, 18.07.08 - 5-бет: Кџндарек...№53, 18.07.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Сандан - сапатка
Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттигиндеги иштеген кызматкерлердин жарым жылдык отчетунун жыйынтыгы каралды.
Берилген отчётторго караганда Агенттикте жарым жылдыкта бир топ иштер жасалган. Коррупцияга каршы күрөшүүдө Агенттиктин Эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгы жолго коюлуп, жыл өткөн сайын жакшырууда. 2008-жылдын 5-7-июнунда Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук Агенттиги уюштурган "Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү: проблемалары жана келечеги" темасына арналган эл аралык конференциянын жогорку денгээлде өткөндүгү буга мисал боло алат.

"Ыр кесе" - Жалал-Абадда
Өткөн эки апта бою Талас облусунун өнөрпоздору "Ыр кесе" телесынагы боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Эл арасындагы өнөрпоздорго бул маданий иш чара шыктанууну жаратып, чыгармачылык демөөрдү пайда кылды.
"Манас ордо" комплексинде жыйынтыктоочу "Ыр кесе" өткөрүлүп, анын кезеги Жалал-Абад облусунан келишкен өкүлдөргө сунулду.

Москвадан жел келет беттен сылап...
Чыгармачылык конкурстардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнөн жана окуунун мыктыларынан 54 адамдан турган балдардын тобу Москва-Россиянын Алтын Шакек шаарлары каттамы боюнча экскурсиялык жүрүштөн кайтып келди.
Жүрүш Москвадан башталып, андан кийин Переславлде, Ярославлде, Костромада, Суздалда жана Владимирде улантылган. Неро көлү жана Волга дарыясы боюнча теплоход менен саякатка чыгышкан. Жүрүштүн акыркы күнүндө балдар Третьяков сүрөт галереясында, Кремлде, Курал-жарак палатасында, "Коломенское" музей-чарбагында болушту.

Жол жүргөндө абайла
Жарым жылда сегиз миңдей мас айдоочу кармалган, ошондой эле жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 480ге жакын жол эрежелерин бузуу фактылары катталган. Алардын ичинен төрт жүз отузун айдоочулар, кырк үч миңге жакынын жөө жүргөндөр бузган.

Комуздун бет ачары өткөрүлөт
Ушул жылдын ноябрында Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк музыкалык аспаптар музейинде кыргыздын улуттук музыкалык аспабы - комуздун бет ачары болот. Бет ачардын убагында комузчулар кыргыз күүлөрүн чертип беришет. Андан кийин комуз музейге белек катары берилет.

Биринчи кезеги аяктады
ЖОЖдорго кабыл алуу комиссиясынын ишинин биринчи кезеги аяктады, экинчи кезеги 19-июлда аяктайт. Бардыгы болуп кабыл алуу компаниясы эки кезекте өтөт. Быйылкы жылы айыл жеринен келген абитуриенттер эки категорияга бөлүндү. Чоң шаарларга жакын жайгашкан айылдар жана калктуу пункттар жана алыскы тоолуу жайгашкан айылдарга бөлүндү. Ушуга байланыштуу бийик тоолуу райондордо жашап жаткан абитуриенттерде ЖОЖдордогу бюджет орундарына кабылуу жагынан көп мүмкүнчүлүк болду.

Иликтөө себебин аныктайт
Ош шаарында "Тико" автоунаасынан төрт өлүк табылды. Автоунаада МАИнин эки кызматкери, дарыгер-нарколог жана айдоочунун сөөгү экени аныкталып, учурда жеринде иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкектин мэри шайланды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Нариман Тулеевди Бишкектин мэри кылып шайлашты. Бул талапкерди КР Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов сунуш кылды.

Суунун азайышы - сугатка коё берүүдөн
Алты күндөн кийин Орто-Токой суу сактагычындагы суунун деңгээли өтө төмөндөөрүн суу чарба департаментинин сууну пайдалануу боюнча адиси Валентина Махмудова билдирди. Бүгүнкү күндө ушул суу сактагычтагы суунун көлөмү 2007-жылы 16-июлда 159,7 млн. кубометр сууну түзгөн болсо, азыр 51,5 млн. кубометр сууну түзөт. 2008-жылдын 16-июлунда секундасына суунун келиши 80 кубометрди түзүүдө. Орто-Токой суу сактагычындагы жагдайдын себеби сугат үчүн сууну коё берүү болгон. Анткени, айыл чарба жерлериндеги сугат иштеринен улам суу сактагычтагы суунун деңгээлинин көлөмү азайууда.




Аалам алкагында
Казакстандын данына суроо-талаптар байкалбайт
Быйылкы жылы Казакстандын данына суроо-талаптар байкалбайт. Бул жөнүндө Казакстандын айыл чарба министрлигинин коллегиясында ведомстволуктун башчысы Акылбек Куришбаев билдирди. "Өткөн жылдагыдай эле Казакстандын данына дуулдаган суроо-талаптар болбой тургандыгын бир жактуу билдирүүгө болот", - деп айтты министрликтин башчысы. Бул болжоолор Россия менен Украинанын талааларында жакшы түшүм бышып жетилгени менен түшүндүрүлөт.

Электр кубаты
Казакстанга берилет
14-июлдан тартып Кыргызстан Казакстанга 500 млн кВт\саат электр кубатын берет. Экспортту баштоо чектеш мамлекеттердин ирригациялык муктаждыгына жана Казакстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жогорку вольттуу линиянын оңдолушуна байланышкан. Мында баа мурдагыдай кала берген жана келишим түзгөндөн кийин өзгөрүлгөн эмес. "Электр станциялары" электр кубатын чыгаруу, аны ата мекендик ири керектөөчүлөргө сатуу жана чет өлкөлөргө экспорттоо ишин жүргүзөт.

Россиядан алып көрсөтүүгө тыюу салышты
16-июлдан тартып Одессанын жана түштүк аймактын кабелдик операторлору Россиянын жана Россияга "жан тарткан" телеканалдарды көрсөтпөй калышты. Кабелдик телекөрсөтүүдөн одессалыктардын жарымынан ашыгы пайдаланат жана берүүнү токтотуу жөнүндө алардын эч кимисине эскертилген эмес. Мындай көрүнүштү НАТОнун Одесса облусунда 2008-жылы "Sea Breeze-2008" эл аралык машыгуусун өткөрүүгө байланыштырган.

Киевде нан эки эсе кымбаттады
Украинанын борборунда жума күндөн тартып нандын баасы кымбаттайт. "Киевнан" ишканасынын башкы директорунун айтымында, "Украинский" наны 3 гривна (азыр - 1,64 гривна), "Пшеничный" - 2,4 гривна (азыр - 1,60 гривна), батон - 2,5 гривна (азыр - 1,40) болот. Кечээ Киев кеңеши нандын баасындагы айырмачылыкты компенсациялоого аз камсыз болгон киевдиктерге даректүү жардам берүү үчүн добуш берди. Эми 405 миң киевдиктер ай сайын 15 гривнадан (3$дан ашуун) алышат.

Күнөөлүүлөр каршылык көрсөтүшпөйт
Мексиканын аскер деңиз флотунун моряктары кокаин ташыган суу астында сүзүүчү өздөрү жасаган кайыкты кармашты. Субмарин Оахака штатынан 300 чакырымдан ашык жерден табылган суу астында сүзүүчү кайыктын 4 адамдан турган экипажы каршылык көрсөтпөй колго түшкөн.

Алты долларга арзандады
Шейшембидеги соодалашуулардын жыйынтыктары боюнча нефтинин баасы кыйла төмөндөдү. Августта америкалык нефтинин бир баррели 6,44 долларга, башкача айтканда 138,74 долларга чейин арзандамакчы. Баанын төмөндөшү нефтини эң арбын сатып алуучу АКШнын экономикасынын басаңдашы менен шартталган.

Роналдиньону сатып алышат
Италиянын "Милан" футбол клубу шейшемби күнү кечинде бразилиялык жарым коргоочу Роналдиньону которуу жөнүндө испандык "Барселона" менен макулдашууга жетишти. Шаршембиде 28 жаштагы футболчу Италияга учуп барат жана 2011-жылдын 30-июнуна чейин колдонула турган келишимге кол коет.

"Кабар", "АКИпресс" агенттиктери, "Азаттык" радиосу
жана өз кабарчыларыбыздын жазгандары боюнча даярдалды.