, 25.07.08 - 3-бет: Талапты аткарбаган жетекчилерге чара колдонулат...№55, 25.07.08-ж.
  Өкмөттүн жыйыны

Талапты аткарбаган жетекчилерге чара колдонулат
Өткөн жылдан өнүгүү төмөн
Өлкөбүздө үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу экономикалык өсүүнүн ыргагынын басаңдагандыгы байкалды. 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң жыйым 65336,6 млн. сом суммасында болуп, 7,1%ды түздү. Бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,7%га төмөн.
Өткөн алты айдын ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 36297,3 млн. сомдун деңгээлинде болуп, өсүү ыргагы 106%ды түздү. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде өнөр жай продукциясынын өсүшү 115,7%ды түзгөн эле. Айыл чарбасында болсо өткөн айларга салыштырганда айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн өсүшү байкалат. Буга Чүй облусунун чарбаларында эгин чабык иштеринин башталышы себеп болууда. Бул сектордогу өсүү ыргагы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 102,9%га өскөн. Курулуштун дүң продукциясы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 107,5%га өскөн. Ал эми бул багыттагы божомол боюнча 15%дык өсүш деңгээли жаралмак.

Экономиканын өсүшүнүн төмөндөш себеби эмнеде?
Азык-түлүктөр менен энергия ресурстарына дүйнөлүк баанын өсүшү жана дүйнөлүк экономикадагы басаңдоо процесси өлкөбүздүн экономикасынын өсүү ыргагынын төмөндөшүнүн негизги себептеринен болуп калууда. Бул өлкөбүздө керектөө бааларынын индексинин чукулунан жогорулашына алып келди. Өткөн жарым жылдыкта керектөө бааларынын индекси 15,2%ды түздү.
Азык-түлүк товарларынын рыногунда баанын өсүшү байкалууда. Бул мезгилде баа 20,4%га өскөн. Буга жашылча-жемиштердин - 30,1, кант менен кондитердик азыктардын - 22,8, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин - 9,1, сүт азыктары менен жумуртканын - 6,2, өсүмдүк жана мал майларынын баалары - 15,7%га өскөндүгү себеп болду. Жарым жылдын ичинде нан азыктарынын жана акшактын баалары да өсүп, ал 23,3%ды түздү. Дүйнөлүк рыноктордо эгиндин жана ундун кымбатташы жогорудагы азыктардын кымбатташынын негизги себептеринен болуп калды.
Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында өткөн жылда башталган инфляциянын жогорку деңгээлинин мурдагыдай эле сакталып калышы күтүлүүдө. Мунайзаттын, энергетиканын жана эгиндин баасынын өсүшү, эмгек мигранттарынан валютанын келип жатышы инфляциянын өсүшүнө жол ачып, жыл акырына чейин керектөө бааларынын индексинин өлчөмү өткөн жылдын декабрына салыштырганда 29%ды түзүшү мүмкүн.
Быйылкы жылдын 30-июнуна карата акча базасы 32534,6 млн. сомду түзүп, жыл башынан бери 3%га көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде өсүш 11,8%ды түзгөн эле.

Өсүш бар, бирок...
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өнөр жайынын өсүшү 106%ды түздү. Өсүш тамак-аш азык-түлүктөрүн, кездеме жана тигүү продукциясынын, электрондук жана оптикалык жабдуулардын, металлургиялык жабдуулардын, даяр металл буюмдардын өндүрүшү-
нүн эсебинен болду. Тоо-кен өнөр
жайындагы өндүрүштүн көлөмү 101,7%ды түздү. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайындагы өсүү ыргагы болсо 109,1%ды түздү. Курулуш материалдарын, мунайзаттар менен ядролук материалдарды, резина жана пластмасса буюмдарын, тери буюмдары менен бут кийимдерди өндүрүүдө өсүш ыргагы камсыз кылынган жок. Жыл акырына чейин өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларына электр энергиясы менен газды берүүнү чектөө режими сакталып калууда. Бул өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Өткөн жарым жылдыкта айыл чарбасында 24802,7 млн. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өсүү ыргагы 2,9%ды түздү. Республикада өсүмдүктөрдүн түшүмүн чаап-жыйноо башталды. Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты 1159,9 миң гектарды түздү. Бул өткөн жылга салыштырганда 31,1 миң гектарга, же 2,8%га арбын. Пайдаланылбаган айдоо аянттар өткөн жылга салыштырганда 36,8 миң гектарга азайып, 108,2 миң гектарды түздү. Учурда 15 миң гектар аянттагы дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналып, 44,2 миң тонна эгин бастырылып, 22,1 миң тонна картошка казылып алынды. Эми өстүрүлгөн кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кечиктирбестен чаап-жыйнап алуу үчүн Чүй облусунан Ысык-Көл жана Нарын облустарынын чарбаларына, ошондой эле Суусамыр өрөөнүнө комбайндарды жиберүү зарылчылыгы турат.
Быйыл кант кызылчасынын, пахтанын, май өсүмдүктөрүнүн аянттарынын азайып кеткендиги байкалат. Демек, продукция өндүрүүнү көбөйтүү үчүн айдоо аянттарын структуралык жактан өзгөртүү милдети турат.
2008-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда мал чарба азык-түлүктөрүнүн негизги түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү өскөн. Тирүүлөй салмактагы малды жана канаттууларды өндүрүү 152,3 миң тоннаны түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,3%га арбын. Кара малды 51,3 миң башка, койлор менен эчкилерди 20,5 миң башка, жылкыларды 8 миң башка, канаттууларды 116,6 миң башка көбөйтүүнүн эсебинен эт өндүрүүнүн ыргагы өскөн. 586,2 миң тонна сүт өндүрүлүп, 102,7%ды түзгөн.
Муну менен катар азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүшүнө жана буудай менен камсыз кылуучу кээ бир өлкөлөрдө кургакчылык болгондугуна байланыштуу өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу сакталып калууда. Мына ошондуктан нан жана нан азыктарын ташып келүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу, азык-түлүктүк буудайды өстүрүү үчүн күздүк аянттарды көбөйтүү, мамлекеттик резервде азык-түлүктүк буудайды, негизги азык-түлүктөрдү чогултууну камсыз кылуу маселесин кароо зарыл.

Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы кайра каралат
Өлкөбүздүн биринчи жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары пессимисттик сценарий боюнча өнүгүп жаткандыгын тастыктап турат, мындайча айтканда экономиканы өнүктүрүүнүн базалык сценарийинин көрсөткүчтөрү өз максатына жеткен эмес. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгына пландаштырылган 53 иш- чаранын ичинен 10-июлга карата болгону 48 иш-чара орундатылган.
Ошентип өлкөбүздөгү экономикалык өсүүнүн төмөндөшү жана дүйнөлүк экономиканын өсүү ыргагынын басаңдашы азыркы учурда өлкөнүн өнүгүү стратегиясын кайрадан карап чыгууну, анын аткарылышын 2011-жылга чейинки мөөнөткө жылдырууну талап кылууда.

Айтылдыбы, аткарылышы керек
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы министрликтердин жетекчилерине алдыга коюлган милдеттердин алар тарабынан аткарылышы жөнүндө конкреттүү суроолор менен кайрылды. Алар жана алардын ведомстволору тарабынан министрлер кабинетинин азыркы курамы чечүүгө тийиш болгон милдеттердин аткарылышы жөнүндө конкреттүү талаптарды койду. Атап айтканда, мамлекет башчысы инфляцияны ооздуктоо жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча алар тарабынан көрүлгөн чаралар жана аракеттер канчалык жетиштүү болуп жатканы жөнүндө сурады.
Президент жыл башында министрлер кабинетинин алдына конкреттүү милдеттерди койгонун, бирок бүгүн Өкмөт жөн гана фактыларды келтирип жатканын белгиледи. Курманбек Бакиев ошондой эле министрлерди терең анализ жүргүзбөгөнү жана баалардын өзгөрүүсүнө ыкчам реакция жасабаганы үчүн сынга алды. Мамлекет башчысы: "Инфляцияны катуу көзөмөлдөп, күн сайын байкап туруу зарыл деп такай эле айтып келатам", - деп баса белгиледи.

Суу топтолсо - энергия көбөйөт
Андан кийин Токтогул суу сактагычында зарыл көлөмдөгү суунун жыйналышын камсыз кылуу жана өлкөбүздүн экономикасынын тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча маселе каралды.
Аймактарда, министрликтерде, ведомстволордо, отун-энергетика комплексинин ишканаларында Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана күзгү-кышкы мезгилге карата экономиканын тармактарын даярдоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн туруктуу иштей турган штабдар түзүлгөн. Алардын маалыматы боюнча суу сактагычтагы суунун көлөмү 6,48 млрд. куб.метрге чейин төмөндөп кеткен. Бул Токтогул ГЭСи пайдаланууга берилген акыркы 20 жылдын ичиндеги эң төмөнкү көлөм. Үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде суу сактагычка суунун агып келүү көлөмү 5,25 млрд. куб.метрди, энергетиканын керектөөлөрүнө болгон чыгым 7,41 млрд. куб.метрди түзгөн. Суу сактагычтын запасынан 2,16 млрд. куб.метр суу иштетилген. Апрель айында суунун агып келиши 265 куб.метр секундду, ал эми майда болсо 640 куб.метр секундду, июнда 706 куб.метр секундду түзгөн. Июлдун жети күнүнүн ичинде ал 493 куб.метр секундду, орточо чыгым 243 куб.метр секундду түзгөн.
Гидро божомолду эсепке алганда алдыда күзгү-кышкы мезгилдин башталышында суу сактагычтагы суунун көлөмү 10,15 млрд. куб.метр көлөмүндө болушу мүмкүн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,6 млрд. куб.метрге аз.

Канааттанбагандыкты билдирүү, демек...
Мамлекет башчысы жогорудагы маселелер боюнча министрлердин жообуна да, Өкмөттүн бүгүнкү жыйынынын даярдалышына да канааттанбагандыгын билдирди. Президент формалдуу отчётту эмес, экономиканын абалына реалдуу анализди жана экономиканын бардык тармактары жана социалдык секторлору боюнча экинчи жарым жылга конкреттүү пландарды, ошондой эле республикадагы инфляцияны ооздуктоо боюнча түшүнүктүү жана жакшы ойлонулган сунуштарды күткөнүн белгиледи.
Өкмөттүк жыйындын жыйынтыктарын чыгарып, мамлекет башчысы министрликтердин жетекчилерин жасалмалуулуктан качып, ыкшоолукту жеңип, мезгилден озуп иштөөгө, мүмкүн болуучу терс кырдаалдардын алдын-алууга чакырды жана ошондой эле министрлер кабинети кырдаалга талдоо жүргүзүп, ыкчам чечим кабыл алып жана аны иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жөндөмдүү, бирдиктүү кесипкөй команда болуп иштөөсүн талап кылды.
Д.ӨМҮРЖАНОВ,
Сүрөттөрүн тарткан
Э.БОЛЖУРОВ, С.АЙЫЛЧИЕВ