, 22.07.08 - 14-бет: "Жылдын мыкты айыл єкмєтџ" конкурсуна...№54, 22.07.08-ж.
 "Жылдын мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна

Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбек Даутов:
"Инвесторсуз ишти илгерилетүү кыйын"
Учурунда Кыргызстанга гана эмес, мурдагы Советтер Союзунун учу-кыйырына атак-даңкы дүңгүрөгөн, айыл чарба продукцияларын (өзгөчө мал чарбасындагы) өндүрүүдө жогорку экономикалык көрсөткүчтүргө жетишкендиги үчүн Союздук
маанидеги сыйлыктарга, өтмө Кызыл тууларга татыктуу болгон Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Оргочор кой-тажрыйба станциясын кимдер билбейт. Ошол бир эле чарбадан кой чарбасынын алдыңкы устаттарынан 2 адам Социалисттик Эмгектин Баатыры эң жогорку наамына, 11 адам Ленин орденине татыктуу болушкан. Жогорку сыйлыктар жамгырдай жааган мындай чарбалар республикада чанда кездешет, балким бирден-биридир. Башка урунттуу орден, медалдар, Ардак грамота, дипломдордун, бөлөк сыйлыктардын татыктуу ээлери да аз эмес.
Жогоруда аталган асыл-тукум кой өстүрүү заводу арбын эт, уяң жүн берген койлорду өстүрүп, Союздук республикалардын, Кыргызстандын чарбаларына жогорку асыл-тукумдуу койлорду саткан. Бул эми кечээги өткөн мезгил дейли. Ал эми бүгүн ал чарбанын абалы кандай, ошол чарбанын эмгекчилери жайгашкан Оргочор, Боз-Бешик айылдарын бириктирген Оргочор айыл өкмөтү кандай иш алып барууда, мына ушулар тууралуу кененирээк маек курсак.

Адатта күнөстүү республикабызда мурдагы Союздун лидерлеринин, белгилүү акын-жазуучуларынын, падышалык Россиядан көчүрүлүп келген, аймагыбызда айыл-кыштактарды түптөгөн орус- казактарынын ысмындагы айылдар жетиштүү эле. Алардын маани-маңызын, аталыш тарыхын ошол өзүлөрүнүн жергиликтүү тургундары да далилдүү чечмелеп бере алышпайт. Каяктыксың десе - тельманданмын, каяктыксың десе - буденыйлыкмын деп ийин куушуруп тим болушат.
Уламыштан калган сөз
Кыргыздын тил лексиконунда кездешпеген Оргочор деген аталыш эмнени түшүндүрөт, ооп келген сөзбү, мааниси кандай? - деген суроо аргасыздан мыйзамдуу туулат. Биз ошол айыл тургундары менен чогуу чечмелөөгө аракет кылып көрдүк.
Уламышта мындайча айтылат. Мурда Көлдүн айланасын 100 жылдай калмактар ээлеп, туруп калышат. Азыркы Оргочор тоосунун батыш тарабында оргуштап, туптунук, ичсең тиш какшаткан мөлтүр булак чыккан дешет. Азыр да ал "Ак булак" деп аталат. Суу чыккан жерди адамдар да, төрт түлүк мал да, жапайы айбанаттар да тирүүлүктүн камы менен тегеректейт эмеспи. Жоондугу билектей, чакса кайра тургузбаган уулуу жыландарга да жан керектигинен мында көп учураткан жергиликтүү эл - "булактын ээси бар, касиеттүү, суусу өмүргө даба" деп аңыз кеп кылышат, ал элиртме кеп көпчүлүккө тарайт. Анан ушундан улам калмактардын орго - кыргызча дөбө, чор - биздин тилде булак деген түшүнүктөрдүн бир туюнтмасынан Оргочор деп аталып калган экен.
Дагы бир талаш жараткан түшүндүрмөсү мындайча. Жомокто башталгандай, илгерки бир заманда ошол аймакты бийлеген каардуу хан өз букараларын каалагандай калчаган экен. Өзүнө жакпаган, өтө ашынгандарын жарыксыз, суусуз орго салчу. Ошол орлорду да айбандар мекендеген азыркы Оргочор тоосунун коюндарына каздырган. Хан бийлигинин адилетсиздигин, акыйкатсыздыгын ачык айткан бир жигит ал өкүмдардын буйругу менен орго салынат. Ал азаматты куткаруу ойдо болгону менен жырткыч айбандар, уулуу жыландар мекендеген, ал жакка каттачу жолдорду акмалаган, колго түшсөң соо калтырбаган желдеттерге даап ким бара алат? Анан арасынан байдын коюн караган кара таман койчу жигит табылат. Кантип куткаруунун да жолун табат. Кыскасы кийин эл керегине жараган эр азаматты ордон-накта өлүмдөн сактаган чор таман койчу болгон экен. Ошондон улам орго чор таман түшүп сактап, сообуна калганы үчүн бул да эки сөздүн бириккенинен Оргочор деп аталгандай.
Бул эми жомок дейбизби, уламыш дейбизби - эл оозунда элек жок дебей, эки варианттын тең турмушка жакындыгы бардай.
Этти эмес - келечекти ойлошот
Эми жогорудагы ошол чар-
бага кайра токтолсок.
Кокту-колотту бербей жатчу баягы 40 миңден ашык койлор жок - колдо 2,5 миң баш бар.
Ошол чарбанын башкы зоотехниги К.Малдыбаевдин айтымында ушуга шүгүр, таза тукум курут болуп кетпей.
- Австралиядан асыл тукум 10 баш кочкор алынып келип асылдандыруу иштери башталган, Тянь-Шань уяң жүндүү тоолуу меринос койлорунун тукуму сакталган. Өткөн жылы гана асыл-тукум заводу статусуна ээ болдук. Биз асыраган койлордун жүнү ичке, ийригенге, боёгонго жакшы киргендиги менен айырмаланат. Былтыр койлордон орточо 5 кг.дан, козулардан 3,5 кг.дан, кочкорлордон 8 кг. дан жүн кыркып алдык, кочкорлордун бир даанасы 6-10 миң сомдон сатылды.
Учурда малды чабандар ижаралык ыкма менен багышат. Чарба мүмкүнчүлүккө жараша жемин, чөбүн берет, зооветеринардык жактан тейлеп берет.
Албетте, бизде Австралиядан кочкорлорду самолет менен ташып келип караган, тикенекке тыттырып, аягын эт кылып жок кылган мисал али эсибизде. Эми мында, Оргочордо өз киндиктерин өзүлөрү кесип, өз абройлорун өзүлөрү жаратып жаткан малчыларына, адистерине ак жол! Тийиштүү илимий институттар, министрликтер ойлобогонду (ойлобогону дегеним - кайсы менчик койлордун арасынан асыл-тукум койлорду учуратасың - карала, кичине, аргындашкан, кандай тукум экенин ажырата билбейсиң, кыскасы кой дейсиң) ушул жерде ойлоп, ойлогондо да келечекти ойлошот.
Жашоо-тиричилигин негизинен мал менен өткөргөн кыргыздарды арбын жүн, төл, сүт берген төрт-түлүк мал эзелтен кызыктырып келген. Азыр да актуалдуулугун жогото элек. Асыл-тукум заводдор жоголбосун, жоюлбасын деп академик Жамин Акималиев канча какшабасын, ага карабай, чарбалар айыл чарба, кайра иштетүү министрлигине өткөрүлүп, алар катуу аракеттенишкенби, айтор бычакка сап бир да чарба калбай калды. Редакция асыл тукумдуулукка байланышкан көйгөйгө жакында дагы бир ирет кененирээк кайрылат.

Оргуп чыккан ойлор бар
Башында эскерткендей айыл өкмөтү Оргочор, Боз-Бешик айылдарынан жана Талды-Булак, Кызыл-Суу участкаларынан турат. Калкынын жалпы саны 3778 адам.
Алла-таалам берекелүү жерлерден да куру койбоптур, жетиштүү. Айдоо аянттары эле 3670 гектарды түзөт. Чарба күркүрөп турганда типтүү салынган 2 мектеп, китепкана, клуб, ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Ошол кездин жугубу, айтор айыл тургундарынын үйлөрү көңүл жылытарлык, көчөлөрү да түзүк. Бирок ошого жараша айылдыктар, пейилдерин да оңосо дурус болчудай. Айтайын дегеним, айыл өкмөтүнө жер салыгынан эле 2008-жылдын 1-январына 1 млн. сомдон ашык карыздары бар. Жер кыртышы, сугат суусу Ысык-Көл, Тоң райондорундагы айылдарга караганда бейиштегидей - кенен, ыңгайлуу.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Даутов Турганбек ушул жерлик, чарбада көп жыл иштеген.
Анда кепти өзү уласын:
- Өзүбүздүн каражаттар айылдардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жетпейт. Мында чет элдик инвесторлорду республикалык атайын гранттарды тартуу менен кайсы бир деңгээлде тургундардын турмуш шартын жакшыртуунун аракетиндебиз. Пайдаланылган долбоорлор, АРИС тарабынан М.Тынаев атындагы орто мектептин устаканасын, кийим тигүүчү цехин ачууга (100 миң сом), маданият үйүнө музыкалык буюм-тайымдарды алууга (91,5 миң сом), айылдардан окчун жайгашкан кашарларга таза суу киргизүүгө (198 миң сом), Боз-Бешик айылынын мектебине спорт аянтчасын курууга, суу түтүктөрүн оңдоого, клубуна аппаратура алууга жумшалды.
Өкмөттүн бюджетинен Оргочорго мектеп салууга 4 млн. сом каралып, иш жарымынан ортолоп калды.
Дүйнөлөк банк Кайыңды көпүрөсүн салууга, Боз-Бешиктин мектебине компьютердик классын ачууга, М.Тынаев орто мектебинин класстык инвентарларын алууга жетишерлик каражат бөлгөн.
Облустук, райондук социалдык өнүктүрүү фондуларынан айылдын маданий очокторун оңдоого акча каралып, максаттуу пайдаланылды.
Баса, ЮНИФЕМ долбоору да көмөк көрсөтүп, Кара-Жал каналын реконструкциядан өткөрдү.
Эми асмандан түшкөн акча да жөн келбейт экен - убарасы бир, толтурган кагаздары бир тең. Бирок, эгерде аларды тартпасак райондун, өзүбүздүн каражат эмнеге жетет. "Алма быш, оозго түш" деп олтура бербей айыл өкмөтү, адистери, айылдык кеңештин депутаттары дараметине жараша элдин камы менен алектенип жүрүшөт. Айткан сөздөрүм куру болбосун, бир-эки мисалдарга токтолоюн.
Оргочор, Боз-Бешик айылдарындагы көчөлөрдү оңдоого 300 миң, көчөлөргө жарыктарды орнотууга 80 миң, жалгыз клубубуздун залына жыгач олтургучтарды коюуга 204 миң сом бөлүп бердик.
Азыр айылдарга телефондоштуруу кызуу жүрүп жатат. Айыл өкмөтүнүн имараты толук оңдолуп, келип кеткендер үчүн ыңгайлуу болуп калды.
Айыл тургундары бизге ар кандай маселелер менен кайрылышат. Мүмкүнчүлүккө жараша ыкчам чечүү аракети бар. Эми алдыда кандай милдеттерибиз бар - аны да кыйгап өтпөйүн. Облустук, райондук, мамлекеттик администрациялар иштебей турган балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүп ишке берүү боюнча убадаларына турушуп, каражат бөлүндү. 4,5 млн. сомдук долбоор ишке ашса айыл тургундары үчүн, жеткинчектер үчүн зор иш кылган болоор элек. "Кумтөр" компаниясы 1 млн. сом бөлдү эле - эки чоң айылга мончо курсак деген ой бар. Ыймандуулукту, адеп-ахлакты ойлоп, Оргочор айылына бир мечит курсак дейбиз.
Айтор, Турганбек Даутовдун ишеним көрсөтүп, айыл өкмөтүнүн башчысы кылып шайлашкан жердештердин ишеничин актасам деген татына ою бар.
Окурман орчундуу деген мисалдарга токтолдук. Оргочордо райондук тарых таануу музейи бар. Талапка жооп берет, топтогон материалдар, экспонаттар район, республика боюнча толук маалыматтарды бере алат. Маалымат жетиштүү.
Китепканасы облус боюнча кароо-сынакта 1-орунду алып, жүздөрү жарык. Светлая-Полянага бурулган жолдо, тарых музейинин маңдайында акылман Сарт аке менен Тилекмат акенин айкелдери заңкаят.
Айыл өкмөтүнүн башчысы, аппараттын кызматкерлери маалымат берүү, гумжардам таратуу, отчет түзүү менен гана алектенбестен, көп тараптуу, ойлонулган иш-аракеттерге да олуттуу көңүл буруп жатышат.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"