, 29.07.08 - 10-бет: Керектєєчџлєрдџн укутары џчџн кџрєшџџдєбџз...№56, 29.07.08-ж.
  Жыл башынан бери биринчи сорт ун 31,7%,
күнкарама 21,1%, ишкер 15,1% кымбаттады

Керектөөчүлөрдүн укутары үчүн күрөшүүдөбүз
Негизги азык-түлүктөрдүн баалары өскөндөн бери Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
агенттиктин наамына бааларды жөнгө салуудагы
иш-аракеттеринин жоктугу жөнүндө көптөгөн
нааразычылыктар айтылууда. "Калк айтса калп
айтпайт" дегендей, андай маалыматтар мамлекет
башчысына да маалым болуп, өткөн жумада Өкмөт жыйынында Ж.Нуржановго сөгүш берилди.
Биз бүгүн мамагенттик азык-түлүк базарындагы жана андагы баалардын пайда болуу тартибинин
тегерегинде түзүлгөн кырдаал
боюнча окурмандарды мамагенттик тарабынан
2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында
жүргүзүлгөн иштери менен
тааныштырууну
туура таптык.

Баалар неге өсүүдө?
Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн баалары түшүмсүздүк же таңсыктык сезонунда өйдө-ылдый болушу мүнөздүү. Башкача айтканда кышында, жазында баалардын өсүшү (корлор түгөнгөн болот) жана түшүм жыйнала баштаганда анын төмөндөшү болуп турат. Так ушундай абал 2007-2008-жылдар мезгилинде болду. Ал жөнүндө, азык-түлүктүн жетишсиздиги тууралуу прблема глобалдык фактор катары кабыл алынып, бул тема биринчи жолу Давосто Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда (БДЭФ) талкуунун өзөгүнө айланды. Форумдун эксперттери баалардын өсүшүнүн негизги себептери деп, жер шарындагы калктын санынын көбөйүшүн, анын жашоо деңгээлинин жогорулашын, биожылуулук өндүрүшүнүн өсүшүн жана климаттын өзгөрүшүн аташат. Эгер дүйнөлүк базарлардагы абалды бааласак, анда экономикалык жактан алда канча өнүккөн өлкөлөр да күндөлүк турмушка эң керектүү азык-түлүктөрдүн бааларын жөнгө салууну, ошондой эле зарыл болгон коргоо чараларын киргизишүүдө.
Дүйнөлүк тенденция Кыргызстандын базарындагы азык-түлүктөрдүн бааларына таасирин тийгизди. Анткени, республиканын көптөгөн азык-түлүктөргө болгон керектөөсү импорттун (буудай, шекер, өсүмдүк майлары ж.б.у.с.) эсебинен камсыз кылынат. Жыл башынан бери буудай 52,1%, 1-сорт ун 31,7%, 1-сорттогу ундун наны 15,1%, күнкарама майы 21,1%, шекер 15,1% кымбаттады.
Дандын баасынын жогорулашы азык-түлүктүн дээрлик бардык түрлөрүнүн: эт, сүт, спирттик ичимдиктердин бааларынын жогорулашына алып келди. Дандын үлүшү бүгүн эттин өздүк наркынын 70-80%на жетет. Сүт азыктарынын жана жумурткалардын бааларына да таасири тийет.
Баалардын өсүүсүн ооздуктоо боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан негизги азык-түлүктөрдүн баалары боюнча укуктук ченемдик базаны жөнгө салуу чаралары кабыл алынды.
Монополияга каршы органдын аракеттери бааларды атайын жогорулатуу максатында жана башка атаандаштыкка каршы аракеттерде жасалма таңсыктыкты пайда кылууга багытталган монополиялык иш-аракеттердин жана макулдашуулардын пайда болуусун токтотууга негизделген.
Монополиялык ишмердүүлүккө жол бербөө жана чектөө максатында 2008-жылга Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиясынын субъекттеринин мамлекеттик аймактык жана республикалык реестрлерине монополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамагенттиги тарабынан буйруктар бекитилген жана түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик республикалык реестрлерине 2008-жылда 25, табигый жана уруксат берилген субъекттеринин мамлекеттик аймактык реестрине 127 чарба жүргүзүүчү субъекттер киргизилген.
Монополисттик базарларды табуу жана жөнгө салуу боюнча кабыл алынган чечимдерди негиздөө максатында бир жарым жылдыкта товар базарларында 17 анализ жүргүзүлдү: анын ичинде ГСМ базарына, темир жолдо жол жүрүү документтерин сатуу боюнча кассалардын ишмердүүлүктөрүнө, нан азыктарына, өсүмдүк майларына, пахта кездемелерине, авиаташууларга баалар иликтенип, анализдер чыгарылды.

Жарым жылда эмнелер аткарылды?
Монополияга каршы мыйзам бузулушунун белгилери боюнча жеке жана юридикалык жактардын он бир арызы каралды. Биринчи жарым жылдыктын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттерге 40 текшерүү жүргүзүлдү. Монополияга каршы мыйзам бузулушун четтетүү боюнча 25 эскертүү жөнөтүлүп, анын 17си аткарылды. 3853,7 миң сом суммасындагы экономикалык санкциялар жана айып салуулар жөнүндө чечимдер кабыл алынды.
Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик тоскоолдуктарды алсыздандыруу максатында, монополияга каршы орган тарабынан аткаруу бийлик органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу менен байланышкан иштер жүргүзүлүп жатат. Негизинен жогоруда аталган иш-чара, жөнгө салуу - уруксат кылуу системаларын алсыратууга жана мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин негизсиз жогорулатууга жол бербөөгө багытталган.
Жарым жылдын ичинде аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) 2724 баалар макулдашылды. Аткаруу бийлик органдарына 942,46 миң сом өлчөмүндө экономикалык санкциялар жана айып салуулар жөнүндө чечим кабыл алынды.

Керектөөчүлөр-дүн укуктары корголууда
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдуулукту сактоо үчүн көзөмөлдү жакшыртуу максатында отчеттук мезгил убагында 141 даттануулар жана арыздар каралып, 29 текшерүү жүргүзүлдү. Каралган даттануулардын, арыздардын жана текшерүүлөрдүн 170нин ичинен 141 мыйзам бузуулар табылган, алардын ичинен 105 мыйзам бузуулар ыктыярдуу тартипте четтетилген. 41 эскертүү берилип, анын 39у аткарылган. 1950,4 миң сом өлчөмүндөгү экономикалык санкциялар жана айып салуулар жөнүндө жана 2985,8 миң сом өлчөмүндө калк менен кайра эсептешүүнү жүргүзүүгө чечимдер кабыл алынган.

Даттануулар негизинен газ жана энергетикалык
компаниялардын (электр тогун энергетикалык жабдуу тармагына кошуп байланыштырбай коюлушу, счётчиктин туура эмес көрсөткүчү, электр энергиясынын тез-тез жана негизсиз өчүрүлүшү, керектөөчүлөргө негизсиз айып тагуулар жана башкалар), жалпы керектелүүчү аянттарга ылайыксыз ремонт иштерин жүргүзгөн келишимдик уюмдардын (турак-жай үйлөрүн техникалык тейлөө менен алектенген) иштерине, андан сырткары сапатсыз азыктарды саткандарга багышталган.
Алты айдын ичинде борбордук аппараттын өзүнө эле энергетикалык компаниялардын укуксуз аракеттеринин үстүнөн 17 арыз түшкөн. Маселен, "Көкжар" турак-жай массивинин жашоочуларынын жамааттык даттануусун кароонун жыйынтыгында, "Кыргызэнергоресурс" ОсООнун укуксуз аракетинин негизинде керектөөчүлөрдү энергетикалык жабдуу тармагына кошуп байланыштырышып, кайра эсептешүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Энергияларды сатуу ишканасынын" үйлөрдүн маңдай жагына электр эсептегичтерин коюп берүүгө милдеттендирүү өтүнүч менен Бишкек шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан № 86-131 үйлөрүнүн жашоочуларынын жа-мааттык даттануулары каралган.
Даттанууну кароонун жүрүшүндө арыздануучулардын электр счетчиктери кол жеткис бийиктиктеги электр тогун берүүчү линиялардын таянычтарына бекитилип, ушуну менен керектөөчүлөрдүн укугу бузулгандыгы аныкталган. "Энергосбыттын" кызматкерлери менен арыздануучулардын жолугушуусу уюштурулуп, бир айдын ичинде жабдуучунун эсебинен электр эсептегичтерин үйлөрдүн маңдайына алып келүү жөнүндөгү акты түзүлдү. "Энергосбыт" мамагенттиктин талабын аткарууга милдеттенди. "Кыргызгаз" ААКнын 112000 сом өлчөмүндөгү негизсиз айып тагуусу жөнүндөгү Б.А.Волошинанын арызы боюнча Октябрь районунун сотуна доо арыз берилген.
Мамагенттик тарабынан 2008-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө техникалык документтердин сөзсүз мамлекеттик же расмий тилдерге которулуп берилиши тууралуу эскертүүсү жөнөтүлүп, анын аткарылышы көзөмөлдөнүүдө. Бир сөз менен айтканда, агенттик керектөөчүлөрдүн укуктары үчүн күрөшүүдө.
Жумасарлык НУРЖАНОВ,
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө карашатуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору




  Көйгөй

Орозалиевдин террорунан качан кутулабыз?
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору, Элмурза Сатыбалдиевге,
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Ишенгүл Болжуровага

Мен сиздерге Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжалы Орозалиевдин мыйзамга да, педагогдук этикага да, адамгерчиликке да сыйбаган иштери тууралуу гезит аркылуу билдирүүнү туура таптым. Анткени, мен гана эмес, райондогу мектептердин директорлорунун көпчүлүгү
К.Орозалиевдин мыйзамсыз иштери жөнүндө раймамадминистрацияга, губернаторго жана министрликке кат жүзүндө кайрыла берип, эч кандай жыйынтык чыгара алганыбыз жок.
К.Орозалиев деген ким? Ал мурда Манас районунда беш жыл билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, оройлугунан, директорлорду куугунтуктай бергендигинен улам алар аны кабинетинде сабашып, кууп чыгышканда колдоочулары аны Талас РБББнө башчы кылып которушкан. Бирок, ал Талас районунда да эски адатын карматкандыктан директорлор, мугалимдер пикет уюштурушуп, кабинетине киргизбей коюшканда ал Талас шаардык БББнө башчы болуп калат. Ал жерде жети жылдай иштеген убакыттын ичинде он беш адам менен соттошуп, ал жерде да батпай калганда же 2007-жылдын июлунда Бакай-Ата РБББнө башчы кылып апкелип коюшту. Биз ошондо эле райондогу 22 мектептин 18 директору К.Орозалиевдин бизге башчы болушуна каршы чыгып, тийиштүү органдардын бардыгына кат жүзүндө кайрылганбыз. Анткени, анын чектен чыккан оройлугун, директорлор менен соттошуп, аларды куугунтуктамайынча жүрө албастыгын мурдатан билчүбүз. Ал келээри менен эле башка иштердин баарын таштап, анын келишине каршы болгон 18 директордун үстүнөн компромат издеп, ар бирибизге ат коюп, шылдыңдап, келекелеп сүйлөп, ооз басырык үчүн акча, союш сураганга киришти. Мага эки жолу андай талаптар менен кайрылды эле, бербей койсом "мен сендей катынга көрсөтөм, сени жоготом" деп опузалаганга өттү. Анын опузасына, куугунтугуна чыдабай Эшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы директору Ашымбек Капалов үч жолу акча, бир жолу кой бергендиги жөнүндө сот алдында көрсөтмө берген. Аларды алгандан кийин аны "сени башка ишке коём" деп алдап арызын жаздырып алып, кызматынан бошотуп салган. Дагы бир К.Осмонбеков деген директордон 5 миң сом пара алып жаткан жеринен ОИИБнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал факты жөнүндө Талас ОИИБнүн ага тергөөчүсү, майор М.М.Аманбеков ушул жылдын 20-мартында 8 1564 номеринде билим берүү жана илим министрлигине төмөндөгүдөй билдирүү жөнөткөн. Билдирүүнүн алгачкы үч абзацын толугу менен келтиремин: "2008-жылдын 6-мартында Бакай-Ата
районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозалиев Кенжалы Орозалиевич Бакай-Ата районунун Боотерек айылынын Бакча көчөсүнүн
№ 3-үйүнүн тургуну Осмонбеков Курманбек Бийзаковичтен 5 миң сомду опузалап талап кылып алган жеринен кармалган.
К.Орозалиевдин өзүнүн кызматтык кабинетинде өздүк кароо жүргүзгөн учурда чөнтөгүнөн толтурулбаган № 202237, № 202239 номерлүү орто билим берүү жөнүндө аттестаттар жана толтурулбаган КРнын билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылган командировкалык күбөлүктөр табылып алынган".
Мунун негизинде жана райондо тирешүүлөрдү, чыр-чатактарды көбөйтүп, туруктуулукка чоң доо кетирип, мектептерде психологиялык кырдаалды начарлатып жибергендиги үчүн Бакай-Ата районунун акими К.Сатымкулов КРнын билим берүү жана илим министрине ушул жылдын 12-майында К.Орозалиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу менен кайрылган. Бирок, акимдин конкреттүү фактыга, реалдуу жагдайга негизделген сунушу эмнегедир алигиче аткарыла элек. Тескерисинче, К.Орозалиев жаман көргөн директорлорун куугунтуктоону мурдагыдан да күчөттү. Эмгектик өргүүдө жүргөнүмө карабастан мени ушул жылдын 10-июлунда кызматтан бошотуп, ордума мурда ичкиликтин айынан көп жолу эскертүү алган (актылары бар) Б.Курманалиевди дайындап, буйрукту ошондон берип жибериптир.
Сиздерден жогоруда айтылган жана бул жерге кирбей калган (материалдар менде) фактыларды кылдат териштирип, К.Орозалиевге карата мыйзамда каралган чараларды колдонууңуздарды өтүнөм.
Канчайым СТАМОВА,
Талас облусунун
Бакай-Ата районундагы Бердике уулу Нарикбай орто мектебинин мурдагы
директору

P.S. Материал басылууга
даярдалып жатканда Билим берүү жана илим министри И.Болжурова К.Орозалиевдин К.Стамованы кызматтан бошотуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгаргандыгы маалым болду. Паракорлук жөнүндөгү маселени прокуратура, тергөө органдары аягына чыгарат деп ойлойбуз.