, 15.07.08 - 8-бет: Телерадиоберџџлєр Германияда ...№52, 15.07.08-ж.
  Телерадиоберүүлөр Германияда
100 пайыз немис тилинде даярдалат

Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот укук реформасы боюнча комитеттин төрайымы Лейла СЫДЫКОВА:
"Аймактарда "Ак жолдун" ячейкалары күчтүү"
- Лейла Чынтургановна, учурда Конституциялык соттун, Жогорку соттун биринчи жетекчилери аялзатынан шайланды. Парламенттеги 12 комитеттин төрагаларынын ичинен жалгыз аял катары сиз Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот укук реформасы комитетин жетектеп жатасыз. Бул мыйзам, укук тармагын башкарууга аялдардын ооматы келгениби?
- Муну гендердик принцип катары кароого деле болбойт. Көп жылдык кесиптик тажрыйбанын жетиштүүлүгү, аял жолдоштордун эркектерден эч бир кем калбаган эмгекчилдиги роль ойноду деп айтар элем. Сиздин сурооңузга жооп кылып, өзүмдү эле айтсам, бир топ жылдан бери юридикалык, кылмыш-укуктук багыт боюнча иштеп келаткан тажрыйбамды салмактап ушул комитеттин башчылыгына шайлашты деп ойлойм. Мурдагы бийлик режимине караганда, азыр аялдардын бийлик органдарында, чечим чыгаруу түзүмдөрүндө көбөйүшү өз натыйжасын берип жатат. Аялдардын парламентке келишин Конституция аркылуу аныктап алганыбызды коомдун алга жылуусу катары түшүндүрүү керек. Бирок азыр деле Жогорку Кеңеште аялдар өтө арбын эмес. Ошондой болсо да парламент комитеттеринин төрагаларынын кээ бир орун басарлары аялдар болуп жатпайбы. Парламентте айымдардын күчтүү позицияны карманышына бул да өбөлгө түзөт.
- Жаңы парламент иштегенден бери жарым жылдан ашты. Сиз жетектеген комитеттен өткөн мыйзамдардын канчасы палатадан колдоо таап, Президент тарабынан жактырылды? Кайра кайтарылган мыйзамдар болуп жатабы?
- Биздин комитетте каралган мыйзам долбоорлорунун бири да кайра иштөөгө келген жок. Мурдагы чакырылыштын депутаттары тарабынан жиберилген мыйзам долбоорлорунан кайра кайтарылгандары бар. Аларды кайра иштеп чыгып, кээси колдоо таап, кээси колдоо таппай калды. Комитеттен бүгүнкү күнгө чейин 70 мыйзам долбоору каралып, анын 60ы палатанын жыйындарында кабыл алынып, Президент тарабынан кол коюлду. Калган 10 мыйзам долбоору учурда комитетте каралып жатканын жакшы көрсөткүч катары саноого болот.
- Парламент каникулга тарар алдында мунапыс тууралуу мыйзамды карадыңыздар.
- Мунапыс белгилүү категориядагы айыпкерлерге гана тийиштүү. Көбүнчө аялдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө карата чыгарылды. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун 60 жылдыгына карата адам укуктарын коргоо боюнча конвенциясына арналды. Юстиция министрлиги менен биргелешип, 50гө жакын аялды абактан бошотуу маселесин карадык. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн утурлап, жалпы мунапыс чыгаруу кайра токтотулду. Себеби, былтыркы жылы гуманизациялоо мыйзамы кабыл алынып, анын шарданы менен өтө көп атуулдардан кылмыш жоопкерчилиги алынып салынган. Эми ошолордун арасынан кайра кылмыш жасап абакка түшкөнү жокпу? Гуманизация мыйзамынын эффективдүүлүгү кандай болду? Ушул суроолорду иликтөөдөн кийин гана, дагы бир ирет жалпы мунапыс берүү жагдайын кароого болот. Ал эми БУУнун мааракесине аялдар менен өспүрүмдөрдүн кээ бир категорияларына мунапыс берүү палатада колдоого ээ болуп, Президентке жөнөтүлдү.
- Учурда сот реформасы кандай ишке ашып жатат?
- Сот-укук реформасына келсек, бул боюнча бир канча мыйзам долбоорлору кабыл алынып, аны реформалоо этабына өттүк. Анын эң орчундуусуна: "Соттордун статусу тууралуу" мыйзамга Президент кол койду. Анда соттордун шайланышы же дайындалышы, ротацияланышы, аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо, социалдык колдоо менен бирге эле соттордун чечим кабыл алуу учурундагы жоопкерчилигин бекемдей турган жоболор камтылган. Анда соттордун кызмат абалынан пайдаланышына бөгөт коё турган нормалар да арбын. Тактап айтканда алардын кабыл алган чечиминде мыйзам бузуу фактысы аныкталса, адилеттүүлүктөн четтесе, дисциплинардык, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин каралган. Мындан тышкары биздин комитеттен присяжный заседатель тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул биздин сот системасында мурда кездешпеген жаңы институт катары киргизилип жатат. Ал Баш мыйзамдан да өз ордун тапкан.
- Лейла Чынтургановна, "соттордун сексен пайызына ишенүүгө болбойт" деген экс-президенттин сөзү эл ичинде соттордун кадыр-баркын түшүрүп койгондой сезилет. Маселен, аймактардагы кашар, сарай сыяктуу мүлк талаштар жергиликтүү соттордон өтүп отуруп, Жогорку сотко чейин жеткен окуялар көп кайталанып келбедиби. Учурда жагдай өзгөрүлдү деп ойлойсузбу?
- Экс-президент андай пайызды кандай негизден улам чыгарганын билбейт экемин. Эмнеси болсо да туура эмес айтылган. Мен аны түшүндүрүүгө аракет кылып көрөйүн. Сот өз чечимин чыгаргандан кийин талаштуу маселенин бир тарабындагылар ага макул болушуп, экинчи тарабы сөзсүз каршы турары белгилүү эмеспи. Мисалы жубайлар ажырашып жатса мүлктү тепетең бөлүштүрүп берүүгө сот өз чечимин чыгарат. Бир автомобиль талашка түшсө аны сот экөөнө таарып, ортосунан бөлүп бербейт да. Жубайлардын бирөөнө автомобилдин жарты баасынын компенсациясын алууга чечим чыгарса, ал андай чечимге каршы чыгып, "жок, мага автомобилдин өзү керек" - деп сөзсүз каршы чыгышы мүмкүн. Эгер жаран баштапкы баскычтардагы сотторго ишеним көрсөтпөсө, андан жогоркуларына даттана алат. Ал акыркы чечим чыгара турган Жогорку Сотко да ишенбесе, Эл аралык сотко чейин кайрылышы ыктымал. Бирок, акыркысына биздин жарандар көп кайрылышпайт. Соттордон ишеним кетти деген сөз такыр туура эмес. Кандай болгон күндө да соттун чечимин сыйлап, урматтаганга үйрөнүшүбүз керек. Баарыбыз мыйзамга, укук тартибине баш ийүүгө милдеттүүбүз. Карап көрсөк, көп адамдарга кээ бир мыйзам долбоорлору деле жакпай калышы мүмкүн. Мисалы, теле көрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мыйзамды баары эле жактырышкан жок. Анда маалымат алуунун жаңы эрежелери, карым-катыштын мурда кездешпеген жагдайлары камтылган. Кыргызстандын аймагында телекөрсөтүүлөрдүн, радиоберүүлөрдүн элүү пайызы кыргыз тилинде даярдалышы керектигин сындап чыгышты. Чет элдик элчилердин бирөө муну менен калган 50 пайыз калктын укугу бузулат деп айтты. А менин оюмча 50 пайыз кыргыз тилинде берүүлөрдү даярдоо, атүгүл өтө аздык кылат. Мамлекеттик тилдеги көрсөтүү, уктурууларды дагы арбытуу зарыл. Эгер Германияны алсак жүз пайызга жакын немец тилинде, Түркияда да чылкый түрк тилинде даярдалат. ОБСЕнин өкүлдөрү ошол 50 пайызга сын көз менен кароонун ордуна, жалаң англис тили өкүм сүргөн Америка кайсы улуттун тилине ушундай артыкчылык берип койгонун далилдесе болмок. Жыйынтыктап айтканда кайсы бир сот чечими же мыйзам долбоору баарына бирдей тегиз жага бербеси табигый көрүнүш.
- "Ак жол" элдик партиясы аркылуу шайланган депутаттардын арасында мыйзам чыгаруу тармагындагы кесиптик даярдыгысыз, кокусунан келгендер бар деп оппозициялык маанайдагы басылмалар жазып чыгышты. Сиз өзүңүз жарым жыл ичинде канча мыйзам долбоорунун демилгечиси болдуңуз?
- Цивилизациялуу дүйнөдөгү бул мыйзамченемдүүлүктү ошондой пикир айткандарга эскертип койгум келет. Өнүккөн өлкөлөрдүн четинен алып карасаңыз, 80 пайызга жакын мыйзам долбоорлоруна Өкмөт демилгечи болот. Себеби өнөр жай, саламаттык сактоо, айыл чарба, билим берүү, социалдык коргоо ж.б. бардык тармактардын иши менен өкмөт күнүгө аралашып, республикалык бюджеттин аткарылышына жоопкерчиликтүү түзүм катары алардын иштери менен кем-карчын көрүп турат. Бир топ мыйзам долбоорлору Президенттик администрациядан келет. Депутаттардын тобу же жеке бир депутат мыйзам долбоорлорун сунуштап жатышат. Андай демилгелерден биздин комитет мүчөлөрү деле куру эмеспиз. Бирок, мен сөзсүз мынча мыйзамдын автору болушум керек деген милдетти өзүмө койгон эмесмин. Кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөө, Өкмөт башчысы менен бирдей милдетти алып иштөө озуйпабыз да бар.
- Айрыкча бейшемби күнкү жарым сааттык ар кандай маселелерге келгенде, парламенттеги өкмөт өкүлүнө чечилиши чоң каражатты талап кылган тапшырмаларды абдан көп бересиздер. Сиздер өзүңүздөр жыл башында кабыл алып берген республикалык бюджетти өзгөртүүгө болбой турганын жакшы түшүнөсүздөр да. Же ал шайлоочуларга активдүү депутат катары өзүн көрсөтүүнүн бир амалыбы?
- Туура, жер-жерлердеги шайлоочуларыбыздын өтүнүчтөрүнүн көпчүлүгү акча каражатына келип такалгандыктан ошондой болуп жатат. Бирок, эптеп өзүнө аброй топтоо үчүн эле депутат сөз алып сүйлөй берет деген пикириңизге кошула албайм. Эки жыл катары менен республиканын түндүк, түштүгүндө жер титирөөлөр кайталанып, көптөгөн жарандарыбыздын үй жайы, социалдык объектилер жарактан чыкты. Жаңысын куруп, мурдагысын оңдоо иштери аяктай элек. Окуучуларга чатырларда сабак өткөрүлүп жатса айтпай коюуга болбойт. Маселен мен укук коргоо органдары кылмыштын алдын алуу жана иликтеп бетин ачуу, прокуратура болсо мыйзамдуулукту көзөмөлдөө милдеттерин солгундатып жиберишкенин даректеп айтып жүрөм. Көчөсү бүтпөй же суу түтүгү иштебей калса эл жергиликтүү бийликке кайрылып, жергиликтүү бюджеттен көйгөйдү чечүүгө да көнүшү абзел.
- Партиялык принцип менен шайланган депутаттар эми жайкы эки айлык каникулда шайлоочулар менен жолугушуу жагдайын кантип бөлүштүрдүңүздөр?
- Фракциянын бир мүчөсү республиканы тегиз кыдыра албасы белгилүү. Ошондуктан ар бир депутат өзүнө тиешелүү облустун районуна, шаарына бекитилип бөлүнгөн. Ошол аймактын эли менен жолугушуп, көйгөйлөрү менен таанышып келет. Аймактарда "Ак жол" партиясынын баштапкы уюмдарынын жандануусу күчтүү. Алар да бизге элдин өтүнүчтөрү менен кайрылууларын жеткирип турушат. Мен Чүй облусу менен Бишкекке бөлүндүм.
- Маегиңизге рахмат!

Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"




  Көп түкүрсө - көл

Селди элдин жеңиши
Ноокат районунда өткөн айда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кулатов, Ынтымак айыл өкмөттөрү жабырланып, район 49 млн. сомдук зыян тартты. Көптөгөн үйлөргө суу кирип, ички чарбалык сугат системалары иштен чыгып, каналдарга кум-шагыл толуп калды.
1966-жылы пайдаланууга берилген А.Сапарбаев атындагы каналдын 20 жерине кум, ылай аралашкан шагыл толуп, айрым бөлүгүн сел алып кеткен. 7,5 миң гектар сугат аянт суусуз калып, дыйкандарыбыз үчүн көп кирешеден кол жууп калуу коркунучу түзүлдү.
Ошондон бери селдин кесепеттерин жоюу боюнча райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын штаб түзүлүп, бир топ уюштуруу жумуштары жүргүзүлдү. Мына ушундай кыйын учурда бизге өзгөчө кырдаалдар министрлиги, облустук суу чарба башкармалыгы, Кызыл-Кыядагы цемент заводу, чет өлкөлүк тамеки кабыл алуучу "Даймон", "Стансун" фирмалары жардамга келишип, техника жана күйүүчү май жагынан жардам берип турушту.
Өзүбүз да элдик ашарды уюштурдук. Райондогу мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына адамдарды каналды тазалоо жумуштарына тартууга тапшырма бердик. Ишемби жана жекшемби күндөрү 2000ден ашык адам топтоого жетиштик. Көп түкүрсө көл эмеспи, бир нече ирет өткөрүлгөн ашардын натыйжасында район үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул каналга толуп калган 100 миң кубдан ашык кум-шагылды тазалоого үлгүрдүк.
Каналдан кайра суу ага баштаганда ашарга катышкандардын баары абдан толкунданып турдук. Суунун кадырын дыйкандан ашык ким билет! Орто жашап, токтолуп эле калган айрым элеттиктер көздөрүнө жаш да алышты. Көрсө, көпчүлүктүн күчүн жакшылыкка пайдаланууга, элдин күч-кубатын жакшы нукка бурса болот экен.

Абдыганы АЛИЕВ,
Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы