, 18.07.08 - 4-бет: Єкмєт башчысы министрлерди популизм менен алектенбешин эскертти...№53, 18.07.08-ж.
  Электр энергиясын пайдаланууда Чүй облусунун
500 миң сомдон ашык карызы бар

Өкмөт башчысы министрлерди популизм менен алектенбешин эскертти
15-июлда КРнын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Анда үч маселе коюлду.
Биринчиси - азык-түлүк товарларына баалардын жогорулоо шарттарында калктын аялуу катмарларын со-циалдык жактан колдоо чаралары, экинчиси - азык-түлүк рыногундагы баалардын анализи жана азык-түлүктөргө баалардын жогорулоосун жеңүү үчүн чаралар, үчүнчүсү - ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн айыл чарба продукцияларын сатып алуу.
Биринчи маселе боюнча чыгып сүйлөгөн эмгек жана социалдык коргоо министри Ө.Абдуллаеванын баяндамасынан белгилүү болгондой, учурда өлкөбүздө 5 млн. 181 миң калк болсо, анын ичинен жан башына 900 сомго чейин кирешеси бар жакыр адамдардын саны 2, 072 миң, жан башына кирешеси 600 сомдон ашпаган өтө жакырлары 474, 8 миң.
Баалардын көтөрүлүшү менен албетте, биринчи кезекте пенсионерлер, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр, бюджеттегилер жана жерлери жок адамдар жабыр тартышмакчы. Пенсиялар өскөнү менен ал баалардын өсүшүнө теңелиши кыйын. Ошондуктан министр быйыл пенсияларды 46%га, ал эми кийинки жылы пенсиялардын орточо көлөмүн 1700 сомго чейин көтөрүү зарылдыгын белгилеп өттү. Ал үчүн бюджеттен 2008-жылы 402 миллион сом, 2009-жылы 1 610 миллион сом талап кылынат.
Ошондой эле жер-жерлерде адамдарды чынында унга баалардын өсүшү эмес, отканалардын электр жылытуудан көмүргө өткөрүлүшү көбүрөөк тынчсыздандырууда. Мына ошондуктан калктын турмушун оңдоо үчүн микрокредиттерди берүү схемасын өркүндөтүү натыйжалуу болмок. Ошондой эле азыркы учурда социалдык колдоого муктаж адамдарга унга жана электр энергиясына баанын кымбатташына байланыштуу компенсациялар өз убагында берилүүдө.
Азык-түлүк товарларына баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу экономикалык өнүктүрүү жана соода министри А. Жапаровдун жана мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттиктин директору Ж. Нуржановдун маалыматы өкмөт башчысында анча оптимизмди жаратпады. Ошондуктан ал кандайдыр бир сандарды жазууда реалдуу болууга чакырды.
- Биз кагазга баарын жазып коё алабыз, - деди И. Чудинов. - миллиарддаган сомдорду кайдан таба алабыз? Быйылкы түшүмдү жыйноого жана күздүк эгиндерди эгүүгө 300 миллион сомду эптеп таптык. Ошондуктан популизм менен алектенбегиле.
Ошол эле учурда убагында финансы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө эбегейсиз суммадагы кредиттер берилген. Азыр алардын ичинен 1,8 миллиард сому кайтарыла элек. А. Ногоевдин аларды кайтарууну айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине берүү боюнча сунушу кеңештин мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн 50 миң тоннадан кем эмес азыктык буудай сатып алуу, 10 миң куб метр дизелдик майды сатып алуу менен аны айылдык товар өндүрүүчүлөргө сезондук иштер убагында берүү тапшырмасы тиешелүү түзүмдөргө тапшырылды.
Жыйында Премьер-министр Игорь Чудинов ансыз да тартыш каражаттарды бөлүштүрүүгө этияттык менен мамиле жасоого, аны четтетүү үчүн механизмдерди иштеп чыгууга чакырды.
Жыйындын аягында күн тартибиндеги бардык каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Мүмкүнчүлүк толук пайдаланылбай жатат
Премьер-министр Игорь Чудинов кечээ Украинанын биздин өлкөдөгү Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Владимир Соловей менен жолугушту.
Жолугушууда алар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. И.Чудинов элчини Украинанын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен куттуктады. Учурда саясый өңүттө кандайдыр бир олуттуу ажырымдар жок болгондуктан, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү үчүн мезгил келгендигин да белгиледи.
Премьердин сөзү боюнча быйылкы жылдын алгачкы төрт айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 25,9 млн. долларды түзгөн. Ошол эле учурда экспорт менен импорттун структурасын кайра карап чыгуу зарылчылыгы да бар. Мында Кыргызстан ГЭСтерди жабдуу үчүн керектүү продукцияларга кызыкдар.
В.Соловей Премьердин пикири менен макул болду жана болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдалануу зарылчылыгын белгиледи. Элчинин пикири боюнча Украина айыл чарба продукцияларын, айыл чарба техникаларын бере алмак. Ошондой эле энергетика чөйрөсүндө да кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк бар.
Эки тарап тең гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууну да маанилүү деп эсептешет. Ошондуктан бул багытта бир катар иш чараларды өткөрүү талкууланды. Жакында эле Кыргызстандан сегиз бала "Артек" балдар лагерине жөнөтүлгөн.
Саясый мамилелерге токтолуу менен В.Соловей Бишкектеги КМШнын мамлекет башчыларынын саммити учурунда эки өлкөнүн Президенттеринин жолугушуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Т.ИСХАКОВ




Өлкөнүн өнүгүү темпин Чүй дубаны артка тартууда
Премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусунда өткөн жыйында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшү жана келечектеги пландар жөнүндө кеңири сөз болду.
Кемчиликтер кетенчиктээр бекен?
Облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүндө кыйла алгылыктуу иштер аткарылганы менен, кетирилген кемчиликтер да аз эмес. Алсак, өткөн алты айда облуста 103 чакан жана орто бизнес ишканалары ишке киришти. Өнөр жайында жана айыл чарбачылыгында өсүштөр бар. Социалдык чөйрө да унутта калган жок. Мектептер, клубдар жана башка маданий мекемелер ремонттон өткөрүлүүдө.
Ошондой болсо да, бардыгы эле ойдогудай эместигин белгилей кетүү керек. Мисалы, облус электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн 500 миң сомдон ашуун карызга баткан. Айдалбай бош калган жерлердин аянты 13 миң гектарды түзөт. Эгерде ушунча гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлсө, кыйла киреше түшпөйт беле.
Түшүмдүүлүк да кыйла төмөн. Кайрак жерден алынган кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү гектарынан 6-7 центнерди гана түзөт. Сугат жерлерден алынган түшүм да жарытарлык эмес. Ар гектардан 18 центнерден буудай бастырылууда. Апрель айындагы 9-10 градуска жеткен суук күздүк эгинге кыйла зыян келтирген. Жүздөгөн гектар жерлердеги дан эгиндерин үшүк уруп кеткен.

Облустун салымы төмөндөөдө
Өкмөт башчысы Игорь Чудинов талкууланган маселелердин үч жагдайына токтолду. Биринчиси - биринчи жарым жылдыкта республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө Чүй облусунун кошкон салымы. Экинчиси - үстүбүздөгү жылдын январында Чүй облмамадминистрациясынын токтомунда аныкталган 2008-жылдагы иш-чаралардын жана милдеттердин жүзөгө ашырылышынын сапаты. Үчүнчү - региондун социалдык-экономикалык кечиктирилгис милдеттери.
Премьер-министр өлкөнү өнүктүрүүгө Чүй облусунун кошкон салымы башка облустарга салыштырганда төмөндөп баратканын белгиледи. Эгерде Чүй облусу мурдагы жылдарда экономиканын бардык тармактарында иш жүзүндө өсүүнүн жогорку деңгээлин ишенимдүү көрсөтүп келсе, өткөн жарым жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн көптөгөн региондорунан артта калууда.

Эмне үчүн Чүйдө өсүш жок?
Премьер-министр белгилегендей, өнүгүү темпинин төмөндөшү мурда жакшы иштеп келген ири ишканалардын санынын азайышына байланыштуу болууда. Анткени, иштебей туруп калган ишканалардын саны көбөйүүдө жана жоюлуп кетүү чегинде турушат. Эгерде жыл башында 219 ишкана иштеп келсе, учурда 215 ишкана гана иштеп жатат. Ошону менен бирге, облустун 74 субъектиси деги эле иштебей турат. Чүй облусу инвестиция тартуу жагынан да темпин басаңдатып, 15% төмөндөөгө жол берген.

Аймактар Өкмөттү колдоого тийиш
Өлкө үчүн ушул кыйын кырдаалда экономиканын өнүгүү динамикасын кармап турууга Өкмөттүн умтулуусун бардык аймактар колдоосу жана жакшы түшүнүүлөрү керектиги белгиленди. "Биздин бардыгыбыздын алдыбызда бир милдет - биздин экономикабыз туш болуп жаткан тышкы жана ички тобокелчиликти азайтуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл керектүү шарттарды түзүү керек", - деди Өкмөт башчысы. И.Чудинов ошондой эле, мурда кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашырууда орун алган кемчиликтерди белгиледи.
Премьердин айтымында, башкаруучулук жагынан да проблемалар бар. Атап айтканда, биринчиден, милдеттердин жана иш-чаралардын чаржайыт түзүлүшү, экинчиден, чечимдердин толук жана сапаттуу аткарылышына жекече жооп бере турган адамдын жоктугу.
Премьер белгилегендей, өткөндөгү кырдаалдын кайталанышына жол бербөө максатында, борбордогудай эле, жер-жерлерде да азык-түлүк товарларына байкоо жүргүзүү, талдоо системасын киргизүү зарыл.

Чүйдө түшүм эмне үчүн төмөн?
Чүйдө кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөндөөдө. Расмий маалыматтарга караганда, ар гектар буудай аянтынан 17,5 центнер түшүм алынууда. Бул болсо, өткөн жылдагыга салыштырганда 7,8 центнерге аз дегенди билдирет. Ал эми, арпанын ар гектарынан 8,1 центнерден алынышы да өткөн жылдагыдан кыйла төмөн.
Мурдагыдай эле, ар түрдүү себептерге байланыштуу, айдалбай калган жерлер да кыйла. Облуста
1 млн. гектардан ашуун айыл чарбачылыгына жарактуу жер аянты бар, анын ичинен 481,1 гектары айдоо. Быйыл, 9 миң гектарга жакын жер былтыркыга караганда көп айдалган. Ошондой болсо да, 14 миң гектарга жакын жер айдалбай калган, анын ичинен 7 миң гектардан ашууну сугат жер. Ал эми, 100 миң гектарга жакын кайра бөлүштүрүлүүчү жер фондусунун 90 миң гектарга жакыны ижарага берилип, 10 миң гектардан ашууну пайдаланылбай калган. Ал эми, жергиликтүү бийликтерге айдоо аянтын мүмкүн болушунча көбөйтүү тапшырмасы берилсе да, аткарылбай келатат. Ушуларды белгилөө менен Өкмөт башчысы түшүмдү оруп-жыйноого жана күздүк айдоого 300 млн. сомго жакын каражат бөлүнүп берилерин билдирди.

Ижара акысы толук жыйналбайт
Жергиликтүү бийликтердин дагы бир кемчилиги, ижара келишимине ылайык, анын акысы дээрлик бардык региондордо толук өлчөмдө жыйналбай жаткандыгы. Отчёттук мезгилдин аралыгында ижара акысы 92% гана жыйналган. Эгерде, ижара акысы толук жыйналган болсо, ал жергиликтүү бюджетке түшүп, республикалык бюджеттен сурабай эле, бир катар жергиликтүү маселелерди чечүүгө болор эле. "Эгерде мындай абал оңдолбосо, кайра бөлүштүрүлүүчү жер фондусунун жерлерин кыйла натыйжалуу иштете алган менеджерге, мисалы, Агропродкорпорацияга өткөрүп берүү тууралуу ойлонууга туура келет деп эсептеймин", - деди И.Чудинов.

Мал чарбасы, кайра иштетүү тынчсыздандырат
Премьер-министрдин айтымында, мал чарбачылыгы да кооптондурбай койбойт. Чүй облусунда чочколордун саны азайып кеткендиги байкалууда, үй канаттуулары 20 миңге жакын азайган. Ошондой эле ушул кезге чейин жашылча жана мөмө ширелерин өндүрүү боюнча ишканалар толук кубаттуулукта иштебей келатат. Мөмөлөрдү жана жашылчаларды кайра иштетүү 16-18%дан ашпайт. Андыктан, бул маселеге өзгөчө олуттуу көңүл буруу зарыл.
Энергетикалык коопсуздук үчүн
Премьер-министр энергетикалык коопсуздук маселесине өзгөчө токтолду. Биз алдыдагы күзгү-кышкы мезгилден тынч-аман чыгуу үчүн бардык иш-чараларды көрүүбүз керек. Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли аз болгондуктан, бүткүл республика боюнча электр энергиясын пайдалануунун катуу тартиби киргизилүүдө. Ушундай жагдайга байланыштуу, социалдык объекттерди, атап айтканда, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин жылытуу системасын отундун альтернативдүү түрлөрүнө өткөрүү милдети алдыда турат. Премьер-министр ошондой эле, жергиликтүү бийликтер электр энергиясын пайдалануу боюнча лимитти сактоо маселесине олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Анын айтымында, учурда электр энергиясын экспорттоо кескин чектелген. Болгону Казакстанга гана 500 млн. кВт/саат энергия 4,5 центтен экспорттолот. Андан алынган каражат Бишкек жылуулук борборун отун менен камсыздоого жумшалат, бирок ал керектөөнүн үчтөн бирине эле жетет.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"