, 25.07.08 - 7-бет: ТИМ билдирет...№55, 25.07.08-ж.
  ТИМ билдирет

Тажрыйба үйрөнүүдө
АКШ Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча АКШга иш сапар менен барган КРнын өнөр жай,энергетика жана отун ресурстары министри С.Балкибеков АКШнын энергетика министрлигинде,Борбордук Азиянын аймактык энергетикалык рыногуна жардамдашуу боюнча программаны ишке ашыруучу ЮСАИДдын кеңсесинде, АКШнын энергетикалык ассоциациясында иштиктүү жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле,министр АКШдагы суу ресурстарын башкаруу жана атаандаштык шартында электр энергиясын пайдалануу маселелери менен иш жүзүндө таанышмакчы.

"Ак жолчулардын" Кытайга сапары
Кытай компартиясынын борбордук комитетинин чакыруусу боюнча "Ак жол элдик партиясынын" делегациясы 16-23-июль аралыгында Кытай Эл Республикасында болду.Партия төрагасынын орун басары, ЖКнын депутаты А.Арабаев жетектеп барган делегация Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары, Кытай компартиясы БКнын эл аралык бөлүмүнүн башчысы,чет өлкөлөр менен достук байланыштын Кытай элдик коомунун төрагасынын орун басары,Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, партиялар жана парламенттер аралык,соода-экономикалык,маданий-гуманитардык, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Германиядан- жаңы элчи
Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хольгер Грэн тышкы иштер министри Э.Карабаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Министр жаңы элчинин ишине ийгилик каалады.

"Манас" эпосу -"Московияда"
Орус тилинин эл аралык жайкы мектебинин иш чараларынын алкагында Москвада улуттук маданияттардын фестивалы өттү. Ага дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн орус тилин жакшы өздөштүргөн окуучулар катышты.Орус тилинин мугалимдери Н.Раимкулованын жана С.Кудайбергенованын жетекчилиги менен республикабыздын окуучулары катышып, "Манас" эпосу боюнча коюлган спектаклди сахнага алып чыгышты жана Кыргызстандын гимнин ырдашты.
Орус тилинин эл аралык жайкы мектеби Москва өкмөтүнүн демилгеси менен "Московия" лагеринде быйыл экинчи жолу уюштурулду.
Кыргызстандык окуучулардын жайкы лагерде эс алып,фестивалга катышуусуна Россиядагы кыргыз элчилиги жардамдашты.

Билимдүүнүн өрүшү кең
Кыргызстандын Япониядагы элчилиги маалыматтык технология тармагындагы адистерибизди Японияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Япониядагы элчи А.Кутанов Япониялык "Perryred Corporation" компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Компания жетекчилиги япон жана англис тилдерин билген адистерди ишке орноштурууга кызыкдарлыгын , ошондой эле Бишкекте программалык камсыздоону иштеп чыгуу борборун ачууну пландаштырып жатканын айтты .
Кыргыз элчилиги мурда республикабыздын "Маалымат технологияларынын адистери үчүн азиялык жалпы стандарт" программасына кошулуу демилгеси менен чыккан . Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлиги сунушту колдой тургандыгын билдирди . Өлкөбүз программага кошулса , адистерибиз Японияда жана Азия өлкөлөрүндө иштөөгө мүмкүндүк алышат.

Алмагүл МЫРЗАЕВА




  Социалдык коргоо

Жетишпеген турмуш, мамлекет берчү жеңилдиктер
Кийинки кезде азык-түлүктөргө баа, электр жана жылуулук кубаттуулугуна тарифтер өсүп жатат. Ушундай шартта жону жука адамдар, пенсионерлер, майыптар кантет? Өкмөт тарабынан аларга кандай жеңилдиктер берилет? - деген суроолор менен окурмандарыбыз редакцияга кайрылышууда. Алардын кабатыр суроолоруна жооп алыш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Өктөмкан Абдуллаевага кайрылдык.

Муктаждарга даректүү жардам көрсөтүлөт
- Өктөмкан Авазовна, азык-түлүктөрдүн баасы асман чапчыды. Ал эми жардамга муктаж адамдарыбыз өтө көп. Аларга мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлөт?
- Чындыгында бүгүнкү күндө азык-түлүктөргө болгон баанын өсүп жатышы барыбызды тынчсыздандырып жатат. Ушундан улам калктын аз камсыз болгон катмарын, анын ичинде пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, майыптарды социалдык жактан коргоодо министрлик даректүү жардам берүүнү уюштурууда. Мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүү уюмдары аркылуу учурда калктын 18%ына даректүү жардам көрсөтүлүп жатат. Алардын ичинде аз камсыз болгон жарандар, айлык кирешеси 200 сомдон ашпагандар, пенсионерлер, жумушсуз жарандар бар.
Акыркы жылдары калкты социалдык жаткан коргоо маселесинде бир топ оң жылыштар болуп жатат. Мисалы, өлкөбүздүн ички дүң жыйымынын өсүшү жана бюджетке кошумча киреше түшүшү үстүбүздөгү жылы пенсияларды, жөлөкпулдарды жана бюджетте иштегендердин айлык акыларын жогорулатууга мүмкүндүк берди. Өкмөт 2007-жылы 2006-жылга салыштырмалуу бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгын 37%, пенсияны 26%, жөлөкпулдун көлөмүн 10%га көтөрүүгө жетишти.
Үстүбүздөгү жылы дагы элибиздин жашоо-шартын колдоо максатында төмөнкү иш-чаралар көрүлүүдө. Алсак, 1-январдан тарта бюджетте иштегендердин айлыгы 30%га көбөйдү, жөлөкпул үчүн колдонулчу керектөөнүн эң төмөнкү кепилденген дең-гээли 175 сомдон 200 сомго көтөрүлдү, пенсиянын алгачкы базалык көлөмү 50 сомго өстү, 1-июлдан тарта электр кубатына компенсациялоонун көлөмү 12 сомго, пенсиянын камсыздоо бөлүгү 10%га көбөйдү.
- Биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн чечими чыкты эле. Бул чечим кандай аткарылып жатат?
- Өткөн жылы Өкмөттүн чечими менен мамлекеттик резервден 14,4 миң тонна ун бөлүнүп берилип, ал ун 289 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арзан баада сатылды. Үстүбүздөгү жылы Өкмөттүн буйругу менен 316 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (эгерде ай сайын алчу кирешеси бир адамга 560 сомдон төмөн болсо) 7,9 миң тонна ун сатылат. 1-сорттогу 1 кг ундун баасы 20,6 сом, 2-сорттогу 1 кг ундун баасы 16,2 сом.
- Республикада канча жаран жөлөкпул алышат? Ага бюджеттен канча каражат бөлүнгөн?
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик жөлөкпулду аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөп берүүнү уюштуруудабыз. Учурда 457 миң кишиге жөлөкпул берилет, алар негизинен 18 жашка чейинки балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген майып жарандар. Ай сайын төлөнүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулга 2008-жылы бюджеттен 1 млрд. 215 млн. сом каралган. Ми-
нистрлик аркылуу жарандарга жеңилдиктер дагы берилет. Быйылкы жылы 277 миң жаранга республикалык бюджеттен 628 млн. сом төлөнүп берилет.

"Карысы бардын ырысы бар" же өлкөбүздө канча пенсионер бар?
1000 сомго чейин пенсия алчулардын саны бүгүнкү күндө 297 миң киши, башкача айтканда бардык пенсионерлердин 60
пайызын түзөт, ал эми бардык пенсия алчулардын саны - 494 миң адам.
Акыркы учурда азык-түлүктөргө баанын кескин өсүшү биринчи кезекте пенсионерлер менен көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жашоо шартына терс таасирин тийгизип жатат. Анткени, 2005-2007-жылдарда негизги азык-түлүктөрдөн турган себеттин баасы ( 1 кг. ун, 1 кг. күрүч, 1 кг. шекер, 1 кг. уйдун эти, 1 л. сүт, 1 л. суу май, 1 кг. картошка) 41,6%га өсүп, 2007-жылдын аягында 429 сомду түзгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын беш айында бул азык-түлүктөрдүн баасы дагы 24,2%га өсүп, 533 сомго жетти, жылдын аягында бул көрсөткүч ошол эле азык-түлүктөрдөн турган себеттин баасы 612 сомду түзүшү мүмкүн.
Эгерде керектөөнүн минималдуу бюджетине (минимальный потребительский бюджет) салыштыра турган болсок, анда азык-түлүккө бир адамга бир айда - 2233 сом, ал эми пенсионерлер - 2040 сом сарпташы керек. А бүгүнкү күндө адам башына орточо эсеп менен 1681 сом жумшаганга, пенсионерлер - 636 сом гана жумшаганга мүмкүнчүлүктөрү болуп отурат. Башкача айтканда өлкөбүздө ар бир адам 75%, ал эми пенсионерлер 31,5% гана азык-түлүк керектөөсүн канааттандыра алышат.

Кымбатчылык кыстаганда каралчу жеңилдиктер
2008-жылдын 1-июлунан тарта ар бир киловаттка тариф 8 тыйынга өсөт, азыр бир киловаттын баасы 62 тыйын болсо, өскөндөн кийин төлөө акысы ар киловаттка 70 тыйынды түзөт. Орто эсеп менен алганда 150 киловатт энергиянын баасы 12 сомго көбөйөт, министрликтин эсеби боюнча пенсионерлердин көбү 150 киловаттан ашык колдонушпайт. Мына ушул 12 сом өлчөмүндөгү максаттуу компенсацияны 1500 сомго чейинки өлчөмдө пенсия алуучу пенсионерлерге төлөп берүү каралууда. Мисалы, 200 сомго чейинки пенсия алгандарга 132 сом, 1501ден 1800 сомго чейинкилерге 42 сом төлөнөт.
Өлкө боюнча 455 миң кишиге, б.а. бардык пенсионерлердин 92,1 пайызына кошумча акча төлөнөт. Бул максатка 534 млн. сом керектелет, анын ичинде тарифтердин өсүшүнө байланыштуу кошумча түрүндө 47,6 млн. сом сарпталат. Компенсация республикалык бюджеттин эсебинен пенсиянын көлөмүнө жараша 2008-жылдын 1-июлунан тартып төлөнө баштайт.

Турак-жайга субсидия
Бишкек шаарында турак-жай субсидия борбору түзүлгөн. Эгерде, турак-жайынын аянты 35 кв.м. болуп, коммуналдык төлөмдөр үй-бүлөнүн кирешесинен 16% көбүрөөк болсо, анда мындай үй-бүлөлөргө субсидия төлөнөт. Мындай субсидия жылуулукка, жаратылыш газына, муздак жана ысык сууга, лифтке жана таштанды чыгарууга берилет.

Жеңилдиктер акчалай түрдө берилет
Жеңилдиктерди акчалай түрдө берүү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Ысык сууга, жылуулукка жеңилдик айылдыктарга да,
шаардыктарга да бирдей каралган, бирок айылда ысык суу, жылуулук кызматы жок болгондуктан, бул жеңилдикти колдонушкан эмес. Эми болсо ал жеңилдиктердин ордуна акча алышат, ошондуктан согуштун майып ардагерлерине жана башка адамдарга ушул кызматтар үчүн жеңилдиктерди акчалай түрүндө алуу пайдалуу. Мисалы, айылда өз үйүндө жашаган ардагерге көмүр үчүн ай сайын 460 сом, транспорт үчүн 330 сом, бардыгы болуп ай сайын 790 сомдон жеңилдик акчалай төлөнүп берилет. Бул сумма үй-бүлөгө бир топ жардам, анткени айыл жергесинде орточо пенсиянын көлөмү болгону 700-800 сом. 2008-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктерди акчалай төлөө өлкөбүздүн бардык аймактарында сөзсүз түрдө колдонулуп жатат, бир гана Бишкекте мындай шарт колдонулбайт.
Ай сайын акчалай төлөмдөрүн алып турган жеңилдиги бар адам үй-коммуналдык кызматтарынын акысын өз алдынча жалпы негизде төлөөгө милдеттүү.
Жеңилдиктерди акчалай берүү, аларды таптакыр жоюп салуу дегендикке жатпайт, тескерисинче жеңилдикти толук көлөмдө алууга шарт түзүп, өтө ыкчам, ачык-айкын, өз убагында жеткирилүүчү система аркылуу акчалай түрүндө атуулдарга жеткирип берүү болуп эсептелет. Бардыгы болуп өлкөбүздө 38 категориядагы жарандардын ар түрдүү жеңилдиктерди алууга укугу бар.

Дары-дармектер үчүн да жеңилдиктер каралган
Жеңилдиктин акчалай түрү дары-дармектер жана көмүр үчүн жыл сайын бир жолу төлөнүп берилет, башкача айтканда дары-дармектер үчүн жылдын башында биринчи жарым жылдыкта берилсе, ал эми көмүр үчүн жылдын экинчи жарым жылдыгында, жылытуу сезону башталаарда берилет.
2007-жылдын 1-январынан баштап дары-дармектерге берилүүчү акчалай жеңилдиктин көлөмү эки эсеге көбөйдү, ошондуктан 100% жеңилдик алуучу адамга 800 сом, ал эми 50% жеңилдик алуучуга 400 сомду түздү.
Акчалай компенсация он эки айга эсептелинип, ар бир жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин төлөнөт.

Жол жүрүү жеңил-диги шаардыктар үчүн гана
Азыркы кезде жеңилдиги бар адамдардын 20дан ашык категориясы жол жүрүү жеңилдиктерине акылуу деп эсептелет. Чындыгында мындай жеңилдиктер менен негизинен шаарларда (автобус, троллейбус) жашаган адамдар пайдаланышкан. Ал эми айыл жеринде унаалардын жоктугуна байланыштуу жарандар жол жүрүү жеңилдиктерин пайдалана алышкан эмес, ошондуктан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү ми-нистрлиги тарабынан жарандардын айрым категорияларынын жол жүрүү жеңилдиктерин республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылана турган түздөн-түз акчалай төлөмдөрүнө которуу сунуш кылынды.
Төлөмдөр Бишкек шаарын эске албаганда, милдеттүү түрдө республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөт. Бишкек шаарында жол жүрүү жеңилдиктерин төлөө 1-июндан тартып, жаңы тартипте шаардык кеңештин кабыл алган чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Ай сайын берилүүчү акчалай төлөмдөрдүн көлөмү жеңилдиги бар адамдардын 1 ай аралыгында жол жүрүүнүн ыңгайлуу санына негизделген жана жеңилдиги бар адамдын категориясына жараша 330, 120 жана 80 сомду түзөт.
Жол жүрүүгө акчалай төлөмдөр Өкмөттүн токтомуна ылайык 2007-жылдын 1-майынан баштап төлөнүүдө.
Даярдаган Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"