, 18.07.08 - 11-бет: Тџбєлџккє тогошуу...№53, 18.07.08-ж.
  Түбөлүккө тогошуу

1982-жыл. Жамгыр жууган жашыл тармал ак кайыңдуу, тал-теректүү бапайган Фрунзе шаары. Менин "Баламышык" китебим чыккан кез. Анда кыргыз таланттарынын лицейи-филфакта студент элем. Журналистикада. Кыргызстан Жазуучулар союзунун имараты Пушкин көчөсү 170те "Алатоо" кинотеатрынын капшабында болчу. Чарба коменданты жаш акын үрпөк тармал чач Өмүрбек Абдыракманов деген көлдүк тың бала болчу. Мен сүйүнчүмдү бөлүшөйүн деп Өмүкеме барып калгам. Дал ошондо Айтматовго Москвадан кат келиптир. "Домкиного" жеткизип бериш керек экен. Мен Айтматовго жолугуунун ыңгайы, оңтойу келгенин дароо эле сезип ээрчишип жөнөдүк шанаңдап...
Азыр Логвиненко көчөсүндө медучилищанын маңдайында эки кабат имарат дале турат. Ошо киночулар үйү. Катчы кыз "Таштап кеткиле", - деди. Мен "Штрилицтик" кылдым. "Жок, дедим. Это совершенно секретный сообшение, лично в руки дать Айтматову". "Сами знаете" деп кыз көңүлсүз башын кыйшайтты. Мен ушунча толкунданганымды айтпа, жүрөгүм апкаарып дүкүлдөйт... Акыры чет өлкөлүк коноктордон кийин Чыңгыз ага кабыл алды. Анда а киши жаш эле болчу. 54тө экен. Мендей эле кези экен, эми ойлосом. Бирок, мага пайгамбардай эле сезилди.
- Ии, кана, баатырлар, таштагыла үстөлгө огожоңорду, - деди. Мен он ыр жана "Баламышык" китебимди автограф (эмкиче колтамгам) менен бердим. Чыңгыз Айтматов ырларымды шашпай окуп чыкты. Анан:
- Именно, балдар үчүн жаз, - деди. - Бирок предметтен ой чыгар, табылга издөөмдү сунуш кылды. - А тиги үрпөк чачтын астында эмне бар, деп Өмүкеге кайрылды. Ал уялганынан кызарып-татарып жатып бир-эки ыр окуду. Андан соң мага төрт суроо берди. Мен аны эки ай ойлонуп араң чечтим, араң түбүнө жеттим.
1. Канча бир туугансың?
2. Кайсыл суунун жээгинде төрөлгөнсүң?
3. Сен канчанчысысың?
4. Анан канчанчы жылкы?
Апам айтат: "Сен 5 киле чыккансың, туулгансың. Бөлүнүп-жарылып атып төрөгөм. Мисалга, Лермонтов төрөлгөндө киндик энеси жалтыраган айдай маңдайын көрүп кыйкырып ийген экен. Мени бешикке бөлөшкөндө чымырата таңган боону ыкшап чечип томолонуп түшүп, басып кеткен элем. Андан кийин бөлөшпөптүр. Оозума жыгач менен туурасынан тешип куйрук май салып жүктүн үстүнө ыргытып ийишчү экен. Койдун майы баланы катырып коёт тура. Чакан пакене болгонум ошондон. 1-класска чейин дөөдөй кара бала болуп чоңойгом. 3-класста көз тийип жыгылгам... Мен 14 бир тууганмын. Жерде сегизибиз барбыз. Мен бешинчимин. Анткен себеби жатын тазалаганда төрөлүпмүн. Аялдын денеси тазарып, каны тазарган учур болот тура. Жакшы киши таяке тайын тартат, жаман киши атасын тартат деп коём. Мен быйпык мурун болуп тагаларымды тарткам. Атам өтө сулуу киши кылычтай курч, кырдач мурун керилген жибектей жигит болгон. Шыңга бойлуу. 10-класстан эси ооп талып калчу дешет. Эгер атамды тартсам Бишкекте кыз-келин калмак эмес. Кудай көз тийбесин ушундай маска беткап берсе керек. Атам 1928-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Чыңгыз Айтматов, Мухтар Борбугуловдор менен дос болчу. Жалал-Абад педучилищаны анан университеттин (азыркы КГНУ) география, кыргыз филологиясы факультетинде окуган. "Мирживотныхтын" алып баруучусу Бакас Чормонов декан экен. Ошол окумуштуу мударистин баласынын аты Алик экен. Анан волейбол ойногон орус баланын аты Алик экен. Мени ошентип Алик койгон. Болбосо Тариэл агамдан кийин Автандил болушум керек болчу. Тагдырдын адаштырганы да жакшы болгон. Мен айтылуу дүйнөдөгү эң эле ченде жок кооз, Медеодон миң эсе көрктүү кавказ жаратылышынан да керемет айтылуу Чычкан, Узун-Акмат аска-зоока таштан кымындай бышкан, составында чылк алтын бар суулардын жана 3 миллиард тонна туз кени Шамшыкалды чайкап аккан атактуу Нарын каскадынын жээгинде, эски Россиянын картасында "Падыша Өрөөн" (Царская долина) аталган көгүлтүр кут төгүлгөн байыркы тарыхы бар, гунндар, сактар мекендеген Кетментөбөдө жарык дүйнөгө келгем. Анда атам Акимаалы дамбылда (мугалим) (айылдагылар ушинтип айтышчу) 32 жашта экен.
Дагы алты жылдан кийин төрөлсөм болмок. Себеби, генийлердин атасы 38 жашта экенинде туудурат экен. Данышман Чыңгыз Айтматовдойлордун энеси болот. Нагийма апа дал ошондой болгонун Кыргыз эл баатыры, атактуу даңазалуу устатым Сооронбай Жусуевич айтып берген. Анан да:
Төрөлгөн экем шар аккан
Көк кашка суунун боюнда.
Ошондон окшойт шар айтам,
Эмне болсо оюмда.
Ошондон окшойт тоолордун
Жүгү бар менин мойнумда - деп ченде жок таланттуу акын Карбалас Бакиров жазмакчы, Кыргызстанда жакшы тунук балдар, акындар төрөлө турган беш-алты эле көк кашка дарыялардын жээги бар. Ал эми чөлдө, саздын жээгинде төрөлгөндөр арамза, митаам болот. Ал эми кумдуу шамалдуу, катаал шарттын балдары "разбойник", "пират-рекет" болушу ыктымал. Анткен себеби, табыйгатка байланыштуу. А көрдүйнө акча байлыктуу базар шаар балдары бийликти көздөп өсөт тура.
Чыңгыз ата Айтматов дал ушуну мага каймана маселдеткен экен көрсө. Чыңгыз ата улуу да, бир эле учурда жөнөкөй. Рьюнеске "Эргежээл Экиетте" ("Слова Пигмея") айтмакчы мындай сапат бир гана Ленинде болгон. А Сталинде анча-мынча... Наполеон, Бенджамин Франклин, Уистон Черчиллдер аксөөктөр болсо да, сөзүндө болсо да өздөрүндө болгон эмес. Узун (бойлуу) адам болуш бир жөн, а бийик адам болуш кыйын. Ал үчүн ошентип төрөлүү жаралуу өзүн-өзү тарбиялоо керек. Атактуу жазуучу Нобель сыйлыгынын лауреаты Фолькнер (Андре Моруа, Мопассандын катаал, каардуу устаты) Ошондой инсан болгон.
Чыңгыз Айтматовдун бир сөзү "Өкүмдар Падыша (Президент) болчу кишиде 40 акылмандын нукура акылы, касиет-сапаты болуш керек" деген. Азыркы жетекчилер ушуну эске алып боорукер, ыймандуу, өтө эле адамгерчиликтүү, улуу киши сыпаттуу болууга тийиш!
"Гениально творит одно, гениально слушать надо" демекчи, "Сууну сиңген жерге сеп" дейт кыргыз. Жазып коюш эч нерсе эмес, айтып коюш эч нерсе эмес, ошондой адам болуу кажет. Чыңгыз Айтматовдун улуу гуманисттик идеалы ушунда.
Андан кийинки жолукканым, сүйлөшкөнүм, чыгып бет алдында сүйлөгөндөрүм, атүгүл прессада тирүү кезинде Чыңгыз Айтматовго түз сын айткан кездерим да болду. Арбагы кечирсин, жер жамандап барбасын. Бу киши койчулардын баатыры Таштанбек Акматовдой мен эле деп туруп алганы, баарын кечигип (поздний зажигание) түшүнгөнү болду. Болбосо, Чыңгыз Айтматовдой кыргыздан чыкчулар далай эле бар. Андан да таланттуулар ого эле көп. Бирок, бу киши өтө акылдуу, мамилеге жакшы тура. А кыргыз таланттарынын кыял-мүнөзү көбүнүкү чатак. Эми, бул өзүнчө сөз. Бир гана жакканы айтылуу тарыхчы, такшалган чебер публицист Кыяс Молдокасымов (андагы "Азаттыктын" директору) менен азыркы маданият, маалымат министри Султан Акимович Раев экөөнүн Айтматовго собол салып "бурчка такаганы" болду.
- Сизден кийин да чыкчулар бар. Буга кандай дейсиз? - дешкенде.
- Кимдер? - деген Чыңгыз ага.
- Акималиев, Атантай Акбаров, Карбалас Бакиров, Шайлообек Дүйшеев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Жаныбек Өмүралиев, Фатима Абдалова, Бактыгүл Чотурова, Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев, Кушубак Өмүралиев, Баяс Турал - Абдырахман Алымбаев жана 30 тил билген "Русская премияны" Айтматовдун өз колунан алган жарык көрө элек (асыресе кыргызча бир романдын автору, эң укмуштай фантастикалык аңгеме, татына ажайып новеллалардын автору Турусбек Мадылбаевди аташкан.
Бизди - 20 чакты жаш чыгармачыл инсандарды канжыгага баш байлаган кыргыздын намысына туулган көкжал жетекчи катары патриот Президент Курманбек Салиевич Бакиев кабыл алуусун өтүнөр элек.
Чыңгыз Айтматовдой кыргыздан чыкчу "жаш генийлер" бар экенинен эч шек саноого болбойт. Мына, ошондо биз түбөлүктүүлүккө тогошобуз, жанашабыз. Муну орустар "прикосновение к вечности" деп коёт. Тема ушунчалык көп. А тема деген - бул көз. Көзүң барбы, жолду этият, таанып бас дейт ата-бабалар. Азыр килем, гүл баса турган жолду талкалай басып өттүк...
Чыңгыз Айтматовдой алптын ийнине, жонуна чыгып бүткүл ааламды көрүп, дүйнөлүк жаңы ачылыштарды жасоо али кеч эмес. "Еще не вечер" дейт океңдер. Эмесе, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк аброю кийинкилерди колдой берсин.
Алик АКИМАЛИЕВ,
КР улуттук жазуучулар союзунун текшерүү
комиссиясынын мүчөсү




Рухий улуу дарыгер
Кыргыз рухунун атасы катары кабылдачу элек. Мындай керемет таланты бар биздин эл бактылуу. Ал аркылуу бүткүл дүйнө кыргызды тааныды.
Мындай залкардын кайтпас сапарга узашы элди оор кайгыга салды. Алардын бири катары мен дагы көңүлүмдүн сызылып чыккан кейишти сезип жатам. Биз дарыгер катары адамдын ден соолугун дарыласак, Чыңгыз ага нукура таланты аркылуу адамзатты рухий жактан тазартып дарылады десе болот. А, рухий тазаруу дегендин баасы теңдешсиз. Анткени ал түбөлүктүү өлбөстүк менен адамзатка кызмат кыла берет.
Шермамат САТЫБАЛДИЕВ,
медицина илимдеринин
кандидаты, доцент




Жылдыз өчтү, жылдыз жанат
Биздин туубуздай, туу туткан, насиби ак, руху - Айкөл, иманы бийик, акыл парасаттуу, кандай гана сөз берметин тандабайлы, канчалык мактабайлы, Жараткан эгемдин назары түшкөн сүйүктүү кулу болчу Чыңгыз агабыз
"Жакшыга да, жаманга да өлүм ак,
Жакшылык кыл ошол сыймык чоң атак".
Кичинекей кыргызыма чоң атак алып берген кеменгерибизден айрылганыбызга 40 күн болуп олтурат. Кыргыз элинин аброю болгон, улуу агабыз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун оо дүйнө салганына байланыштуу, үй-бүлөсүнө, калайык-калкыма терең кайгыруу менен дагы бир мертебе көңүл айтам.
Кыргызымдын көктөгү жанып турган жылдызы, сыймыгы, жаткан жериң жайлуу болуп, Жараткан эгем бейишин сизге насип кылсын.
Күн тутулду кара чепкен жапкандай,
Жылдыз өчтү бу дүйнөдө жалганда.
Жүрөктөрдү оорутуп, эзип армандар,
Дагы бир Чыңгыз кыргызымда жаралар.
Тажиниса ТУРДУНИСА,
Бишкек шаары




  Бет ачар

Ыйык Курандын жаңы котормосу
Кыргыз Республикасынын эл акыны, эмгек сиңирген рационализатор, республиканын өнөр
жайына эмгек сиңирген кызматкер Надырбек Алымбековдун ысымы журтчулугубузга аттын кашкасындай таанымал.
Ал улуттук адабиятты, руханий дөөлөттөрдү сактап, өнүктүрүү, коомубузда ыймандуулукту жана адеп-ахлакты бекемдөө боюнча көп иштерди аткарып келет. Ислам коомчулугунун көрүнүктүү адистеринин пикирлери боюнча, Надырбек Алымбеков жакында бир чоң эрдик жасады. Ал ыйык Куранды кыргызчага которуп, полиграфиялык жактан жакшынакай жасалгалоо менен өз каражатына 2 миң нускада бастырып чыгарып, "Дил мүрөгү" адеп-ахлак маданий борборунда анын бет ачарын өткөрдү.
Ыйык Куран китеби мурда бир нече ирет кыргызчага которулуп чыгарылган. Бул котормонун мурдагылардан айырмасы; сөзмө сөз эмес, маанисин сактоо менен ыр түрүндө эркин которулган. Анан Н.Алымбеков мурдагы котормочулардай жөн эле акын эмес, ажылык милдетин өтөп келип, Кудай жолуна чындап түшкөн, мурда Хадистерди которуп, кыргызчага чыгарып жүргөн, мусулманчылыкка чоң ынтаа койгон инсан болуп саналат. Өзүнүн айтымында ал Куранды кыргызчалаганга беш жылдык убактысын жумшап, ыйык китептин орус, казак, өзбек тилдериндеги басылмаларын пайдаланып, анан арабча мыкты билген Молдосабыр Досболовго редакциялатыптыр. Анан Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармасынын адистери, жетекчилери карап чыгып, котормону басууга уруксат беришкен экен.
Бет ачарда Куран боюнча чоң адистер Дүйшөнбек ажы, Өзүбек ажы Чотонов, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Хаккы Кекмет чыгып сүйлөшүп, ыйык китеп ыр түрүндө эркин которулган менен, ар бир аяттын мааниси так сакталгандыгын, бул жагынан анын өзгөчө баалуулугун белгилешти.
Социалисттик Эмгектин Баатыры, ардагер Корчубек Акназаров, академик Аманбек Жайнаков, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Эрмек Бектуров Курандын ыр түрүндөгү эркин котормосу элибиздин руханий турмушундагы чоң окуя экендигин белгилешип, аны ишке ашырган Н.Алымбековго ыраазычылыктарын билдиришти.
Бакай ЧИЛТЕГИН