, 22.07.08 - 9-бет: Эс тутум...№54, 22.07.08-ж.
  Эс тутум

Ата журт асыл кызын жоктойт
Арабыздан мындан беш жыл мурда, бар болгону 45 жаш гана курагында көзү өткөн философия илиминин доктору, про-фессор Гулнара Бакиева бүгүн тирүү болгондо бар болгону элүү жашка чыкмак.
Гулнаранын өзүнө бир бөтөнчө жарашык берген
муңайым сыпаа мүнөзү бар эле. Бүгүн деле күн сайын ал биз менен ошондой эле муңайыңкы мүнөздө жолугушуп, кезиккендей сезиле берет. Аттиң, "Эрте кеткен жаш өмүр-өлбөс өмүр" деген накыл кеп ырас тура.

- жылы жаңыдан гана жогорку окуу жайынын турпатына көтөрүлгөн, бүгүнкү Кыргыз экономика университетинин философия жана коомдук илимдер кафедрасын уюштуруу милдети окуу жайдын негизги маселеринен болуп турган мезгил эле. Ошол жылдын 1- сентябрында Гулнара Бакиева философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы болуп дайындалган. Эми 1997-2003-жылдар аралыгында ал "Философия илимдеринин күрөө тамыры" болгон "Эс тутум-жадым" деген коомдук философиянын жаңы барагын ачканын айтчу мезгил келип отурат.
Биз адистер кесиптештердин илимий эмгектерин окуганда коёндой окшош жазылган белгилүү көз караш, салыштырмаларынан тез эле жадап кетсек, Гулнаранын илимий ой-чабыты кыйла өзгөчө болуп, өзүнө тартып турчу. Анын илимий табылгасы бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө философия илиминде жетишерлик изилдене элек коомдук - эс тутум маселеси.
Чындыгында эле Гулнаранын илимий табылгасы өлчөөсүз баалуу. Бул илимий табылга ааламдык илим. Анткени "Эс тутум коомдук маданий-улуттук өнүгүүсүнүн негизги шарты. Улуттук эс тутумдун өзгөчөлүгү - ал үй-бүлөдөн баштап улуттук биримдиктин түркүгү. Ааламдашуу жана "дүйнөлүк империянын" курамында жок болуп кетүүдөн аман калуунун жалгыз жолу экенинин да далили. Кала берсе адам - "коом жадымы" коомдук топтордон баштап, жеке адамдардын өздүк калыптануусунун негизги шарты. Ушул шарттарды эске алсак, улуттук -
коомдук эс тутум философиянын антропологиясы десек жаңылбайбыз.
Гулнаранын эс тутум философия илимий шыбагасын, анын адамдык сапатын кыргыз турпатынан көргөнсүйм. Сали ата дүнүйө салганда бир топ күн кызматка келбей калганына убайым болгондой "Бир туугандардын баары уулдар болуп, кыз катары боз үйдө беш-алты күнчө отуруп ата-салтын сактоого туура келди. Сыягы кичине суук тийип ооруп келдим", - деп айтканы эсимде. 2001- жылы Санкт-Петербургдун даңазалуу университетинде докторлук илимий ишин коргоп бир айча жүрүп калган жайы бар. Гулнара ишке чыгыптыр дешкенинен учурашып, куттуктайын деп иш бөлмөсүнө кирсем, адатынча жалгыз китеп-кагаздарга тигилип отурган экен, көрө сала ордунан туруп, жаркын күлүп, жылуу учурашты, чын дилден куттуктап, ал -жай сурашып отуруп калдык.
Ошол жолугушууда асыл кызыбыздын дагы бир укмуш сапаты мени терең толкундаткан жайы бар. Көңүлү көтөрүңкү учурунда жарк эте күлүп алып, касиеттүү энелердин жөрөлгөсүндөй, сол колунун манжалары менен сыпайы гана ээк-оозун жеңил гана калкалап коймойу бар эле.
"Ой, агай эмнесин айтасыз. Эл-жерди, үйдү абдан сагындым. Биякка келатканда Шамилге (жолдошу) телефон чалып, Ош базарына барып жаңы эт алып, сүзмө-айрандуу көжө-тамак жасап койгула дегенин айтып, жарк этип күлүп койгон.
Ооба, анын даражасындагы ар бир эле кыз-келин элине, улутуна ошончо таазим кылышабы, аны билбейм. Гулнарадай илимдин бийик сересине көтөрүлгөн таланттуу бүгүнкү кыргыз кыз-келиндери баары эле ушундайбы деген ой келет, ылайым Гулнарадай эле болушса дейм.
2003- жылдын 5-июлунда элибиз Гулнарадай таланттуу, ойчул кызынан ажырап калды.
Ал күнү жадырап турган асман аздап бүркөлүп, түбөлүк жайына узатуу аземи башталганда табигат кадимкидей буркурап ыйлап кирди. Таягына сүйөнгөн кошуна-колоң, карылар, ичтен сызган курбу-курдаштары, боору эзилип
майышкан туугандары, неге баары ыйлашат дешип алаңдаган наристе балдар, деги койчу, аны жакшы билгендерге кайың ыйлап, тал ыйлагандай эле болду.
Жакшы адамды жоготпой,
Жаш кошуп турса жашына.
Же болбос, чиркин ай,
Жаратылыш тилди алса.
Андай асыл адамдан,
Анда-санда бирди алса,
Жалпы журтка керектүү,
Жакшы адам өлбөй тим
калса
деп улуу төкмө Ысмайыл атабыз зар какшап төгүп өткөн тура.
Ооба, арадан кеткен адамдарын жоктоо, акыркы сапарга узатуу зыйнаты аалам элинде болсо болоор, ай баары бир кыргызга жетпесе керек. Болбосо, эс тутумда улуу өнөр - кошокчулук ар элде боло бербейт беле:
Эртең менен биз турсак,
Эбелей соккон шамал жок.
Анар-гүл - Гулнар эки асыл,
Эстен кетпей амал жок...
(элдик кошок)
Ооба, Гулнар элиңдин эс тутумунан эч качан кетпейсиң. Дагы деле өзүңө укмуштуудай жарашык берген муңайым ой баскан турпатың менен эскериле бересиң.
Сенден Кыргыз элине эстелик-мурас калган "Социальная память и современность" аттуу пайдубал илимий чыгармаңдын киришүү бетинин четине жазган "Светлой памяти моей матери посвящаю" деген кол тамгаң бүгүн элиңе калтырган мурастай сезилет. Өзүңдүн илимий устатың А.О. Бороноев көксөгөндөй "Очень хочется, чтобы ее идеи, которые я поддерживаю нашли распространение и в России" - деген өз тилегин сенин арабыздан кеткениңдин бир жылдыгына арналган илимий конференцияга жөнөткөн катында жазып жиберген. Ал гана тургай америкалык кесиптешиң профессор Ф.Маклин мырза кызы менен бирдикте ал эмгегиңди мусулман өлкөлөрүнүн улуу ойчулдарынын катарында Кыргыз философия тиркемесинде № 1 кылып англис тилинде басып чыгарышты.
Кудай буюрса, 22-23-июлда эл аралык илимий конференция өткөрүп, китептин бет ачаар аземин жасайбыз.
Ашыра турмуш сабагын алган Гулнаранын өзгөчө жан экенин, киши-дүйнөсүнүн күзгүсү экенин замандаштары сездикпи, көрө алдыкпы, түшүндүкпү. Көп ичинде жүрүп өзүңдү эмне үчүн жалгыз сыяктуу сездиң экен? Бул деги өзүнчө сыр тура, эми ойлосок. Көрсө, сен мезгил чөйрөдөн өзүң да бийиктеп кеткен экенсиң го.
Ооба, андагы
"Карагай-талдар бүт ыйлап,
Жан-жаныбар баары ыйлап.
Жараткандан жан калбай,
Жаратылыш дагы ыйлап..."
Жүзүн бырыш баскан кары да, секелек бала да, курбу-курдаш, замандаш, окуткан сүйкүм жаштары бүт баары тең ыйлап, узакка кирпик какпай түйшөлүшкөн. "Бууга бышкан мантуну кыргыздын Сарыбайы жегенин кудай билет деген" жоош кыргыз Гулнара Бакиевадай кыска өмүрүндө айтып кеткен дүйнөнү дүң эттирген философиянын жаңы илимий сөзү батыш-чыгышка тарала баштаганын канчабыз билебиз? Адам эс тутум - айрыкча кыргыз элинин эс тутуму бүткүл адамзат мурасы экенин батыш-чыгыш илимпоздоруна ишеничтүү далилдеди.
Гүлнаранын бул илимий сырды табиятынан нукура, кыргыз элинин салт-санааларын, ата мурастарын, илимди өнө боюна сиңирип, анан калса, дүйнө жүзүндө эч бир жерде кезикпеген кереметтүү Арсланбаптын, Жалал-Абаддын суусун ичип, абасынан дем алган, нукура зирек, акылга сыйбаган өжөрлүк-изденүү менен эмгектенип, өзүнүн кыска өмүрүн бул ишке арнаганын билишибиз парз.
Кесиптештеринин кай бирөөсү: "Ой-ээй, Гулнара бул эмгекти качан жазганга үлгүрдүң?" - десе, "Ой, эже бүтүрүшүм керек болду, эми дагы китеп жазарды ким билет?" - деген тура.
Гулнара ал жылдары сыркоолоп жүргөнүн билгенби, билбегенби, канткен менен өтө сырдуу өмүр сүргөн сыяктанат.
Анын илимий эмгектеринде бир дагы "жел", мазмуну шылдыр сөздөр жок, чакан макаладан баштап, көлөмдүү эмгектери илимий мазмунга өтө эле жыш толгон. Анан калса, тим гана аңгемелешүү болобу сүйлөө маданияты, сөз байлыгы өзгөчөлөнүп турчу.
Мугалимдик эрежеге ылайык, бири-бирибиздин дарстарга катышып калганда, улуу батыш-чыгыш залкарлардын илимий мурастарын чечмелөөдө, "мен дүйнөлүк классиканы айттым агай, балдарга түшүнүктүү болсун, кыргыз улуттук философиясынын мисалында айтып бербейсизби",- деп калар эле. "Агай, ар кимибиз билген намазыбызды окуй бербей, келечекте ушундай усулдук нусканы ойлоштурсак", - деп калчу. Кайран талант.
Гулнара Бакиеванын илимий мурасында - жашоонун ар бир күнү бир гана ирет берилерин, ал күндүн эч качан кайталанбасын унутпаш керектигин, ар бир күндү текке өткөрбөөгө чакырат. Ушуну сезгенде, түшүнгөндө гана өткөн ата-бабалар бүгүнкү биз үчүн кандай асыл нерселерди жасашканын, аны бизге мурасташканын туясың. Дагы бир жагы эртеңки урпактар үчүн өздөрүнүн мурасын калтыруу жаратылыш алдындагы парз экенин түшүнүүнүн накта жолу экенин эскертет.
Ал эми Гулнаранын илимий изилдөө табылгасы, илим тарыхына калтырган мурасы, аны кыргыз элинин даңазалуу, соңку жаңы тарых доорундагы акылман ойчулдар Асылбек Алтымышбаевдин, Батырбек Иманалиевдин, Асанбек Табалдиевдин, Табылды Абдылдаевдин, Туйту Каракеевдин катарына кошту, бул дагы жашоонун адилет мыйзамы, бейм.
Өзүнүн философия чыгармачылыгында илимий булак башатын берген 20-кылымдын теңдешсиз зор жазуучусу Чыңгыз аганы акыркы сапарга узатып элиң мусапыр, жериң жетим боло түштү, бул күндөрдө.
Баса дагы "Социальная память и философия образования" деп окуу программасына атайын сабак киргизип окутуп жатабыз. Жылына Гүлнара Бакиева атындагы стипендия эң мыкты эки студентке ыйгарылат. Алгач ирет Жусуп Салиевич Кыргыз драма театрынын сахнасында стипендия тапшыруу учурунда ыйлап туруп, "бардык бир туугандарыбыздын арасында эң жакшы көргөн карындашыбыз эле" деп залда отурган элди жашыткан эле. Көп узабай ал киши да түбөлүк сапарына кете берди.
Мээрими чексиз, бүт дүйнөнү ак сүтүн эмизип асыраган эне- аялга даңк! Адамды жашаткан күндүн нуру менен эненин сүтү, өмүрдүн өзөгүн түзөт. Ооба, Гулнарадай акылман кызын кыргызга мурастап дүйнөдөн эрте өткөн Гулнаранын энесинин арбагына таазим.
Ал улуу энени сагынып, элине, дооруна жанын үрөп түбөлүктүү илимин мурастап калтырып, чагылгандай жарк этип кете берген Гулнаранын элесин унутпайлы замандаш!
"Менин деле китеп жазуу оюмда жок эле, андай ишке бизде кайдагы убакыт. Бир курдай Гулнара карындашым айтып калды: "Аке, китеп жазыңыз, кыйла иштерде иштеп келесиз, китеп жазуу үчүн сизде материал да, тажрыйба да, көргөн-билген окуялар, деги баары бар", деп. Мен көп ойлонуп, айтса-айтпаса төгүнбү, жазайын деп, "Жолду баскан арбытат" деген биринчи китебим жаралды. Көрсө, китеп жазуу деген ишиңе чыгармачылык менен мамиле кылуунун накта жолу экен", - деп Курманбек Салиевич Бакиевдин айтканын эл билет.
2001-жылы Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Аврорада" ири эл аралык илимий конференция өттү. Ошол сапар Гулнаранын илимий чабытына Америка Кошмо Штаттарынан келишкен окумуштуулардын тобу абдан ынтаа коюп, чоң кызыгуу менен кабыл алышкан эле. Эртесинде Семенов капчыгайына баруу программада бар болчу. Гулнара "Дагы Көлгө качан келем, мен тоого барбайм, андан көрө Айдана (кызы) экөөбүз биякта калып, Көлгө аябай түшүп кетейин",- деп жээкте кала берген.
Капчыгайдан кечирээк келдик, түз эле Көлгө жөнөдүк, Гулнара жалгыз жээкте экен, сол колунун манжалары менен ээгин таянып, жээкте ойлуу басып жүрүптүр. Ооба, Гулнара биз үчүн так ошондогудай эле Көл жээгинде ойго бата басып жүрөт...
А.Иваков,
Кыргыз экономика
университетинин философия жана социалдык-укук
илимдер кафедрасынын
башчысы, профессор

А.Эталиева,
кафедранын ага
окутуучусу,
Гулнара Бакиеванын окуучусу




"Кыргыз Туусуна" жарыялангандан кийин
Аман Токтогулов менен бир бөлмөдө жашаганмын
Мен 41 жыл бою айылдык балдарга адабиятты окутуп келе жаткан адаммын. "Кыргыз Туусу" гезитине "Биринчи май, Свердлов бизге Т.Усубалиев менен Ч.Айтматовдон да кымбатпы?" (18.04. 2008. № 28), "Ардактуу
наамдуулар көп, бирок чыныгы ардактуулар неге аз?" (23.05.2008, № 37) деген макалаларды окуп чыккандан кийин аларда көтөрүлгөн маселелерге карата өз пикиримди билдирип коюуну чечтим. Мен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, республиканы чейрек кылым башкарган мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымдарынын борбор калаабыздагы бирден райондорго берилиши жөнүндөгү демилгелерди колдоймун.
Учурдан пайдаланып ал
макалалардын автору журналист Папан Дүйшөн-баев жөнүндө да өзүмдүн оюмду билдире кетким келет. Мен бул автордун публицистикалык, полемикалык макалаларын ал Түштүктүн бир районунда иштеп жүргөндөн бери окуп жүрчүмүн. Анын публицисттик талантына баалаймын, полемикалык макалаларын издеп, кубалап окуймун, ага окшош санаалуу авторлор үчүн "Кыргыз Туусуна" жазылган адаммын. П.Дүйшөнбаев акыркы макаласында көздөрү өтүп кеткен белгилүү акындар Жолон Мамытов, Аман Токтогулов да убагында өздөрүнө татыктуу бааны алышкан жок деген ойду айтыптыр. Мен ага толугу менен кошуламын. Мен ыраматылык Аман менен беш жыл КМУда бирге окуп, жада калса бир бөлмөдө жашаганмын. Анын алгачкы ырлары, макалалары жарык көргөндө Аман жаш баладай кубангандыгы алигиче эсимде, ага кошо мен да териме батпай сүйүнгөнмүн. Аман жарык дүйнөдөн эрте кеткен менен дүйнөлүк поэзиянын мыкты үлгүлөрүнө тете дээрлик ырлары, тереңдиги жагынан айырмаланган макалалары, не бир сонун котормолору калды. Мына ошондой чоң эмгек кылган көп кырдуу таланттын ээсинин көзү барында эч кандай наамга арзыбай өтүп кеткендиги чындыгында эле өкүнүчтүү. Биз А.Токтогуловдой акын, адабиятчы болобу же Т.Усуба-лиевдей мамлекеттик ишмерлерби, айтор, элге, журтка эмгек кылгандарды көздөрү барларында баалап, деңгээлдерине жараша сый-урмат көрсөткөндү үйрөнсөк туура болмок.
Жаныбек КЫРБАШЕВ,
Ак-Талаа району,
Коңорчок айылы