, 25.07.08 - 10-бет: Республикабызда 2144 диний уюм бар...№55, 25.07.08-ж.
  Республикабызда 2144 диний уюм бар

"Согушка катышканыма далил 95 жашымда табылды"
же 65 жыл архивде жаткан документ

Журналисттик кесиптин аркасы менен ар кандай окуяларга аралашып, түркүн тагдырларга туш болгон адамдарды кезиктирдим. Жакында АРИСтин түштүктөгү өкүлчүлүгүндө иштеген Марат Сагынбаевдин: "Араван районундагы Кичи-Алай айылында 95 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Исак Раимбабаев деген аксакал бар. Ал 1947-жылы документтерин жоготуп жиберип, ошондон бери ардагерлерге арналган жеңилдиктерди пайдаланбай, көптүн катарында күн кечирип келе жатат", - деген сөзүн угуп, "кантип эле ошондой болсун!" деп адеп ишенген эмесмин. Бирок, көп өтпөй эле кылым таяп бараткан адам тууралуу маалымат алуу үчүн атайын Араван районуна жөнөдүм. Ага райондун аскер комиссары Дайырбек Кыдыргычов да кызыгып, эртең Кичи-Алайга бир кызматкерин кошуп берүүгө макулдугун берди.
* * *
Кийинки күнү райондук аскер комиссарынын 2-бөлүмүнүн башчысы Асран Манасов, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн адиси Мамат Акбаров үчөөбүз Кичи-Алайга жөнөдүк. Мамат алыс жолду кыскартайын деди окшойт, сөз нугун Кичи-Алай айылы тарапка бурду. Бул жерге автоунаа жолу, электр жарыгы партиянын Ош обкомунун 1-секретары Султан Ибраимовдун демилгеси менен өткөн кылымдын 80- жылдарында гана жеткирилген. Мында алгач ачылган мектепке парта, доска жана башка керектүү эмеректерди анын директору Т.Осмонов төөгө, атка, эшекке жүктөп келген экен. Азыркы учурда айылда 1 орто, 1 башталгыч мектеп жана ФАП бар. Мында жашаган калктын саны - 735. Элдин негизги кирешеси - мал чарбачылык. Кийинки жылдарда картошка өстүрүлө баштады. Ырасын айтканда, элдин жашоо турмушу жакшы. Малдын саны көбөйдү. Эки үйдүн биринде жеңил машина, спутник антенна бар. Турак жайларын оңдогондор четтен табылат. Бирок, жаштардын көпчүлүгү шаарда.

Оштон 5 сааттан ашык жол жүрдүк. Издеген адамыбыздын үйү Сарымоголдо экендигин айтышты. Салт окшойт, айыл адамдары дароо эле топтоло түшүштү. Айылдагы мектептин директору Сейитбек Раимбабаев Исак аксакалга жакын тууган экен. Ал Исак аксакалга бизди тааныштырып, келген максатыбызды түшүндүрдү. Көпкө кармалбай, Исак аксакалды сөзгө тарттык.
- Бул чөлкөмдүн эң аксакалы менмин, ушул жашка чыгам деп ойлогон эмес элем. Бардык нерсе кудайдан экен, балдарым. Бу баштан нелер гана өтпөдү, не деген жамандык-жакшылыкты көрдү. Бала болсом да Кичи-Алайга Мойдунбектин, Жаныбек казынын жигиттери келгенин, алардын элге мал салганы, басмачылар менен кызыл аскерлердин уруштары эсимде бар. 1940-жылдары согуш алдында эл төмөн жактагы жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге зордук менен көчүрүлүп, тоолуктар аябай эле азапты тарткан. Көчүрүлгөндөргө ылдый жактын абасы, жаш балдарга суусу жакпай ичи өтүп, ошондон боо-боо болуп кырылып калбадыбы!
Элдин көбү төмөнгө көчүрүлүп, бул жерде колхоздун малын баккандар гана калган. Мен чарбанын коюн бакчумун. Аңгыча согуш чыгып кетти. Малчыларга жеңилдик бар окшойт, негедир бизге чакыруу кагазы келбеди. Кийин колхоз малды башка тарапка алып кеткенден кийин мага аскер комиссариатынан 1943-жылдын июнь айында кагаз келди. Ошол мезгилде Кичи-Алай Жаңыноокат районуна кароочу. Борбору Караван айылы болчу. Ал жерден Кызыл-Кыяга чейин жөө барып, поездге олтурдук. Ан-жианда үч күн туруп, андан кийин тынбай жүрүп отурдук. Жашым отузга келсе да, өмүрүмдө орусча сөз укпаган жаным, эч нерсени түшүнбөйм. Түшүнгөндөр Саратовго келдик деп айтышты. Форманы ошол жерден алмаштырып, фронттун чегине жакындадык. Донбасска келсек шаарда адамдар жок калыптыр. Биз машыгуудан өтө баштадык. Ошол жерде мына бул Карагур айылынан барган Момун экөөбүз чогуу болуп калдык. Андан кийин Украинанын Ворошиловград деген жерине түштүк. Биздикилер душманды эми кууп калган мезгил болчу. Айыл-кыштактарда, шаарларда эл жок, көзгө комсоо көрүнөт. Командирлер "жакында чабуулга кирет экенбиз" деп калышты. Август айы болчу. Биздин взвод ашканада нарядда турган. Түшкө жакын немистин кичине самолету үстүбүздөн айланып калды. Солдаттар бул "рама" деп калышты. Жаңы баргандар "рама" эмне экенин деле жакшы билбейбиз.
Ой! Бир маалда эле душмандын замбиректеринин снаряддары жер тытып кирди. Адегенде бизден окчунураак жарылып жаткан. Ашканага жакын түшкөн снаряддын сыныгы оң колумдун чыканагына тийди. Кан шыркырап эле кетти. Жанымдагы баланын сол саны талкаланып калыптыр. Ашпозчунун курсагына кирген экен, ал да онтоп жатат… Ок атуу токтогондон кийин санитарлар келишип, үчөөбүздү тең алып кетишти. Жараатым оор окшойт, сентябрда Кисловодскидеги аскердик госпиталга жөнөтүштү. Ал жерде 1944-жылдын январь айына чейин дарыландым. Орто-Азиялык жарадар жоокерлерди Бакуга жөнөттү. Ал жерден кемеге түшүп, Каспий деген деңиздин боюндагы Красноводскиге келип, поездге түштүк. Ташкенге, андан кийин Анжиан - Ош болуп тууган жерге келдим. Каравандагы аскер комиссариатына келип, каттоодон өттүм. Аердегилер кайрадан медкомиссиядан өтөсүң деп, Кызыл-Кыяга жөнөткөндө мага 2-топтогу майыптык беришкен. Кийин Кичи-Алайга көчүп келип, ошондон бери ушул жерде жашап келе жатам. Мергенчилик өнөрүм бар, документтерди ошентип жоготком. Аны үйгө эле коюп койсом кана, чөнтөккө салып алыптырмын.
Аксакалдын эс-тутумунун тунуктугуна, акыл эсинин зиректигине баа берип, өзүбүз кызыккан сурообузду бердик:
- Аскердик билетиңизди, согуш майыбы экендигин далилдеген документтериңизди издебедиңизби?
- Ээ балдарым, сабатсыздын иши
кыйын, анын үстүнөн түшүнбөстүк да. Колхоздун малын багып жүрүп, 1976-жылы пенсияга чыктым. Карасам, өтө аз. Ошондо согушка катышканым тууралуу документтеримди өзүм издегенге кириштим. Кичи-Алай бирде Ноокатка, бирде Карасуу, бирде Араван райондоруна карап, архивдер да аралашып калган экен, тиги районго барсам, буга, буга барсам аркысына барыңыз деп бир айга жакын убара болгом. Акырында жадаганда баарына кол шилтеп келе бергем. Ойлоп көрсөм, ошол кезде мага туура жол көрсөткөн, багыт берген адам болгон эмес тура.
Жеңиштин 60 жылдыгында АРИСтин балдары бир сыйра кийинтип, көңүлүбүздү көтөрүп кеткен. Ошондо бир кубангамын, балдар. Бир жылы Аравандан балдар келип, "Москвага жазабыз" дешип силерге окшоп аркы-беркини сураштырып кетишкен, бирок, андан майнап чыкпай, жооп келбептир. Мурда ылдыйкы айылдарга ат менен барып турчумун. Байбиченин көзү өткөн. Документтерди издемек тургай, сыртка араң кирип-чыгып калдым. Атакөрү, бир кабар келип калса жакшы болот эле. Бала-чакам да "Биздин атабыз согушка катышкан экен!" деп көкүрөгүн өйдө көтөрүп калмак… Ушунда-аа-й, балдар.

Исак абанын үшкүрүк аралаша чыккан акыркы сөзү бизди терең ойго салды.
Жумушта олтурсам, Аравандан Асран телефон чалып калды. Ал аскер комиссары бул ишке катуу киришкендигин, И.Раимбабаевдин Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгын далилдеген документтерди издештирүү үчүн Москва облусунун Подольск шаарындагы аскердик, Санкт-Петербургдагы аскердик дарылоо-мекемелеринин архивдерине, коңшулаш Ноокат районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын аскер комиссариттарына да Араван райондук аскер комиссариатынын атынан кат даярдоого тапшырма берип, анын аткарылышын өзү көзөмөлгө алгандыгын айтып, "Убактыңыз болсо, Ноокатка, КызылКыяга чейин мени менен бирге барып келбейсизби?" деп калды. Ошол күнү бүтүрүүчү башка зарыл жумуштарым бар экендигин түшүндүрүп, кечирим сурадым. Бир аздан кийин таягына жөлөнүп, эңкейе баскан Исак абанын элеси көз алдыма тартылып, анын "Атакөрү, бир кабар келип калса жакшы болот эле. Бала-чакам да "Биздин атабыздын согушка катышкан экен!" деп көкүрөгүн өйдө көтөрүп калмак…" деген сөзү кулагыма жаңырды. Асрандын уюлдук телефонуна чыгып, жолугуша турган жерди болжоштук.
* * *
Ноокатка барсак, аскер ко-
миссары полковник Анарбек Жабиев бир нерсеге капа болуп, маанайы анчейин эмес экен. Келген максатыбызды түшүндүрсөк, ал кол алдындагыларына биздин сурообузду орундатууга тапшырма берди. Архивдик документтерди издөөгө көп убакыт керек эмеспи. Аскер комиссариатынын айрым кызматкерлери бизди жактырбай "бул адам ушул кезге чейин эмне кылып жүрдү экен, балким качкын да болушу мүмкүн…" деп күңкүлдөшсө да, алар ар бир документти колдон өткөрүшүп, тыкыр текшерип беришти. Тилекке каршы, Исак аксакалдын документтери бул жерде жок болуп чыкты.
* * *
Кызыл-Кыяга кеч бешимде араң барып, вице-мэр Флорида Цойго жолуктук. Ал шаардык аскер комиссариатына телефон чалып, аларга биздин келгенибизди кабарлады. Ал жерге барып, экинчи бөлүмдүн кызматкери Наиля Хамидулина менен биринчи бөлүмдүн кызматкери Нуржан Кенжебаеваны таптык. Экөө архивдеги документтерди көпкө чейин издеп, бир маалда: "Исак Райимбабаевдин документтери бар экен", - деп үлбүрөп саргарып калган кагазды алып келип калышты.
65 жыл сакталып турган документти көргөн көзүбүзгө ишенип ишенбей: "Каап, чындап издеген адам болсо мурда эле табылмак экен", - деп, каңырыгыбыз түтөп турду.

Эпилог ордуна
Макаланын аягына чыгып жатып, Араванга телефон чалдык. Исак Раимбабаев Кызыл-Кыядагы аскердик комиссариатынан архивде табылган документтин негизинде райондук со-
циалдык коргоо бөлүмүнө каттоого алынгандыгын, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү жеңилдиктер белгиленгенин угуп, ушундай соопчулук ишке катышкандыгыбыз үчүн терибиз терибизге батпай кубанып, "эми республиканын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жетекчилери кимдир-бирөөлөрдүн кайдыгер мамилесинен улам 65 жыл мамлекет тарабынан белгиленген жеңилдиктерди албай жүргөн Исак аксакалга өзгөчө көңүл буру-шаар…" деген ой биздин көңүлүбүздү жубатып турду. Алар мындай адаттан тыш окуяга кандай мамиле жасайт, аны убакыт көрсөтөөр.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"




Өз динибизди өгөйлөбөйлү
Адамды ыйманга чакырган да,
араздаштырган да, бириктирген да дин
Кыргызстандын аймагында ыңгайдан пайдаланып көптөгөн чет өлкөлүк миссиялар, борборлор, диний агымдар, секталар өтө эле көбөйүп кетти.
Республикада 54 өлкөдөн келген 1,3 миңдей миссионерлер өз диндерин, окууларын жайылтып жүрүшөт. Расмий маалымат боюнча 2144, анын ичинде 1766 ислам, 366 христиан дин тармактары боюнча уюмдар бар. 366нын 300ү христиан уюмдары. Ал эми 450дөй расмий каттоодон өтпөгөн диний агымдар бар. Алар эски бала бакча, үйлөрдү сатып алып атайын сыйынуу үйлөрүн, окуу-усулдук борборлорун түзгөнгө жетишип, канат-бутактары жайылып бараткандай. Ар кандай жарнамалык маанайдагы басылмаларды ээн-эркин таратуу, материалдык колдоо көрсөтүү аркылуу кыргыз жаштарын өздөрүнө тартышууда. Булардын исламды ичтен бүлүндүрүүгө болгон аракеттери күч.
Биздин республикада дин тутуу эркиндигине чек коюлган эмес. Ошондон пайдаланып, алар азыркы өткөөл мезгилде турмуш көйгөйүнө кептелип турган айрым адамдарды материалдык колдоо көрсөтүү жана ар түрдүү китептерди бекер таратуу менен өз диндерине тартууга аракеттенип, кыямат кайымдын жакын калгандыгын баяндашып, азгыруу-үгүттөө иштерин жүргүзүп жаткандары баарыга белгилүү. Андай диндерге кирип алган кыргыздар да көп. Түпкүлүгүндө диндердин бардыгы адамды жакшы жашоого, таза болууга, уурулук, каракчылык, мыкаачылык, кыянаттык сыяктуу иштерден качууга, калп айтпоого, дегеле бирөөгө жамандык жасабоого үндөп турганы менен, бир эле улуттун элдеринин ар башка дин тутушу, акыры алардын арасында пикир келишпөөчүлүккө, чыр-чатакка, улуттук бөлүнүп-жарылууга алып келээри айдан ачык.
Бир эле улут болуп туруп, диний көз караштарынын бөлөктүгүнөн эчен жылдап согушкан элдер да бар эмеспи. Буга баягы жылдары Югославиядагы сербдер менен хорваттардын ортосундагы чыр-чатак далил. Бир нече жыл мурда Нарындагы башка динди кабыл алгандар менен ислам дининдегилердин ортосундагы жаңжал, Канттагы сөөк коюудан келип чыккан проблема, жакында эле Нарын районунун Куланак айылында баптистердин катарына өтүп алган үй-бүлөнүн каза болгон 14 жашар баласынын сөөгүн коюудагы жаңжал ж.б. көп нерсени каңкуулап турат. Бул бийлик үчүн күрөш, трайбализм, коррупция сыяктуу көрүнүштөрдөн алда канча коркунучтуу. Бул акыры улут биримдигинин ыдырашына алып келерине шек жок.
Кыргыз эли ислам динине баш-оту менен берилип, толук кирип кеткен эмес. Ошентсе да, ата-бабаларыбыз элдин менталитетине, жаштарга тарбия берүүдөгү адеп-ахлагына туура келгендерин, элге керектүүлөрүн, пайдалууларын гана зиректик менен иргеп алышкан. Бабаларыбыздын бул чечимин алардан кийинки аталарыбыз миң жылдап улантып, ислам динин тутуп келишкен. Атүгүл динге терс мамиле болгон социализм доорунда да ташташкан эмес. Алар динди ата мурасы, жалпы улуттук биримдик катары кабыл алышкан. Ырас, ар бир адамдын дин ишенимине киришүүгө акыбыз жок болсо да аз элдин ар түрдүү диндерге кирип кетиши өтө кооптуу, улут келечегине коркунучтуу.
Ысмайыл КАДЫРОВ