, 15.07.08 - 15-бет: Муз козголду же Чолпон-Атадагы улуттук ат оюндары жєнџндє...№52, 15.07.08-ж.
  Туристтерди көбөйтүү тейлөөдөн

Муз козголду же Чолпон-Атадагы улуттук ат оюндары жөнүндө
(Башталышы 1-бетте)
Быйыл 2 миллиондон ашуусу күтүлүүдө. Мамагенттиктин директорунун пикири боюнча, биз жалаң эле туристтердин санын көбөйтүүгө умтула бербестен (пансионат, санаторийлердин сыйымдуулуктары чектелүү, маселенин экологиялык жагы да бар) аларга акылуу кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн көбөйтүү аркылуу көбүрөөк киреше табууга аракеттенүүбүз керек. Бул багытта проблемалар көп, алардын айрымдары жөнүндө учкай да болсо өз ойлорубузду ортого сала кеткибиз келет.

Маданий тейлөө неге унутта калууда?
Элибиз негизинен туризмдин пайдасын түшүнүп, сырттан келген конокторду тиричиликтик жактан тейлегенди үйрөнө баштады, алардан түшкөн кирешелер жылдан-жылга эселеп өсүүдө, бирок туристтерди маданий-спорттук жактан тейлөө, аларга элибиздин тарыхый, этнографиялык, каада-салттык өзгөчөлүктөрүн пропагандалап, Кыргызстан жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү иштери түйүлдүк абалынан чыга электиги кашкайган чындык. Өз имиджерин жакшыртып, досторун көбөйтүүгө умтулган өлкөлөр маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрүн, руханий байлыктарын пропагандалоо үчүн башка мамлекеттердеги фондулары, эл аралык уюмдары, элчиликтери аркылуу жыл сайын ири өлчөмдөрдөгү каражаттарды чыгымдашат.
Турист катары баргандардын ар мүнөтүнө чейин программа түзүп коюшат. Алсак, Кавказдагы республикаларга барган эс алуучулар бир аз эле бош болуп калышса, аларды атайын автобустарга салып, эски крепостторду, үңкүрлөрдү, замокторду, шаркыратмаларды ж.б. көрсөткөнгө алып жөнөшөт. "Муну тиги кылымдагы баланча падыша же башкаруучу, же улуу князь орноттурган же жаш чагында ойногон" деп ар кандай таштарды деле көрсөтө беришет. Улуу акын-жазуучуларынын, искусство ишмерлеринин музейлеринин бардыгы туристтик маршруттарга киргизилген.
Грузиндердин дүйнөгө белгилүү ансамблдери жайкы убактыларын курорттордун, пансионаттардын эс алуучуларына өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен өткөрүшөт. Алар да аздык кылат дешеби, айтор, жетимиштеги аксакалдарын жүзгө, сексенге чыккандарын жүз онго, токсонго чыккандарын жүз жыйырмага чыкты деп жарнамалай беришет. Өзбекстанга, Арменияга барган туристтердин тарыхый жайларды, музейлерди кыдыруудан колдору бошошпойт. Ал эми биздечи?
Аба ырайы жакшы болсо Ысык-Көлгө келген туристтер көлдөн чыгышпайт. Күн бүркөлүп, жамгыр жаап, аба сууп кетсе, бизге бир турист айткандай, сырттан келгендер ачкыл-кычкылдардын, картанын адебин берүү менен гана убактыларын өткөрүшөт. Анткени, биз азырынча сырттан келгендерге пансионаттык тейлөө менен сууга түшүүдөн башка эч кандай маданий же көңүл ачып убакыт өткөрүүчү программаларды сунуш кыла албай жатабыз. Жогорку ыргакта өнүгүп келе жаткан тармактагы мындай кемчиликтер жөнүндө бир канча жылдардан бери айтылып, жазылып келаткан менен Ысык-Көлгө келген туристтерди маданий жактан тейлөө, бош убактыларын көңүлдүү өткөрүү, сувенирдик индустрияны өнүктүрүү боюнча маданият жана маалымат министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сезилерлик иштер аткарыла элек. Болбосо маданий, экскурсиялык кызмат көрсөтүүдөн, сувенирлерди сатуудан түшкөн кирешелер да туристтердин санына пропорционалдуу түрдө көбөймөк. Тилекке каршы, акыркы эки-үч жылда туристтердин саны эселеп өскөн менен аталган чөйрөдө өсүш болбой жатат. Алсак, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырганда туризмден түшкөн киреше эки эседен ашык өскөн менен улуттук сувенирлерди өндүрүү 1,8%га гана көбөйгөн.

Баштаганды улантсак
Тармактын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жаткан мына ушундай түйүндүү маселелерди чечүүгө туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин быйыл чечкиндүү киришип жаткандыгы чындыгында эле мактоого татыктуу. Акыркы убактарда агенттик турфирмалардын иштерин координациялап, путевкаларды реализациялоо, республикабыздын туристтик маршруттарын, кооз жерлерин пропагандалоо менен гана чектелбестен элибиздин тарыхый, маданий жана этнографиялык өзгөчөлүктөрүн чет элдиктерге тааныштыруу боюнча да көп иштерди аткарып келе жатат.
Кыргыздар көч бара-бара түзөлөт деп бекер айтышпайт. Мамагенттик менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын кыргыздын улуттук ат оюндарын, оюн-зоокторун жана башка түрлөрүн конокторго тааныштыруу боюнча аракети алгачкы жолкусунда эле өз максатына жеткендигин белгилей кетүүбүз керек. Муну шоу программага катышкандардын бардыгы ырасташат деп ойлойбуз. Ал ипподромго чогулушкан чет элдик коноктордун жүздөрүнөн эле көрүнүп турду. Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан ж.б. жерлерден келишкен эс алуучулар көк бөрүнү, кыз куумайды, эр оодарышты, ат чабышты жана тыйын эңмейди өзгөчө жылуу кабыл алышты. Улак тартышта "Бостери жаштары" командасынын мүчөлөрү атаандашы "Карой" командасын 7:2 упай менен утуп, ишенимдүү жеңишке жетишсе, кыз куумайда Мунара, Мээрим деген кыздар ат үстүндөгү мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Эр оодарышта Айбек, Нурбек деген жигиттер атаандаштарын ат үстүнөн алып ыргытып, таза жеңишке жетишишти. Ошондой эле тапталган шумкарды көгүчкөнгө, эки бүркүттү коёндорго салуу, төрт тайганды карышкырга агытуу да туристтерден чоң кызыгууларды жаратты. Биздин байкашыбызча чет элдик эс алуучулар, оюнга караганда тирүү бүркүттөрдү, шумкарды көрүшкөндүктөрүнө көбүрөөк ыраазы болушту окшойт. Анткени, талаага коё берилген көгүчкөн учпай, коёндор качпай бүжүрөп туруп алышкандыктан тапталган шумкарлар, бүркүттөр акырын учуп барып эле аларды бир кесим эттей эле илип кетишти. Көгүчкөн менен коёндордун ордуна безилдеп качкан тоокторду коё беришкенде оюндун бул түрү алда канча кызыктуураак болмок. Мындай супсактык, белгилүү өлчөмдө жасалмалуулук балбан күрөштө, тайган агытууда да болгондугун айта кетүүбүз керек. Шоу программа аяктагандан кийин ага күбө болгондордун айрымдарынын пикирлерин сурадык:
- Мен Магнитогорскидеги университетте диндерди таануу илими боюнча профессормун, - дейт Елена Комиссарова деген айым. -Биз бул жакка студенттердин бир тобу менен практикага келгенбиз. Кыргызстан элинин диндик жактан толеранттуулугу абдан жакты. Бир ок менен эки коён атып дегендей, бул шоу программага катышып, кыргыз элинин улуттук спорттук ат жана башка оюндары менен таанышкандыгыбызга абдан кубанычтабыз.
- Кыргызстанга дагы келүү жөнүндө оюңуз барбы?
- Мен эми картайып калдым. Бирок, Кыргызстан студенттерибизге аябай жакты. Мүмкүнчүлүктөрү болгондо алардын келишээрине ишенемин.
Ошентип, өткөн ишембиде Чолпон-Атада республикабызга туристтерди кызыктыруу боюнча дагы бир жакшы иш башталды. Ага Ысык-Көл районунун гана эмес, бүткүл облустун, керек болсо Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кеңири тартылуусу зарыл. Анткени, туризм - экономикабыздын төрт таянчынын бирөөсү. Ага кайсыл жерде, чөйрөдө болбосун, ошондой артыкчылыкта мамиле жасалышын каалайбыз.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




ОАО "Бишкектеплосеть" приглашает
правомочных участников, обладающих достаточной квалификацией подать свои тендерные заявки на выполнение строительных работ по реконструкции административно-бытового здания по ул. Панфилова № 132.
Заинтересованные правомочные участники могут получить дополнительную информацию, ознакомиться и приобрести полный комплект документации для тендера, при наличии письменного заявления, по следующему адресу:
Отдел Реализации Проекта (ОРП)
ОАО "Бишкектеплосеть", ул. Московская 160,
700040 г. Бишкек, Кыргызская Республика
Факс: 61 13 42
Телефоны: 61 07 32, 61 07 65.
Место, дата и время вскрытия тендерных заявок - ОАО "Бишкектеплосеть" г.Бишкек, ул. Московская, №160, 10 часов утра 25 августа 2008 года.




Государственная дирекция автодороги Бишкек-Ош,
объявляет тендер
на закупку ЛОТ №1 - уголь 730 тонн. Ташкумырский - 150 тонн. Шабыркульский - 580 тонн. ЛОТ №2 техническая соль - 1200 тонн. Токтогульский. Методом неограниченных торгов. Место и дата вскрытия тендерных заявок г.Бишкек, ул. Исанова, 42,5 этаж, 27 августа 2008 г. в 14.00 часов. Телефон для справок 663225 и 662282. Стоимость тендерной заявки - 1000 сомов.
Ответ. Бектемиров М.И.

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын тургуну Жакыпова Нурзада Токтоназаровнага берилген 0038496 номурундагы мамлекеттик акт жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичке
жакын
тууганынын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги Исаев Эрнст Исаевичке
жакын
тууганынын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Бишкек шаарындагы №7 мектепти 2008-жылы бүтүргөн Сабыр кызы Айзатка берилген СА 080062205 номурундагы аттестаттын жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Городская противотуберкулезная больница проводит тендер по продуктам питания 22.07.08г.
Адрес: г.Бишкек, ул.Елебесова, №211.

Сузак районундагы "Карамарт-Билим", "Карамарт-Тазасуу" коомдук фонддору жоюлат. Дооматтар Карамарт кыштагындагы фонддо кабыл алынат.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Арзыкулов Теңдик Кубанычбековичке берилген студенттик билеттин жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Чынгожоев Абдымитал Тургуналиевичке апасы
АЛМАЖАНдын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшөт.