, 22.07.08 - 7-бет: "Астанага кєчџџдє кызматымды баталгага койдум"...№54, 22.07.08-ж.
  Мектептерге, бала бакчаларга ар жылы 2 миллиондон ашуун альбом, 10 миллиондон кем эмес дептер, калем сап ж.б. керектелет

Нурсултан Назарбаев:
"Астанага көчүүдө кызматымды баталгага койдум"
Бир нече жылдардан бери басма сөз каражаттарында республикабыздын борборун Ошко же башка шаарга көчүрүү жөнүндө түрдүү пикирлер такай айтыла баштады. Коңшулаш Казакстанда борборду түндүккө көчүрүү кантип ишке ашкан эле? Өлкөнүн башкы шаарынын бүгүнкү келбети кандай? Сөз - Астананын он жылдык мааракесине катышып келген кабарчыбызда.

1994-жылдын 6-июлу. Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан парламенти сессиясынын жалпы отурумунда республиканын борборун Алматыдан Акмоло шаарына көчүрүүнү расмий түрдө сунуштап, баяндама жасады. Мамлекет башчысы сөзүн аяктаган соң, адаттагыдай, дүркүрөгөн кол чабуулар болгон жок. Нурсултан Абиш уулу сессияга сүйлөй турган убактысын атайы 6-июль - туулган күнүнө белгилеткен. Бирок, депутаттар бул датаны эстеп да койгон жок. Аларды Алматыдагы "жылуу уядан" түндүктөгү "бороондуу бекетке" жер которуу маселеси бир кыйла түйшүккө батырган сыяктуу. Ошентсе да, пикирлешүүнүн, талкуунун жыйынтыгында жеке кызыкчылыктан көрө мамлекеттик кызыкчылык басым алып, эл өкүлдөрү эл башчысын колдоп чечим чыгарды.
Албетте, борборду өлкөнүн түндүк жагына көчүрүү идеясы ар жылдарда улам-улам айтылып жүргөн. Кийинки эки жылда бул идея Нурсултан Абиш уулунун ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей калган. 1993-жылдын аягында, бир жыйында сөз арасында бул маселени кыстара кеткенде, айрымдар "Президент жаңылышып калды, чарчаган го" деген маанайда кабыл алышты. Ал эми жыл жаңырганда дагы бир чогулушта айтканында "Президент азилдеп жатат" деп күлүп коюшкан.
Борборду көчүрүү аркылуу Н.Назарбаев, эң башкысы, Алматыда советтик доордон мурас болуп калган бюрократиялык башкарууну, консерватизмди түп-тамыры менен жоюп, жаңы шаарда мамлекетти башкарууну жаңыча баштаганды туура көрдү. Экинчиси, постсоветтик республикалардын баарында эгемендик жарыяланган соң, асыресе, түндүктөгү башка калктын өкүлдөрү өздөрүнүн тарыхый Ата мекенин издей башташты. Жогорку квалификациялык кесиптерге ээ славян эли тарыхый мекенине көчө баштаган. Германия улутташтарына жеңилдиктерди түзүп, немистер ата журтуна агылды. Индустриясы өнүккөн түндүк тараптагы завод-фабрикалар токтоду. Ал эми калктын басымдуу көпчүлүгү конуштаган түштүк өңүрүн жумушсуздук жайлады.
Үчүнчүсү, эгемендиктин алгачкы жылдарында Казакстандын түндүгүн Россияга кошуу жөнүндө тантык ойлор пайда боло баштады (Александр Солженицын: "Как нам обустроить Россию?"). В.Жириновский "Россиялык Казакстан" аркылуу Индия мухитине жол салмакчы болду.
Айтор, борборду түндүккө көчүрүүнүн социалдык-экономикалык, геосаясый зарылчылыгы абдан бышып-жетилген.
Эми түндүктөгү кайсыл шаар борбор болууга
ылайык? Жаңы борборго 32 талап коюлду. Алардын башкылары: борбор көчүп барган алгачкы жылдарда тиричиликти камсыз кылышы, климат жагдайы, ландшафты, республика территориясынын ортосуна жакын болушу, шаардын жайык жерде жайгашып, курулуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү, сейсмикалык коопсуздугу, экологиялык тазалыгы, транспорттук-коммуникациялык инфратүзүмү ж.б.
Нурсултан Абиш уулу "Астана" деген аталыштын бир күнү, тагыраагы, бир түнү саат экиде оюна түшкөнүн эске алат. Казакча да, орусча да көркөм, англисче, башка тилде да бузулбай айтылат. Аны ономастикалык комиссия да, шаардын тургундары да жактырышты. 1998-жылдын 6-майында Президент Акмолону Астана деп атоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Астанада болгонубузда "Шаардын башкы архитектору - Нурсултан Назарбаев" дегенди куттуктоолордон да, карапайым адамдардан да көп уктук. Жаңы борбор өткүр учу бар, зуулдап бара жаткан канаттуу жебени элестетет. Жебенин боюна башкы көчөлөр, эң маанилүү имараттар орношкон. Жебенин орто жеринде - Астананын визиттик карточкасы "Байтерек". (сүрөттө). Жебенин багыты шаарды жарып аккан Эсил дарыясынын бурулган тушу. Мында президенттик "Ак ордо" резиденциясы, Өкмөт, Парламенттин Мажилис жана Сенат үйлөрү жайгашкан. Жебенин учунда Норман Фостердин "хай-тек" стили боюнча салынган Тынчтык жана келишим сарайы - Пирамида турат. Жебенин өзөгүнүн түбүндө - "Казак эли" монументи. Айкел казак калкынын тарыхый тагдырын, үмүт-тилегин жана келечекке болгон жаркын
ниетин чагылдырган. 5,02 гектар жерди камтыган комплекстин бийиктиги 91 метрлик мунарасында алтын менен жалатып куюлган алп Феникс куш шаарга, алыскы көк жээкке карегин кадап, комдонуп учканы турат.
91 метрлик бийиктик - Казакстан эгемендик алган 1991-жылдын белгиси.
Юбилей күндөрүндөгү анын ачылуу салтанатына Н.Назарбаев катышып, казак мамлекетинин эң башкы эстелик-айкели мындан ары ушул монумент болорун жарыялады.
2008-жылдын 6-июлу. Бир аптага созулган Астананын 10 жылдыгына арналган илимий иш чаралар дүйнөлүк, россиялык, казакстандык өнөр чеберлеринин концерти менен аяктады. Сахна жылдыздары Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен да куттуктап жатышты. 14 жыл мурда...
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Астана-Бишкек




Мекенчил болсоң, өлкөңдү сыйла
Кийинки үч жылда өлкө бийлиги жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого, ден соолугун чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүүдө. Албетте, буга мамлекет экономикасы чыңала башташы шарт түздү. Ошондуктан мектеп окуучуларын акысыз окуу китептер, тестиерлерди түшкү тамак менен камсыз кылуу, айылдарда маданий жана спорттук ин-фраструктураларды түзүү боюнча Президент К.Бакиевдин демилгелери калайык калктын колдоосуна ээ болууда. Төмөндө жазуучу жана коомдук ишмер Т.Мүлкүбатовдун ал демилгелерге дем болуучу "Президенттик портфель" долбоору жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

- Токтобай Мүлкүбатович, эң алды долбоордун максаты жөнүндө айтып берсеңиз?
- Долбоор мамлекетибиз экономикалык жактан чыңдалып баратканын, өлкө туруктуулугун, Президенттин жаш муундарга камкордугун даңазалоо жана жүз миңдеген ата-энелердин алкоосу аркылуу бийлик менен элдин биримдигин калыптандыруу, өз өндүрүшүбүздү өнүктүрүү, жумушсуздукту кыскартуу өңдүү жакшы максаттарды көздөйт. Быйыл мектептердин 1-класстарына 90 миңге жакын жеткинчектер келишет.
Жеткинчектин биринчи жолу мектеп босогосун аттаган жаркын учурун өмүр бою эс тутумунда калтыруу мамлекеттик идеологиянын өзөгүндө бар. Мына ушундан улам аларга "Президенттик портфель" тартуулоо ою пайда болду. Долбоор бюджеттен бир тыйын коротпой, жалпы элдин колдоосу менен ишке ашырылмакчы. Аны ишке ашырууга жүздөгөн ишкерлер жана демөөрчүлөр каалоолорун билдиришүүдө.
- Ушул мезгилге чейин Кыргызстандын окуучулары Кытайдан келген окуу куралдарын пайдаланып келатканы белгилүү. "Президенттик портфелдин" өзгөчөлүгү эмнеде?
- Туура айтасыз. Кытайда жасалган ал окуу куралдар сапаты жагынан стандарттарга жана санитардык нормаларга жооп бербейт. "Сырты жалтырак, ичи калтырак" сумкалар химия калдыктарынан жасаларын, ден соолукка зыяндыгын эксперттер тактаган. Сапаты начар. Мыкка же учтуу нерсеге урунса айрылып калат. Дептерлеринин да сапаты төмөн, балдардын көзүнө зыян келтирет экен.
Аларды өз окуучулары пайдаланышына Кытайда жол берилбейт. Батыш өлкөлөрү, Оруссия, Казакстан аларды пайдаланууга бекеринен тыюу салып жаткан жок да. Азыр өз ишканаларыбыз жанданып, аларды чыгара баштады. Андай болгон соң өлкөнүн экономикасына зыяндан башка бир тыйын пайда алып келбеген мындай буюмдардын кереги кимге? Өзүн сыйлаган мамлекет өз товарларын пайдаланат, коргойт.
Учурда ар бир ата-эне 1-класска баруучу чүрпөсүнө кур дегенде 750 сомго окуу куралдарын алып берет. Мындайча айтканда Кытай экономикасын каржылайт. Ал эми биз сунуш кылып жаткан "Президенттик портфелдин", ага салынуучу окуу куралдарынын баасы 450 сом. Портфель экологиясы таза сапаттуу таардан (джинсы таардан) кооз тигилет. Окуу куралдары стандарттарды, санитардык нормаларды сактайт. Үлгүлөрүн караңыз. Бардык ишкерлер мындай портфелдерди жасоого даяр.
- Ата мекендик товарлар болгондугу эле көздү кубантат экен. Баарынын сыртына Президенттин каалоо-жолдомосу жазылыптыр. Айтмакчы, бул кандайдыр бир терс ойлорду жаратпайбы?
- Жок. Өз Мекени менен сыймыктанууга, эгемендигин сыйлоого тарбиялоо мамлекет башчысынын беделин арттыруу аракеттери аркылуу ишке ашырылары бүткүл дүйнөлүк тажрыйба. Окуу куралдарына Президенттин каалоосу жана мамлекет символикаларынын басылышы жаш муундарды өз өлкөсүн, жетекчисин урматтай билишине чоң өбөлгө түзөт. Окуу куралдарында Президент К.С.Бакиевдин каалоосу, мамлекет символикаларынын берилиши бул жаңылыштыкты арылтууга да салым кошмокчу.
- Ооба, долбоор аткарар иштин баарын так, даана камтыптыр. Аны тезинен ишке ашырууга эмне жолтоо болууда?
- Экономикасын өнүктүрүп жаткан өлкөлөрдүн баары долбоор менен иштейт. Ал үчүн старттык капитал суралат. Кайтарымы белгилүү болсо, ал камсыз кылынат. Бул долбоордун жалпы баасы 40 млн. сом. Аны ишке ашыруу үчүн бизге үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин 6 млн. сом пайызсыз кредит керек. Калганын улам чыгарылган продукцияны демөөрчүлөргө берүү аркылуу чыгармакпыз. Улуттук банк кызматкерлерине үй салуу, буюм алуу үчүн кредитке мындан көп акчаны көп жылдарга берип жатпайбы. Жалпы элдик, мамлекеттик иш үчүн эки-үч айга кредит берүүгө эмнеге болбосун?
Долбоорду мактаган чиновниктердин көбүн анын "Президенттик портфель" аталышы айнытып, анысы К.С.Бакиевдин кадыр-баркы өсүшүнө каршы болуубу, же Президенттин атына байланыштуу иш так жүргүзүлөрүнөн улам чөнтөктөрү кур каларынан чочулообу, түшүнбөдүм. Ал аз келгенсип, айрым чиновниктер бул долбоорду өз демилгеси катары көтөрүп, аны бюджет эсебинен аткарууга чамынып жүргөндөрүн угуп таң калдым. Кытай товарларын бюджеттик акчага сатып бере салып, чөнтөк толтуруудан оңой нерсе жок да.
- Долбоорду турмушка ашырууга убакыт тар, мезгил кеч болуп калган жокпу?
- Ишкерлер, демөөрчүлөр аны аткарууга даяр турса эмнеге кеч болмок эле. Анын үстүнө долбоор бир-эки айга эмес, жылдар бою иш жүргүзүүгө ылайыкталган. Өз ишкерлерибиз тиккен портфелдер жеткинчектерден башка жүз миңдеген окуучуларга да керек. Кыргыз окуучулары, бакча тарбиялануучулары ар жылы 2 миллиондон ашуун альбом, 10 миллиондон кем эмес дептер, калем сап жана башка окуу куралдарын талап кылат. Канчалаган канцтовар пайдаланыларын айтпай эле коёюн.
Маектешкен
Б.НОРУЗБАЕВА