлар
же
"Мунай-заттын" муңдуу
ыйын ким угат?
(Башталышы 1-бетте)
Ушул эле жылдын 6-июнь күнү Т. Каратаев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик улуттук компаниясынын мурдагы генералдык директору Нариман Тюлеевге кат жолдоп, ушул күнү Омскиден акционердик коомдун дарегине жөнөтүлгөн цистерналардын бирөөсүнөн 10411 килограмм, экинчисинен 3873 килограмм А-80 бензини жетпей калганы, бензиндин тоннасы үчүн россиялык өнөктөштөргө 765 АКШ доллары төлөнгөнү тууралуу айтып, акционердик коом тарткан 10 миң 959 АКШ доллары суммасындагы зыянды төлөп берүүнү талап кылган.
Быйылкы жылдын 3-июлунда ошол эле Т. Каратаев "Узбекистон темир йуллари" компаниясынын Ташкендеги аскерлештирилген күзөт отрядынын ачендиги Ф.С. Нодирматовго расмий наарызылык катын жолдоп, акционердик коом бул отряд менен келишим түзгөнүн, бирок ага карабастан вагонцистерналарда бензин уурдалып, акционердик коом зыян тартып жатканын, отряд өз милдетин аткарбаганын билдирген. Ошол эле жерде тарткан 24 миң 69 АКШ доллары өлчөмдөгү зыянды төлөп берүүсүн талап кылган.
Мунайзат Өзбекстанда гана уурдалуудабы?
Ошентип, Жалал-Абаддагы "Мунайзат"
акционердик коому Омскидеги өнөктөштөрү жөнөткөн ар кайсы маркадагы бензин жана дизелдик күйүүчү майларды цистерналарда Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан аркылуу темир жол менен Жалал-Абадга алып келишет. Бирок, келген кезде айрым бир цистерналарда 3төн 15 тоннага чейин жетишпестик аныкталат. Эгерде жылына аталган акционердик коом Россиядан 20 миң тоннага чейин күйүүчү жана майлоочу материалдарды алып келсе, анда алардын ар жолксунда тарткан зыяны да аз эместигине ишенесиң.
Эми ошол темир жол аркылуу алып келүүнүн өзү да акционердик коом үчүн тыйынга турат. Маселен, бир гана Өзбекстандын аймагында жайгашкан темир жолдон пайдалангандык үчүн эле "Мунайзат" жылына 250-260 миң АКШ долларын төлөп берет. Тажикстандык темир жолчулар 15-20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пайда көрүшөт. Эгер сомдун азыркы курсу менен эсептесек, бул кеминде эле 10 миллион сомду түзөт. Аз эмес бекен?
Дайыма цистерналар Жалал-Абад станциясына келип жеткен кезде жергиликтүү темир жолчулар алардын дем алуу клапандарынын бузулуп, сынып калганын байкашууда. Деген менен, цистерналардын ичинде балмуздак эмес, жарылуу коркунучу бар
суюктук болгону эске алынып, ичиндеги буулануусу чыгып турсун үчүн дем алуу клапандары коюлган.
Адистердин айтуусунда, дал ошол клапандарды бузуу жолу менен уурулар жүздүк желим трубаларды (шлангаларды) пайдаланып, күйүүчү майды цистерналар токтоп турган жайда каалаганча куюп алышат. Ал эми жүк жүктөлгөн цистерналар ар кайсы кошумча платформаларда, разъезддерде, станцияларда бир канча убакка чейин токтоп тура беришет. Уурулар болсо, убакытты бошко кетиришпейт.
Эмне үчүн биздин ишкерлер Өзбекстандан шек санап жатышат? Мунун да себеби бар экен? Ошол эле Т. Каратаевдин айтуусунда, биздин ишкерлер Өзбекстандын да, Тажикстандын да темир жол компанияларына караштуу аскерлештирилген күзөт отряддары менен келишим түзүп, алардын кызматы үчүн төлөп турушат. Бирок, абал ар жерде ар башка.
Мисалы, тажикстандык күзөт отряддары өз участкасында жоопкерчилик менен иштешип, чек арадан кабыл алган соң, аймактан чыгып кеткенче чычканга кебек алдырышпайт. Бирок, Өзбекстандын аймагына өткөн соң андай болбой калат да, Кыргызстанга келгенде цистерналар кыйла жеңилдеп калган болот.
Деген менен, биздин ишкерлер Россиядагы өнөктөрү менен да кагаз жүзүндө кер-мур айтышып алышкан, цистерналарга толтура куйбай жатасыңар таризинде. Бирок, ал жактагылар цистерналарга толтура куюу жагынан так экендиктерин далилдешкен.
Казакстандын аймагында да бизге келе жаткан цистерналар киши колдуу болбой, таза өтөрүнө ишкерлерибиз ишеништи. Бир гана ушул Өзбекстанга келгенде иш башкача болуп туруп алган. Жада калса, темир жол компаниясынын аскерлештирилген күзөт отряды менен келишим түзүп, аларга акча төлөп берүү да натыйжа бербей, мурда кандай уурдалса, азыр да ошондой эле ахыбал.
- Биздин далилибиз мындай - дейт "Мунайзаттын" генаралдык директору Таабалды Каратаев. - Россиядан Бишкекке келген бардык цистерналарда ичиндеги суюктук тигил жактан канча көлөмдө жөнөтүлсө, ошол өлчөмдө келет, уурдалбайт. Качан гана ал цистерналар Өзбекстанды аралап, бизге келгенде тонналап бензин жетпей калат. Бул ахыбал бир нече жылдап кайталанып келатат, биз өтө көп зыян тартып жатабыз. Эгер иш ушундайча кете берсе, эртең эмне болоруна көз жетпейт.
Анан айта кетчү нерсе, ишкерлерибиз да кийин салыкчылар чыркырата баса калбасын, өзүбүз ууру болуп калбайлы деп, цистерналар келери менен өлкөнүн соода палатасынын өкүлдөрү менен барып, чен өлчөмүн аныктап, жетишпестикти актылап коюшат экен. Ал эми темир жолчулар ичиндегиси уурдалган цистерналарды сырттан туруп эле дароо аныктаганды үйрөнүшүптүр. Тепловозду жүргүзүп дароо тык токтоткондо ичи бошой түшкөн цистерналар кадимкисиндей кыймылдап, бийлеп турат экен, себеби ичиндегиси толо болбогон себептүү чайпалат да.
Ишкердин көз жашы,
элдин албай калганы канча?
Мындай караганда "Мунайзаттын" көз жашы эч кимди деле ойлондурбай тургансыйт. Зыян тартса бир фирма тарткандыр да, анын мамлекет менен элге кандай тиешеси бар? - деген суроо туулушу да мүмкүн. Кептин баары ошол ишкердин тарткан зыяны туптуура барып мамлекеттин казынасына, элдин чөнтөгүнө зыян болуп жатканында. Ишенбесеңиз далилдеп көрөлү.
Өткөн 2007-жылы жылы "Мунайзат" акционердик коомуна келген цистерналардын ичинен 20сында өлчөй келгенде ичиндеги продукт жөнөткөн көлөмдө эместиги аныкталган. Ошентип, документ боюнча ошол 20 цистернада 11769 тонна 86 килограмм мунай продуктысы келиши керек болсо, факт жүзүндө 11496 тонна 884 килограмм гана келген. 272 тонна 980 килограмм мунай продуктысы, ишкерлерибиз айткандай, Өзбекстандын аймагында жоголгон.
Албетте, жылына ушунча тоннадан эң керектүү мунай продуктыларын жоготуп отуруу бир гана ишкерлердин кайгысы эмес, албетте баарыбыздыкы. Себеби, бизге мунай продуктылары канчалык көп келсе, ал жетиштүү болсо, анын баасы да ошого жараша төмөн болору баарына түшүнүктүү эмеспи.
Эми ишкерлерибиз сырттан алып келген продуктылар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөшөт. Ошондо "Мунайзаттын" толо эмес цистерналарга толо салык төлөгөндөгү тарткан зыяны 1 миллион 281 миң 948 сом болду. Андан сырткары, ошол эле "жел козу" үчүн темир жолчулардын акысына да 22 миң 197 сом берилген. Жолдо уурдалып кеткен продуктыларга ушунча төлөм жоготкон адамдын ичи ачышабы же жокпу, аны өзүңүз байкап багыңыз.
Ишкерлер жоголгон товардын кунун ошол товардын өздүк наркына кошуп салып, суудан кургак чыгып кетүүгө аракет кылышат. Кыскасы, ар бир жоголгон литр бизге жетип келген литрдин наркын кымбаттатып жиберет. Литр бензин кымбаттаса, таксист да бааны кымбаттатат, келип эле шору каткан эл. Деген менен, "Мунайзат" да өздүк нарктын жогорулап кетишинен 6 миллион 688 миң 959 сом киреше албай кур жалак калды. Эгерим ишкердин иши жүрүшпөсө, эл жыргабайт, муну билип коюңуз.
Ошол эле кезде жолдо жоголгон мунай продуктыларынан казынабыз да кайыша түшкөн. Эгер ошол мунай продуктылары толук келген болсо, казынага пайдадан алынуучу 10 пайыздык салыктан 668 миң 896 сом, унаа жолдорун пайдалангандык үчүн 5351 сом, өзгөчө кырдаалдар үчүн 100 миң 334 сом, кошумча нарк салыгы үчүн 47 миң 576 сом, баары болуп 822 миң 157 сом салык түшмөк. Бирок, анын баары Өзбекстанда калды.
Ал эми быйылкы жылдын жарымындагы жоготуу деле көңүл соорото турган эмес. Өнөктөштөр 8223,24 тонна мунайзат жөнөтүшсө, болгону 8028,07 тоннасы келип жеткен. 195,168 тоннасы жолдо уурдалган. Келбей калган мунайзат үчүн төлөнгөн бажы жыйымы 1 миллион 176 миң 630 сомду түзсө, 19 миң 838 сом темир жол кызматына төлөнүп берилген. Өздүк нарктын көбөйүшү менен алынбай калган киреше 5 миллион 994 миң 723 сомго жетет.
Эми казынанын тарткан зыянын эсептесек, түшпөй калган салыктардын жалпы көлөмү 790 миң 409 сомду түзөт.

Базаркоргон, Маргалан, барбаган жерим калбаган
Кептин башында белгилеп кеткенибиздей, "Мунайзат" акционердик коомунун жетекчилиги көптөгөн жерлерге күйгөн катын кошогун ырдап келишти. Мисалы, бир кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевге, бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин "раиси" Улукбек Ормоновго, Кыргыз темир жолунун экс-анабашы Нариман Тюлеевге, түштүк бөлүмүнүн мүдүрү Бахтияр Юнусовго, Тышкы иштер министри Эднан Карабаевге, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге, Темир жол прокуратурсынын жетекчилигине, анын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчылыгына, Өзбекстандын темир жолдорунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, темир жол компаниясынын аскерлештирилген күзөт отрядынын башчыларына бирин калтырбай бир нече жолудан кат жазып келишет.
Алардын ар кайсы даректерге жалынып-жалбарып, догурунуп, эскертип жазган каттарын окуп чыгуу үчүн эле бир топ убакыт коротууга туура келет. Бирок, алардын биринен да ийненин көзүндөй майнап чыкпаптыр.
Кыскасы, муңу көп "Мунайзаттан" кабар алар, анан да казынабыз менен элдин чөнтөгү эртең какшып калбастыгына кызыккандар бар болсо, кандай гана жакшы болор эле. Деген менен, түштүктүн не бир фирмалары (алардын аттарын атабай эле ак койдук) ушундай уурулуктардан, зыян тартуулардан, эң башкысы колдоо жана коргоонун жоктугунан Россиядан мунайзат тартып келбей коюшту. Бул акыры барып эле кимге зыян? Ишкерлердин өзүнө ганабы?
Ошентип биз ишкерлердин ички көйгөйүн айттык. Эми кеп оролу кимде?
Жалил САПАРОВ,
Жалалабат шаары